Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-ноябры № 734-а
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган "Бишкек шаарын жана Ош шаарын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган "Бишкек шаарын жана Ош шаарын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын энергетика министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри |
Ө.Бабанов
|
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган "Бишкек шаарын жана Ош шаарын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Бишкек жана Ош шаарларынын заманбап электр тармактары бири-бири менен байланышкан электр берүүчү линия жана ар кыл чыңалуу баскычындагы көмөкчү чордондордон турган өнүккөн энергетикалык чарба болуп саналат.
Бишкек шаарынын электр тармактары республиканын энергосистемасынын ажырагысы бөлүгү болуу менен өзүнө 220 кВ 2 көмөкчү чордон, 110 кВ чыңалуудагы 21 көмөкчү чордон, ошондой эле 110 кВ чыңалуудагы 134,22 км электр берүүчү линияларды камтыйт. Ал эми 110 кВ чыңалууга шаарда эки чынжырлуу шаардык шакекче түзүлгөн.
Бишкек шаарынын электр менен камсыздоосу Бишкек шаарынын ЖЭЦин, ошондой эле Аламүдүн ГЭСтеринин Каскадын камсыз кылат.
Электр энергиясынын өздүк булактары шаардын болгону 25-30% (200 МВт) камсыз кылышат. Электр энергиясынын жетишсиздиги 220-500 кВ магистралдык тармак боюнча республиканын түштүгүндө жайгашкан Токтогул ГЭСинин Каскады аркылуу толукталат.
Бишкек шаарынын 2007-2008-жылдардагы электр чыңалуусу 770 МВт болуп, анын түндүгүнүн (Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустары жана Бишкек шаары) 40% түзгөн. Бул өлчөм мезгилдик мааниге ээ. Башкача айтканда, кышкы чыңалуу - 770 МВт болсо, жайкысы - 200-230 МВт.
Электр кубаттуулугун бөлүштүрүү 110 кВ чыңалуудагы 21 көмөкчү чордон аркылуу жүзөгө ашырылат. Иштеп жаткан трансформаторлордогу жүккө ылайык 12 көмөкчү чордон 100% жүктөлгөн жана ага жаңы керектөөчүлөрдү туташтыруу мүмкүн эмес.
Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоодогу көйгөй шаардын өнүгүүсүнө тоскоолдук жарата турчу бирден-бир фактор болуп калуусу ыктымал.
Бишкек шаары менен республиканын түндүгүндөгү талаптын күн санап өсүшү жаңы жогорку вольттуу тармактарды киргизип, жаңы көмөкчү чордондорду куруп, иштеп жаткандарын реконструкциялап, жакшыртмайынча эч мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Бишкек шаарынын Генералдык планына ылайык Бишкек шаарынын 2010-жылга карата электр жүгү - 700 МВт, 2025-жылга карата - 1200 МВт түзөт.
Бирок шаардын өнүгүү темпи Генплан көрсөткүчүнөн алдыга кетүүдө. Мисалы, 2008-жылдагы электр жүк - 770 МВт ны түзүп, 2010-2011-жылдардын генплан көрсөткүчүнө теңелген.
Өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн азыркы учурда 220 жана 110 кВ кубаттуулуктагы көмөкчү чордондорду жакшыртуу жана реконструкциялоо зарыл.
Ушуга байланыштуу "Кыргызстан УЭТ" ААКсы азыркы учурда кездешкен жана болжолдонгон жүктү эске алып "Бишкек шаарынын электр менен камсыздалышын жакшыртуу" долбоорун даярдоо боюнча иш өткөрдү. Жыйынтыгында реконструкция кылуу үчүн негизгилер болуп: 110 кВ "Кызыл-Аскер" КЧ, 110 кВ "Парковая" КЧ, 110 кВ "Айни", 110 кВ "Восточная" жана 220 кВ "Ала-Арча" көмөкчү чордондору аныкталды. Мындан сырткары электр менен камсыздоо иштерин жакшыртуу үчүн узундугу 20 км 220 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын куруу зарыл.
2009-жылдын октябрында бул Долбоор Араб Координациялык тобунун Тегерек столунун Отурумуна коюлган. Отурумдун жыйынтыгы боюнча Ислам Өнүктүрүү Банкы бул долбоорду каржылоо боюнча кызыкдар экендигин билдирди.
2010-жылы ИӨБ менен Ош облусу боюнча объектилер менен Долбоорду кеңейтүү жөнүндө макулдашуулар болуп өткөн.
Ош шаарынын электр тармактары республиканын энергосистемасынын ажырагыс бөлүгү болуу менен өзүнө - 110-220 кВ 41 көмөкчү чордонду (Ош шаары жана Ош облусу) 110 кВ чыңалуудагы 242,5 км, ошондой эле 220 кВ чыңалуудагы 742,2 км электр берүү линияларын камтыйт. Ош облусунун бардык административдик райондору электр энергиясын Борбордук Азиянын Бириккен энергосистемасынан алышат. Ош шаарынын керектөөчүлөрү болсо электр энергиясын ВЛ-220 кВ Лочин КЧ (Өзбекстан) жана Ош шаарынын ЖЭЦинен алышат.
Ош шаарынын электр чыңалуусу 2008-2009-жылдары 123 МВт болуп, түштүк керектөөлөрүнүн 14%ын түзөт (859 МВт). Бул өлчөм мезгилдик мааниге ээ. Башкача айтканда, кышкы чыңалуу -123 МВт болсо, жайкысы - 36 МВт.
Бул көмөкчү чордондордогу жабдуулар негизинен XX кылымдын 60-80-жылдары орнотулуп, бүгүнкү күнү жаңыртууну талап кылууда. Ошондой эле Ош облусунда кездешкен 7 көмөкчү чордондогу жабдууларды акырындык менен алмаштыруу иштери пландалган.
2010-жылдын октябрь айында АӨБ өкүлдөрү Бишкек шаарына келип, Бишкек жана Ош шаарларындагы сунуш кылынган бардык объектилерди изилдеп чыкты. "Энергодолбоор" долбоордук институту тарабынан "Бишкек жана Ош шаарларынын электр менен камсыздалышын жакшыртуу" долбооруна алдын ала баалоо иштери өткөрүлгөн.
2011-жылдын март айында АӨБ миссиясы менен өз ара сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн. АӨБ тараптан бөлүнө турчу каражаттардын жетишсиздигине байланыштуу мурда сунуш кылынган көлөмдөргө өзгөртүүлөр киргизилип, "Айни" КЧсы жана "Парковая" КЧсы тизмеден алынып салынган. Ошондой эле Ош облусунун көмөкчү чордондорундагы жабдууларды алмаштыруунун ордуна 110 кВ "Кара-Суу" көмөкчү чордонун толук реконструкциялоо киргизилген. Бул көмөкчү чордон Ош шаарын электр менен камсыздоодо негизги мааниге ээ.
Ошентип өз ара сүйлөшүүлөр учурунда "Бишкек жана Ош шаарларынын электр менен камсыздалышын жакшыртуу" Долбооруна төмөнкү объектилерди киргизүү жетишилди:
- Узундугу 20 км 220 кВ ЖЛны куруу (220 кВ "Фрунзе - Ала-Арча" КЧнын экинчи чынжырын ишке киргизүү);
- 220кВ "Ала-Арча" ЖСга 220 кВ линиялык ячейканы орнотуу;
- 110 кВ "Кызыл-Аскер" КЧны реконструкциялоо;
- 110 кВ "Кара-Суу" КЧны реконструкциялоо.
Реконструкциялана турчу көмөкчү чордондорго күчтүк трансформаторлорду, 220 кВ, 110 кВ, 35 кВ заманбап эле газдык өчүргүчтөрдү, чыңалуу трансформаторлорун, разрядник жана ажыраткычтарды, ток трансформаторлорун, жеке муктаждыктагы трансформаторлорду, ОПН жана релелик коргонуу, башкаруу, телемеханика, автоматика, сигнализация, көзөмөл жана эсеп, сым жана күчтүк-көзөмөл кабелдерин, байланыш кабелдерин, чынжырлуу арматура, изолятор панелдерин орнотуу караштырылууда.
Натыйжада, АӨБ Деректирлер кеңеши тарабынан 2011-жылдын 1-майында "Бишкек жана Ош шаарларынын электр менен камсыздалышын жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн 23,08 млн. АКШ доллары өлчөмүндө бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы № 255-р Кредиттик макулдашуусу жактырылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкы ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын электр менен камсыздалышын жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн 23,08 млн. АКШ доллар өлчөмүндө бөлүп берүү боюнча Кредиттик макулдашууга кол коюу аземи Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында болуп өткөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2,6 млн.доллар өлчөмүндөгү тең каржылоосун кошкондо Долбоордун жалпы суммасы 25,68 млн. АКШ доллар өлчөмүн түзөт. Кредит 2,5% менен 25 жылдык мөөнөткө берилүүдө (анын ичинен 7 жылы жеңилдетилген мезгил).
Бул макулдашууга: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Каржы министри М.Т.Мамбетжанов, АӨБ атынан АӨБдүн регионалдык кеңсесинин деректири Хишам Талеб Мааруф кол коюшкан.
"Бишкек жана Ош шаарларын электр менен камсыздоону жакшыртуу" долбоору кыргыз энергосистемасынын ишин жакшыртып, Бишкек жана Ош шаарларынын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен сапаттуу камсыздоого багытталган. Бул маселе кошумча мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу аркылуу аталган шаарлардагы тандалып алынган көмөкчү чордондордун кубаттын арттыруу жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Белгилей кетчү нерсе, долбоордук, демонтаждык, курулуш-монтаждык, ишке киргизүүчү-оңдоочу иштерди жергиликтүү адистештирилген ишканаларды тартуу жолу аркылуу аткарууга болот.
Министр
| А.Шадиев
|