Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 12-марты № 115 токтомдун редакциясына ылайык

кγчγн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-майы №207

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-октябрындагы №709 "Кыргыз Республикасында атайын багыттагы товарлардын импортун жана экспортун лицензиялоо боюнча лицензиарлар жана эксперттер уюмдарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Тышкы соода иштерин натыйжалуу ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-октябрындагы №709 "Кыргыз Республикасында атайын багыттагы товарлардын импортун жана экспортун лицензиялоо боюнча лицензиарлар жана эксперттер уюмдарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Атайын багыттагы товарларды импорттоону лицензиялоо боюнча эксперттердин жана лицензиарлардын уюмдарынын тизмесинде:

- Тизменин бүткүл тексти боюнча "Экономсоодамин" деген аббревиатура "Экономмин" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- 20-пунктта:

"Эксперт" графасындагы "Кыргызтамекиси" МАК" деген сөз жана аббревиатура "Айылчарбамин" деген аббревиатурага алмаштырылсын;

"Лицензиар" графасындагы "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги" деген сөздөр "Экономмин" деген сөзгө алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Атайын багыттагы товарлардын экспортун лицензиялоо боюнча лицензиарлар жана эксперттер уюмдарынын тизмесинде:

- бүткүл текст боюнча "Экономсоодамин" деген аббревиатура "Экономмин" деген аббревиатурага алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

А. Атамбаев