Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу №485
Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердеги жалпы бажылык процестердин алкагында маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердеги жалпы бажылык процесстердин алкагында маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жогоруда аталган Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенмелерди аткарууга жоопкерчилик жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине Кыргыз Республикасынын аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |