Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-ноябры № 728
Кыргыз Республикасынын ишке орноштуруу жана миграция кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин жамаатынын сунушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 26-июнь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынынишке орноштуруу жана миграция кызматкерлеринин күнү болуп белгиленсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабаев
|