Редакцияот 30.05.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №263 токтому менен бекитилген

 

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн жана аны пайдалангандык үчүн ижара акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

1. Жалпы жоболор

1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана ижара мамилелерин жөнгө салуучу башка ченемдик актыларга ылайык иштелип чыккан, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн жана аны пайдалангандык үчүн ижара акысын эсептөөнүн, жана ижара келишимдерин күбөлөндүрүүнүн тартибин аныктайт.

2. Бул Нускамада мамлекеттик мүлктү ижаралоо объекттери болуп мамлекеттин менчигинде турган козголмо мүлктөр (машиналар, жабдуулар, транспорт каражаттар, шаймандар жана башкалар) эсептелет.

3. Мамлекеттик мүлктү ижарага ошол мүлк операциялык башкаруусунда, чарбалык карамагында (балансында) турган мамлекеттик мекемелер, ишканалар жана уюмдар мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен беришет.

4. Бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр да ижарачы боло алышат.

5. Мамлекеттик мүлктү пайдалангандык үчүн ижара акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.

2. Мамлекеттик мүлктү пайдалангандык үчүн ижаранын акысы

6. Жылдык ижара акы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

Ап = Сос х №%, мында:

Сос - негизги каражаттардын наркы - баштапкы баланстык баа боюнча кабыл алынат;

№% - туруктуу процент;

Жылдык ижара акы төмөнкүдөй категориялар боюнча эсептелет:

Сос - 20000 сомго чейин х 40%;

Сос - 20000ден 100000 сомго чейин х 30%;

Сос - 100000ден 500000 сомго чейин х 20%;

Сос - 500000 сомдон жогору х 15%.

7. Келишимде көрсөтүлүүгө тийиш болгон негизги маалыматтар:

- Ижара берүүчүнүн жана Ижарачынын ишканасынын түрү жана аталышы, дареги жана юридикалык статусу (жеке жана юридикалык жак);

- ижарага берилчү мүлктүн курамы, баланстык наркы. Мүлктүн баланстык наркы жок учурда өткөрүп берилчү мүлктүн калдык наркы алынат;

- ижаранын мөөнөтү жана ижара акысынын өлчөмү, аны төгүүнүн шарты жана мөөнөттөрү;

- тараптардын ижарага берилген мүлктү толук калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча милдеттеринин бөлүштүрүлүшү;

- тараптардын милдеттери жана жоопкерчиликтери;

- келишимди ажыратуунун жана узартуунун шарттары.