Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 токтому менен бекитилген |
Жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкалардан пайдалануудан алынган кирешелердин нормативдерин аныктоонун
МЕТОДИКАСЫ
1. Киришүү
1. Жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкалардан пайдалануудан алынган кирешелердин нормаларын аныктоонун ушул методикасы (мындан ары - методика) балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды дайындоо үчүн кайрылган арыз ээлеринин жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкаларды пайдалануудан алуучу потенциалдуу кирешелеринин деңгээлин баалоо үчүн колдонулат.
Методиканын негизги максаты болуп төмөнкүлөрдү пайдалануудан айына 1 сотыхтан алган кирешелердин орточо айлык нормативдеринин деңгээлин аныктоо саналат:
- жер үлүштөрүн;
- үй жанындагы участкаларды.
2. Кирешелердин нормативдерин эсептөө үчүн маалымат Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине төмөнкүлөр тарабынан берилет:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары КР УСК) жер үлүштөрүн өндүрүштүк потенциалы боюнча, ошондой эле айыл чарба продукциясына баалар боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту облустардын, райондордун жана айыл округдарынын өңүтүндө кыртыштын бонитетинин баллдарынын чоңдугу боюнча.
2. Методика
3. Жер үлүшүнүн жана үй жанындагы участоктон алынуучу кирешелердин нормативдерин аныктоо үчүн фермердик жана дыйкан чарбалардын жана КРнын УСК тарабынан басылып чыккан элдин үй жанындагы участокторунан (элдин менчик көмөкчү чарбасынан) алынуучу негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жана дүң түшүмү, жыйноо аянты боюнча маалымат пайдаланылат.
4. Категориялар боюнча корутунду отчет: дыйкан (фермердик) чарбалар, жеке ишкерлер (элдин менчик көмөкчү чарбасы) айыл округдарын тандап текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлөт жана жылына бир жолу 20-ноябрдан кечиктирбей мамлекеттик статистиканын райондук, шаардык бөлүмдөрүнө берилет.
5. Дыйкан (фермердик) чарбалардын жана элдин менчик көмөкчү чарбасынын продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдардын эсеби тандап текшерүүнүн негизинде КР УСК тарабынан жүргүзүлөт.
6. 1 гектарга кеткен чыгымдарды эсептеген учурда пайдаланылган аянттын саны жана текшерилген чарба боюнча өсүмдүк өстүрүүдөн алынган продукцияларды өндүрүүгө кеткен чыгымдардын наркы жөнүндө маалыматтар пайдаланылат.
7. Өсүмдүк өстүрүүдөн алынган продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн баалары боюнча маалымат катары дыйкан (фермердик) чарбаларды текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтар пайдаланылат.
Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн бааларына байкоо жүргүзүү республиканын бардык облустарынын аймагында жүргүзүлөт. Дыйкан (фермердик) чарбалардагы баалар боюнча маалыматтар негизинен тандап текшерүү ыкмасы менен айыл жерлеринен чогултулат, бул айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн баалары боюнча алынган маалыматтардын чындыгын камсыз кылат.
8. Облустук көрсөткүчтөр деңгээлинде өсүмдүк өстүрүү боюнча нормативдик кирешелерди эсептеген учурда продукциянын ар бир түрү боюнча бир гектардан жыйналган түшүмдүн центнеринин санын 1 центнерге өндүрүүчүлөрдүн баасына көбөйтүү жолу менен ар бир өсүмдүктүн наркы аныкталат. Тандап текшерүүлөрдүн маалыматтарын пайдалануу менен өсүмдүктүн ар бир түрү боюнча кеткен чыгымдын үлүшү аныкталат. Андан кийин эл тарабынан алынган таза киреше аныкталат.
9. Өсүмдүк үчүн алынган таза киреше жердин ар бир гектарынан алынган өсүмдүктүн дүң наркы менен аларды иштетүүгө байланышкан чыгымдар ортосундагы айырмага барабар.
Алынган жыйынтык сумма ар кандай өсүмдүктөрдү өстүрүү ар бир облуста пайдаланылган гектарлардын жалпы санына бөлүнөт, натыйжада ар бир облус үчүн такталган орточо таза киреше алынат. Андан кийин алынган жылдык киреше 12 айга жана 100гө (1 га = 100 сотых) бөлүнөт.
Бир айдагы бир сотыхка туура келген таза киреше төмөнкү формула боюнча эсептелет:
n
Xi = (Ei=1 (Yi x Pi - Ei)) \ N \ 12 \ 100, мында:
Xi - облус боюнча таза киреше (сом. сотых/ай);
Yi - өсүмдүктүн ар бир түрү боюнча өткөн жылда жыйналган түшүм (1 гадан алынган ц);
Pi - өсүмдүктүн ар бир түрү боюнча продукциянын орточо баасы (1 цден түшкөн сом);
Ei - дыйкан жана фермердик чарбаларды тандап текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган өсүмдүктүн ар бир түрү боюнча 1 гага эсептелген чыгымдар;
n - бир облуска өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн саны;
N = A1 + A2 + A3 + ... + Ai - айдалган жер участогунун жалпы аянты;
Ai - бир жылдагы өсүмдүктүн ар бир түрү боюнча пайдаланылган гектарлардын саны.
10. Ар кайсы айыл округдарындагы климаттык жана кыртыш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жер үлүшүнүн (короо жанындагы участоктун) 1 сотыхынан орточо облустук нормативдик киреше конкреттүү айыл округунда жер үлүшүнүн (короо жанындагы участоктун) 1 сотыхынан нормативдик кирешени алуу үчүн түзөтүлөт, бул болсо айыл округдарындагы кыртыштын түшүмдүүлүк өзгөчөлүгүнүн потенциалын жана өсүмдүктөрдү өстүрүүдөн алынуучу кирешелер ортосундагы айырманы чагылдырат.
Айыл округдарындагы кирешелердин нормативдери төмөнкүдөй эсептелет:
- ар бир облус, район жана айыл округу үчүн сугат жана кайрак жерлердин түшүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү аныкталат (1ден 100гө чейинки бонитеттин баллынын көрсөткүчү), бул боюнча кыртыштын сапатын жана анын түшүмдүүлүгүнүн потенциалын объективдүү аныкташат (бонитеттин баллынын көрсөткүчүн аныктоо кыртышты ири масштабдык изилдөөгө негизделген, бул болсо ар бир айыл округундагы айдала турган жер үчүн айырманы белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет);
- айыл округу боюнча кыртыштын түшүмдүүлүктөрү жана алардын түшүмдүүлүк боюнча айырмасын чагылдырган орточо облустук көрсөткүч ортосундагы өз ара байланышты белгилей турган "түшүмдүүлүк индекси" (сугат жана кайрак жерлер үчүн өзүнчө) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
В а/о
Вi = ──────, мында:
В обл.
Вi - түшүмдүүлүк индекси;
В обл. - облустар боюнча бонитеттин баллынын көрсөткүчү;
В а/о - айыл округу боюнча бонитеттин баллынын көрсөткүчү.
- айыл округу боюнча (сугат жана кайрак жерлер үчүн өзүнчө) жер үлүшүнөн (үй жанындагы участкадан) алынуучу кирешенин нормативи (таза) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Xа/о = Вi x Xi, мында:
Xа/о - жер үлүшүнөн (үй жанындагы участкадан) алынуучу кирешенин нормативи (сом сотых/ай);
Вi - түшүмдүүлүк индекси;
Xi - жер үлүшүнөн (үй жанындагы участкадан) облустар боюнча алынуучу таза киреше (сом сотых/ай).
11. Нормативдик кирешелер дыйкан жана фермердик чарбалар үчүн жер үлүшү жана үй жанындагы участка үчүн өзүнчө эсептелет жана жалданма жумушчу катары иштеген жамааттык чарбалардын мүчөлөрүнө колдонулбайт, алардан кирешесин тастыктоо иретинде эмгек акысы жөнүндө маалымкат талап кылынат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 токтому менен бекитилген |
Жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкалардан пайдалануудан алынган кирешелердин нормативдерин аныктоонун
МЕТОДИКАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкалардан пайдалануудан алынган кирешелердин нормаларын аныктоонун ушул методикасы (мындан ары - методика) балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды дайындоо үчүн кайрылган арыз ээлеринин жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкаларды пайдалануудан алуучу потенциалдуу кирешелеринин деңгээлин баалоо үчүн колдонулат.
Методиканын негизги максаты болуп төмөнкүлөрдү пайдалануудан айына 1 сотыхтан алган кирешелердин орточо айлык нормативдеринин деңгээлин аныктоо саналат:
- жер үлүштөрүн;
- үй жанындагы участкаларды.
2. Кирешелердин нормативдерин эсептөө үчүн маалымат социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр тарабынан берилет:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары КР УСК) жер үлүштөрүн өндүрүштүк потенциалы боюнча, ошондой эле айыл чарба продукциясына баалар боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргызмамжердолбоорлоо» жер жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту облустардын, райондордун жана айыл округдарынын өңүтүндө кыртыштын бонитетинин баллдарынын чоңдугу боюнча.