Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-июлу № 402
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун жана Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо министрлйгинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунун кызматкерлерине дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун № 12 тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
"№ 12 тиркеме
┌──┬─────────────────────────────────────────────────────┬────────────┐
│ │ │ Кызматтык │
│№ │ Кызмат орундарынын аталышы │ маяналары │
│ │ │ (сом) │
└──┴─────────────────────────────────────────────────────┴────────────┘
I. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды
медициналык-социалдык экспертизалоо борбору
┌──┬─────────────────────────────────────────────────────┬────────────┐
│1 │Директор │ 9500 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│2 │Директордун орун басары │ 8500 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│3 │Башкы бухгалтер │ 8000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│4 │Бухгалтер │ 5400 │

│5 │Кадрлар бөлүмүнүн инспектору │ 5400 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│6 │Борбордун квалификациялык категориясы жок врач- │ │
│ │эксперт-адиси, врач-методисти │ 5500 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│7 │Райондор аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү │ │
│ │чектелүү адамдарды медициналык-социалдык │ 6300 │
│ │экспертизалоо борборунун төрагасы │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│8 │Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды │ │
│ │медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун │ 5000 │
│ │квалификациялык категориясы жок врач-эксперт-адиси │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│9 │Квалификациялык категориясы жок улук медайым │ 4000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│10│Медициналык каттоочу │ 3000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│11│Санитар │ 2500 │
└──┴─────────────────────────────────────────────────────┴────────────┘
II. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү
адамдарды реабилитациялоо борбору
┌──┬─────────────────────────────────────────────────────┬────────────┐
│1 │Директор │ 9000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│2 │Директордун дарылоо бөлүгү боюнча орун басары │ 8000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│3 │Башкы бухгалтер │ 7500 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│4 │Бухгалтер │ 5400 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│5 │Квалификациялык категориясы жок врач-адис │ 5500 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│6 │Башкы медайым │ 4300 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│7 │Квалификациялык категориясы жок медайым │ 3500 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│8 │Массажчы │ 4000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│9 │Эмгек боюнча инструктор │ 4000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│10│Дарылоо-дене тарбия инструктору │ 4000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│11│Сактоо камерасынын жана чарбанын башчысы │ 3000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│12│Чарба айымы │ 3500 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│13│Санитар │ 2500 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│14│Кир жууй турган жумушчу │ 2500 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│15│Ашкана башчысы │ 3500 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│16│Ашпозчу │ 3000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│17│Ашкана жумушчусу │ 2500 │
└──┴─────────────────────────────────────────────────────┴────────────┘
Эскертүү:
1. Квалификациялык категориясы болгондугу үчүн медициналык кызматкерлерге кызматтык айлык акыларына төмөнкүдөй өлчөмдөрдөгү үстөк акылар белгиленет:
- жогорку категорияга - 50 пайыз;
- биринчи категорияга - 30 пайыз;
- экинчи категорияга - 10 пайыз.
2. Медициналык кызматкерлерге жана кенже тейлөөчү персоналга түнкүсүн иштегендиги үчүн сааттык тарифтик ставканын 50 пайызы өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
3. Санитарларга синтетикалык, кир жуугуч жана дезинфициялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн айлык акынын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк акы белгиленет.
4. "Кыргыз Республикасынын социалдык коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер", "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер" деген наамдары, илимий даражасы болгондугу үчүн, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жерлерде иштегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кызматтык маянасына үстөк акылар белгиленет.".
|
|