Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-августу № 454
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 707, 2013-жылдын 26-июлундагы № 419, 2015-жылдын 13-июлундагы № 481, 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2017-жылдын 24-августундагы № 525, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
“Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартиби;
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн белгиленген транспорт каражаттарынын максималдуу уруксат берилген салмак-габариттик параметрлери;
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын, атайын транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартиби;
- (Бешинчи абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын периметри боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы транспорттук контролдоо пункттарынын (ТКП) тизмеси;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмеси.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 481, 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр “1-пункттун алтынчы жана жетинчи абзацтарындагы”, тексттеги абзацтардын нумерациясына дал келбейт
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын 23-июнундагы З № 1658-II “Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча оор салмактуу жана ири көлөмдүү транспорттук каражаттарды өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 1-ноябрындагы № 799 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-апрелиндеги № 283 “Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан оор салмактагы жана чоң габариттеги транспорт каражаттарынын өткөнү үчүн жыйымдарды алуу жөнүндө” токтому.
3. Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8- августундагы № 454 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору
боюнча жүрүүгө белгиленген транспорттук каражаттардын максималдуу уруксат берилген салмак-габариттик параметрлери
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 481, 2017-жылдын 24-августундагы № 525, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы
1. Транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы төмөнкү көрсөткүчтөргө ылайык келүүгө тийиш:
1.1. Жүк ташуучу автомобилдер:
- эки октуу автомобиль - 18,0 т;
- үч октуу автомобиль - 25,0 т;
- төрт октуу, эки огу тартуучу, ар бири эки катар дөңгөлөктөн турган, аба же ага барабар илмектүү автомобиль - 32,0 т.
- беш октуу автомобиль - 38 т;
- алты жана андан ашык октуу автомобиль - 44 т.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Айкалыштуу транспорттук каражаттын бир бөлүгүн түзгөн транспорт каражаттары:
- эки октуу чиркегач - 18,0 т;
- үч октуу чиркегич - 25,0 т.
- төрт октуу чиркегич - 32 т;
- беш октуу чиркегич - 38 т;
- алты жана андан ашык октуу чиркегич - 44 т.

1.3. Айкалыштуу транспорттук каражаттар.
1.3.1. Жарым чиркегичи менен автопоезддер:
- бир октуу жарым чиркегичи менен эки октуу сүйрөгүч - 28 т;
- эки октуу жарым чиркегичи менен эки октуу сүйрөгүч, жарым чиркегичтин окторунун арасындагы аралык 1,3 метр же андан ашык, бирок 1,8 метрден көп эмес болсо - 36 т;
- эки октуу жарым чиркегичи менен эки октуу сүйрөгүч, жарым чиркегичтин окторунун арасындагы аралык 1,8 метрден ашык болсо - 38 т;
- үч октуу жарым чиркегичи менен эки октуу сүйрөгүч - 40 т;
- эки октуу жарым чиркегичи менен үч октуу сүйрөгүч - 40 т;
- үч октуу жарым чиркегичи менен үч октуу сүйрөгүч - 44 т;
- эки октуу (жана андан ашык) жарым чиркегичи менен төрт октуу (жана андан ашык) сүйрөгүч - 44т;
- конструкциясы жана багыты боюнча ири өлчөмдөгү жана (же) оор салмактагы жүктөрдү ташуу үчүн атайын арналган автопоезд автопоезддин курамына кирген автотранспорт каражаттарынын жол берилген массаларынын суммасынан ашпоого тийиш.
Эскертүү: 13 тоннага чейинки октук басымга эсептелген асфальт-бетон төшөлгөн автомобиль жолунун участогунда белгиленген максималдуу жалпы салмактан жана октук басымдардан төмөнкүдөй өлчөмдө ашууга жол берилет:
- үч октуу автомобиль (чиркегич) - 5 т (эки катар октордун тобу үчүн октук басым - 21 т);
- үч октуу жарым чиркегичи менен эки октуу сүйрөгүч - 5 т (үч катар октор тобу үчүн октук басым - 28 т);
- үч октуу жарым чиркегичи менен үч октуу сүйрөгүч - 10 т (эки катар октордун тобу үчүн октук басым - 21 т, үч катар октордун тобу үчүн октук басым - 28т).
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.3.2. Чиркегичтүү автопоезддер:
- эки октуу жүк ташуучу автомобиль эки октуу чиркегичи менен - 36 т;
- эки октуу жүк ташуучу автомобиль үч октуу чиркегичи менен - 42 т;
- үч октуу жүк ташуучу автомобиль эки октуу чиркегичи менен - 42 т;
- үч октуу жүк ташуучу автомобиль үч октуу чиркегичи менен - 44 т;
- үч октуу жүк ташуучу автомобиль төрт октуу чиркегичи менен - 44 т.
- эки октуу (жана андан ашык) чиркегичи менен төрт октуу (жана андан ашык) жүк ташуучу автомобиль - 44 т.

1.4. Автобустар:
- эки октуу - 18 т;
- үч октуу - 24 т;
- үч октуу шарнирлүү-бөлүктүүлөр - 28 т;
- төрт октуу шарнирлүү-бөлүктүүлөр - 28 т.
2. Транспорттук каражаттардын максималдык октук басымдары
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Транспорттук каражаттардын максималдык октук басымдары төмөнкү көрсөткүчтөрдөн ашпоого тийиш:
| Жакындаш октордун ортосундагы аралык (метр) | Октогу дөңгөлөктөрдүн санына жана ченемдик (эсептик) октук басымга жараша транспорттук каражаттардын максималдык октук басымдары (тонна) | |
10 тонна октук басымга эсептелген автомобиль жолдору үчүн | 11,5 тонна октук басымга эсептелген автомобиль жолдору үчүн | ||
Жалгыз октуу | - | 10 | 11,5 |
Эки катар дөңгөлөктүү прицептер же жарым прицептердин эки кат октору үчүн октук салмак басымынын максималдык суммасы төмөнкүдөй октук аралыктарда (тележканын жүк басымы, ок массаларынын суммасы) | 1ге чейин (кошо кирет) | 11 | 12,5 |
1ден 1,3кө чейин (кошо кирет) | 14 | 16 | |
1,3төн 1,8ге чейин (кошо кирет) | 16 | 18 | |
1,8ден чоң | 18 | 20 | |
Эки катар дөңгөлөктүү прицептер, жарым прицептердин үч кат октору үчүн октук салмак басымынын максималдык суммасы төмөнкүдөй октук аралыктарда (тележканын жүк басымы, ок массаларынын суммасы) | 1ге чейин (кошо кирет) | 16,5 | 18 |
1,3кө чейин (кошо кирет) | 19,5 | 21 | |
1,3тен 1,8ге чейин (кошо кирет) | 22,5 | 24 | |
1,8ден чоң | 23 | 26 | |
Үчтөн ашык жакындатылган октору бар жүк ташуучу автомобилдердин, сүйрөгүчтөрдүн, кошуучу автопоезддердин, чиркегичтердин жана жарым чиркегичтердин максималдык октук массасы төмөнкү октук аралыктары үчүн (бир ок басымы) | 1ге чейин (кошо кирет) | 5,5 | 6 |
1ден 1,3кө чейин (кошо кирет) | 6,5 | 7 | |
1,3төн 1,8ге чейин (кошо кирет) | 7 | 8 | |
1,8ден чоң | 7,5 | 9 | |
Ар бир огунда сегиз жана андан ашык дөңгөлөктөрү бар жакындатылган октору тар транспорт каражаттары үчүн (бир ок басымы) | 1ге чейин (кошо кирет) | 9,5 | 11 |
1ден 1,3кө чейин (кошо кирет) | 10,5 | 12 | |
1,3төн 1,8ге чейин (кошо кирет) | 12 | 14 | |
1,8ден чоң | 13,5 | 16 | |
Эскертүү: Эгерде тележкага болгон жалпы салмак уруксат берилген ченемден ашпаса, жана окко болгон эң оор салмак тиешелүү бир окко (бир скаттуу же эки скаттуу) болгон уруксат берилген салмактан ашпаса - бир тележкага конструкциялык бириктирилген экилик же үчтүк октор үчүн ар бир окко салмактын бирдей эмес бөлүштүрүлүүсүнө уруксат берилет.
Автотранспорт каражатынын бир огу деп автотранспорт каражатынын жакынкы огунан 2,0 метр ашык аралыкта жайгашкан ок саналат.
Автотранспорт каражаттары үчүн тартуучу же жетеленүүчү октору эки скаттуу дөңгөлөктөр менен жабдылган учурда жүктүн 1 тоннадан ашышына жол берилет. Өз курамында бир жана эки скаттуу дөңгөлөктөрү бар жакындатылган октордун топторун өз курамында бир скаттуу дөңгөлөктөрү бар жакындатылган октордун топтору катары кароо керек.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 525, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Транспорттук каражаттардын максималдык өлчөмдөрү жана башка линиялык параметрлери
3. Транспорттук каражаттардын максималдык өлчөмдөрү жана башка линиялык параметрлери төмөнкү көрсөткүчтөргө ылайык келүүгө тийиш:
3.1. Максималдык узундугу:
- жүк автомобили - 12,00 м;
- автобус - 12,0 м;
- чиркегич - 12,00 м;
- бөлүктүү транспорттук каражат - 20,0 м;
- бөлүктүү автобус - 18,00;
- автопоезд - 20,00 м;
- экиден ашык октуу автобустар -15 м.

3.2. Максималдык эн-туурасы:
- бардык транспорттук каражаттар - 2,55 м;
- изотермикалык кузовдор - 2,60 м;
үч жана андан көп октору бар жана/же ар бир окто төрттөн же андан көп дөңгөлөктөрү бар жапыз рамалуу жарым чиркегичтер (трал) - 3,00 м.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
3.3. Максималдык бийиктиги - 4,00 м.
Мультимодалдык ташууларда колдонулуучу контейнерлерди ташыган жүк ташуучу транспорт каражаттары үчүн, ошондой эле үч жана андан көп октуу жана жүгү бар жапыз рамалуу жарым чиркегичи (трал) бар атайын сүйрөгүчтөр үчүн 20 см айырмага жол берилет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.4. 3-пунктта көрсөтүлгөн транспорттук каражаттардын максималдык ченемдери контейнерди кошкондо, чечилме кузовдордун жана жүк салгычтардын көлөмүнөн турат.
3.5. Ар кандай транспорттук каражат кыймыл учурунда 12,50 м тышкы радиусу жана 5,30 м ички радиусу менен чектелген мейкиндикте бурулууну камсыздоого тийиш.
3.6. Чиркелүүчү түзүлүштүн бекитилген ок менен транспорттук каражаттын арткы бөлүгүнүн ортосундагы максималдык аралык 12,00 м ашпоого тийиш.
3.7. Кабинанын артына жүк орнотуучу кузовдун тышкы алдыңкы точкасынан же платформасынан, чиркегичтин арткы тышкы точкасына чейин, автопоезддин параллелдүү узунан өлчөнгөн огунун максималдык аралыгы сүйрөткүчтүн артык бөлүгү менен чиркегичтин алдыңкы бөлүгүнүн ортосундагы аралыкты эсептебегенде 17,0 м ашпоого тийиш.
3.8. Кабинанын артына жүк орнотуучу кузовдун тышкы алдыңкы точкасынан же платформасынан, жарым чиркегичтин арткы тышкы точкасына чейин, автопоезддин параллелдүү узунан өлчөнгөн огунун максималдык аралыгы 16,40 м ашпоого тийиш.
3.9. Транспорттук каражаттын кузовунда орнотулган жүк автомобилдин же чиркегичтин арткы тышкы точкасынан 2,00 м ашык чыкпоого тийиш.
3.10. Жүк автомобилинин арткы огу менен чиркегичтин алдыңкы огунун ортосундагы аралык 3,00 м кем болбоого тийиш.
3.11. Жарым чиркегичтин шарнирдик бекитилишиндеги ок менен жарым чиркегичтин алдынкы бөлүгүндөгү ар кандай точканын ортосундагы аралык 2,04 м ашпоого тийиш.
3.12. Автотранспорт каражатынын узундугун ченөөдө транспорт каражатына монтаждалган төмөнкү түзүлүштөр эсепке алынбайт:
- айнек тазалоочу жана суу чачыратуучу түзүлүштөр;
- фронталдык жана капталдагы маркирлөөчү пластиналар;
- коргоо шаймандары жана пломба түзүлүштөрү;
- брезентти бекитүү түзүлүшү жана аларды коргоочу шаймандар;
- электр жарыгын берүү үчүн жабдуулар;
- арткы жакты көрүү үчүн күзгү жана автомобилдин артындагы мейкиндикти көрүү үчүн шаймандар;
- аба өткөзүүчү түтүктөр;
- клапандардын жана чиркегичтер же алынып коюлуучу кузовдор менен кошуучу ажыратуучулардын узундугу;
- кузовго чыгуу үчүн тепкичтер, запастагы автопокрышкалар үчүн көтөргүчтөр;
- көтөрүүчү платформалар, чыгуу үчүн тепкичтер жана жумуш абалында 200 мм ашпаган жана автомобилди даярдоочу завод тарабынан белгиленген жүк салмагынан ашпай турган жабдуулар.
3.13. Автотранспорт каражатынын бийиктигин ченөөдө төмөнкү монтаждалган түзүлүштөр эсепке алынбайт: антенналар, көтөрүлгөн абалдагы пантографтар.
Окторду көтөрүүчү түзүлүштөрү бар транспорттук каражаттар үчүн бул түзүлүштүн таасири эске алынышы керек.
3.14. Автотранспорт каражатынын эн-туурасын ченөөдө төмөнкү монтаждалган түзүлүштөр эсепке алынбайт:
- пломба, мөөр үчүн түзүлүштөр жана аларды коргоочу жабдуулар;
- брезентти бекитүү үчүн түзүлүштөр жана аларды коргоочу жабдуулар;
- автопокрышкалардын бузулгандыгын билүү үчүн түзүлүштөр;
- суу чачыратуучулардын чыгып турган бөлүктөрү;
- жарык берүүчү жабдуулар;
- илинген платформалардын тепкичтери жана жумуш абалында транспорттук каражаттын ар тарабынан 10 мм ашык чыкпаган окшош жабдуулар, алардын астыга жана артка айланган баскычтарынын бурчтары 5 мм кем эмес айлануу радиусуна ээ, ап эми алардын узата жээгинин айлануу радиусу 2,2 мм кем эмес;
- артты көрсөтүүчү күзгүлөр;
- шиналардагы басымдуулук индикаторлору;
- транспорттун иш абалында тартылып жыйналуучу же алынып коюлуучу баскычтар жана тепкичтер;
- жол үстүндө баратканда автопокрышканын точкадан чыгып туруучу кыйшайган бөлүгү.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 525 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор “8-пункт абзацтар менен толукталсын”, баштапкы редакцияда жок, текстке дал келбейт
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын “8”-августундагы № 454 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль
жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын
өткөргөндүгү үчүн жыйымдардын
өлчөмдөрү
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-августу № 454
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 707, 2013-жылдын 26-июлундагы № 419, 2015-жылдын 13-июлундагы № 481, 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2017-жылдын 24-августундагы № 525, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
“Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартиби;
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн белгиленген транспорт каражаттарынын максималдуу уруксат берилген салмак-габариттик параметрлери;
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын, атайын транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартиби;
- (Бешинчи абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын периметри боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы транспорттук контролдоо пункттарынын (ТКП) тизмеси;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмеси.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 481, 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр “1-пункттун алтынчы жана жетинчи абзацтарындагы”, тексттеги абзацтардын нумерациясына дал келбейт
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын 23-июнундагы З № 1658-II “Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча оор салмактуу жана ири көлөмдүү транспорттук каражаттарды өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 1-ноябрындагы № 799 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-апрелиндеги № 283 “Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан оор салмактагы жана чоң габариттеги транспорт каражаттарынын өткөнү үчүн жыйымдарды алуу жөнүндө” токтому.
3. Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8- августундагы № 454 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору
боюнча жүрүүгө белгиленген транспорттук каражаттардын максималдуу уруксат берилген салмак-габариттик параметрлери
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 481, 2017-жылдын 24-августундагы № 525, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы
1. Транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы төмөнкү көрсөткүчтөргө ылайык келүүгө тийиш:
Эскертүү. Эгерде транспорт каражаты же айкалышкан транспорт каражаты кош дөңгөлөктүү тартуучу огу бар жана аба же ага эквиваленттүү илмеги болсо, максималдуу жалпы массасы 2 тоннага көбөйтүлүшү мүмкүн.