Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-майы № 236
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезитинин 2009-жылдын 6-февралындагы № 9 санына жарыяланган) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берененин экинчи абзацында "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 3-беренеде:
1) биринчи бөлүктө "мамлекеттик менчикте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын менчигинде гана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-бөлүктө:
"аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөз менен алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлк укугун каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин тиешелүү органынын" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 6-берененин экинчи бөлүгүндө "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. 14-берененин биринчи бөлүгүндө "мамлекеттик менчиктеги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын менчигинде гана" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 16-беренеде:
1) биринчи бөлүктөгү "кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды" деген сөздөр алып салынсын;
2) экинчи бөлүктөгү "жергиликтүү каттоо органдарында" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунуш кылынган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2-берене. Ушул Мыйзамда │2-берене. Ушул Мыйзамда │
│ колдонулуучу негизги │ колдонулуучу негизги │
│ түшүнүктөр │ түшүнүктөр │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Жайыт - мал жайып оттотулуучу жана│Жайыт - мал жайып оттотулуучу жана│
│жерди эсепке алуу маалыматтарында │жерди эсепке алуу маалыматтарында │
│чагылдырылган дагы башка │чагылдырылган дагы башка │
│максаттарга пайдаланылуучу чөп │максаттарга пайдаланылуучу чөп │
│баскан айыл чарба жерлеринин түрү.│баскан айыл чарба жерлеринин түрү.│
│Жергиликтүү өз алдынча башкаруу │Жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│органдары - жергиликтүү маанидеги │органдары - жергиликтүү маанидеги │
│маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу│маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу│
│өкүлчүлүктүү, [аткаруучу-тескөөчү]│өкүлчүлүктүү, АТКАРУУЧУ жана башка│
│жана башка органдар. │органдар. │
│Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган │Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган │
│- жайыттарды башкаруу жагында │- жайыттарды башкаруу жагында │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│аныктаган мамлекеттик орган. │аныктаган мамлекеттик орган. │
│Жайыттардын чектерин белгилөө │Жайыттардын чектерин белгилөө │
│боюнча мамлекеттик комиссия - │боюнча мамлекеттик комиссия - │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │
│чечими менен убактылуу түзүлгөн │чечими менен убактылуу түзүлгөн │
│мамлекеттик комиссия. │мамлекеттик комиссия. │
│Жайыт инфраструктурасынын │Жайыт инфраструктурасынын │
│объекттери - курулмалар, │объекттери - курулмалар, │
│көпүрөлөр, жолдор, мал айдап │көпүрөлөр, жолдор, мал айдап │
│өтүүчү трассалар, мал туруучу жана│өтүүчү трассалар, мал туруучу жана│
│сугаруучу аянттар, койлорду дары │сугаруучу аянттар, койлорду дары │
│сууга чөмүлтүүчү бактар, жайылуучу│сууга чөмүлтүүчү бактар, жайылуучу│
│мал жана анын мезгилдүү туруусу │мал жана анын мезгилдүү туруусу │
│үчүн арналган кашарлар жана │үчүн арналган кашарлар жана │
│тосулган жерлер, малчылардын │тосулган жерлер, малчылардын │
│тиешелүү курулмалары, жайыттарды │тиешелүү курулмалары, жайыттарды │
│күтүү жана аларды иштетүү үчүн │күтүү жана аларды иштетүү үчүн │
│зарыл болгон башка кыймылсыз мүлк.│зарыл болгон башка кыймылсыз мүлк.│
│Оптималдуу жүк - малды жайыт │Оптималдуу жүк - малды жайыт │
│чөбүнүн ботаникалык курамына, анын│чөбүнүн ботаникалык курамына, анын│
│өндүрүмдүүлүгүнө жана экологиялык │өндүрүмдүүлүгүнө жана экологиялык │
│бүтүндүгүнө зыян тийгизбестен │бүтүндүгүнө зыян тийгизбестен │
│жаюуга мүмкүндүк берилүүчү аянтка │жаюуга мүмкүндүк берилүүчү аянтка │
│бөлүнгөн мал башынын саны. │бөлүнгөн мал башынын саны. │
│Жайыт пайдалануучулар - жайыт │Жайыт пайдалануучулар - жайыт │
│пайдаланууга укугу бар Кыргыз │пайдаланууга укугу бар Кыргыз │
│Республикасынын жеке жана │Республикасынын жеке жана │
│юридикалык жактары. │юридикалык жактары. │
│Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси│Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси│
│- жергиликтүү өз алдынча башкаруу │- жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│аймагындагы жайыттарды │аймагындагы жайыттарды │
│пайдаланууга карата тиешелүү │пайдаланууга карата тиешелүү │
│администрациялык-аймактык │администрациялык-аймактык │
│бирдиктин жайыт │бирдиктин жайыт │
│пайдалануучуларынын таламдарын │пайдалануучуларынын таламдарын │
│талашуучу коомдук уюм. │талашуучу коомдук уюм. │
│Жайыт комитети - жайыт │Жайыт комитети - жайыт │
│пайдалануучулардын бирикмесинин │пайдалануучулардын бирикмесинин │
│аткаруу органы. │аткаруу органы. │
│Жайыттарды башкаруу жана │Жайыттарды башкаруу жана │
│пайдалануу боюнча жамааттын планы │пайдалануу боюнча жамааттын планы │
│- мамлекеттик менчиктеги │- мамлекеттик менчиктеги │
│жайыттарды башкаруу жана │жайыттарды башкаруу жана │
│пайдалануу боюнча 5 жылдык │пайдалануу боюнча 5 жылдык │
│мөөнөттү камтыган план. │мөөнөттү камтыган план. │
│Жайыттарды пайдалануунун жылдык │Жайыттарды пайдалануунун жылдык │
│планы - жергиликтүү өз алдынча │планы - жергиликтүү өз алдынча │
│башкаруунун карамагындагы │башкаруунун карамагындагы │
│жайыттардын уруксат берилген жана │жайыттардын уруксат берилген жана │
│макулдашылган пайдалануусун │макулдашылган пайдалануусун │
│аныктоочу план. │аныктоочу план. │
│Жайыт белети - жайытка кирүүгө │Жайыт белети - жайытка кирүүгө │
│жана аны пайдаланууга укук │жана аны пайдаланууга укук │
│ырастоочу документ. │ырастоочу документ. │
│Жайыттарды башка максаттарга │Жайыттарды башка максаттарга │
│пайдалануу - жайыт ресурстарын мал│пайдалануу - жайыт ресурстарын мал│
│жаюудан башка максаттар үчүн │жаюудан башка максаттар үчүн │
│пайдалануу, аларга аң уулоо, │пайдалануу, аларга аң уулоо, │
│капкан коюу, бал чарбачылык, дары │капкан коюу, бал чарбачылык, дары │
│чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш │чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш │
│терүү, чөп жана отун дайындоо, │терүү, чөп жана отун дайындоо, │
│пайдалуу кендерди аз санда казып │пайдалуу кендерди аз санда казып │
│алуу, туризм жана жарандардын эс │алуу, туризм жана жарандардын эс │
│алуусу таандык, бирок чектелбейт. │алуусу таандык, бирок чектелбейт. │
│Мал айдап өтмө жолдор - жайыттар │Мал айдап өтмө жолдор - жайыттар │
│ортосунда малды айдап өтүү же │ортосунда малды айдап өтүү же │
│өткөрүү үчүн жайыт комитети │өткөрүү үчүн жайыт комитети │
│тарабынан аныкталган жайыт │тарабынан аныкталган жайыт │
│участоктору. │участоктору. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│3-берене. Жайытка болгон менчик │3-берене. Жайытка болгон менчик │
│ укугу жана анын чектерин│ укугу жана анын чектерин│
│ аныктоо │ аныктоо │
│ │ │
│1. Жайыттар [мамлекеттик менчикте]│1. Жайыттар КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН│
│турат. │МЕНЧИГИНДЕ ГАНА турат. │
│2. Жайыттардын тышкы чектери │2. Жайыттардын тышкы чектери │
│учурдагы администрациялык-аймактык│учурдагы администрациялык-аймактык│
│бирдиктердин чектерин эске алуу │бирдиктердин чектерин эске алуу │
│менен мурдагы советтик жана │менен мурдагы советтик жана │
│коллективдик чарбалардын чектери │коллективдик чарбалардын чектери │
│боюнча бөлүштүрүүнүн негизинде │боюнча бөлүштүрүүнүн негизинде │
│белгилениши керек. │белгилениши керек. │
│3. Эки же андан көп жыл │3. Эки же андан көп жыл │
│колдонулбай калган жайыт │колдонулбай калган жайыт │
│участкалары райондун жайыт фонду │участкалары райондун жайыт фонду │
│катары түзүлүшү мүмкүн. Райондук │катары түзүлүшү мүмкүн. Райондук │
│кеңештин макулдугу менен ыйгарым │кеңештин макулдугу менен ыйгарым │
│укуктуу мамлекеттик органдын │укуктуу мамлекеттик органдын │
│чечими боюнча Кыргыз │чечими боюнча Кыргыз │
│Республикасынын башка жайыт │Республикасынын башка жайыт │
│пайдалануучуларына пайдаланууга │пайдалануучуларына пайдаланууга │
│берилиши мүмкүн. │берилиши мүмкүн. │
│4. Жайыттардын тышкы чектерин │4. Жайыттардын тышкы чектерин │
│белгилөө жергиликтүү мамлекеттик │белгилөө жергиликтүү мамлекеттик │
│администрация түзгөн жергиликтүү │администрация түзгөн жергиликтүү │
│комиссия тарабынан жүргүзүлүшү │комиссия тарабынан жүргүзүлүшү │
│керек. Комиссиянын курамына │керек. Комиссиянын курамына │
│жергиликтүү өз алдынча башкаруунун│жергиликтүү өз алдынча башкаруунун│
│чектеш ар бир аймагынын │чектеш ар бир аймагынын │
│жергиликтүү өз алдынча │жергиликтүү өз алдынча │
│башкаруусунун [аткаруучу-тескөөчү]│башкаруусунун АТКАРУУЧУ │
│органдарынын башчылары, │органдарынын башчылары, │
│жергиликтүү өз алдынча башкаруунун│жергиликтүү өз алдынча башкаруунун│
│чектеш аймактарынын жайыт │чектеш аймактарынын жайыт │
│пайдалануучулар бирикмесинин │пайдалануучулар бирикмесинин │
│өкүлдөрү, облустук мамлекеттик │өкүлдөрү, облустук мамлекеттик │
│администрациянын жана [Кыргыз │администрациянын жана КЫЙМЫЛСЫЗ │
│Республикасынын Өкмөтүнө караштуу │МҮЛККӨ УКУКТУ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨ │
│Кыймылсыз мүлк укугун каттоо │ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК │
│боюнча мамлекеттик агенттиктин │ОРГАНЫНЫН жер жайгаштыруу боюнча │
│тиешелүү органынын] жер │адистери кирет. │
│жайгаштыруу боюнча адистери кирет.│5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │тарабынан ушул берененин │
│тарабынан ушул берененин │4-бөлүгүнө ылайык түзүлгөн │
│4-бөлүгүнө ылайык түзүлгөн │комиссиялар же облустук жумушчу │
│комиссиялар же облустук жумушчу │топтордун комиссиялары чече │
│топтордун комиссиялары чече │албаган талаш-тартыштарды чечүүгө │
│албаган талаш-тартыштарды чечүүгө │ыйгарым укуктуу, жайыттардын │
│ыйгарым укуктуу, жайыттардын │чектерин белгилөөгө жана Кыргыз │
│чектерин белгилөөгө жана Кыргыз │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│Республикасынын Өкмөтү тарабынан │жайыттын тышкы чектерине карата │
│жайыттын тышкы чектерине карата │акыркы сунуштарды даярдоону камсыз│
│акыркы сунуштарды даярдоону камсыз│кылуучу мамлекеттик комиссия │
│кылуучу мамлекеттик комиссия │түзүлүшү мүмкүн. Бул комиссия ар │
│түзүлүшү мүмкүн. Бул комиссия ар │бир облуста жергиликтүү өз алдынча│
│бир облуста жергиликтүү өз алдынча│башкаруу органдарынын ортосунда │
│башкаруу органдарынын ортосунда │жайыттардын чектери боюнча │
│жайыттардын чектери боюнча │талаш-тартыштарды жөнгө салууга │
│талаш-тартыштарды жөнгө салууга │ыйгарым укуктуу жумушчу топторду │
│ыйгарым укуктуу жумушчу топторду │түзүүгө жана ушул берененин │
│түзүүгө жана ушул берененин │2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү │
│2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү │комиссиялар менен аныкталган │
│комиссиялар менен аныкталган │жайыттын чектерин бекитүүгө жана │
│жайыттын чектерин бекитүүгө жана │мамлекеттик комиссияга берүүгө │
│мамлекеттик комиссияга берүүгө │укуктуу. │
│укуктуу. │6. Жайыттардын тышкы чектерин │
│6. Жайыттардын тышкы чектерин │бекитүү жайыттын чектерин белгилөө│
│бекитүү жайыттын чектерин белгилөө│боюнча мамлекеттик комиссиянын │
│боюнча мамлекеттик комиссиянын │сунуштарынын негизинде Кыргыз │
│сунуштарынын негизинде Кыргыз │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│Республикасынын Өкмөтү тарабынан │жүргүзүлөт. │
│жүргүзүлөт. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│6-берене. Жайыт комитет │6-берене. Жайыт комитет │
│ │ │
│1. Жайыт пайдалануучулар │1. Жайыт пайдалануучулар │
│бирикмесинин аткаруучу органы │бирикмесинин аткаруучу органы │
│болуп жайыт комитети эсептелет. │болуп жайыт комитети эсептелет. │
│2. Жайыт комитети жайыт │2. Жайыт комитети жайыт │
│пайдалануучулардын өкүлдөрүнөн, │пайдалануучулардын өкүлдөрүнөн, │
│жергиликтүү өз алдынча башкаруунун│жергиликтүү өз алдынча башкаруунун│
│өкүлчүлүктүү органынын │өкүлчүлүктүү органынын │
│депутаттарынан, жергиликтүү өз │депутаттарынан, жергиликтүү өз │
│алдынча башкаруунун │алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ │
│[аткаруучу-тескөөчү] органынын │органынын башчыларынан турат. │
│башчыларынан турат. │3. Жайыт пайдалануучулар өзүнүн │
│3. Жайыт пайдалануучулар өзүнүн │өкүлдөрүн жайыт комитетине │
│өкүлдөрүн жайыт комитетине │шайлашат. │
│шайлашат. │4. Жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн │
│4. Жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн │саны так эмес болушу, ал эми жайыт│
│саны так эмес болушу, ал эми жайыт│пайдалануучулар бирикмесинин │
│пайдалануучулар бирикмесинин │өкүлдөрү жайыт комитетинин │
│өкүлдөрү жайыт комитетинин │мүчөлөрүнүн көпчүлүк санын түзүшү │
│мүчөлөрүнүн көпчүлүк санын түзүшү │керек. │
│керек. │5. Жайыт комитетинин ыйгарым │
│5. Жайыт комитетинин ыйгарым │укуктары: │
│укуктары: │- жайыттарды пайдалануу боюнча │
│- жайыттарды пайдалануу боюнча │жамааттын планын иштеп чыгуу; │
│жамааттын планын иштеп чыгуу; │- жайыттарды пайдалануунун жылдык │
│- жайыттарды пайдалануунун жылдык │планын иштеп чыгуу; │
│планын иштеп чыгуу; │- жайыттарды пайдалануу боюнча │
│- жайыттарды пайдалануу боюнча │жамааттын планынын жана жайыттарды│
│жамааттын планынын жана жайыттарды│пайдалануунун жылдык планынын │
│пайдалануунун жылдык планынын │жоболорун ишке ашыруу; │
│жоболорун ишке ашыруу; │- жайыттардын абалына мониторинг │
│- жайыттардын абалына мониторинг │жүргүзүү; │
│жүргүзүү; │- жайыттарды пайдалануунун жылдык │
│- жайыттарды пайдалануунун жылдык │планына ылайык жайыт белеттерин │
│планына ылайык жайыт белеттерин │берүү; │
│берүү; │- жайыттарды пайдалануу үчүн акы │
│- жайыттарды пайдалануу үчүн акы │белгилөө жана жыйноо, аларды │
│белгилөө жана жыйноо, аларды │жергиликтүү кеңеште милдеттүү │
│жергиликтүү кеңеште милдеттүү │бекитүү; │
│бекитүү; │- өзүнүн ыйгарым укуктарынын │
│- өзүнүн ыйгарым укуктарынын │алкагында жайыттарды пайдаланууга │
│алкагында жайыттарды пайдаланууга │тийиштүү талаш-тартышттарды чечүү;│
│тийиштүү талаш-тартышттарды чечүү;│- жайыттарды жана башка │
│- жайыттарды жана башка │ресурстарды пайдалануу үчүн акы │
│ресурстарды пайдалануу үчүн акы │төлөөдөн түшкөн, жайыт │
│төлөөдөн түшкөн, жайыт │инфраструктурасына инвестиция │
│инфраструктурасына инвестиция │катары жөнөтүлгөн, Кыргыз │
│катары жөнөтүлгөн, Кыргыз │Республикасынын колдонуудагы │
│Республикасынын колдонуудагы │мыйзамдарына ылайык аларды │
│мыйзамдарына ылайык аларды │кармоого, башкарууга жана │
│кармоого, башкарууга жана │жакшыртууга жиберилген кирешелерди│
│жакшыртууга жиберилген кирешелерди│башкаруу. │
│башкаруу. │6. Жайыт комитетин түзүү, уюштуруу│
│6. Жайыт комитетин түзүү, уюштуруу│тартиби жөнүндө, жамааттардын │
│тартиби жөнүндө, жамааттардын │планын жана жайыттарды пайдалануу │
│планын жана жайыттарды пайдалануу │боюнча жылдык пландарды иштеп │
│боюнча жылдык пландарды иштеп │чыгуунун тартиби жөнүндө, │
│чыгуунун тартиби жөнүндө, │жайыттарды пайдалануу үчүн акы │
│жайыттарды пайдалануу үчүн акы │белгилөөнүн тартиби жөнүндө типтүү│
│белгилөөнүн тартиби жөнүндө типтүү│жоболор жайыт жерлерин жөнгө салуу│
│жоболор жайыт жерлерин жөнгө салуу│чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │
│чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │мамлекеттик орган тарабынан │
│мамлекеттик орган тарабынан │иштелип чыгат жана Кыргыз │
│иштелип чыгат жана Кыргыз │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│Республикасынын Өкмөтү тарабынан │бекитилет. │
│бекитилет. │7. Жайыттарды пайдалануу пландарын│
│7. Жайыттарды пайдалануу пландарын│иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда│
│иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда│жайыт комитети квалификациялуу │
│жайыт комитети квалификациялуу │адистерди, ошондой эле тиешелүү │
│адистерди, ошондой эле тиешелүү │мекемелерди жана уюмдарды тартууга│
│мекемелерди жана уюмдарды тартууга│укуктуу. │
│укуктуу. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│14-берене. Жайыт жерлерин жөнгө │14-берене. Жайыт жерлерин жөнгө │
│ салуу чөйрөсүндөгү │ салуу чөйрөсүндөгү │
│ ыйгарым укуктуу │ ыйгарым укуктуу │
│ мамлекеттик орган │ мамлекеттик орган │
│ │ │
│1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│[мамлекеттик менчиктеги] жайыт │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│жерлерди пайдалануу маселелерин │МЕНЧИКТИГИНЕ ГАНА жайыт жерлерди │
│жөнгө салуу боюнча саясатты │пайдалануу маселелерин жөнгө салуу│
│жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу │боюнча саясатты жүргүзүүчү ыйгарым│
│мамлекеттик органды аныктайт. │укуктуу мамлекеттик органды │
│2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик │аныктайт. │
│органдын компетенциясына │2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик │
│төмөнкүлөр кирет: │органдын компетенциясына │
│- жайыттарды пайдалануу │төмөнкүлөр кирет: │
│чөйрөсүндөгү Кыргыз │- жайыттарды пайдалануу │
│Республикасынын программаларын │чөйрөсүндөгү Кыргыз │
│жана мыйзамдарын ишке ашыруу │Республикасынын программаларын │
│боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; │жана мыйзамдарын ишке ашыруу │
│- мамлекеттик стандарттарды жана │боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; │
│жайыттардын мониторингин, абалын │- мамлекеттик стандарттарды жана │
│жана сапатын баалоо ыкмасын │жайыттардын мониторингин, абалын │
│аныктоо; │жана сапатын баалоо ыкмасын │
│- жайыттардын абалына мониторинг │аныктоо; │
│жүргүзүүнүн программасынын ишке │- жайыттардын абалына мониторинг │
│ашырылышын көзөмөлдөө; │жүргүзүүнүн программасынын ишке │
│- жайыттарды пайдалануу маселелери│ашырылышын көзөмөлдөө; │
│боюнча типтүү жоболорду, │- жайыттарды пайдалануу маселелери│
│нускамаларды, эрежелерди жана │боюнча типтүү жоболорду, │
│башка ченемдик укуктук актыларды, │нускамаларды, эрежелерди жана │
│ошондой эле усулдук материалдарды │башка ченемдик укуктук актыларды, │
│иштеп чыгуу; │ошондой эле усулдук материалдарды │
│- жайыт пайдалануучулар │иштеп чыгуу; │
│бирикмесинин жайыттарды тескөө │- жайыт пайдалануучулар │
│боюнча жамааттын пландарын жана │бирикмесинин жайыттарды тескөө │
│жайыттарды пайдалануу пландарын │боюнча жамааттын пландарын жана │
│колдонууга мониторинг жүргүзүү; │жайыттарды пайдалануу пландарын │
│- жергиликтүү өз алдынча башкаруу │колдонууга мониторинг жүргүзүү; │
│органдарына жана жайыт комитетине │- жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│жайыттарды пайдаланууда техникалык│органдарына жана жайыт комитетине │
│жана башка жардам көрсөтүү. │жайыттарды пайдаланууда техникалык│
│ │жана башка жардам көрсөтүү. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│16-берене. Жайыттарды пайдалануу │16-берене. Жайыттарды пайдалануу │
│ укугун мамлекеттик │ укугун мамлекеттик │
│ каттоо │ каттоо │
│ │ │
│1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу│1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу│
│органдарынын жайыттарды пайдалануу│органдарынын жайыттарды пайдалануу│
│укугу Кыргыз Республикасынын │укугу Кыргыз Республикасынын │
│Өкмөтү аныктаган чектердин │Өкмөтү аныктаган чектердин │
│алкагында белгиленген тартипте │алкагында белгиленген тартипте │
│милдеттүү түрдө [кыймылсыз мүлккө │милдеттүү түрдө мамлекеттик │
│болгон укуктарды] мамлекеттик │каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. │
│каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. │2. Жайыт белетинин негизинде │
│2. Жайыт белетинин негизинде │жайыттарды үч жылдан ашык │
│жайыттарды үч жылдан ашык │пайдалануу укугу КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛККӨ │
│пайдалануу укугу [жергиликтүү │УКУКТАРДЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ │
│каттоо органдарында] мамлекеттик │ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК │
│каттоодон милдеттүү түрдө │ОРГАНДАРЫНДА мамлекеттик каттоодон│
│өткөрүлүүгө тийиш. │милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш.│
│Жайыт белетинин негизииде │Жайыт белетинин негизинде │
│жайыттарды үч жылга жетпеген │жайыттарды үч жылга жетпеген │
│мөөнөткө пайдалануу укугу белет │мөөнөткө пайдалануу укугу белет │
│алуучунун каалоосу боюнча │алуучунун каалоосу боюнча │
│катталышы мүмкүн. │катталышы мүмкүн. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘