Редакцияот 01.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 1-августу № 438

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл округунун аймагында  жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл округунун аймагында жайгашкан 35,65 га кайрак жерди - Кыргыз Республикасынын жарандары Кошалиев Улам Рыспековичтин - 13,19 га, Өмурбаева Сулпиян Сатыгуловнанын - 14,34 га, Биялиева Меруэт Темирбековнанын - 8,12 га жеке менчик жерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндөгү сунушу кабыл алынсын.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер коттедж шаарчасын курууга «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин; жалпы пайдалануудагы жолдорго бөлүнгөн тилкелердин чегинен сырткары зарыл болгон инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алып, шаар куруу документтерин иштеп чыксын жана колдонулган нормалар менен аракеттерге ылайык макулдашууну жана бекитүүнү камсыз кылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев