Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-июнундагы № 334 токтому менен бекитилген
Нарын облусунун өнүктүрүү фонду жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун (мындан ары Фонд) ишин жөнгө салат.
2. Бул Жобо Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы менен Нарын облусунун аймагында иштеген кен казуучу ишканалардын ортосундагы макулдашуулардын шарттарына ылайык иштелип чыкты.
3. Фонддун негизги максаты Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүүнү, региондун экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына түрткү берүүнү, Фонддун каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууну жана натыйжалуу башкарууну көздөйт.
4. Фондду Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун Байкоо кеңеши (мындан ары - Байкоо кеңеши) башкарат, анын курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын сунушу боюнча бекитет.
5. Байкоо кеңешинин функциялары жана иши ушул Жобо менен аныкталат.
6. Фонддун каражаттарын башкаруучунун (мындан ары - Фонддун каражаттарын башкаруучу) укуктары жана милдеттери Байкоо кеңеши бекиткен объекттердин тизмесине жана жалпы сметага катуу ылайык Нарын облусунун администрациясынын атынан чыгуучу губернаторго тапшырылат.
7. Байкоо кеңеши Фондду жалпы жетектечү жана анын акча каражаттарын Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө максаттуу пайдалануучу коллегиялуу байкоочу орган болот.
8. Байкоо кеңешинде юридикалык жактын статусу жок.
9. Байкоо кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук негизде катышат.
10. Байкоо кеңешинин мүчөлөрү анын жыйындарына алмаштыруу укугусуз катышышат. Байкоо кеңешинин мүчөсү жок болуп калса, ал каралчу маселелер боюнча өзүнүн оюн жазуу жүзүндө билдире алат.
11. Байкоо кеңешинин негизги функциялары:
- Фонддун ишинин негизги принциптерин, багыттарын жана приоритеттерин бекитүү;
- Фонддун кредиттик жана инвестициялык ишин жүргүзүү үчүн Фонддун каражаттарынын башкаруучусу сунуш кылган долбоорлорду тандоо жана бекитүү;
- Фонддун каражаттарына ички аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- ар бир финансылык жылга карата объекттердин тизмесин жана Фонддун сарптоолорунун сметасын бекитүү;
- Фонддун акча каражатынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо.
12. Байкоо кеңеши өзүнө тапшырылган функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Фонддун каражаттарын башкаруучудан өзүнүн ишине керектүү маалыматтарды суроого;
- Фонддун каражаттарын башкаруучу берген документтерди толуктап иштеп чыгуу үчүн жиберүүгө, Байкоо кеңешине бекитүү үчүн жиберүүгө;
- Фонддун каражаттарын башкаруучунун компетенциясына берилген маселелер боюнча эксперттер жана адистер менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө.
13. Байкоо кеңешинин жыйындары квартал сайын өткөрүлөт. Зарыл болсо учурдагы маселелерди чечүү үчүн Байкоо кеңешинин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
Байкоо кеңешинин жыйындарында Байкоо кеңешинин секретары протокол жазат.
Байкоо кеңешинин чечимдери Байкоо кеңешинин жыйынына катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделип, Байкоо кеңешинин жыйынында төрагалык кылган адам кол коет. Добуштар тең болуп калган учурда Байкоо кеңешинин жыйынында төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болот. Протоколдун түп нускалары Байкоо кеңешинин секретарында сакталат.
Байкоо кеңеши өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдер Фонддун каражаттарынын башкаруучусу үчүн аткарууга милдеттүү.
14. Байкоо кеңешинин ишин Фонддун каражаттарынын башкаруучусу камсыздайт. Фонддун каражаттарынын башкаруучусу кеңештин секретарынын милдетин аткаруу үчүн өзүнүн штаттагы кызматкерин берет.
Байкоо кеңешинин секретары Байкоо кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда кат алышууну жүргүзүп, алардын сунуштарынын негизинде иштин планын, күн тартибин түзөт, жыйындардын протоколдорун жазат, төраганын тапшырмаларын жана Байкоо кеңешинин чечимдерин аткаруу мөөнөттөрүн контролдойт.
15. Фонддун каражаттарын башкаруучу:
- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын биринде Фонддун алыш-бериш эсебин ачат;
- Фондду борбордоштурулган материалдык-техникалык жабдууну камсыздайт;
- техникалык көзөмөлдү, объекттерди оңдоого жана реконструкциялоого долбоордук-сметалык документтерди түзүүнү камсыздайт;
- Байкоо кеңеши бекиткен иш-чаралардын сарптоолоруна төлөйт;
- Фонддун акча каражатынын жүрүшүн эсепке алат жана отчетун жасайт;
- Фонддун бош акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына пайдалуу шарт менен салат;
- Байкоо кенешинин жыйындарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;
- көз каранды эмес аудитор үчүн маалыматтарды даярдайт;
- Байкоо кеңешинин жыйындарын башкарууну камсыздайт.
16. Байкоо кеңеши башкаруучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча функцияларды белгилеши же жогоруда айтылган функцияларын деталдаштыруусу мүмкүн.
17. Фонддун каражаттарын башкаруучу Фонддун каражаттары сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жооптуу болот.
18. Фонддун каражаттарын башкаруучу жыл сайын Байкоо кеңешине отчеттук жылда акча каражаттын пайдаланылганы жөнүндө отчет жана Фонддун каражатынын эсебинен каржыланчу долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө отчет берип турат, алар Байкоо кеңешинде бекитилет.
Фонддун ишине көз каранды эмес аудит Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. Фонддун каражаты Нарын облусунун аймагында иштеген кен казуучу ишканалардын кол коюлган макулдашууларга ылайык ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен түзүлөт.
20. Кен казуучу ишканалар чегеришкен акча каражаттар Фонддун каражаттарын башкаруучу берген реквизиттер боюнча Фонддун алыш-бериш эсебине которулат.
Мында кен казуучу ишканалар жасаган эсептешүүлөрдүн копиялары Фонддун каражаттарын башкаруучуга жиберилет.
21. Фонддун акча каражаттарынын жүрүшүн эсепке алуу жана отчету колдонуудагы мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
22. Башкаруучу Фонддун акча каражатын Байкоо кеңеши белгилеген максаттарга гана пайдаланууга тийиш.
Фонддун акча каражатын башка максаттарга пайдаланууга болбойт.
23. Фонддун акча каражаты Нарын облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн Байкоо кеңеши бекиткен жылдык бюджетке жараша төмөнкүдөй пайдаланылат.
- калктуу конуштарды деталдуу пландоонун, шаар куруу документтеринин долбоорлорун иштеп чыгууга, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларга;
- жерлерди мелиорациялык жакшыртуу, ирригация тармагын, гидротехникалык объекттерди оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине жана жерлердин абалын жакшыртуу боюнча башка агротехникалык иштерге;
- чыгармачыл долбоорлорду, зирек балдарды жана таланттарды колдоого;
- туризмди өнүктүрүү жана эл аралык туризм үчүн кызыктуу шарттарды түзүү боюнча иштерге;
- Нарын облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу бизнес долбоорлорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чакан кредиттерди берүүгө;
- облустун калктуу конуштарын абаттоого, жашылдандырууга жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө;
- айыл чарба техникасын жаңыртууга жана борбордоштуруп сатып алуу менен облустун айыл чарбалык кооперативдерине жана дыйкан чарбаларына лизингге берүүгө;
- Нарын облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган бизнес долбоорлорго ылайык конкурстук негизде;
- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелеринин, укук коргоо, коргонуу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана алардын иштерине колдоо көрсөтүүгө.
24. Фонддун акча каражатын башкаруучу Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишеничтүүлүгүнө, рейтингине жараша Фонддун акча каражатын аларга депозит катары мөөнөттүү шарт менен, ошондой эле кыйла кирешелүү процент менен "сурап алганга чейин" шартта салса болот.
25. Салынган финансылык каражаттын кайра алынышын камсыздоо максатында Фонддун акча каражатын башкаруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды Кыргыз Республикасынын ишеничтүү камсыздандыруу компанияларында камсыздандырса болот.
26. Фондго салык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салынат.
27. Долбоордук-сметалык документтерди түзүү, техникалык көзөмөл жүргүзүү, материалдык-техникалык камсыздоо (Фонддун ишин жүргүзүү үчүн оргтехника, кеңсе шаймандары, транспорт каражаттарга сарптоолор) үчүн Фонддун акча каражатын башкаруучуга Фондго түшкөн акча каражаттын жалпы көлөмүнүн 2,5%и чегерилет.
|
|