Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу №481
Камсыздандыруу уюмдарынын жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун финансылык отчетторду берүүсүнүн жана жарыялоосунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө", "Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жөнүндө", "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камсыздандыруу уюмдарынын жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун финансылык отчетторду берүүсүнүн жана жарыялоосунун тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №481 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Финансылык отчетту берүүнүн тартиби, мөөнөттөрү
3. Финансылык отчетту жарыялоонун тартиптери
1. Бул Жобо финансылык отчетторду түзүүгө карата коюлуучу негизги талаптарды жана отчетторду камсыздандыруу органдарын жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга) берүүнүн мөөнөттөрүн белгилейт, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына (мындан ары - ЖМК) финансылык отчетту жарыялоонун мөөнөттөрүн аныктайт.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары (мындан ары камсыздандыруу уюмдары) жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор (мындан ары - МЭПФ) тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүчү жана ЖМКга жарыяланууга тийиш болгон финансылык отчетторго коюлуучу бирдиктүү талаптарды белгилөө ушул Жобонун максаты болуп саналат.
3. "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө", "Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жөнүндө", "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына (мындан ары - ФОЭАС) ылайык ушул жобо иштелип чыкты.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ФОЭАСте, ушул Жободо белгиленген тартипте камсыздандыруу уюмдарынын жана МЭПФтин финансылык отчеттору түзүлөт.
5. Камсыздандыруу уюмдарынын жана МЭПФтин финансылык отчеттору камсыздандыруу уюмдарынын жана МЭПФтин финансылык абалын, ишинин финансылык жыйынтыктарын, акча каражаттарынын кыймылдарын объективдүү көрсөтүүгө тийиш, ошондой эле ФОЭАСке ылайык келиши керек.
6. ФОЭАСте каралган учурларда, камсыздандыруу уюмдары жана МЭПФ жыйынтыкталган (топтоштурулган) финансылык отчетту түзөт. Филиалдары, өкүлчүлүктөрү жана башка туунду жана көз каранды ишканалары бар камсыздандыруу уюмдары менен МЭПФ "Жыйынтыкталган финансылык отчет жана туунду ишканадагы эсеп-кысап" ФОЭАС 27ге ылайык отчетторун топтоштуруп түзүшөт.
7. Финансылык отчеттун ар бир сандык көрсөткүчү боюнча өткөн отчеттук жылдын жыйынтыктары келтирилиши керек. Эгерде өткөн отчеттук мезгилдеги маалыматтарды отчеттук мезгилдеги маалыматтарга салыштыруу мүмкүн эмес болсо, анда эсеп-кысап саясатындагы өзгөрүүлөрдү эске алып маалыматтарга түзөтүүлөр киргизилүүгө тийиш.
8. Камсыздандыруу уюмдары жана МЭПФ кошуп эсептөө ыкмасын пайдаланып, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчеттон бөлөк, финансылык отчетторду түзүшү керек.
9. Финансылык отчеттордун көрсөткүчтөрү эгерде белгиленген тартипте ратификация кылынган эл аралык келишимде башкача айтылбаса, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен түзүлүшү керек, Финансылык отчетту түзүү учурунда пайдаланылуучу өлчөө бирдиктери миң сом болуп саналат. Отчеттук күндөгү чет өлкөлүк валюта менен эсептелген эсептин сальдосу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бекиткен эсептешүү курсу боюнча кайра эсептелинет.
10. Календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабры кошо эсептелген күнгө чейинки мезгил отчеттук жыл деп эсептелинет. Жаңы түзүлгөн уюмдар үчүн мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып 31-декабрга чейин биринчи отчеттук жыл башталат. 1-октябрдан кийин түзүлгөн уюмдар үчүн мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жылдын 31-декабрына чейин биринчи отчеттук жыл башталды деп эсептелет.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүүчү финансылык отчеттун баардык барактарына номер коюлушу керек, отчеттун барактарынын жалпы саны коштомо катта көрсөтүлүүгө тийиш.
12. Финансылык отчетто көрсөтүлгөн маалыматтардын чын экендигине жана анын өз учурунда берилишине жоопкерчиликти тарткан уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери (же бухгалтердик эсеп-кысапты жүргүзгөн адам) финансылык отчетко колдорун коет, ошондой эле уюмдун мөөрү басылып күбөлөндүрүлөт.
13. Камсыздандыруу ишин жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүүгө укук берген лицензиясы бар камсыздандыруу уюму жана МЭПФ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга финансылык отчетту берет.
14. Филиалдары жана/же өкүлчүлүктөрү бар камсыздандыруу уюмдары жана МЭПФ бирдей финансылык отчетторду түзүшөт жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет. Филиалдардын жана/же өкүлчүлүктөрдүн финансылык отчетторду түзүшүнө жана беришине карата коюлуучу талаптарды камсыздандыруу уюмдары жана МЭПФ өз алдыларынча белгилейт.
15. ФОЭАСке ылайык даярдалган жана аудиттик уюм тарабынан тууралыгы ырасталган финансылык отчетторду, мыйзамда аныкталган тартипте бекитилгенден кийин 10 жумушчу күндүн ичинде, камсыздандыруу уюмдары жана МЭПФ ыйгарым укуктуу органга толук көлөмдө берет.
16. Финансылык отчет кагаз жүзүндө берилет. Техникалык мүмкүнчүлүктөр бар болгондо жана ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде маалымат электрондук түрдө берилет.
17. Эсеп-кысап саясатына өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда, аны бекиткенден кийин он жумуш күндүн ичинде киргизилген өзгөрүүлөр жана/же толуктоолор жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
18. Камсыздандыруу уюмдары жана МЭПФ ар квартал сайын кийинки отчеттук айдын жыйырма бешинен кечиктирбей бухгалтердик баланс, кирешелердин жыйындысы жөнүндө отчетту түшүндүрмө кат менен бирге берип турушу керек.
19. Камсыздандыруу уюмдары жана МЭПФ финансылык отчетторду берүүнүн тартиптерин жана мөөнөттөрүн бузса, жалган маалыматтарды берсе, ошондой эле белгиленген талаптарды сактабастан отчетторду жарыяласа, анда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
20. Камсыздандыруу уюмдары менен МЭПФ өздөрүнүн финансылык отчетторун отчеттук жыл бүткөндөн кийин 90 күн өткөн соң, бирок ошол отчеттук жылдын 1-июнунан кечиктирбей, аудитордун корутундусу менен бирге пайдалануучуларга кеңири таркоосун жана анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыялайт.
21. Жарыялоо жөнүндө маалымат жарыяланган материалдын көчүрмөсү менен кошо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарыкка чыккандан учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде берилиши керек.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ