Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-августу № 459
Райондун мамлекеттик администрация башчысына - акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Райондун мамлекеттик администрация башчысына - акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык беш күндүк мөөнөттө райондун мамлекеттик администрация башчысы - аким кызматына дайындоо үчүн сунушталуучу талапкер жөнүндө чечимди райондук кеңештин депутаттарынын кабыл алуусунун типтүү тартибин аныктасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 403, 2012-жылдын 12-декабрындагы № 832, 2014-жылдын 13-мартындагы № 125 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри райондук мамлекеттик администрация башчысынын - акимдин бошогон кызмат орду пайда болгон күндөн тартып 30 жумуш күндөн кеч эмес жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйынынын кароосуна талапкерлерди (3төн кем эмес) сунуш кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 403, 2012-жылдын 12-декабрындагы № 832 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйыны Премьер-министр талапкерлерди киргизген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат жана райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушту Премьер-министрге киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 832 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйыны акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылбаса, анда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине тиешелүү райондун жергиликтүү кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
Жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйыны тарабынан акимдин бош кызмат ордуна сунуш кылынган талапкер 10 жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан милдеттүү түрдө дайындалууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-мартындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Акимдин кызматына талапкерлер Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйынынын кароосуна берилет.

5. Бир эле талапкер Премьер-министр тарабынан жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйынынын кароосуна катары менен эки жолу киргизилиши мүмкүн эмес.

6. Райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча добуш берүү эгерде тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин - райондун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн экиден кем эмеси катышкан учурда болуп өттү деп эсептелет.

7. Райондун акими кызматына коюлуучу квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча болуп бөлүнөт.
8. Райондун акими кызматына милдеттүү квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө талаптарды камтыйт:
1) кесиптик билиминин деңгээлине (жогорку);
2) мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы стажына же болбосо мамлекеттик уюмдарда, мекемелерде жетекчи кызматтагы стажына (беш жылдан кем эмес). Бул талап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп мурда шайланган же жаңы шайланган адамдарга жайылтылбайт;
3) тиешелүү кызматтык милдеттерин аткарууга карата колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын билишине.
Иш стажын жана тажрыйбасын ырастоо эмгек китепчесиндеги жазуулардын, иштеген жеринен маалымкаттын негизинде аныкталат.
Тиешелүү билиминин болушу белгиленген үлгүдөгү документ (диплом) менен ырасталат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээли зарыл учурда аңгемелешүү жүргүзүү жолу менен аныкталат.

9. Райондун акиминин кызматына кошумча квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө талаптарды камтыйт:
- башкаруучулук, кадрлык жана финансылык менеджмент маселелерин билүүсүнө;
- аналитикалык документтерди түзүү көндүмдөрүнө, презентация өткөрүү көндүмдөрүнө, аналитикалык жөндөмдүүлүгүнө, масштабдуу ой жүгүртүүсүнө, башкаруу чөйрөсүндөгү билимдерине жана көндүмдөрүнө;
- демилгелүүлүгүнө, командада иштей билишине, жоопкерчилигине;
- эмоционалдык туруктуулугуна, түз жана кайра байланышты түзө билүү жөндөмүнө, сүйлөө билгичтигине, уга билишине, стратегияны, тактиканы жана техниканы иштей билишине, маданияттуулугуна;
- адамдар менен иштей билишине, белгилүү бир маанилүү максаттарга жетүү үчүн алардын биргелешкен ишин уюштура билишине.
Кошумча квалификациялык талаптар тиешелүү сертификаттар же башка документтер менен ырасталышы мүмкүн жана зарыл болгондо аңгемелешүүнүн учурунда аныкталат.
10. Райондун акиминин бош кызмат ордуна берилген документтер жана талапкерлер менен иштөө ушул Жободо белгиленген квалификациялык талаптарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары тарабынан ишке ашырылат.
Талапкерлерге карата Премьер-министрге сунуштарды киргизүү боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (мындан ары - Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү) жана Өкмөттүн Аппаратынын сунуштарынын негизинде жүргүзүлөт.
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Өкмөттүн Аппаратынын сунушу сунушталган талапкердин ишкердик, кесиптик сапаттарын мүнөздөөгө тийиш.
Талапкерге берилген сунушка төмөнкү документтер тиркелиши керек:
- талапкердин Кыргыз Республикасынын жараны катары өздүгүн күбөлөндүрүүчү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документинин көчүрмөсү. Өздүгүн күбөлөндүрүүчү документинин түп нускасын жеке өзү көрсөтөт;
- талапкер жөнүндө өмүр баянынын маалыматтарын камтыган анкета;
- талапкердин жогорку билимин ырастоочу документтин түп нускасын же анын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- талапкерге иштеген жеринен же болбосо сунуш кылынган талапкерди чогуу иштегендиги боюнча жакшы билген кызмат адамдарынан, коомдук ишмерлерден үчтөн кем эмес сунуш же пикир;
- зарыл болсо башка документтери суралышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 832, 2014-жылдын 13-мартындагы № 125 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Райондун акиминин кызмат ордуна талапкер өзү жөнүндө туура документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Зарыл болгон учурда Өкмөттүн Аппараты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты берилген документтердин жана маалыматтардын тууралыгына текшерүү талабы менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу. Текшерүү органдары аталган талап келип түшкөн күндөн тартып эки күндөн кечиктирбестен текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

12. Эгерде документте көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүүнүн натыйжасында алардын туура эместиги аныкталса ушундай документтерди жана маалыматтарды берген талапкер райондун акими кызматына сунушталбайт жана көрсөтүлбөйт.
13. Ишкердик жана жеке мүнөздөмөлөрү иликтенгенден кийин райондун акиминин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн Аппаратында аңгемелешүүдөн өтөт.

14. Райондун акиминин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кароонун, аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйынынын кароосуна райондун акиминин кызмат ордуна (үчтөн кем эмес) сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.

15. Жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйыны чечим кабыл алып жана акимдин кызматына дайындоого талапкер боюнча сунуш киргизгенден кийин Премьер-министр аны дайындоо жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ