Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-апрели № 193
Кыргыз агроөнөржай азык-түлүк корпорациясы» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле «Кыргыз агроөнөржай азык-түлүк корпорациясы» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
«Кыргыз агроөнөржай азык-түлүк корпорациясы» ачык акционердик коомуна 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 8-000/434 карыздык милдеттенмеден жаралган карызды төлөө боюнча мөөнөттү төлөө мөөнөтүн андан ары узартуу укугусуз, 2013-жылдын 31-декабрына чейин кийинкиге жылдырсын;
- бул токтом күчүнө кирген күндөн баштап 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 8-000/434 карыздык милдеттенме боюнча айыптарды эсептөөнү токтотсун;
- бюджеттик ссуда боюнча негизги сумманы жана аны пайдалангандык үчүн салынган процентти төлөй баштоо мөөнөтүн 2012-жылдын 1-январынан баштап белгилесин;
- бюджеттик ссуданы пайдалангандык үчүн проценттик ставканы жылдык 3 процент өлчөмүндө белгилесин;
- негизги сумманы жана салынган проценттерди төлөө квартал сайын, 2012-жылдын 1-январынан баштап 2013-жылдын 31-декабрына чейин, төлөө графигине ылайык ишке ашырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд «Кыргыз агроөнөржай азык-түлүк корпорациясы» ачык акционердик коому менен 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 8-000/434 иштеп жаткан карыздык милдеттенмеге кошумча макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн жана төлөө графигине кол койсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |