Загрузка документа…
2011-жылдын 28-октябры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Өкүлү Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Өкүлү Казына боюнча Мамлекеттик Катчылык арасындагы ГРАНТТЫК КЕЛИШИМ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мындан кийин "Алуучу" деп аталмакчы, Түркия Республикасынын Өкмөтү, мындан кийин "Донор" деп аталмакчы жана Тараптар арасындагы тарыхый жана маданият байланыштар жана узак мөөнөттөн бери уланып келе жаткан достук мамилелер алкагында, тараптар арасындагы достук мамилелерди өнүктүрүлүшүн жана күчөтүлүшүн тилеп,
Төмөнкүлөр боюнча макулдашууга жетишишти:
1-берене. Финансылык Колдоонун Көлөмү жана Максаты.
1.1. Донор, Алуучуга 10.000.000 АКШ доллары көлөмүнөн ашпаган финансылык салым менен, мындан кийин "Грант" деп аталмакчы, камсыздайт.
Гранттын суммасы бюджетти каржылама муктаждыктарына бөлүнөт.
2-берене. Керектеме
2.1. Келишимдин өз күчүнө киришинен тартып, Алуучунун талабына ылайык бюджеттин каржылоосу үчүн бөлүнгөн 10.000.000 АКШ доллары суммасындагы Грант Донор тарабынан толугу менен же бөлүп бөлүп Алуучунун Донорго билдире турчу Алуучунун эсебине которулат.
Алуучу Грантты алгандыгы тууралуу дароо дипломатиялык жолдор аркылуу Донорго маалымдайт.
Алуучу Донорго Гранттан Алуучу эсебине которулган ар бир колдонуу тармагы (тармактарына) тиешелүү деталдуу отчет берет.
3-берене. Чыгымдар жана Коомдук Чыгашалар
3.1. Алуучу Түркия Республикасынан тышкары, ушул Келишимдин жыйынтыкталышы жана жүзөгө ашырылышына тууралуу алына турчу бардык салык жана башка коомдук чыгашалар менен кошо трансфер жана курс рискинден чыккан чыгымдарды да мойнуна алат.
4-берене. Жүзөгө ашырыла турчу Укуктук жана Келишпестиктердин Чечилиши
4.1. Ушул Келишим Донордун укугуна тиешелүү болот.
4.2. Келишимге тиешелүү Донор жана Алуучу арасында чыга турчу ар түрдүү талаш-тартыш достук түрдө чечилет.
5-берене. Билдирүү
5.1. Бир тараптын экинчи тарапка жөнөтө турчу ар түрдүү кат түрүндөгү билдирүүнү колдон же почта жолу менен же факс аркылуу төмөнкү даректердин бирөөсүнө жиберген болсо, каршы тарапка ылайык түрдө жеткирилди деп кабыл алынат:
Түркия Республикасынын
Өкмөтү үчүн:
Тышкы Экономикалык Мамилелер боюнча
Башкы Дирекция
Казына боюнча Мамлекеттик Катчылык
Өкмөт алдындагы
Исмет Иненү буль. № 36\06510
Эмек-Анкара-Түркия
Факс: +9031220473 66-247367
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Эркиндик буль. № 58
Бишкек - Кыргыз Республикасы
Факс: +996312661645 - 660504
6-берене. Күчүнө Кириши
6.1. Тараптар ушул Келишимдин күчүнө кириши үчүн улуттук керектүүлүктөрүнүн аяктагандыгына тиешелүү бир бирлерин маалымдайт. Ушул Келишим акыркы билдирүүнүн алынган күнү күчүнө кирет.
6.2. _________ шаарында 2011-жыл _____ күнү кыргыз, түрк жана англис тилдеринде экиден нуска түрүндө түзүлгөн жана ар бирөө аткарылышы милдеттүү. Англис тилиндеги текст башкача жорулган учурда кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Каржы Министри Түркия Республикасынын
Мелис Мамбетжанов - Кыргыз Республикасындагы
Атайын жана Толук Ыйгарым
Укуктуу Элчиси Нежат Акчал