Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-июлу № 400
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 , КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бирдей колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы № 440 КПҮ «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналынын эмгегине акы төлөө шарттарында:
- I бөлүмүндө:
1-пунктунда «ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият кызматкерлери,»деген сөздөр алып салынсын;
2-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
XV бөлүмүнүн 4-пунктунда:
«ж» пунктчасынын онунчу абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
«к», «л», «м» пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 182 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 182 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 182 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүнүн кенже тейлөөчү персоналына эмгек акы төлөөнүн тартиби жөнүндө чечим кабыл алганга чейин Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн системасындагы саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият мекемелеринин кенже тейлөөчү персоналына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы № 440 КПҮ «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун күчү жайылтылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө, билим берүү жана маданият бөлүмүнө жана коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул токтом 2011-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри |