Редакцияот 08.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 7-апрели № 143

Банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун отчетторун берүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамынын 17-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун отчетторун берүү боюнча тиркелген нускама бекитилсин.

2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

А.Атамбаев