Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-апрели № 135
Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\UMTS" мобилдүү байланышын ишке киргизүү маселелери жөнүндө
Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\UMTS" мобилдүү байланышын өнүктүрүүгө дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\UMTS" мобилдүү байланыш стандартында радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугуна лицензиясы бар байланыш оператору тарабынан республикалык бюджетке он беш күндүк мөөнөттө 50 (элүү) миллион сомду төгүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы № 588 "Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\UMTS" стандартындагы мобилдүүбайланыш радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун төртүнчү, алтынчы - тогузунчу абзацтарында каралган шарттар аткарылды деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө үчүнчү муундагы "3GR "WCDMA\UMTS" мобилдүү байланыш стандартында радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугуна лицензиясы бар байланыш операторлоруна эсептин төлөмдүк реквизиттери жөнүндө билдирсин, ага ушул токтомдун 1-пунктунда аталган акча каражаттары которулууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган акча каражаттары которулгандыгы жөнүндө ырастоо алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы № 588 "Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\UMTS" стандартындагы мобилдүү байланыш радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун төртүнчү, алтынчы -тогузунчу абзацтарында каралган милдеттенмелерди аткарууну алып салуу менен лицензиялык макулдашууда каралган лицензиаттын милдеттенмелерин өзгөртсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана езгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев
|