Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу №486
Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында кол коюлган 2008-жылдын 25-майындагы техникалык жөнгө салуу, санитариялык жана фитосанитариялык чаралар жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында кол коюлган 2008-жылдын 25-майындагы техникалык жөнгө салуу, санитариялык жана фитосанитариялык чаралар жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жогоруда аталган Протоколдон келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу жоопкерчилиги жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык комитетине билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |