Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-июну № 283
«Таш-Көмүр Солар» жоопкерчилиги чектелген коомун сатуу жөнүндө
Мыйзамда белгиленген тартипте банкрот деп табылган «Кристалл» ачык акционердик коомунун мүлктүк комплексинин өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кристалл» ачык акционердик коомун реструктуралоонун алкагында түзүлгөн «Таш-Көмүр Солар» жоопкерчилиги чектелген коомун сатып алуунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын министрликтеринин сунуштарына макулдук берилсин.
2. «Кристалл» ачык акционердик коомунун атайын администраторуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- «Таш-Көмүр Солар» жоопкерчилиги чектелген коомун мыйзамда белгиленген тартипте ачык сатууну жүргүзүү;
- максималдуу ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылуу үчүн «Таш-Көмүр Солар» жоопкерчилиги чектелген коомун сатуу боюнча комиссияга белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү бийлик органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн тартуу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |