Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №266 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү жөнгө салат.
Базалык маяналардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленет.
Кызматкерлердин эмгек акысы жумушчу убагынын нормаларын аткарууну эсепке алуу менен эсептелет. Эмгек акынын өлчөмү компенсациялык жана стимулдаштыруу мүнөзүндөгү төлөмдөрдү эске алуу менен базалык маяналарга жараша аныкталат.
Бийик тоолуу жана алыс жерлерде иштөө үчүн, эмгектин нормаланбаган шарттары үчүн райондук коэффициенттерди колдонуу өлчөмдөрү жана тартиби, ошондой эле ушул Жободо көрсөтүлбөгөн, кызматкерлерге башка төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын жетекчилери зарыл учурда атайын каражаттардын жана кирешелердин эсебинен кызматкерлердин белгиленген чектүү санынан ашыкча кызматкерлерди жалдоонун келишимдик формасын колдоно алышат.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кенже тейлөөчү кызматкерлерине таралбайт.
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборборунун жетекчисине, алардын орун басарларына жана Республикалык радиотелеборборунун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору бекиткен Жобо менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Базалык маяна - бул белгилүү бир татаалдыктагы кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн, календарлык ай үчүн компенсациялык, стимулдаштыруучу жана социалдык төлөмдөрдү эсепке албаганда кызматкерлерге акы төлөөнүн белгиленген өлчөмү.
Эмгек акы - бул кызматкердин квалификациясына, аткарылган иштин татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына, түнкү убактагы, дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрү иштегендигине жараша эмгеги үчүн акы төлөө, ошондой эле компенсациялык жана стимулдаштыруучу мүнөздөгү төлөмдөр. Компенсациялык жана стимулдаштыруучу мүнөздөгү кошумчалар жана кошо төлөөлөр түрүндөгү төлөмдөр базалык маянага карата абсолюттук чоңдуктарда же пайыздарда белгиленет.
Компенсациялык төлөмдөр - бул кызматкерлердин чыгымдарынын ордун толтуруу максатында белгиленген, алардын эмгектик же мыйзамдарда каралган башка милдеттерди аткаруусуна байланышкан, кесиптерди айкалыштыруудагы, жумушчу убагынын нормалдуу узактыгынын чегинен ашыкча иштөөсү үчүн, өзгөчө шарттагы, бийик тоолуу жана алыскы аймактардагы көчмө мүнөздөгү ишине акчалай төлөөлөр.
Стимулдаштыруучу төлөмдөр - бул кызматкерди кыйла жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишүүгө, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга стимул берүүгө багытталган, иштеген жылдары, наамы жана ар кандай квалификациядагы иштерди аткаруусу үчүн сыйлоолор жана төлөмдөр.
Иштеген жылдары - бул кызматкер телерадиоберүү системасында кесиптик ишин аткарган убакыт мезгили.
Типтүү штаттар - бул Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын иретке салынган штаттык санынын чектүү нормасы.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 149 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Базалык маяналарга карата компенсациялык төлөмдөр
Телерадиоберүү системасында иштин шарттарын, өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматкерлердин базалык маяналарына карата компенсациялык төлөмдөр белгиленет.
Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарындагы иш үчүн кошумча төлөөлөр;
- өзгөчө шарттардагы иш үчүн кошумча төлөөлөр;
- жумушчу убагынын нормалдуу узактыгынын чегинен ашыкча иш үчүн кошумча акылар (нормаланбаган жумушчу күнү, аткарылган иштерди айкалыштыруу же алардын көлөмүнүн көбөйүшү, бригаданы жетектөө);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка кошумча төлөмдөр жана кошумча акылар.
Жогоруда саналып өткөн базалык маянага карата кошумча акыларды төлөө өлчөмдөрү жана тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана жамааттык келишимде аныкталат.
4. Базалык маяналарга карата стимулдаштыруучу төлөмдөр
Телерадиоберүү системасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн, кесиптик жана сапаттык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында кызматкерлердин базалык маяналарына карата стимулдаштыруучу төлөмдөр белгиленет.
Стимулдаштыруучу төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
- иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр;
- "Элдик" же "Эмгек сиңирген" ардактуу наамы үчүн кошумча төлөөлөр;
- квалификациясынын жогорулугу жана чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн кошумча төлөөлөр;
- сыйлыктар берүү.
"Элдик" же "Эмгек сиңирген" ардактуу наамы үчүн кошумча төлөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдөрдө жана тартипте ай сайын төлөнөт.
Иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр Иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөрдү төлөө жөнүндө жобого ылайык уюмдун жетекчиси бекиткен жана кабыл алынган жамааттык келишимге ылайык белгиленет. Кошумча төлөөлөрдүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө кошумча акы белгиленет. Аталган кошумча акыны киргизүү менен байланышкан чыгымдар телерадиоберүү уюмдарынын кызматкерлерине бекитилген эмгек акы фондунун чегинде төлөнөт.
Кызматкерлерге акчалай сыйлык берүү жогорку башкаруу органы тарабынан бекитилген Сыйлоо жөнүндө жобого ылайык эмгек акы төлөө фондунун эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
Автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин түзүү, аларды биринчи жолу эл алдында аткаруу жана/же чыгаруу үчүн, автордук сый акы, телерадиоберүү уюмундагы аткарылган чыгармачылык иш түрлөрү үчүн сыйлык акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын жетекчилерине жылдын жыйынтыгы боюнча уюмдун ишине өзгөчө салым кошкон кызматкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн пайдаланбаган эмгек акы фондун өз алдынча бөлүштүрүү укугу берилет. Колдоого алуунун өлчөмү кызматкердин базалык маянасынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
Ушул Жободо каралбаган эмгек акы төлөөнүн башка маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)