Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-майы №261
Табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын калкына мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын калкына мамлекеттик жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- жабыр тарткандарга турак үйлөрүн курууга жана калыбына келтирүүгө жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларды берүү үчүн 2011-жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментине (мындан ары - турак жай-жарандык курулуш департаменти) каралган акчалай каражаттарды 2011-жылдын 1-сентябрына чейин бөлүп берүүнү камсыз кылсын;
- 2011-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги берген тизме боюнча белгиленген үлгүдөгү мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгарууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги берген эсептөөлөрдүн негизинде 2011-жылдын 26-апрелине карата түзүлгөн ссуда алуучуларга мамлекеттин бардык карыздарын жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин;
- үй-бүлөлөрдү көчүрүү үчүн аныкталган калктуу конуштардын негизги пландарын иштеп чыгуу боюнча иштерди 2011-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардан өз учурунда каржылоону камсыз кылсын.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- өтө кооптуу участкаларда жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу турак жай менен камсыз кылсын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте аларды коопсуз жашай турган жерлерге көчүрүүнү уюштурсун;
- жабыр тарткандарга шаар куруу талаптарына жооп берүүчү жерлерге турак үй куруу үчүн жер участокторун бөлүү боюнча чараларды көрсүн;
- кооптуу зоналардагы (сел, суу ташкыны, жер көчкү, таш уроо, жээктеги эрозия) турак үйлөрдү бузууга карата чараларды көрсүн;
- калктуу конуштардын бекитилген негизги пландарына ылайык инженердик инфраструктураны куруу маселелерин чечсин;
- 2011-жылдын 1-августуна чейин карап чыгуу жана мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды берүү, биринчи кезекте тургандарды аныктоо жана тизмелерин түзүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондордун архитектура жана курулуш башкармалыктарынын, турак жай-жарандык курулуш департаментинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн, айыл округдарынын башчыларынын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын катышуусу менен комиссияларды түзсүн. Биринчи кезекте тургандардын тизмелерин түзүүдө турак үйдүн абалы, үй-бүлөлөрдүн мүлктүк абалы, кирешелери жана курулуш куруу үчүн участогунун болушу эске алынышы керек.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги:
- "Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;
- белгиленген тартипте жабыр тарткандарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн каражаттарды өз учурунда берүүнү камсыз кылсын;
- курулуштун жүрүшүнө жана ссуда алуучулар тарабынан мамлекеттен алынган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону камсыз кылсын;
- бышыктык, туруктуулук, жер титирөөгө туруктуулук, технологиялык талаптарына ылайык сметалык наркы төмөн болгон турак үйлөрдүн заманбап типтүү долбоорлорун иштеп чыксын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алар менен камсыз кылсын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте белгиленген инженердик-техникалык жана шаар куруу талаптарына ылайык турак жай курууну камсыздасын;
- Нарын облусунун жабыр тарткан тургундарынын оор абалын эске алуу менен мамлекеттик ипотекалык сертификат алган адамдарга ссудаларды берүүнү тездетсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарынын негизинде түзүлгөн жабыр тарткандардын тизмесин берсин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте табигый кырсыктардан жабыр тарткан калк үчүн турак үйлөрдү куруу боюнча коомдук ишке жергиликтүү калкты тартсын;
- 2011-жылдын 31-декабрына чейин жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте үй-бүлөлөрдү көчүрүү үчүн белгиленген калктуу конуштардын негизги пландарын иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментине турак жайдын экинчи рыногунан турак үйлөрдү сатып алууга жабыр тарткандарга ссудаларды берүү үчүн бөлүнүүчү жылдык сумманын каражаттарынан 10 процентин пайдаланууга уруксат берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте республиканын калктуу конуштарында турак жай фондун сактоо максатында бир айлык мөөнөттө кыртыш сууларынын деңгээлин төмөндөтүү, жээк чыңдоочу жана селден коргоочу курулмаларды калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |