Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-майы №271
"Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө Париж клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы протоколун аткаруу үчүн Анкара шаарында, 2006-жылдын 9-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өкүлү катары болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын ортосундагы карызды реструктуралоо тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Анкара шаарында 2010-жылдын 23-февралында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө Париж клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы протоколун аткаруу үчүн Анкара шаарында, 2006-жылдын 9-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өкүлү катары болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын ортосундагы карызды реструктуралоо тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Анкара шаарында 2010-жылдын 23-февралында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А. Атамбаев | |
|
Долбоор | |
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө Париж клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы протоколун аткаруу үчүн Анкара шаарында, 2006-жылдын 9-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өкүлү катары болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын ортосундагы карызды реструктуралоо тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Анкара шаарында 2010-жылдын 23-февралында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө Париж клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы протоколун аткаруу үчүн Анкара шаарында, 2006-жылдын 9-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өкүлү катары болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын ортосундагы карызды реструктуралоо тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Анкара шаарында 2010-жылдын 23-февралында кол коюлган макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө түркия тарапка маалымдасын.
3-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти