Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу №487
Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун мүчө мамлекеттеринин бажы кызматынын бирдейлештирилген ченемдик-маалымдама маалыматтарын пайдалануу жөнүндө протоколун бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун мүчө мамлекеттеринин бажы кызматынын бирдейлештирилген ченемдик-маалымдама маалыматтарын пайдалануу жөнүндө протоколу бекитилсин.
2. Ушул Протоколдон келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык комитетине билдирүү жиберсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |