Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-майы №401
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-майындагы №204 "2010-жылы Кыргыз Республикасыиын От шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп емким нюнь окуяларынын натыйжасында Кыргыз Республикасыиын курман болгон, дайынсыз жоголюн жарандарынын үн-бүлолорүно жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардам берүү жонүндө" токтомуна толуктоолорду жана озгоргүүлордү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасыиын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасыиын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-майындагы № 204 "2010-жылы Кыргыз Ресиубликасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн июнь окуяларынын натыйжасында Кыргыз Республикасыиын курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлолөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана mi ортүүлор кнргизилсин:
- токтомдун аталышындагы "2010-жылы Кыргыз Ресиубликасынын" Деген сөздөрдөн кийин "Жалал-Абад облусунда 19-майда болуп өткөн °окуялардын, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын;
- токтомдун преамбуласында:
"2010-жылы Кыргыз Республикасынын" деген цифра жана сездөрдөн кийин "Жалал-Абад облусунда 19-майда болуп өткөн окуялардын, ошондой эле деген сөздөр менен толукталсын;
"(мындап ары - 2010-жылдагы июнь окуялары)" деген сөздөр "(мындан 2010-жылдагы май жана июнь окуялары)" деген сездөргө алмаштырылсын;
2 жана 3-пункттары "июнь" деген сөздөн мурда "май жана" деген сөздөр менен толукталсын;
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Бишкек шаарында, Чуй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында туруктуу жашаган 2010-жылдагы май жана июнь окуяларында Кыргыз Республикасынын курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардам алууга жарандардын арызы Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдында түзүлгөн төмөнкү курамдагы комиссия тарабынан каралат:
Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министринин орун басары - комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасыныи ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасыныи саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасыныи финансы министринин орун басары;
социалдык коргоонун райондук, шаардык башкармалыктарынын начальниктеринин орун басарлары;
өкмөттүк эмес секторлордун/жарандык жана эл аралык коомдошдуктардьш өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).";
6-пункт, "2010-жылдын" деген цифра жана сөздөн кийин "май жана" деген сөздөр менен толукталсын;
8 жана 9-пункттар "2010-жылдын" деген цифра жана сөздөн кийин "май жана" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2010-жылы Кыргыз Республикасыныи Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн июнь окуяларынын натыйжасында Кыргыз Республикасыныи курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардамды төлөө тартибине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
тартиптиптин аталышы "2010-жылы Кыргыз Республикасынын" деген цифра жана сөздөрдөн кийин "Жалал-Абад облусунда 19-майда болуп өткен окуялардын, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын;
1-пункт:
"июнь окуяларынын" деген сөздөрдөн мурда "май жана" деген сөздөр менен толукталсын;
"болуп өткөн" деген сөздөрдөн кийин "май жана" деген сөздөр менен толукталсын;
7,8 жана 9-пункттар «июнь окуяларында» деген сөздөрдөн мурда «май жана» деген сөздөр менен толукталсын;
10-пунктта:
«жарандары болгон» деген сөздөрдөн кийин «2010-жылдын май жана июнь окуяларынын натыйжасында» деген сөздөр менен толукталсын;
«июнь окуяларынын учурунда» деген сөздөрдөн мурда «май жана» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.