Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-майындагы №205 токтому менен бекитилген |
Инвестициялык фондду убактылуу башкаруучу жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жободо инвестициялык фондду башкарууну убактылуу башкаруучуга өткөрүп берүүнүн тартиби, ошондой эле инвестициялык фондду убактылуу башкаруучунун милдеттери, аткаруучу иштери жана ишинин өзгөчөлүктөрү аныкталат.
2. "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статьясына ылайык инвестициялык фондду башкарууну убактылуу башкаруучуга баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй учурларда берет:
- инвестициялык фонддун ишинде эреже бузуу фактылары аныкталса;
- инвестициялык фонддун финансылык абалы канааттанарлык эмес болсо;
- инвестициялык фонддун башкаруучу органдарынын ортосунда инвестициялык фонддун ишинин ыргагын бузуучу тирешүүчүлүк жаралса;
- инвестициялык фонд башкарылбай калса.
3. Инвестициялык фонддун убактылуу башкаруучусун дайындоо жөнүндөгү чечимди баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүлүштүк бөлүктөрү, инвестициялык фонддун добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынан кем эмес ээлик кылуучусу болуп саналган акционер (акционерлер) тарабынан берилген өтүнүчтөрдүн негизинде кабыл алат.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн өтүнүчтө инвестициялык фондду башкарууну убактылуу башкаруучуга берүүнүн негиздери, анын ыйгарым укугунун мөөнөтү боюнча сунуш, ошондой эле убактылуу башкаруучунун кызмат ордуна сунушталган талапкерлердин тизмеси камтылышы керек.
Убактылуу башкаруучунун иштөө мөөнөтү алты айдан ашпашы керек.
4. Убактылуу башкаруу дайындалышы акционердик инвестициялык фонддун башкаруучу органдарынын жана пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет.
5. Инвестициялык фондго убактылуу башкаруучу дайындалгандыгы жөнүндөгү маалыматты, бир жумалык мөөнөттүн ичинде, инвестициялык фонддун инвесторлорунун көбүнө таркатылып, жете турган жалпыга маалымдоо каражаттарына баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет.
6. Баалуу кагаздар рыногунун адисинин квалификациялык күбөлүгү бар жана баалуу кагаздар рыногунда 3 жылдан кем эмес иштеген адам убактылуу башкаруучу болуп дайындалышы мүмкүн.
7. Убактылуу башкаруучу дайындалгандан кийин инвестициялык фонддун иши анын көзөмөлү алдында улантылышы мүмкүн. Убактылуу башкаруучу иштеп жаткан мезгилде акционердик инвестициялык фонд же пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы өзүнүн аракеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт, баалуу кагаздар рыногун ыйгарым бийлик укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен тыюу салынган же чектелген иштерден башкасын.
8. Убактылуу башкаруучунун негизги милдети инвестициялык фонддун активдеринин сакталышын камсыз кылуу, анын финансылык абалына талдоолорду жүргүзүү жана бети ачылган эреже бузууларды жоюуну камсыз кылган, ишке жөндөмдүү башкаруу механизмдерин түзүү жана инвестициялык фонддун финансылык абалын жакшырта турган башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу болуп саналат.
Убактылуу башкаруучу төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзөт:
- инвестициялык фонддун кызмат адамдарынын койгон колдорунун үлгүлөрүн алмаштырат жана ал жөнүндө инвестициялык фонддун филиалдарына билдирет;
- инвестициялык фонддогу баардык документтердин (уюштуруучулук, бухгалтердик ж.б.) тиэмесин түзөт;
- инвестициялык фонддун мүлктөрүнө инвентаризация жасоочу комиссияны түзөт жана ага инвентаризация жүргүзөт;
- инвестициялык фонддун мүлктөрүн сактоочу чараларды көрөт;
- өзү дайындаган күнгө карата инвестициялык фонддун баланстык отчетун түзөт;
- инвестициялык фонддун кредиторлорунун насыя берүүчүлөрүнүн жана дебиторлорунун так тизмесин, милдеттенмелердин суммаларын көрсөтүү менен түзөт;
- дебитордук карыздарды аныктоо жана өндүрүү боюнча иштерди колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүргүзөт;
- инвестициялык фонддун финансылык абалына толук талдоо жүргүзөт жана инвестициялык активдерин баалайт;
- керек болгон учурда инвестициялык фонддун ишине аудитордук текшерүүнү уюштурат жана инвестициялык фонддун финансылык ишине, инвестициялык фонддогу иштин чыныгы абалы менен салыштырууларды жасайт;
- инвестициялык фондду финансылык жактан жакшыртуунун планын иштеп чыгат жана анын аткарылышын уюштурат:
- зарыл болгон иш-чараларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырат;
- баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тапшырылган жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка иш-милдеттерди аткарат.
Убактылуу башкаруучу ушулар менен бирге эле төмөнкүдөй маселелер боюнча буйруктарды чыгарат:
- инвестициялык фонддон чыккан баардык документтерге кол коюу укугу убактылуу башкаруучуга өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө;
- акционердик инвестициялык фонддун башкаруучу органдарынын же пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын ыйгарым укуктары убактылуу токтотулгандыгы жөнүндө;
- инвестициялык фонддун баардык кызматкерлеринин инвестициялык фонддун документтери, материалдык баалуулуктары жана каражаттары сакталышы үчүн администрациялык, материалдык жоопкерчиликтери жөнүндө.
9. Убактылуу башкаруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- фонддун жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан инвестициялык фонддун иши жөнүндөгү баардык документтерди жана маалыматтарды берүүнү талап кылууга;
- мамлекеттик органдардан инвестициялык фонддун ишине байланышкан керектүү маалыматтарды сурап алууга (материалдар өткөрүлүп берилген учурда же документтердин көчүрмөлөрү берилгенде кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары түзүлөт);
- фонддун жетекчилеринен, кызмат адамдарынан фонддун иши менен тике байланышкан түшүндүрмөлөрдү алууга.
10. Баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган убактылуу башкаруучу жөнүндөгү чечимди чыгаргандан кийин, акционердик инвестициялык фонддун башкаруу органдары жана пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы 10 күндөн кеч эмес мөөнөттө инвестициялык фонддун ишине тиешеси бар баардык документтерди убактылуу башкаруучуга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
11. Ушул Жобонун талаптарын бузган инвестициялык фонддун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.
12. Инвестициялык фондду башкаруунун мезгилинде убактылуу башкаруучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган жоопкерчиликтерди тартат. Убактылуу башкаруучу маалыматтардын жашырындуулугу катуу сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана аларды инвестициялык фонддун кызыкчылыктары үчүн гана пайдаланышы керек. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда убактылуу башкаруучу ошол маалыматтарды берүүгө укуктуу".
13. Убактылуу башкаруучу инвестициялык фондду башкаруу боюнча өзүнүн ишинин жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту жазуу жүзүндө баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ай сайын берип турат.
Убактылуу башкаруучу ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөндөн кийин жасалган иштер жөнүндөгү толук отчетту, ошондой эле инвестициялык фондду кайра калыбына келтирүү же жоюу жөнүндөгү сунушун түзөт жана баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
14. Инвестициялык фонддун убактылуу башкаруучусу ушул Жободо каралган милдеттерди аткаруу үчүн керектүү иш-чараларды баалуу кагаздар рыногун тескөөчү бийлик укуктуу мамлекеттик орган бекиткен мөөнөттүн ичинде жүргүзүшү керек.
15. Убактылуу башкаруучуну кармоого, мунун ичинде эмгек акыга, транспортко жана башкаларга жумшалуучу чыгымдар инвестициялык фонддун каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн чыгымдардын жана убактылуу башкаруучу дайындалганга чейин жумшалган чыгымдардын жыйындысы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген өлчөмдөн ашпашы керек.
Убактылуу башкаруучунун акционердик инвестициялык фонддун же башкаруучу компаниянын аткаруучу органынан алуучу эмгек акысы жалпысынан ал убактылуу башкаруучу болуп дайындалганга чейин алып жүргөн, инвестициялык фонддун документтеринде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерден ашпоого тийиш.
16. Убактылуу башкаруучунун иши төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- ага жүктөлгөн милдет аткарылганда;
- баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алдыга коюлган максатка жетүү мүмкүн эмес экендиги жөнүндөгү негиздүү бүтүм берилгенде;
- убактылуу башкаруучунун ишинин мөөнөтү бүткөндөн кийин.
17. Убактылуу башкаруучу өзүнүн ыйгарым укугу бүткөндөн кийин өзүнүн буйругу менен акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органдарынын же пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын ыйгарым укуктарын кайра калыбына келтирүүгө милдеттүү.
18. Убактылуу башкаруучу өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан өзүнүн демилгеси боюнча, же болбосо баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын демилгеси боюнча, баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен гана бошотулушу мүмкүн.
19. Баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган убактылуу башкаруучунун аткарылган иштер жөнүндө отчетун жана инвестициялык фондду жоюу же кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү сунушту кароо максатында "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык акционердик инвестициялык фонддун кезексиз, жылдык жалпы чогулушун чакыра алат.