Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу №479
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы №429 "Мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүү жана ишке ашыруу тартиби жөнүндө, илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы №429 "Мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүү жана ишке ашыруу тартиби жөнүндө, илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим
жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр "илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүү жана ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пункттун он бешинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр "илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттун биринчи абзацындагы "долбоордун болжолдуу баасынын 0,5% өлчөмүндө" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик бюджеттен каржылануучу республиканын жогорку окуу жайларын жана илимий-изилдөө мекемелерин кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
13-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча:
- түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пункттун экинчи абзацындагы "илимий-техникалык мекемелери," деген сөздөрдөн кийин "жогорку окуу жайлары," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |