Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-майы № 251
Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобонун нормаларын ишке ашырууга багытталган чараларды көрсүн.
3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев
|