Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-майы № 247
Мобилдүү зымсыз байланыш жаатында ачык акционердик коом түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
Телекоммуникациялык рынокту өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын мобилдик байланыш операторлорунун ортосундагы атаандаштыкты камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешелерин көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мобилдүү зымсыз байланыш жаатында "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коому түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги белгиленген тартипте "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыксын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө чечимине чейин мамлекеттик менчиктеги ушул ачык акционердик коомдун акцияларынын 100 (жүз) процентин бекитип берүү менен бир акциясынын номиналдык наркы 100 (жүз) сом болгон 1000 (бир миң) даана жөнөкөй ысымдуу акцияларга бөлүнгөн 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталын аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине мобилдүү зымсыз байланыш жаатында түзүлүп жаткан "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү үчүн агенттик өз ишинен алуучу (лицензия берүү боюнча көзөмөлдүк функцияларды ишке ашыргандыгы үчүн ар жылдык төлөмдөн алынгандарды кошпогондо) финансылык каражаттардан 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берсин, ал "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коомун менчиктештирүүдөн каражат түшкөндөн кийин кайта берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коомунун акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышын акы албастан каттасын.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги белгиленген тартипте "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коомуна жыштык жана GSM жана 3G "WCDMA/UMTS" стандартындагы уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү укугуна лицензия берсин.
7. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги белгиленген тартипте "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коомунун акцияларынын 51 (элүү бир) процентин аукционго 92000000 (токсон эки миллион) сом старттык баада койсун.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, буга 7-8-пункттар кирбейт, бул пункттар "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коому мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жана транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |