Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү Кепилдик кылынган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ТИЗМЕСИ
1. Социалдык-турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүүлөр:
- турак-жай аянтын берүү;
- реабилитациялоочу иш-чараларды, дарылоо-эмгектик жана окуу ишин, маданий-турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу үчүн жайларды берүү;
- эмеректерди пайдаланууга берүү;
- бекитилген ченемдерге ылайык жумшак шайманды (кийимди, бут кийимди, ич кийимдерди жана төшөнчүлөрдү) берүү;
- курагын жана ден соолук абалын эске алуу менен сарамжалдуу жана диеталык тамак-аш берүү;
- турмуш-тиричилик тейлөөнү камсыз кылуу (ич кийимдерди, кийим кечекти, төшөнчүлөрдү жууп берүү, кургатуу, үтүктөө жана дезинфекциялоо);
- соода жана байланыш ишканаларынын кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу;
- каттарды жазууга жана окууга көмөк көрсөтүү;
- жеке буюмдардын жана материалдык байлыктардын сакталышын камсыз кылуу;
- диний үрп-адаттарды өткөрүү үчүн шарттарды түзүү;
- стационардык мекемелерден чыгарууда бекитилген ченемдерге ылайык сезон боюнча кийим-кечек, бут кийим менен камсыз кылуу;
- расымдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу;
- зарыл жекече гигиеналык буюмдар менен камсыздоо (арак самын, тиш щеткасы, тиш пастасы, сүлгү, даарат кагазы, тарак).
2. Социалдык-медициналык кызмат көрсөтүүлөр:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык медициналык кызмат көрсөтүү;
- ден соолук абалын эске алуу менен багууну камсыз кылуу, анын ичинде санитардык-гигиеналык кызмат көрсөтүү (жууп-тазалоо, гигиеналык ванналар, тырмактарды алуу, чачын тарап берүү);
- медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү;
- реабилитациялоонун жекече программаларынын негизинде реабилитациялоочу (медициналык, социалдык) иш-чараларды жүргүзүү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жүргүзүү;
- адистештирилген медициналык жардамга муктаж болгон багуудагы адамдарды ооруканага жаткыруу;
- диспансеризациядан өтүүнү уюштуруу;
- муктаж адамдарды угуучу аппарат, көз айнек оптикасы, протездик-ортопедиялык буюмдар, тишти протездөө менен камсыз кылуу (буга баалуу металлдардан жана башка кымбат материалдардан жасалган протездер кирбейт);
- эгерде медициналык көрсөтмөлөрү бар болсо кошумча техникалык каражаттар (кресло-коляска, таяк жана балдак) жана протездик-ортопедиялык буюмдар (бутту, колду протездөө, ортопедиялык бут кийим даярдоо) менен камсыздоо;
- врачка чейинки алгачкы жардамды көрсөтүү;
- ден соолукка байланышкан жол-жоболорду жүргүзүү (дары-дармек ичүү, тамчылатуу ж.б.);
- ден соолук абалына байкоо жүргүзүү (дененин температурасын, артериялык басымды өлчөө).
3. Социалдык-психологиялык кызмат көрсөтүүлөр:
- психологиялык колдоо көрсөтүү жана психиканы оңдоочу иштерди жүргүзүү (стресстик абалдан чыгаруу, психикалык кемчиликтери бар оорулуулардын илдетинин күчөшүнүн алдын алуу);
- өз ара колдоо топторунда, баарлашуу клубдарында сабактарды уюштуруу жана өткөрүү;
- психологиялык жардам көрсөтүү: анын ичинде маектешүү, баарлашуу, угуу, көңүлүн көтөрүү, жигердүүлүктү жүйөлөштүрүү, багуудагы адамдардын жашоо тонусун психологиялык колдоо.
4. Социалдык-педагогикалык кызмат көрсөтүүлөр:
- социалдык-педагогикалык консультация берүү;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды атайын программалар боюнча тарбиялоо жана окутуу үчүн шарттарды түзүү, мында алардын дене боюнун мүмкүнчүлүктөрүн жана акыл-эсинин кудуретин эске алуу, өз алдынча тейлөө жана жүрүш-туруш жөндөмдөрүн үйрөтүү;
- реабилитациялоонун жекече программаларына ылайык дарылоо-эмгек ишинде багуудагы адамдардын калган эмгек мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн шарттарды түзүү.
5. Социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөр:
- квартираларды менчиктештирүү боюнча документтерди жана үчүнчү жактардын таламдарын козгогон документтерди толтурууну кошпогондо, багуудагы адамдардын биринчи кезектеги турмуш-тиричилик, медициналык жана башка өтө маанилүү маселелерин чечүү үчүн зарыл документтерди толтурууга жардам берүү;
- пенсиялык жана социалдык камсыз кылуу маселелери боюнча жардам көрсөтүү;
- консультациялык жардам берүү.
6. Социалдык-маданий кызмат көрсөтүүлөр:
- эс алууну камсыз кылуу (китептер, журналдар, газеталар, стол оюндары, кызыкчылыктар боюнча сабактар ж.б.);
- маданий-массалык иш-чараларды жүргүзүү (экскурсиялар, театрларга баруу, кинофильмдерди көрсөтүү ж.б.);
- майрамдык иш-чараларды жана түбөлүктүү даталарын, юбилейлерди, туулган күндөрдү уюштуруу жана өткөрүү.
1. Социалдык-тиричилик кызматтары:
- реабилитациялык жана дарылоо иш-чараларды уюштуруу үчүн имарат берүү;
- мебелдерди пайдаланууга берүү;
- уктоо бөлмөсүндө орун берүү;
- төшөнчү берүү;
- ысык тамак менен камсыз кылуу;
- эмгек терапиясы боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- зарыл болгон жекече гигиеналык буюмдар менен камсыздоо (арак самын, тиш щеткасы, тиш пастасы, сүлгү, даарат кагазы, тарак).
2. Социалдык-медициналык кызматтар:
- алгачкы медициналык кароодон жана санитардык иштетүүдөн өткөрүү;
- ден соолук абалына байкоо жүргүзүү (дене температурасын, артерия басымын ченөө);
- дарылоо-ден соолук чыңдоо иш-чараларын уюштуруу;
- реабилитациялык иш-чараларды (медициналык, социалдык), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациянын жекече программасынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүдө жардам берүү;
- врачка чейинки алгачкы жардамды көрсөтүү;
- ден соолукка байланышкан жол-жоболорду жүргүзүү (дары-дармек ичүү, тамчылатуу);
3. Социалдык-психологиялык кызматтар:
- психологиялык жардам көрсөтүү;
- социалдык-эмгек реабилитациясын, жеке жана социалдык статусту калыбына келтирүү максатында жеткиликтүү ыкмаларга үйрөтүү боюнча иш-чараларды өткөрүү.
4. Социалдык-педагогикалык кызматтар:
- инсанды социалдык-педагогикалык диагносттоо жана текшерүү;
- социалдык-педагогикалык консультациялоо;
- өзүн-өзү тейлөөнүн, жашоо-тиричиликте жана коомдук орундарда өзүн алып жүрүүнүн, өзүн-өзү контролдоонун, мамилелешүүнүн ыкмаларын үйрөтүү;
- атайын билим берүү программалары боюнча окутууну уюштуруу;
- социалдык-эмгек, кесиптик реабилитацияга байланышкан кызматтар.
5. Социалдык-укуктук кызматтар:
- ким экендигин тастыктаган документтерди тариздөөдө юридикалык жардам көрсөтүү;
- пенсиялык камсыз кылуу жана башка социалдык төлөмдөрдү берүү маселеси боюнча жардам көрсөтүү;
- юридикалык жана башка консультациялар берүү.
6. Социалдык-маданий кызмат көрсөтүүлөр:
- маданий эс алууларды уюштуруу;
- эс алууну камсыз кылуу (китептер, журналдар, газеталар, стол оюндары, кызыкчылыктар боюнча сабактар);
- маданий-массалык иш-чараларды жүргүзүү (экскурсиялар, театрларга баруу, кинофильмдерди көрсөтүү);
- майрамдык иш-чараларды жана түбөлүктүү даталарды, туулган күндөрдү уюштуруу жана өткөрүү.
1. Социалдык-тиричилик кызматтары:
- түнөө үчүн имарат берүү;
- уктаганга орун берүү;
- төшөнчү берүү;
- бир жолу ысык тамак берүү.
2. Социалдык-медициналык кызматтар:
- алгачкы медициналык кароодон өткөрүү;
- алгачкы санитардык иштетүүдөн өткөрүү, зарыл учурда алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү;
- врачка чейинки алгачкы жардам көрсөтүү;
- ден соолукка байланышкан жол-жоболорду жүргүзүү (дары-дармек ичүү, тамчылатуу);
- ден соолук абалына байкоо жүргүзүү (дененин температурасын, артериялык басымды өлчөө).
3. Социалдык-укуктук кызматтар:
- мамлекеттик социалдык камсыз кылуу системасында жарандардын социалдык жактан тейлөө укугуна байланышкан маселелер боюнча консультация берүү;
- жашы жетпегендердин укуктарын коргоо жана сактоо боюнча укуктук жардам көрсөтүү.
I. Социалдык-тиричилик кызматтары:
- азык-түлүк жана өнөр жай товарларын, медикаменттерди сатып алуу жана жеткирип берүү;
- түшкү ысык тамакты үйүнө жеткирип берүү;
- тамак даярдоого жардам берүү;
- үй буюмдарын жана кийим-кечелерин кир жуучу жайга, химиялык тазалатууга, ремонттоого жеткирип берип, кайра алып келип берүү;
- коммуналдык тейлөөлөргө төлөөгө жардам берүү;
- туугандары, достору менен кат алышууга байланышкан өтүнүчтөрүн аткаруу;
- мезгилдүү басылмаларды сатып келүү, китепканалардан китептерди алып берүү;
- үн чыгарып окуу;
- мамиле кылуу жана аңгемелешүү;
- турак-жайын майда ремонттоого, тазалоого (полун, терезелерин жууп берүү, короо-жайын тазалоо) жардам берүү;
- огородун казууга, түшүмүн жыйноого, кышка даярданууга жардам берүү;
- кыш мезгилинде отун менен камсыз кылууга, имаратын жылытууга (мешин жагып берүү) жардам берүү;
- сөөк коюу кызматына жардам берүү.
2. Социалдык-медициналык кызматтар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык медициналык кызмат көрсөтүү;
- медициналык кызматкерди үйүнө чакыруу;
- врач келгенге чейин алгачкы жардам көрсөтүү (температурасын ченөө, компресс, горчичник коюу);
- медициналык мекемеге коштоп баруу;
- тейлөөдөгү адам ооруканага жаткырылган учурда барып туруу;
- биологиялык каражаттарды поликлиникалык лабораторияга жеткирүү;
- санитардык-гигиеналык процедуралар (денесин кургатып сүртүү, кийиндирүү, гигиеналык ванналар, тырмактарын алуу, чачын тарап берүү) учурунда жардам берүү;
- медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү;
- угуу аппараттарын, көз айнек, протездик-ортопедиялык буюмдарды берүү, тиш салдыруу (баалуу металлдардан жана башка кымбат материалдардан жасалган протездерден башка), медициналык көрсөтмөлөр болсо жекече кресло-коляска, таяк, балдак) менен камсыздоо.
3. Социалдык-психологиялык кызматтар:
- үйүнө барып социалдык жактан тейленилүүчү жарандарга психологиялык жардам көрсөтүү: аңгемелешүү, сүйлөшүү, угуу, көңүлүн көтөрүү, активдүүлүгүнө түрткү берүү.
4. Социалдык-укуктук кызматтар:
- социалдык камсыз кылуу маселелери боюнча консультация берүү;
- пенсиялык жана социалдык камсыз кылууларды алуу үчүн документтерди тариздөөгө жардам берүү;
- жатак үйгө жатуу үчүн документтерди жазууга жардам берүү.