Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-августу №470
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чектик штаттык саны жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна ылайык жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын чектик штаттык саны жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 3-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 3-бөлүгүн аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чектик штаттык саны 175 бирдик санында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ушул токтом менен бекитилген санга ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек акы төлөө фондун каржылоону республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыз кылсын;
- "2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражатты карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер министри | А.Атамбаев |