Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-майы № 233
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
257-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) айнек кайнатуучу мештерди куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар.";
2-бөлүгүндөгү "жана 10" деген сөз жана цифра ",10 жана 13" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонулуудагы Мыйзам │ Мыйзамдын сунушталган долбоору │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│257-берене. Импорттолуучу │257-берене. Импорттолуучу │
│ товарларды КНСтен │ товарларды КНСтен │
│ бошотуу │ бошотуу │
│ │ │
│1. Кыргыз Республикасынын аймагына│1. Кыргыз Республикасынын аймагына│
│импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар │импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар │
│КНС төлөөдөн бошотулат: │КНС төлөөдөн бошотулат: │
│1) баалуу кагаздар, Кыргыз │1) баалуу кагаздар, Кыргыз │
│Республикасынын жаранынын │Республикасынын жаранынын │
│паспортторунун жана аныкталган │паспортторунун жана аныкталган │
│үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү │үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү │
│күбөлүктөрүнүн бланктары; │күбөлүктөрүнүн бланктары; │
│2) майыптар үчүн атайын товарлар; │2) майыптар үчүн атайын товарлар; │
│3) окуу куралдар жана мектептик │3) окуу куралдар жана мектептик │
│окуу буюмдары, илимий басылмалар; │окуу буюмдары, илимий басылмалар; │
│4) Кыргыз Республикасынын бажы │4) Кыргыз Республикасынын бажы │
│мыйзамдары менен аныкталган │мыйзамдары менен аныкталган │
│бажылык режимдердин алкагында КНС │бажылык режимдердин алкагында КНС │
│төлөөдөн бошотуу каралган │төлөөдөн бошотуу каралган │
│товарлар; │товарлар; │
│5) сейсмикалык абалды өлчөө жана │5) сейсмикалык абалды өлчөө жана │
│контролдоо боюнча геологиялык │контролдоо боюнча геологиялык │
│экспедициялардын илимий жабдуулары│экспедициялардын илимий жабдуулары│
│(геофизикалык, геодезиялык); │(геофизикалык, геодезиялык); │
│6) акциздик жыйымдын маркалары │6) акциздик жыйымдын маркалары │
│жана валюта нумизматтык максатта │жана валюта нумизматтык максатта │
│пайдалануудан башка; │пайдалануудан башка; │
│7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу │7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу │
│жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда │жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда │
│жардам көрсөтүү үчүн; │жардам көрсөтүү үчүн; │
│8) гуманитардык жардам, грант │8) гуманитардык жардам, грант │
│катары Кыргыз Республикасынын │катары Кыргыз Республикасынын │
│Өкмөтү аныктоочу тартипте; │Өкмөтү аныктоочу тартипте; │
│9) эл аралык келишимдерге ылайык │9) эл аралык келишимдерге ылайык │
│расмий пайдалануучу чет │расмий пайдалануучу чет │
│мамлекеттердин дипломатиялык │мамлекеттердин дипломатиялык │
│өкүлчүлүктөрү жана консулдук │өкүлчүлүктөрү жана консулдук │
│мекемелери жана эл аралык уюмдар, │мекемелери жана эл аралык уюмдар, │
│ошондой эле жеке пайдалануучу │ошондой эле жеке пайдалануучу │
│дипломатиялык агенттер үй-бүлөлөрү│дипломатиялык агенттер үй-бүлөлөрү│
│менен кошо; │менен кошо; │
│10) балдардын тамак-ашы; │10) балдардын тамак-ашы; │
│11) жаратылыш газы; │11) жаратылыш газы; │
│12) дары каражаттары. │12) дары каражаттары; │
│ │[13) айнек кайнатуучу мештерди │
│ │куруу жана реконструкциялоо үчүн │
│ │атайын товарлар.] │
│2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3│2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, │
│жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн │[3, 10 жана 13]-пункттарында │
│товарларды импорттоо Кыргыз │көрсөтүлгөн товарларды импорттоо │
│Республикасынын Өкмөтү Евразия │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│Экономикалык Шериктештигинин Тышкы│Евразия Экономикалык │
│экономикалык иштин товардык │Шериктештигинин Тышкы экономикалык│
│номенклатурасына (мындан ары │иштин товардык номенклатурасына │
│ТНВЭД) ылайык аныктоочу тизмеге │(мындан ары ТНВЭД) ылайык │
│ылайык КНС төлөөдөн бошотулат. (КР│аныктоочу тизмеге ылайык КНС │
│2011-жылдын 11-мартындагы N 5 │төлөөдөн бошотулат. (КР │
│Мыйзамынын редакциясына ылайык) │2011-жылдын 11-мартындагы N 5 │
│Өкмөтү аныктоочу тартипте; │Мыйзамынын редакциясына ылайык) │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘