Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-ноябры № 735
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-августунда кол коюлган "Борбордук Азияда гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-августунда кол коюлган "Борбордук Азияда гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 1570-V "Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-августунда кол коюлган "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык модернизациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 9-февралындагы № 1629-V "Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-августунда кол коюлган "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык модернизациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 2-мартындагы № 1721-V "Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-августунда кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 29-мартындагы № 26 "2011-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директору ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри |
Ө.Бабанов
|
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-августунда кол коюлган "Борбордук Азияда гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
2011-жылдын 23-августундагы № 356-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык Кыргыз Республикасы менен "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү жаңылоо" долбоору боюнча Өнүгүүнүн Эл Аралык Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашуу 2011-жылдын 23-августундагы № 356-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык кол коюлган.
Бул долбоор алкагында Өнүктүрүү Эл аралык Ассоциациясы Кыргыз Республикасына 6,0 млн. АКШ долл бөлүп берет (5,1 млн. АКШ долл кредит түрүндө жана 0,9 млн АКШ долл грант түрүндө).
Долбоор Борбор Азияда гидрометеорологиялык тейлөөнүн тактыгын жана алдын ала кабарлоону жакшыртууга багытталган.
Долбоор төмөндөгү бөлүктөрдөн турат:
1. Региондук координациялоону жана маалымат алмашууну чыңдоо;
2. Кыргыз Республикасында гидрометеорологиялык тейлөөнү өркүндөтүү;
3. Тажикстан Республикасында гидрометеорологиялык тейлөөнү өркүндөтүү.
Табигый жана коркунучтуу гидрометереологиялык көрүнүштөр жөнүндө
өз учурунда эскертүүнү камсыздоо үчүн гидрометереологиялык системаны өркүндөтүү жана улуттук суу ресурстары натыйжалуу башкаруу системасы жолу менен камсыздоо үчүн Кыргызгидрометтин институционалдык потенциалын бекемдөө 2-бөлүктүн алкагында каралган, (i) гидрологиялык жана кар көчкүлөрдү байкоо үчүн жабдууларды калыбына келтирүү жана модернизациялоо; (ii) метеорологиялык маалыматтарды топтоочу улуттук борборлорун жаңыртып жабдуу жана техникалык модернизациялоо; (iii) болжолдоо системасын иштеп чыгуу.
Долбоордун жабылуу датасы 2016-жылдын 31-августу болуп саналат.
Министр | Б.Борбиев |