Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-майы №262
2010-жылдын июнь айындагы капсалаңдуу окуяларда шейит кеткендерди Бүткүл элдик эскерүү күнү жөнүндө
Чагымчыл күчтөр 2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында Кыргызстандын жарандарынын ортосунда улуттар аралык кагылышууну жараткан капсалаңдуу окуялардын бир жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндөгүлөрдү
БЕЛГИЛЕЙТ:
- өткөн жылдын июнундагы капсалаң - өлкөбүздүн бардык аймагындагы элдин кабыргасын кайыштырып, көп улуттуу Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын жүрөгүн сыздаткан жалпыбыздын кайгыбыз. Өлкөбүздүн түштүгүндөгү кайгылуу окуяларда жапа чеккендер алгачкы, эң керектүү гуманитардык жардамды мекендештеринен, карапайым адамдардан алышты;
- бир жыл бою жалпы Кыргызстандын калкы чагымчыл күчтөрдүн масштабдуу провокациясынын натыйжасында каза тапкандарды терең кайгыруу менен эскерип, жапа чеккендерге кайрат айтып келет;
- Кыргызстан эли Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнунда массалык кагылыштарды уюштургандардын аракетин айыптайт жана аларды мыйзамга ылайык катуу жазага тартууну талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын июнундагы капсалаңдуу окуялардын себептерин жана сабактарын иликтөө боюнча жарандык коомдун, саясий күчтөрдүн жана коомдук уюмдардын аракетин колдойт, бирок, ар бир иликтөө объективдүү, Кыргызстан элинин биримдиги жана өлкөнүн бүтүндүгү, коомду бириктирүү, тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана ынтымакка жетишүү максатында жүргүзүлүүгө тийиш деп баса белгилейт.
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнундагы капсалаңдуу окуяларда шейит кеткендерди эскерүү менен, көп улуттуу Кыргызстан элинин биримдигин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калуунун ортосундагы байланыштын ажырагыстыгын белгилеп, тынчтыктын жана ынтымактын идеалдары үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2011-жылдын 10-июну 2010-жылдын июнундагы капсалаңдуу окуяларда шейит кеткендерди Бүткүл элдик эскерүү күнү (мындан ары - Эскерүү күнү) деп жарыялансын.
Эскерүү күнү республиканын бардык административдик имараттарында, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги элчиликтери менен өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик желектер ылдый түшүрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнундагы капсалаңдуу окуяларда шейит кеткендерди эскерүүгө байланыштуу иш-чараларды өткөрүүнү уюштурушсун;
- элдин биримдиги, өлкөнүн бүтүндүгү, коомду бириктирүү идеалдарын калк арасына жайылтуу, тынчтыкты жана жарандык ынтымакташтыкты камсыз кылуу, ошол аймактагы жарандар ортосунда кагылышууга жол бербөө боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгышсын жана ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору карамагындагы мекемелердин, бөлүмдөрдүн жана аймактардагы башкаруу органдарынын стабилдүү иштешин камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшсүн, аларга Эскерүү күнүнө карата уюштурулган иш-чараларды өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына 2010-жылдын июнундагы жалпы элдик трагедияга байланыштуу темадагы окуяларды жана иш-чараларды ар тараптан салмактап, объективдүү чагылдыруу аркылуу өткөн жылдагы араздашууга катышкан тараптарды элдешүү процессине журналисттерди көмөктөшүүгө чакырып, улуттар аралык мамиле боюнча маселелердин татаалдыгын эске алуу менен Кыргызстан элинин биримдиги, өлкөнүн бүтүндүгү, коомду бириктирүү, тынчтыкка жана ынтымакка жетишүү үчүн тиешелүү пландарды жана программаларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу тууралуу сунуш менен кайрылуу кабыл алынсын.
5. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына, өлкөнүн бардык диний конфессияларынын жетекчилерине Кыргызстан элинин биримдиги жана өлкөнүн бүтүндүгү үчүн тынчтыктын жана ынтымактын идеалдарын динге ишенгендер арасында жайылтуу аркылуу элдешүү процессине дин уюмдарынын көмөктөшүүсү тууралуу сунуш менен кайрылуу кабыл алынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри И.К.Жунусовго жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |