Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 24-январындагы № 3 Мыйзамы менен ратификацияланган
Бишкек шаары
2011-жылдын 5-октябры
TF REPCR ГРАНТ НОМЕРИ TF 099880
Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк кризисине
ыкчам жооп кайтаруу Россиялык трасттык фондусу
ГРАНТ МАКУЛДАШУУ
(Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүнө көмөк көрсөтүү долбоору)
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү
ассоциациясынын ортосундагы Таджикистандагы жана
Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк кризисине
ыкчам жооп кайтаруу Россиялык трасттык фондусунун
администратору катарында чыккан
Таджикистандагы жана Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк кризисине ыкчам жооп кайтаруу Россиялык трасттык фондусунун администратору катарында чыккан Кыргыз Республикасы (Алуучу) менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ("Дүйнөлүк банк" же "ЭАӨА") ортосундагы Таджикистандагы жана Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк кризисине ыкчам жооп кайтаруу Россиялык трасттык фондусу (Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүнө көмөк көрсөтүү долбоору).
Алуучу жана Дүйнөлүк банк төмөнкүлөр жөнүндө макулдашат:
I берене. Стандарттык шарттар; Аныктамалар
1.01. 2010-жылдын 31-июлундагы Дүйнөлүк банк тарабынан түрдүү фонддордон төлөнгөн гранттар үчүн стандарттык шарттар ("Стандарттык шарттар") бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт.
1.02. Бул макулдашууда колдонулган баш тамгалар менен белгиленген терминдер, эгер контекстте башканы түшүндүрбөсө, Стандарттык шарттар же бул Макулдашууга Толуктоо менен аларга бекитилген тийиштүү мааниге ээ.
II берене. Долбоор
2.01. Алуучу бул Макулдашуунун (Долбоор) 1-тиркемесинде баяндалган Долбоордун максаттарын жактагандыгы тууралуу билдирет. Бул максатта Алуучу Стандарттык шарттардын II беренесинин жоболоруна ылайык Долбоордун 1(а) жана 3(а)-бөлүктөрүн ОУКЛ аркылуу жана 1(Ь), 2 жана 3(Ь)-бөлүктөрүн ЦКА аркылуу ишке ашырууну камсыздайт.
2.02. Бул Макулдашуунун 2.01-бөлүмүнүн жоболоруна карата чектөө койбостон жана Алуучу менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы башка келишимдерди түзбөстөн Алуучу бул Макулдашуунун 2-тиркемесинин жоболоруна ылайык Долбоорду ишке ашырууну камсыздайт.
III берене. Грант
3.01. Дүйнөлүк банк Алуучуга бул Макулдашуунун алкагында баяндалган же айтылган мөөнөттөрдө жана шарттарда Долбоорду каржылоого көмөк көрсөтүү үчүн алты миллион сегиз жүз элүү миң АКШ долларынын ($6850000) (Грант) өлчөмүндө грант берет.
3.02. Алуучу бул Макулдашуунун 2-тиркемесинин IV Бөлүмүнө ылайык Гранттын каражаттарын алууну жүргүзө алат.
3.03. Грант Дүйнөлүк банк мезгил-мезгили менен алынуучу төлөмдөрдөн түзүлгөн, жогоруда көрсөтүлгөн трасттык фондунун каражаттарынан каржыланат. Стандарттык шарттардын 3.02-бөлүмүнө ылайык Алуучу мындай каражаттар болгон шартта Гранттын каражаттарын алууну жүргүзө алат.
IV берене. Дүйнөлүк банктын укуктарын коргоонун кошумча каражаттары
4.01. Стандарттык шарттардын 4.02(к)-бөлүмүнө таянган ишти токтото турууга алып келген кошумча окуялар болуп төмөнкүлөр саналат:
(а) Алуучу карыздын негизги суммасын, пайыздарын, тейлөө үчүн комиссияларды МАР же МБРР төлөөгө тийиш болгон башка каалаган сумманы төлөй албай калганда (үчүнчү жак тарабынан төлөнүшү мүмкүн болгондугуна карабастан): i) Алуучу менен МАР ортосундагы каалаган макулдашууга ылайык; же (ii) Алуучу менен МБРР ортосундагы каалаган макулдашууга ылайык; же (iii) каалаган үчүнчү жакка карата МАР же МБРР өзүнүн мойнуна алган кандайдыр бир кепилдиктерди же башка каалаган түрдөгү финансылык милдеттемелерди берүүнүн натыйжасында - Алуучунун макулдугу менен;
(Ь) Дүйнөлүк банк тарабынан белгиленген, бул Макулдашуунун 5.03-бөлүмүнө таянган күчүнө кирүү Күнү келгенден кийин, мындай күн келгенге чейин, бирок бул Макулдашуу күнү келгенден кийин Дүйнөлүк банкка Алуучунун Гранттын Эсебиндеги каражаттарды алуу укугун токтотууга укук берген окуя болсо, анын ичинен эгер бул Макулдашуу мындай окуя болгон учурда күчүндө болсо;
(с) ЦКАнын операцияларына же финансылык абалына же бул Макулдашууга ылайык анын каалаган өзүнүн милдеттемелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө бир топ тескери таасир тийгизген ЦКАнын Уставын өзгөртүү, токтотуу, жокко чыгаруу же аны аткаруудан баш тартуу; жана
(d) ЦКА же ОУКЛдин ишин токтотууга багытталган Алуучу жактан кандайдыр бир иш-аракеттер; жана
(е) Дүйнөлүк банк менен алдын ала макулдашпастан Долбоордун 1.А-бөлүгүн ишке ашырууга карата Субкаржылоо боюнча жетекчиликке өзгөртүү киргизүү, токтотуу, күчүн жоготту деп табуу, жокко чыгаруу же аткаруудан баш тартуу.
V берене. Күчүнө кирүү. Иш-аракеттерди токтотуу
5.01. Дүйнөлүк банктын талаптарына жооп берген төмөнкү далилдер Бүткүл дүйнөлүк банкка берилгенге чейин бул Макулдашуу күчүнө кирбейт:
(а) Дүйнөлүк банктын талаптарын канааттандырган Долбоордун Операциялык жетекчилигинин Алуучу тарабынан кабыл алынышы;
(Ь) Дүйнөлүк банктын талаптарын канааттандырган, контролдоонун адекваттуу түзүлгөн каражаттарына ээ болгон жана Долбоордун ресурстарын жана чыгымдарын көзөмөлдөөгө, ошондой эле ортодогу финансылык отчетторду кошуу менен финансылык отчеттуулукту (ПФО) түзүүгө жөндөмдүү долбоордук эсепке алуу системасынын болушу; жана
(с) Алуучунун атынан бул Макулдашууну бекитүү жана аткаруу Өкмөт тарабынан бардык зарыл кадамдардын кабыл алынышы аркылуу мыйзамдалууга же ратификацияланууга тийиш.
5.02. 5.01(а)-бөлүмүнө ылайык берилүүгө тийиш болгон далилдердин бөлүгү катарында Дүйнөлүк банктын талаптарын канааттандырган юридикалык корутунду же Дүйнөлүк банк үчүн ыңгайлуу корутунду, эгер бул Дүйнөлүк банк тарабынан талап кылынса, Дүйнөлүк банктын талаптарын канааттандырган, Алуучунун атынан компетенттүү кызмат адамынын колу коюлган, бул Макулдашуу тийиштүү деңгээлде мыйзамдалгандыгын же ратификациялангандыгын, ошондой эле өзүнүн атынан же анын тапшырмасы боюнча жазылгандыгын жана аткарылгандыгын, андагы баяндалган шарттарга ылайык Алуучуга карата милдеттүү юридикалык күчкө ээ экендигин Алуучунун атынан тастыктаган кат жүзүндөгү ырастама Дүйнөлүк банкка берилет.
5.03. Алуучу менен Дүйнөлүк банктын ортосунда башка келишимдер болбогондо Дүйнөлүк банк Алуучуга 5.01-бөлүмүнө ылайык талап кылынган далилдерди кабыл алгандыгы тууралуу билдирүү жиберген күндөн баштап бул Макулдашуу күчүнө кирет ("Күчүнө кирген Күнү"). Эгер күчүнө кирүү Күнү келгенге чейин Дүйнөлүк банкка Алуучунун Гранттын Эсебинен каражаттарды алуу укугун токтотууга укук берген кандайдыр бир окуялар болсо, эгер бул Макулдашуу мындай окуя болгон учурда күчүндө болсо, Дүйнөлүк банк бул окуя (же окуялар) бүткөнгө чейин бул Бөлүмдө айтылган билдирүүнү жибербей токтотуп турушу мүмкүн.
5.04. Күчүнө кирбеген учурда иш-аракеттерди токтотуу. Бул Макулдашуунун жана анын жактарынын бардык милдеттенмелери бул Макулдашууга кол коюлгандан баштап токсон (90) күндүн ичинде күчүнө кирбеген учурда токтотулат, эгер кармалуу себеби изилденгенден кийин Дүйнөлүк банк тарабынан бул Бөлүмдүн максаттары үчүн кечиккен мөөнөт белгиленбесе. Дүйнөлүк банк мындай кечиккен мөөнөт тууралуу Алуучуга өз убагында билдирет.
VI берене. Алуучунун өкүлү; Даректери
6.01. Стандарттык шарттардын 7.02-бөлүмүндө айтылган Алуучунун өкүлү болуп Алуучунун Финансы министри саналат.
6.02. Стандарттык шарттардын 7.01-бөлүмүнө таянган Алуучунун дареги:
Финансы министрлиги
Эркиндик бульвары
Бишкек шаары, 720040
Кыргыз Республикасы
Телекс: Факс:
245-156 NUR KH (996-312) 661645
6.03. Стандарттык шарттардын 7.01-бөлүмүнө таянган Бүткүл дүйнөлүк банктын дареги:
International Development Association
1818 H Street, N.W.
Washington, D.C. 20433
United States of America
Макулдашуу бекитилди 2011-ж. 5-октябрьда, жогоруда көрсөтүлгөн күн жана жыл.
1-тиркеме
Долбоорду сүрөттөө
Долбоордун милдети Долбоордун бенефициарларынын айыл чарбалык ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда турат.
Долбоор төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
1-бөлүк. Фермердик чарбалардын деңгээлинде өндүрүмдүүлүктү
жогорулатуу максатында инвестициялык колдоо көрсөтүү
(А) Долбоорчолордун канааттандырган талаптарын каржылоо үчүн жүгүртүү капиталын толтурууга зайымдар жана инвестициялык зайымдар же капиталды ижарага алуу түрүндө Субкаржылоонун Субзайымчыларынын канааттандыруу критерияларына берүү үчүн насыялык линия түзүү; жана
(В) Үрөндөрдү жана жер семирткичтерди сатып алуу аркылуу, ошондой эле окутуунун эсебинен коомдук уюмдардын канааттандыруу критерияларын колдоо.
2-бөлүк. Фермердик чарбалардын деңгээлинде өндүрүмдүүлүктү
жогорулатуу максатында техникалык колдоо
(А) Уюлдук телефондорду колдонуу менен Долбоордун Бенефициарларына аба-ырайынын шарттары тууралуу маалыматтарды өз убагында жайылтуу бөлүгүндө Кыргызгидрометтин потенциалын кеңейтүүнүн эсебинен фермерлерди аба-ырайынын шарттары тууралуу маалыматтар менен камсыздоону жакшыртуу; (ii) компьютерлерди жана уюлдук телефондорду колдонуу менен Долбоордун Бенефициарларына аба-ырайынын шарттары тууралуу маалыматтарды жайылтуу боюнча ЦКАнын ишин колдоо; жана (iii) айыл чарбалык микроклимат тууралуу маалыматтарды жыйноо боюнча метеорологиялык станцияларды орнотуу үчүн сатып алууларды жүргүзүү; жана
(В) (i) Фермердик чарбаны башкаруунун практикалык ыкмасы; (ii) айыл чарбалык зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн комплекстүү чаралары; (iii) аба-ырайынын шарттары менен байланышкан тескери натыйжаларды алдын алууга багытталган чаралар; жана (iv) айыл чарбалык өндүрүмдүүлүктүн жалпы маселелери боюнча Долбоордун Бенефициарлары үчүн окутуу жана консультативдик кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо.
3-бөлүк. Долбоорду башкаруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо
(А) Финансыны башкаруу жана бүтүндөй Долбоор үчүн коопсуздук саясатын камсыздоо жана Долбоордун 1(А)-бөлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо; жана
(В) (i) Долбоордун 1(В) жана 2-бөлүктөрүнүн алкагында иш-чараларды башкарууну жүргүзүү; (ii) бүтүндөй Долбоор үчүн сатып алуу функцияларын жүргүзүү; жана (iii) Долбоордун 1(В) жана 2-бөлүктөрүнүн алкагында иш-чараларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
2-тиркеме
Долбоорду ишке ашыруу
I бөлүм
Институттук жана башка механизмдер
А. Ишке ашыруу механизмдери
1. Алуучу ОУКЛ аркылуу иштөө менен Долбоордун 1(а) жана 3(а)-бөлүктөрүн ишке ашырат.
2. Алуучу ЦКА аркылуу иштөө менен Долбоордун 1(Ь), 2 жана 3(Ь)-бөлүктөрүн ишке ашырат.
3. 2011-жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Алуучу Көзөмөлдөө комитетин түзөт, ал Премьер-министрдин Аппаратынын, Айыл чарба министрлигинин, Экономикалык тескөө министрлигинин, Финансы министрлигинин, Парламенттин жана жеке сектордун өкүлдөрүнөн түзүлөт. Көзөмөлдөө комитети Долбоорду көзөмөлдөөнү, ведомстволор ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тескөөнү жана Долбоордун Операциялык жетекчилигинде баяндалган талаптарга, критерияларга, уюштуруу механизмдерине жана операциялык жол-жоболорго ылайык жүргүзүлгөн саясат маселелери боюнча жетекчилик көрсөтмөлөрдү ишке ашырат.
4. Долбоордун аягына чейин Алуучу Көзөмөлдөө комитетин, ОУКЛ жана ЦКАны Дүйнөлүк банктын талаптарына жооп берген кадрлар, ресурстар жана техникалык тапшырмалар менен камсыздайт.
5. Алуучу ЦКА жана ОУКЛ аркылуу иштөө менен, ар бир конкреттүү учурдагы кырдаалга карата Үрөнчүлүк фонддордун коомдук бирикмесин (ООСФ) жана "ООН-аялдар" уюмун кошуу менен Алуучунун аймагында өзүнүн ишин жүргүзгөн уюмдар менен Долбоордун 1(Ь)-бөлүгүн ишке ашырууну тескейт, ар бир конкреттүү учурдагы кырдаалга карата коомдук уюмдардын канааттандыруу критерияларын аныктоо үчүн, аларды каржылоо, үрөн сатып алуу жана жеткирүү, жашылчалардын үрөнүн жана жер семирткичтерди кошуу менен, Долбоордун Операциялык жетекчилигинде баяндалган жоболорго жана критерияларга ылайык жүргүзүлөт.
6. Алуучу ЦКА аркылуу иштөө менен, акыр аягында коомдук уюмдардын Канааттандыруу критерияларын тандоого жооп берет.
В. Субсидиардык насыялык макулдашуулар
1. Долбоордун 1(а)-бөлүгүн ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн, Субзайымчыларга жүгүртүү капиталын толтурууга зайымдар жана инвестициялык зайымдар же капиталды ижарага алуусун (ар бир мындай зайым жеке же биргеликте "Субкаржылоо" деп аталат) камсыздоо максатында Алуучу биринчиден Гранттын каражаттарын УФИге берүүнү камсыздоого тийиш, алар Субсидиардык зайымдар түрүндө бул Тиркеменин А.2.IV бөлүмүндө берилген таблицадагы 1-категория үчүн мезгил-мезгили менен бөлүнүп турат - ар бир учурда Алуучу менен ар бир УФИ ортосундагы Субсидиардык насыялык макулдашуунун негизинде, Дүйнөлүк банк тарабынан жактырылган шарттарга ылайык, алар төмөнкүлөр:
(а) Ар бир Субсидиардык насыя төмөнкүдөй болууга тийиш:
(i) Долбоордун Операциялык жетекчилигинде жана ПМООСто баяндалган мөөнөттөрдө жана шарттарда берилет;
(ii) Кыргыз сомунда же АКШ долларында берилет жана төлөнөт;
(iii) Базистик ченге карата өзгөрүүчү (кыймылдагы) пайыздык чен менен төмөнкү мааниде алынат;
(А) Сом менен берилген Субсидиардык насыялар үчүн базистик чен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан үстүбүздөгү жылга болжолдонгон инфляциянын жылдык деңгээли менен өткөн жылдагы инфляциянын фактылык деңгээлинин ортосундагы орточо маанини түзөт. Бир пайызга (1%) чейинки өлчөмдөгү баштапкы белгиленген баа Алуучуга администрациялоого кеткен чыгымдарын компенсациялоо үчүн базистик ченге кошулат жана бир пайызга (1%) чейинки өлчөмдөгү белгиленген баа тобокелдикти жабууга багытталат;
(В) Доллар менен берилген Субсидиардык насыялар үчүн базистик чен Лондондогу доллар үчүн банктар аралык депозиттер рыногундагы (ЛИБОР) сунуштун алты айлык ченинин маанисин түзөт. Бир пайызга (1%) чейинки өлчөмдөгү минималдуу баа Алуучуга администрациялоого кеткен чыгымдарын компенсациялоо жана тобокелдикти жабуу үчүн базистик ченге кошулат;
(С) Субсидиардык насыяларга колдонулган базистик чен Дүйнөлүк банк, Алуучунун Финансы министрлиги жана УФИ менен биргеликте текшерилүүгө тийиш жана зарылдыгына жараша жарым жылда бир жолу каралат; жана
(IV) Субсидиардык насыялык макулдашуу бекитилгенден баштап он беш (15) жылдан ашпаган мезгилдин ичинде төлөнөт, төлөө графигине ылайык үч (3) жылдан ашпаган жеңилдик берилген мезгилди кошуу менен, график жогоруда көрсөтүлгөн жеңилдик берилген мезгил аяктаганга чейин Алуучунун Финансы министрлиги тарабынан тийиштүү УФИге берилүүгө тийиш.
(Ь) Алуучу өзүнүн кызыкчылыктарын жана Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жетиштүү укуктарды алат, төмөнкү укуктарды кошуу менен: (i) Субсидиардык насыянын каражаттарын пайдаланууга УФИнин укугун токтото турууга же токтотууга же Субсидиардык насыялык келишимдин же Субкаржылоо тууралуу келишимдин алкагында УФИ кандайдыр бир өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда тандалган Субсидиардык насыяны толук же бөлүгүн төлөө мөөнөтүнүн тез арада келгендиги тууралуу билдирүүгө; жана (ii) ар бир УФИден төмөнкүлөрдү талап кылууга: (А) өзүнүн Субсидиардык насыянын ойдогудай көңүл буруп, натыйжалуулук менен жана Дүйнөлүк банктын талаптарын канааттандырган техникалык, экономикалык, финансылык, административдик, экологиялык жана социалдык стандарттарга жана практикаларга ылайык өздөштүрүү, ПМООС, ЭЭнин, зарылдыгына карата Алуучудан айырмаланып, зайымдын же насыянын же гранттын каражаттарын алуучуларга колдонулган коррупцияны алдын алуу боюнча Жетекчиликтин жоболорун кошуу менен; (В) талап кылынган ресурстар менен кыска мөөнөттөрдө камсыздоо; (С) бул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Субсидиардык насыя каражаттардын эсебинен каржыланган товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу; (Д) Субсидиардык насыянын каражаттарынан каржыланган каалаган Долбоорчолордун алкагында Дүйнөлүк банк үчүн ыңгайлуу болгон прогресстин индикаторлоруна ылайык мониторинг жүргүзүү жана баалоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн жетиштүү болгон эрежелердин жана жол-жоболордун Алуучу тарабынан сакталышы жана алдыга коюлган максаттарга жетишүүсү; (Е) Долбоорчо менен байланышкан операциялар, ресурстар жана чыгымдар толук көлөмдө көрүнүп тургандай кылып, Дүйнөлүк банк үчүн ыңгайлуу болгон, колдонулган эсепке алуу стандарттарына ылайык финансыны башкаруу жана финансылык отчеттуулук системасын жүргүзүү; жана Дүйнөлүк банктын же Алуучунун өтүнүчү боюнча Дүйнөлүк банк үчүн ыңгайлуу болгон ырааттуу колдонулган аудит стандарттарына ылайык, Дүйнөлүк банк үчүн ыңгайлуу болгон көз карандысыз аудиторлордун мындай финансылык отчеттуулукту текшерүүсүн камсыздоо, андан кийин ушундай түрдө текшерилген отчеттуулукту кыска мөөнөттүн ичинде Алуучуга жана Дүйнөлүк банкка өткөрүп берүү; (F) Алуучуга жана Дүйнөлүк банкка Долбоорчону, анын операцияларын жана каалаган тийиштүү материалдарды жана документтерди текшерүү мүмкүнчүлүгүн берүү; жана (G) Алуучу жана Дүйнөлүк банк тарабынан негиздүү талап кылынышы мүмкүн болгон жогоруда айтылган каалаган маалыматтарды даярдоо жана Алуучуга жана Дүйнөлүк банкка берүү; жана
(с) УФИ Долбоорчонун баасынын 20%дан кем эмес өлчөмүндө тийиштүү Долбоорчону кош каржылоону камсыздайт.
2. Алуучу өзүнүн жана Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктарын коргоо жана Каржылоо максаттарына жетишүү үчүн ар бир Субсидиардык насыялык келишимге ылайык өзүнүн укуктарын ишке ашырат. Дүйнөлүк банк менен башка келишим болбогондо Алуучу каалаган Субсидиардык насыялык келишимди же анын каалаган жоболорун аттап өтө албайт, өзгөртө албайт, жокко чыгара албайт жана аткаруудан баш тарта албайт.
С. Субкаржылоо тууралуу келишим
1. Субсидиардык насыялык келишимдин шарттарына ылайык Алуучу ар бир УФИнин Субзайымчыларга Субсидиардык зайымдар каражаттарын берүүсүн камсыздайт - ар бир учурда Дүйнөлүк банк тарабынан жактырылган шарттарга ылайык УФИ жана Субзайымчы ортосундагы субкаржылоо тууралуу Макулдашуунун алкагында, аларга төмөнкүлөр кирет:
(а) Субкаржылоо (i) Долбоордун Операциялык жетекчилигинин жоболоруна ылайык кыргыз сому же АКШ доллары менен берилет жана төлөнөт; жана (ii) андан ары аныктоого жана Долбоордун Операциялык жетекчилигинин жоболоруна ылайык Алуучунун аймагындагы салыштыруу насыяларынын пайыздык чендери менен макулдашылган пайыздык чен боюнча мезгил-мезгили менен тандалган төлөнбөгөн негизги суммага пайыздар алынат.
(Ь) Төлөө мөөнөтү жана Субкаржылоо үчүн каалаган жеңилдик берилген мезгил Долбоордун Операциялык жетекчилигинде баяндалган өлчөмдөргө ылайык белгиленет.
(с) УФИ өзүнүн кызыкчылыктарын, Алуучу менен Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жетиштүү укуктарды алат, төмөнкү укуктарды кошуу менен: (i) Субкаржылоо каражаттарын пайдаланууга Субзайымчынын укугун токтото туруу жана токтотуу же Субкаржылоо тууралуу Макулдашуунун алкагында Субзайымчы өзүнүн кандайдыр бир милдеттерин аткарбаган учурда тандалган Субкаржылоону толук жана бөлүгүн төлөө мөөнөтүнүн тез арада келгендиги тууралуу билдирүү; жана (ii) ар бир Субзайымчыдан төмөнкүлөрдү талап кылууга: (А) өзүнүн Долбоорчосун ойдогудай көңүл буруп, натыйжалуулук менен жана Дүйнөлүк банктын талаптарын канааттандырган техникалык, экономикалык, финансылык, административдик, экологиялык жана социалдык стандарттарга жана практикаларга ылайык өздөштүрүү, ПМООС, ЭЭнин, зарылдыгына карата Алуучудан айырмаланып, зайымдын же насыянын же гранттын каражаттарын алуучуларга колдонулган коррупцияны алдын алуу боюнча Жетекчиликтин жоболорун ишке ашыруу; (В) Долбоорчону ишке ашыруу үчүн талап кылынган ресурстар менен кыска мөөнөттөрдө камсыздоо; (С) бул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Субкаржылоонун каражаттарынын эсебинен каржыланган товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу; (О) Долбоорчонун алкагында Дүйнөлүк банк үчүн ыңгайлуу болгон прогресстин индикаторлоруна ылайык мониторинг жүргүзүү жана баалоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн жетиштүү болгон эрежелердин жана жол-жоболордун Алуучу тарабынан сакталышы жана алдыга коюлган максаттарга жетишүүсү; (Е) (1) Долбоорчо менен байланышкан операциялар, ресурстар жана чыгымдар толук көлөмдө көрүнүп тургандай кылып, Дүйнөлүк банк үчүн ыңгайлуу болгон, колдонулган эсепке алуу стандарттарына ылайык финансыны башкаруу жана финансылык отчеттуулук системасын жүргүзүү; жана (2) Дүйнөлүк банктын же Алуучунун өтүнүчү боюнча Дүйнөлүк банк үчүн ыңгайлуу болгон ырааттуу колдонулган аудит стандарттарына ылайык, Дүйнөлүк банк үчүн ыңгайлуу болгон көз карандысыз аудиторлордун мындай финансылык отчеттуулукту текшерүүсүн камсыздоо, андан кийин ушундай түрдө текшерилген отчеттуулукту кыска мөөнөттүн ичинде Алуучуга жана Дүйнөлүк банкка өткөрүп берүү; (F) Алуучуга жана Дүйнөлүк банкка Долбоорчону, анын операцияларын жана каалаган тийиштүү материалдарды жана документтерди текшерүү мүмкүнчүлүгүн берүү; жана (G) Алуучу жана Дүйнөлүк банк тарабынан негиздүү талап кылынышы мүмкүн болгон жогоруда айтылган каалаган маалыматтарды даярдоо жана Алуучуга жана Дүйнөлүк банкка берүү.
2. УФИ Алуучунун жана Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктарын коргоо жана Гранттын максаттарына жетишүү үчүн ар бир Субкаржылоо тууралуу макулдашууга ылайык өзүнүн укуктарын ишке ашырат. Дүйнөлүк банк менен башка келишим болбогондо УФИ каалаган Субкаржылоо тууралуу келишимди же анын каалаган жоболорун аттап өтө албайт, өзгөртө албайт, жокко чыгара албайт жана аткаруудан баш тарта албайт.
D. Коопсуздук чаралары
1. Алуучу Долбоордун Операциялык жетекчилигинин жана ПМООСтун жоболоруна ылайык Долбоорду ишке ашырат жана Дүйнөлүк банк менен алдын ала макулдашпастан, Долбоордун Операциялык жетекчилигинин каалаган жоболорун аткаруудан баш тартпайт, өзгөртүү киргизбейт, жокко чыгарбайт жана кандайдыр бир башка жол менен кайра карабайт.
2. Долбоорчолорду тандоо жана каржылоо, ошондой эле коомдук уюмдардын канааттандыруу критерияларын үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздоо Долбоордун Операциялык жетекчилигинин жана ПМООСтун жоболоруна жана каалаган колдонулган ЭЭге ылайык жүргүзүлөт.
3. Ишке ашыруу үчүн жер бөлүп берүүнү же жергиликтүү тургундарды көчүрүүнү талап кылган долбоорчолор Долбоордун алкагындагы каржылоо критерияларын канааттандырбайт. Долбоорчолорду экологиялык текшерүүнү жүргүзүүдө Долбоордун Операциялык жетекчилигинин тийиштүү жоболоруна ылайык Алуучу жерге болгон укуктардын тастыкталышын камсыздайт.
Е. Коррупцияны алдын алуу
II бөлүм
Долбоорго мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук жана баалоо
А. Долбоор боюнча отчеттор; Долбоорду ишке ашыруунун аякташы тууралуу отчет
1. Алуучу Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону ишке ашырат, ошондой эле Стандарттык шарттардын 2.06-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык жана Дүйнөлүк банк үчүн ыңгайлуу индикаторлордун негизинде Долбоор боюнча отчетторду түзөт. Долбоор боюнча ар бир мындай отчет бир календардык жарым жыл узактыгын камтыйт жана мындай мезгилди камтыган отчет аяктагандан баштап бир айдын ичинде Дүйнөлүк банкка жиберилүүгө тийиш.
2. Алуучу Стандарттык шарттардын 2.06-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык ишке ашыруунун аякташы тууралуу Отчет түзөт. Ишке ашыруунун аякташы тууралуу Отчет Жабуу күнү келгенден кийин алты айдан кечиктирилбестен Дүйнөлүк банкка берилүүгө тийиш. Алуучуга ишке ашыруунун аякташы тууралуу Отчет түзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Алуучу бул Жобонун III Бөлүмүнүн жоболоруна ылайык Дүйнөлүк банктын талаптарына жооп берген консультанттарды, квалификацияны, тажрыйбаны жана компетенцияны жалдайт.
В. Финансылык башкаруу. Финансылык отчеттор. Аудиттер
1. Алуучу Стандарттык шарттардын 2.07-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык финансылык башкаруу системасын жүргүзүүнү камсыздайт.
2. Алуучу тийиштүү жарым жылдыкты камтыган жана формасы менен мазмуну Дүйнөлүк банктын талаптарына жооп берген Долбоор боюнча ортодогу текшерилбеген финансылык отчеттуулук түзүлүп, ар бир календардык жарым жылдык бүткөндөн кийин бир айдан кечиктирилбестен Дүйнөлүк банкка берилишин камсыздайт.
3. Алуучу Стандарттык шарттардын 2.07(Ь)-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык Долбоор үчүн өзүнүн Финансылык отчеттуулугунун аудитин камсыздайт. Финансылык отчеттуулуктун ар бир мындай аудити Алуучунун финансылык бир жылынын узактыгын камтыйт. Ар бир мындай мезгилди текшерген Финансылык отчет мындай мезгил бүткөндөн кийин алты айдан кечиктирилбестен Дүйнөлүк банкка берилүүгө тийиш.
III бөлүм
Сатып алуулар
А. Жалпы жоболор
1. Сатып алуулар жана консультанттарды тандоо боюнча жетекчилик. Гранттын каражаттарынан каржылана турган Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык товарлар, иштер, консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөр жана консультанттардын кызматтары төмөнкүлөрдө баяндалган же айтылган талаптарга ылайык жүргүзүлөт:
(а) I бөлүмдө 2011-жылдын январында жарыяланган "МБРРдин зайымдары жана МАРдын насыялары менен гранттары боюнча Дүйнөлүк банктын зайымчылары тарабынан товарларды, иштерди жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча жетекчилик" ("Сатып алуулар боюнча жетекчилик") - товарларды, иштерди жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда жана I жана IV бөлүмдөрдө 2011-жылдын январында жарыяланган "МБРРдин зайымдары жана МАРдын насыялары менен гранттары боюнча Дүйнөлүк банктын зайымчылары тарабынан консультанттарды тандоо жана жалдоо боюнча жетекчилик" ("Консультанттарды тандоо боюнча жетекчилик") - консультанттардын кызматтарын сатып алган учурда; жана
(Ь) Бул III бөлүмдүн жоболорунда, ал Сатып алуулар боюнча жетекчиликтин 1.18-параграфына жана Консультанттарды тандоо боюнча жетекчиликтин 1.25-параграфына ылайык Долбоор үчүн Алуучу тарабынан түзүлгөн жана дайыма жаңыланып турган сатып алуулар планында такталууга тийиш.
2. Аныктамалар. Айрым сатып алуу ыкмаларын же Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан айрым контракттарды кароо ыкмаларын сүрөттөө үчүн бул Бөлүмдө колдонулган баш тамгалар менен белгиленген терминдер кырдаалга карата Сатып алуулар боюнча жетекчиликтин II жана III бөлүмдөрүндө же Консультанттарды тандоо боюнча жетекчиликтин II, III, IV жана V бөлүмдөрүндө сүрөттөлгөн тийиштүү ыкмаларга кирет.
В. Товарларды, иштерди жана консультациялык эмес кызмат
көрсөтүүлөрдү сатып алуунун айрым ыкмалары
1. Эл аралык конкурстук соодалашуу. Эгер башкасы бул бөлүмдүн 2-параграфы менен каралбаса. товарлар, иштер жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөр Эл аралык конкурстук соодалашуулардын негизинде ыйгарылган контракт боюнча сатып алынат.
2. Товарларды, иштерди жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун башка ыкмалары. Эл аралык конкурстук соодалашуудан айырмаланып төмөнкү сатып алуу ыкмалары Сатып алуулар планында көрсөтүлгөн контракт боюнча товарларды, иштерди жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн колдонулушу мүмкүн: (а) бул 2-тиркеменин Толуктоосунда баяндалган кошумча жоболорду эске алуу менен Улуттук конкурстук соодалашуулар; (Ь) Эркин соодалашуу менен сатып алуулар (шопинг); (с) Түздөн-түз контракт түзүү; жана (d) Дүйнөлүк банк үчүн ыңгайлуу коммерциялык практика түрлөрү.
С. Консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуунун айрым ыкмалары
1. Сапаты жана наркы боюнча тандоо. Эгер башкасы бул бөлүмдүн 2-параграфы менен каралбаса, консультанттардын кызматтары Сапаты жана наркы боюнча тандоонун негизинде ыйгарылган контракт боюнча сатып алынат.
2. Консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуунун башка ыкмалары. Сапаты жана наркы боюнча тандоодон айырмаланып, төмөнкү сатып алуулар ыкмалары Сатып алуулар планында көрсөтүлгөн тапшырмалар үчүн консультанттардын кызматтарын сатып алууда колдонулушу мүмкүн: (а) Сапат критериялары боюнча тандоо; (Ь) Белгиленген бюджеттин чегинде тандоо; (с) Эң төмөн наркы боюнча тандоо; (d) Консультанттардын квалификациясы боюнча тандоо; (е) Бир булактан тандоо; жана (f) Жеке консультанттарды тандоо.
D. Дүйнөлүк банктын сатып алуулар тууралуу чечимдерди кароосу
IV бөлүм
Гранттын каражаттарын алуу
А. Жалпы жоболор
1. Алуучу Гранттын каражаттарын төмөнкү жоболорго ылайык алууну жүргүзө алат: (а) Стандарттык шарттардын III беренесине; (Ь) бул Бөлүмгө; жана кийинки 2-параграфтагы таблицага ылайык Жол берилген чыгымдарды каржылоо үчүн Алуучуга билдирүү түрүндө Дүйнөлүк банк тарабынан өзүнчө көрсөтүлүшү мүмкүн болгон кошумча нускамаларга (Дүйнөлүк банк тарабынан мезгил-мезгили менен каралып турган жана мындай нускамаларга ылайык бул Макулдашууга колдонулган 2006-жылдын майындагы "Долбоорлорду ишке ашырууга каражаттарды берүү боюнча Дүйнөлүк банктын жетекчилигин" кошуу менен.
2. Кийинки таблицада Гранттын каражаттарынан төлөнүшү мүмкүн болгон Жол берилген чыгымдардын категориялары ("Категория"), ар бир Категория боюнча Гранттын суммаларын бөлүштүрүү, ошондой эле ар бир Категория боюнча каржылоо каражаттарынан төлөнүшү мүмкүн болгон чыгымдардын пайыздык үлүшү көрсөтүлгөн:
┌────────────────────────────┬────────────────────┬───────────────────┐
│ Категория │ Гранттын бөлүнүп │Чыгымдарды каржылай│
│ │ берилген суммасы │ турган пайыз │
│ │ (АКШ долларында │ (салыктарды кошуу │
│ │ берилген) │ менен) │
├────────────────────────────┼────────────────────┼───────────────────┤
│(1) Субкаржылоонун │ 3,900,000 │Ар бир Субкаржылоо │
│алкагындагы иштер, товарлар,│ │ боюнча │
│консультациялык эмес кызмат │ │ 80% │
│көрсөтүүлөр жана │ │ │
│консультанттардын кызмат │ │ │
│көрсөтүүлөрү │ │ │
├────────────────────────────┼────────────────────┼───────────────────┤
│(2) Долбоордун 1(Ь), │ 2,950,000 │ 100% │
│2 жана 3-бөлүктөрүнүн │ │ │
│алкагындагы товарлар, │ │ │
│консультациялык эмес кызмат │ │ │
│көрсөтүүлөр жана │ │ │
│консультанттардын кызмат │ │ │
│көрсөтүүлөрү, кошумча │ │ │
│операциялык чыгымдар жана │ │ │
│Долбоордун алкагындагы │ │ │
│аудиттер │ │ │
├────────────────────────────┼────────────────────┼───────────────────┤
│ЖАЛПЫ СУММАСЫ │ 6,850,000 │ │
└────────────────────────────┴────────────────────┴───────────────────┘
Бул таблицанын максаттары үчүн.
(а) "кошумча операциялык чыгымдар" термини Долбоорду ишке ашыруу максатында ОУКЛ жана/же ЦКА тарткан алгылыктуу чыгымдарды билдирет, аларга кирет: байланышка, ксерокөчүрмөгө, материалдарды басууга жана жарыялоого, кеңсе буюмдарына, жарыяларды жайгаштырууга, социалдык чегерүүлөргө, почталык кызматтарга, которуу кызматтарына, банктык жыйымдарга жана иш сапарга кеткен чыгымдарга, жашап туруу чыгымдарын кошуу менен, транспорттук каражаттарды техникалык тейлөөгө, камсыздандырууга жана операциялык чыгымдарга, кесиптик эмес жардамчы персоналга эмгек акы төлөөгө кеткен чыгымдар, Алуучунун кызмат адамдарына жана мамлекеттик кызматкерлерине эмгек акы төлөөдөн сырткары, - бардыгы ОУКЛ жана/же ЦКА тарабынан түзүлгөн жана Дүйнөлүк банк тарабынан жактырылган жылдык бюджеттин базасында.
(Ь) "социалдык чегерүүлөр" термини каалаган чегерүүлөрдү билдирет, оору, жумушсуздук боюнча жөлөк пул үчүн төлөмдөр жана камсыздандыруу взностору, эмгекке жарамсыздык боюнча камсыздандыруу, кызматкерлерге компенсациялар, пенсиялык куракка келгендиги боюнча пенсиялар (пенсия же социалдык камсыздоо) жана жеке камсыздандыруу, кызматкерлер үчүн келечектеги жеңилдиктерди акырындап пайдаланууга арналган түзүүчү төлөмдөр; жана
(с) "окутуу" термини Долбоор менен байланышкан тренингдерди жана семинарларды билдирет, алар ЦКА тарабынан түзүлүп, Дүйнөлүк банк менен макулдашылган жылдык окуу пландарына ылайык өткөрүлүүгө тийиш, аларга кирет: стажировкалар, окуу курстары, конференциялар, семинарлар жана товарлар же кызмат көрсөтүүлөр контракттарына киргизилбеген башка окуу иш-чаралары, окуу материалдарына төлөөгө, жайларды жана жабдууларды ижарага алууга, жергиликтүү иш сапарларга жана окугандардын, инструкторлордун күнүмдүк жашоосуна төлөөгө, ошондой эле инструкторлордун, котормочулардын оозеки жана жазуу түрүндөгү кызматтарына төлөөгө кеткен чыгымдарды кошуу менен.
В. Каражаттарды алуу шарттары; Каражаттарды алуу мезгили
1. Бул Бөлүмдүн А-бөлүгүнүн жоболоруна карабастан бул Макулдашуу күнү келгенге чейин жүргүзүлгөн төлөмдөрдү каржылоо үчүн каражаттарды алууга жол берилбейт.
2. Стандарттык шарттардын 3.06(с)-бөлүмүндө айтылган Жабуу күнү болуп 2015-жылдын 31-марты саналат.
2-тиркемеге
толуктоо
Кыргыз Республикасынын улуттук конкурстук соодалашуу жол-жоболору Долбоор үчүн товарларды, иштерди жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн колдонулушу мүмкүн, төмөнкү жоболор сакталган шарттарда:
1. Соодалашуунун катышуучуларынын алгылыктуулугу "МБРРдин зайымдары жана МАРдын насыялары боюнча сатып алуулар боюнча жетекчилик" I Бөлүмүнө ылайык аныкталат, соодалашуунун бир дагы фактылык же потенциалдуу катышуучуларын "МБРРдин зайымдары жана МАРдын насыялары боюнча сатып алуулар боюнча жетекчилик" I Бөлүмүндө көрсөтүлгөн себептерден айырмаланып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган контракттар үчүн ыйгарым укуктуу эмес деп жарыялоого болбойт. Тыюу салуунун негизинде соодалашууга катышууга жол бербөө мыйзамсыз иш-аракеттер түрүндөгү так аныкталган жоболор сакталбаганда жана объективдүү, таза процесстерге ылайык колдонулат.
2. Сатып алуучу уюмдар Дүйнөлүк банктын талаптарын канааттандырган тиешелүү типтүү тендердик документти пайдаланууга милдеттүү.
3. Тендердик табыштаманын жарактуулук мөөнөтүн узартуу, эгер бул өзгөчө кырдаалга негизделсе, мөөнөт бүткөнгө чейин жана контрактты баалоону аяктоо же бекитүү үчүн талап кылынган минималдуу мөөнөткө соодалашуунун бардык катышуучулары тарабынан кат түрүндө суралууга тийиш.
4. Товардын чыккан жерине же подрядчыга карап улуттук артыкчылык көрсөтүүгө жол берилбейт.
5. Акцияларынын контролдук пакети мамлекетке тиешелүү болгон юридикалык жактар мамлекет тарабынан өткөрүлгөн соодалашууларга катышууга чакырылбайт, эгер алар юридикалык жана финансылык жактан көз карандысыз болсо гана жана муну көрсөтө алса жана алар өзүнүн ишин коммерциялык укуктар алкагында жүргүзсө.
6. Алдын ала квалификациялоо иштерге бекитилген ири контракттарга жайылтылат жана Дүйнөлүк банк менен макулдашуу боюнча колдонулат.
7. Алдын ала жана соңку квалификациялоо критерийлери мурдагы контракттарды аткарууга гана, соодалашуунун катышуучуларынын финансылык, башкаруучулук жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө кирет.
8. Биргелешкен ишканалардын шериктери өзүнүн милдеттери боюнча бирдей (биргелешкен жана жеке) жоопкерчилик тартат.
9. Мамлекеттик салыштырма баалар бюджеттин түзүлүшүнө жана курулуш иштерине контракттарды баалоого карата колдонулбайт.
10. Табыштамалар алар берилген акыркы мөөнөт келээр менен көпчүлүктүн алдында ачылат. Алуучунун табыштамаларын ачууда жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесинде айтылган кырдаалдарда табыштамаларды четке кагууга жол берилбейт.
11. Табыштамалар сметалык баадан ашып кеткендигине карап, аны четке кагууга жол берилбейт. МБРРдин зайымдары жана МАРдын насыялары боюнча сатып алуулар боюнча жетекчиликтин 2.62-пунктунун шарттары аткарылган учурда гана табыштамалар жокко чыгарылышы мүмкүн жана соодалашууга катышууга жаңы чакыруу жарыяланышы мүмкүн.
12. Табыштамаларды баалоонун бардык критерийлери акчалай түрдө ченелүүгө тийиш.
13. Табыштамаларды баалоонун квалификациялык критерийлери кабыл алуунун же жаратпай салуунун негизинде колдонулууга тийиш.
14. Эң аз баа берип, белгиленген талаптарга көбүрөөк жооп берген табыштаманы берген соодалашуунун квалификацияланган катышуучусу менен контракт бекитилет; сүйлөшүүлөргө жол берилбейт.
15. Соодалашуунун катышуучуларына жана кызыкдар жактарга чыгарылган чечимге каршы чыгууга жана өзүлөрүнүн даттанууларынын өз убагында каралышына жетишүүгө мүмкүндүк берген натыйжалуу жана көз карандысыз даттануу механизми колдонулууга тийиш.
16. Контрактты ишке ашыруунун жүрүшүндө шарттарга/милдеттердин көлөмүнө кандайдыр бир өзгөртүү киргизүүгө Дүйнөлүк банктын алдын ала макулдугу талап кылынат.
ТОЛУКТОО
Аныктамалар
1. "ЦКА" Алуучу тарабынан түзүлгөн жана Долбоордун 1(Ь), 2 жана 3(Ь)-бөлүктөрүн ишке ашырууга жооп берген Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборун билдирет.
2. "ЦКА Уставы" Кыргыз Республнкасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы N 873 буйругу менен жактырылган ЦКАнын уставын билдирет.
3. "Коррупцияны алдын алуу боюнча жетекчилик" 2006-жылдын 15-октябрындагы жана 2011-жылдын январында кайра каралган "МБРРдин зайымдарынын жана МАРдын насыялары менен гранттарынын эсебинен каржыланган долбоорлорду ишке ашырууда коррупцияны алдын алуу жана токтотуу боюнча жетекчиликти" билдирет.
4. "ОУКЛ" Алуучу тарабынан түзүлгөн жана Долбоордун 1(а) жана 3(а)-бөлүктөрүн ишке ашырууга жооп берген Насыялык линияны башкаруу бөлүмүн билдирет.
5. "Коомдук үрөнчүлүк фонддору" Алуучунун мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Алуучунун кандайдыр бир айылдарында жашаган фермерлердин коомдук уюмдарын билдирет.
6. "Консультанттарды тандоо боюнча жетекчилик" Дүйнөлүк банк тарабынан 2011-жылдын январында жарыяланган "МББРдин зайымдары жана МАРдын насыялары менен гранттары боюнча Дүйнөлүк банктын зайымчылары тарабынан консультанттарды тандоо жана жалдоо боюнча жетекчиликти" билдирет.
7. "ЭЭ" Экологиялык экспертизаны билдирет, ал мындай экспертиза жүргүзүүнү талап кылган ар бир Долбоорчо үчүн, ошондой эле Долбоордун Операциялык жетекчилигинин талаптарына ылайык ар бир конкреттүү учурдагы кырдаалга карата Критерийлерди канааттандырган коомдук уюмдарга үрөндөрдү жана жер семирткичтерди жеткирүү үчүн даярдалат жана жүргүзүлөт.
8. "Критерийлерди канааттандырган коомдук уюмдар" Алуучунун мыйзамдарына ылайык түзүлгөн Коомдук үрөнчүлүк фонддору же аялдар тобу, алар ЦКАнын ою боюнча Долбоордун 1(Ь)-бөлүгүнүн алкагында үрөн алуу үчүн, жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жана жер семирткичтерди кошуу менен, белгиленген критерийлерди канааттандырат.
9. "ПМООС" Алуучу тарабынан кабыл алынган айлана-чөйрөнү коргоо боюнча план, ал 2011-жылдын 27-апрелинде Дүйнөлүк банктын "Infoshop" маалыматтык сайтында жарыяланган жана Дүйнөлүк банктын алдын ала жактыруусу менен мезгил-мезгили менен киргизилиши мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен айыл чарбалык зыянкечтерге каршы күрөшүү боюнча чараларды кошкондо, анын шарттарын сактоо маселелери боюнча тийиштүү ишке ашырууну жана дайыма кайра байланышууну камсыздоого жөндөмдүү институттук түзүлүштүн, мониторингдин жана отчеттуулуктун адекваттуу механизмдерин сүрөттөө менен катар эле, потенциалдуу экологиялык тобокелчиликтерди башкарууга, ошондой эле долбоордук иш-чараларды ишке ашырууга байланышкан тескери экологиялык натыйжаларды жеңилдетүүгө, кыскартууга жана/же компенсациялоого багыттала турган чараларды аныктоо менен Долбоордун алкагында ишке аша турган иш-чараларга карата Дүйнөлүк банктын талаптарын канааттандырат.
10. "Кыргызгидромет" Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында түзүлгөн жана өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы N 130 токтомунун негизинде жүргүзгөн Гидрометеорология боюнча агенттикти билдирет (Кыргызгидромет).
11. "УФИ" Алуучунун азыркы мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана өзүнүн ишин жүргүзгөн, Долбоордун Операциялык жетекчилигинде баяндалган квалификациялык критерийлерди канааттандырган жана Долбоордун Бенефициарлары тарабынан критерийлер канааттандырылган Долбоорчолорду ишке ашыруу үчүн Субкаржылоону камсыздоого жооп берген Субсидиардык насыялык макулдашуунун бир жагы болуп саналган катышуучу финансылык институтту билдирет.
12. "Сатып алуулар боюнча жетекчилик" Дүйнөлүк банк тарабынан 2011-жылдын январында жарыяланган "МББРдин зайымдары жана МАРдын насыялары менен гранттары боюнча Дүйнөлүк банктын зайымчылары тарабынан товарларды, иштерди жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча жетекчиликти" билдирет.
13. "Сатып алуулар планы" 2011-жылдын 9-июнундагы жана Сатып алуулар боюнча жетекчиликтин 1.16-параграфында жана Консультанттарды тандоо боюнча жетекчиликтин 1.24-пунктунда айтылган Долбоор боюнча Алуучунун сатып алуулар планын билдирет, көрсөтүлгөн пункттардын жоболоруна ылайык мындай планга киргизилиши мүмкүн болгон жаңыртууларды эске алуу менен.
14. "Долбоордун Бенефициарлары" критерийлерди канааттандырган Алуучунун аймагындагы фермерлер, фермердик уюмдар жана айылдык үй чарбаларын билдирет, айыл чарбалык иштин өндүрүмдүүлүгүн Долбоордун натыйжасында жогорулатуу пландаштырылат.
15. "Долбоордун операциялык жетекчилиги" Дүйнөлүк банктын талаптарын канааттандырган, бул Макулдашуунун 5.01(а)-бөлүмүндө айтылган жана Долбоорду ишке ашыруунун операциялык жана административдик жол-жоболорун аныктаган Долбоордун операциялык жетекчилигин билдирет, ага финансыны башкаруу боюнча жетекчилик жана Долбоордун эсептик планы, долбоорчолор боюнча жетекчилик, ошондой эле УФИ жана Субзайымчылардын квалификациялык критерийлерге ылайыктыгын аныктоо боюнча жетекчилик киргизилген, Дүйнөлүк банк менен Алуучунун ортосундагы макулдашуу боюнча мындай жетекчиликке киргизилиши мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү эске алуу менен.
16. "ООСФ" үрөнчүлүк фонддордун коомдук бирикмесин - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмду билдирет.
17. "Сом" Алуучунун мыйзамдык валютасын билдирет.
18. "Субзайымчы" Субкаржылоо тууралуу макулдашуунун негизинде УФИнин квалификациялык критерийлерин канааттандыруудан Субкаржылоо алган адамды же адамдар тобун билдирет.
19. "Субкаржылоо" УФИнин канааттандыруу квалификациялык критерийлери менен Субзайымчынын канааттандыруу критерийлеринин ортосундагы Субкаржылоо тууралуу келишиминин шарттарына ылайык Долбоордун 1(а)-бөлүгүнүн алкагында берилген жүгүртүү капиталын толтурууга зайымды же инвестициялык зайымды же капиталды ижарага алууну билдирет.
20. "Субкаржылоо тууралуу келишим" УФИ менен Субзайымчынын канааттандыруу квалификациялык критерийлеринин ортосундагы макулдашууну билдирет, ага ылайык Субкаржылоо берилет.
21. "Долбоорчо" Долбоордун Операциялык жетекчилигине ылайык Субзайымчы тарабынан Субкаржылоонун каражаттарынан ишке ашырылган критерийлерди канааттандырган долбоор.
22. "Субсидиардык зайым" Алуучу тарабынан Субсидиардык насыялык макулдашууга ылайык УФИнин канааттандыруу квалификациялык критерийлерине Гранттын каражаттарынан берилген зайымды билдирет.
23. "Субсидиардык насыялык келишим" Субзайымчыларга Субкаржылоо берүү тууралуу Алуучу менен УФИнин канааттандыруу квалификациялык критерийлеринин ортосундагы макулдашууну билдирет.
24. "ООН-аялдар" гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Түзүмүн билдирет.
25. "Субкаржылоо боюнча жетекчилик" бул Макулдашуунун 4.01(d)-бөлүмүндө айтылган субкаржылоо боюнча жетекчиликти билдирет.