Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2011-жылдын 13-августундагы № 466 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Суулардагы пляждарды, жарандар жалпы эс алуучу жайларды
жана сүзүү бассейиндерин колдонууда коопсуздук чаралары
III. Балдардын суудагы коопсуздугун камсыз кылуу чаралары
IV. Өз алдынча жүрүүчү, өз алдынча жүрө албаган же сууда
жел менен жүрүүчү каражаттарды жарандар колдонгон
учурда коопсуздук чаралары
V. Сууга түшүүдө жана сууга чумкууда суу алдындагы
сүзүүчүлөрдүн (аквалангисттердин жана дайверлердин)
коопсузду чаралары
VI. Муздагы коопсуздук чаралары
1-тиркеме. Штаттык кызматкерлерди даярдоо, ведомстволук куткаруу
постторун кабыл алуу жана алардын иштөө тартиби жөнүндө
жобо
2-тиркеме. Пляждын акваториясынын түбүн суучулдардын изилдөөсүнүн
актысы
Тиркеме 3. Пляждын суу алдындагы бөлүгүнүн паспорту
1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде кырсыкты алдын алуу максатында иштелип чыкты жана пляждарда, сууга түшүү уюштурулган башка жерлерде (мындан ары - пляждар), калктын суу объекттериндеги жалпы эс алуусунун, туризмдин жана спорттун (мында ары - жалпы эс алуу жайлары) жайларында адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга коюлуучу шарттарды жана талаптарды белгилейт.
2. Көлмөлөрдү өндүрүш зарылчылыгы, ден соолукту чыңдоо же спорт максатында, ошондой эле калктын жалпы эс алуусу үчүн колдонгон ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана башка чарба субъектилердин жетекчилери жарандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун сактоочу чараларды камсыз кылууга, төмөнкү иш чараларды уюштурууга милдеттүү: бекитип берилген суу тилкелеринин, көлдөрдүн жана башка суулардын чегинде кырсыктын алдын алуу, маалымат такталарын жабдуу, коркунучтан коргоп туруучу белгилерди орнотуу, куткаруу станцияларынын (постторун) жана куткаруу каражаттарын даярдыкта кармоо боюнча.
3. Бул Эрежелерди бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте администрациялык жана жарандык-укуктук жоопкерчиликке кириптер кылат.
4. Суу объекттерин сууга түшүүгө, жалпы эс алууга, сууга сүзүүнүн чакан жабдыктары менен сууда сүзүүгө (мындан ары - чакан кемелер ) же башка рекреациялык максаттар үчүн пайдаланууга чектөө коюу, токтотуу же тыюу салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, калкты жалпы маалымат каражаттары, атайын маалымат берүүчү белгилер жана башка ыкмалар аркылуу милдеттүү түрдө маалымдоо менен ишке ашырылат.
5. Суу жээгинде жарандардын жалпы эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакыттарын өткөрүүгө шарт түзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирет.
Жергиликтүү кеңештер ушул Эрежелерге ылайык жарандардын ден соолугун чыңдап жалпы эс алуу үчүн пайдаланылуучу суу объекттеринин акваторияларынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгилүү бир жерге карата Сууда адам өмүрүн коргоо эрежелерин кабыл алышы мүмкүн.
6. Кыргыз Республикасынын суу объекттериндеги кырсыкты алдын алуу жана эскертүү системасынын өнүгүшүн жана иштешин уюштуруу үчүн, сууга түшүү сезону башталаар алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан атайын комиссия түзүлөт. Комиссиянын мүчөлүгүнө макулдашуу менен суу чарбасы жана мелиорация боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - ӨКМ) Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо кызматынын өкүлдөрү жана башка ыйгарым укуктуу органдар кирет.
7. Көлмөлөрдө экскурсияларды, жамааттык эс алуу жана башка жалпы иш чараларды өткөрүүдө мындай экскурсияларды жана чыгууларды уюштурган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери сууда адамдын коопсуздугун сактоого, коомдук тартип жана айлана чөйрөнү коргоого жооптуу адамдарды өз чечими менен дайындайт.
8. Өзгөчө кырдаал учурунда көлмөлөрдө издөө, кыйроодон куткаруу иштери бул иштерди уюштурууну жана аларды жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салган мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
9. Бул Эрежелердин аткарылышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (мындан ары - Суучулдарды даярдоо борбору) жүргүзөт.
10. Пляждар жана жарандардын жалпы эс алуу жайлары катары суу жээгиндеги бөлүнгөн жерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүсү керек:
- өнөр жай, тиричилик агын суулардын агымынан жогору жайгашуусу керек;
- порт курулмалары, пирс, причалдардан санитардык көзөмөлдөө органдары жана порттор менен макулдашылган алыстыкта жайгашуусу керек;
- жээктин аймактары жакшы пландаштырылып, даараткана, кийим чечүүчү жай, күндөн калкалоочу бастырма менен жабдууланып, таза суу менен камсыздандырылып, жаан суусу агып кетүүчү арыктары болушу керек;
- ар бир пляжда бир же бир нече куткаруу посттору болуусу зарыл;
- жарандарга суудагы коопсуздукту сактоо боюнча керектүү маалыматты жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин уюштуруу максатында пляждар жана жалпы эс алуу жайлары радиофикацияланышы керек;
- пляждын ар бир 30 метри сайын суудан 10 метр аралыкта куткаруучу шаймандары жайгаштырылган такталар орнотулушу керек (куткаруу тегереги, Александров түйүнү), тегеректе объекттин аты жана "Чөгүп баратканга ыргыт" деген жазуу жазылышы керек;
- ар бир пляжда 0,8 м диаметрдеги белги берүүчү шарларды көтөрүүчү 8 метрге чейинки мачта орнотулат (кызыл шар - кырсыкты билдирүүчү белги жана кара шар - аба-ырайынын кескин бузулушун жана сууга түшүүгө, ошондой эле сууга сүзүү шаймандарын киреге берүүгө тыюу салынгандыгын билдирүүчү белги);
- пляждар жана жалпы эс алуу жайлары визуалдык байкоо жүргүзүүгө жана көзөмөлгө алуу үчүн керектүү каражаттар менен жабдылып, эс алуучулар кемелер жана моторлуу сүзүүчү каражаттар иштеген зоналарга сүзүп өтүүгө тоскоол болуучу буй тосмолор менен жабдылышы керек;
- пляждын акваториясынын түбү түз, дың эңкейиштүү, 1,75 м тереңдикке чейин тепкичсиз, жээктен 50 м чейинки тилке балырсыз, эс алуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган темир тезектерден жана башка нерселерден тазаланышы керек;
- көлдөрдө, суу сактагычтарда, дарыяларда пляждын акваториясынын суу бетинин аянты бир эс алуучуга 5 кв.м эсеп менен алынат, ал эми туюк көлмөлөрдө ченем 2-3 эсе көбөйтүлөт;
- ар бир пляжда сууга сүзгөндү билбегендер үчүн тереңдиги 1,2 м ашпаган, атайын тосмо же буй менен белгиленген акваториянын тилкеси бөлүнүшү керек;
- пляждын акваториясынын сууда сүзүү чеги жээктен 50 м чейинки, бирок 1,5-1,75 м тереңдик сызыгынан ары эмес жайгашкан кызыл же саргыч түстөгү буйлар менен белгиленет;
- пляждын акваториясында төмөн температурадагы жер астындагы суулардын чыгуусу, айлампалар, иримдер болбошу керек, суунун агымы 0,5 м\секундадан ашпоого тийиш;
- сууга түшүүгө уруксат берилбеген жерлерде "Сууга түшүүгө болбойт!" деген жазуусу бар такталар орнотулуп, ал эми акваториянын коркунучтуу жерлери "Коркунучтуу!" деген жазуусу бар буйлар менен белгилениши керек.
Суу толгон карьерлерде, каналдарда, көлдөрдө, өрт өчүрүү көлмөлөрүндө, көл акваторияларында жана башка пляждары жабдылбаган көлмөлөрдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандардын жалпы суу жээгиндеги эс алуу жайы катары аныкталбаган көлмөлөрдө сууга түшүүгө тыюу салынат.
11. Суудагы коопсуздук чараларынын талаптарынын аткарылышын жана сакталышын контролдоо төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- көлмөлөрдү өндүрүш зарылчылыкта, ден соолукту чыңдоо, спорттук же башка максаттарда, ошондой эле жарандардын жалпы эс алуусуна колдонгон ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана башка чарбалык субъектилердин жетекчилерине;
- Суучулдарды даярдоо борборунун бөлүмдөрүнө.
12. Пляждарда, жалпы сууга түшүү жайларында жана сууга сүзүү бассейиндеринде төмөнкүдөй маалымат берилген такталар орнотулат:
- ушул Эрежелердин сууда коопсуздукту сактоо бөлүгүнөн алынган маалыматтар;
- эс алуучу жарандар үчүн сууга түшүү жана күнгө күйүү тартиби тууралуу сунуштар;
- абанын жана суунун температурасын, шамалдын согуу күчүн жана багытын, агымдын ылдамдыгын, көлдүн же башка көлмөлөрдүн толкуусун көрсөтүүчү таблицалар;
- пляждын акваториясынын жана аймагынын чегин, тереңдигин жана сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерди (ачык белгиленген) көрсөтүүчү карталар;
- өзүн өзү куткаруу ыкмалары;
- жабыркоочуга биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары;
- куткаруу постторунун, куткаруу (суучулдар) станцияларынын, ӨКМдын облустук ыкчам нөөмөтчүсүнүн, кыйроодон куткаруу кызматтарынын, медицина мекемелеринин, милиция бөлүмдөрүнүн жана Суучулдарды даярдоо борборунун бөлүмдөрүнүн жайгашкан жери же телефон номери жөнүндө маалыматтар.
13. Кырсыкты алдын алуу жана сууда кырсыкка учураган жаранга жардам көрсөтүү максатында ар бир ден соолук чыңдоо мекемелеринин жана жарандардын жалпы эс алуу жайларынын пляждарында, тийиштүү аймактар бекитип берилген ишканалар, мекемелер жана уюмдар, чарба жүргүзүүчү башка субъекттер куткаруу постторун түзөт, сууда куткаруучулардын жана медкызматкерлеринин үзгүлтүксүз күзөтү уюштурулат. Түзүлгөн куткаруу посттору Штаттык кызматкерлердин жобосунун талабына, анын функционалдык милдеттерине, Суучулдарды даярдоо борборунун куткаруу постторунун кабыл алуусуна жана ишине туура келиши керек (1-тиркеме).
14. Куткаруу постторун материалдык-техникалык жана финансылык камсыздандырылышы, жеке менчик формасына карабастан, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, жана башка чарба субъектилеринин каражаттарынын эсебинен, кошумча (макулдашуу менен) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн топтолгон каражаттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдарынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген булактардын эсебинен ишке ашырылат.
15. Куткаруу станцияларынын (постторунун) кызматкерлери жарандар тарабынан коопсуздукту сактоо чараларынын колдонулушун камсыз кылууга тийиш, пляждарда жана башка жарандардын жалпы эс алуу жерлеринде суудагы кырсыкты эскертүү боюнча түшүндүрүү жана башка иштерди ар кандай радио берүүчү каражаттарды, үн күчөткүчтөрдү, стенддерди ж.б. колдонуу менен ишке ашырышы керек.
16. Куткаруу станцияларынын жана постторунун иштөөсүн тикелей контролдоо жеке менчигинин түрүнө карабастан, пляж зонасы жана акваториянын суу бөлүгү бекитип берилген ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилиги ишке ашырат. Куткаруучу станцияларынын (постторунун) сууда куткаруучуларынын сууда жабыркаган жарандарга өз учурунда жардам көрсөтүүгө болгон даярдыгынын маселелерин контролдоону Суучулдарды даярдоо борборунун бөлүмдөрү жүргүзөт.
17. Куткаруу станцияларынын жана постторунун сууда куткаруучуларды даярдоо (жыл сайын кайра даярдоо, квалификацияны ырастоо) Суучулдарды даярдоо борборунун атайын программасы боюнча, ошондой эле тиешелүү лицензиясы бар башка уюмдар аркылуу ишке ашырылат.
18. Пляждын (калктын сууда жалпы эс алуу жайларында) акваториясынын түбүн изилдөө жана тазалоо пляждын акваториясынын түбүн изилдеген суучулдун тийиштүү изилдөө актысын, пляждын акваториясынын тереңдигин ченеген картасын берүү менен Суучулдарды даярдоо борборунун (2 жана 3-тиркеме) кызматкерлери, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу жумуштарды аткаруу сертификаты бар, Суучулдарды даярдоо борборунун аттестациясын өткөн, дасыккан суучулдар тарабынан жүргүзүлөт.
19. Пляжда бун жана толкунга тоскоол болуучу курулуштар болсо, суунун түбүн изилдөө жана чумкуганда коркунуч туудуруучу нерселерден тазалоо 3 метр тереңдикке чейин, мындай курулуштун периметринен 5 метр аралыкка чейин жүргүзүлөт.
20. Пляждарды төмөнкүлөрсүз колдонууга тыюу салынат:
- пляждардын акваториялары изилденип жана тазаланбаса;
- суунун сапатын контролдоочу лабораториялык корутунду болбосо;
- даярдалган сууда куткаруучулары бар жана керектүү куткаруучу шаймандары менен жабдылган, кеңири жайылган ведомстволук мезгилдик куткаруу посттору жок болсо, анын ичинде, пляждын суу түбүндө суу агып чыгуучу жана сууну топтоочу суу түтүктөрү болсо, ошондой эле пляжга кирген изилдене элек, кеме токтоочу жай, кеме токтоочу дубалдар, суу шаймандарынын токтоочу жерлеринин жанында.
21. Суу чыгаруучу жана суу топтоочу суу түтүктөрүн изилдөө, гидротехникалык курулуштарды оңдоо Суучулдарды даярдоо борбору, ошондой эле суучулдар аткаруучу ушул ишти аткарууга жол берилген жана сертификаты бар атайын уюмдардын күчү менен жүргүзүлөт.
22. Жалпы эс алуу жерлерде эс алып жаткан жарандарга төмөнкү иштерди кылууга тыюу салынат:
- тыюу салынган белгилер же "Коркунучтуу!"; "Сууга түшүүгө болбойт!"; "Сууга чумкууга (секирүүгө) тыюу салынат!" деген жазуулар бар жерлерде сууга секирүүгө жана түшүүгө;
- тосмо белгилерден ары сүзүүгө (буйлардан, буй жолдорунан);
- моторлуу, жел кемелерине, калакты орнотууга ылайыкталган кайыктарга жана башка суу жабдыктарына жакын сүзүп барууга;
- техникалык жана эскертүүчү белгилердин, буйлардын жана башка нерселердин үстүнө чыгууга;
- куткаруучу шаймандарды жана жабдыктарды тиешесиз колдонууга;
- сууга секирүүгө ылайыкталбаган жана суунун абалы жана тереңдигинин белгисиз жерлерде сууга секирүүгө;
- спирт ичимдиктерин ичүүгө жана мас абалда сууга түшүүгө;
- сууда чумкуу жана сууга түшүп жаткандарды кармоо менен байланышкан оюундарды уюштурууга;
- жалган коркунуч сигналын берүүгө;
- жаш балдарды кароосуз калтырууга;
- сууда сүзүү үчүн автомобиль камераларын, үйлөнгөн матрацтарды, тактайларды жана ошого окшогон нерселерди колдонууга;
- пляж зонасында моторлуу, парус, калакты орнотууга ылайыкталган кайык жана башка калак менен жүрүүчү жана мотор менен жүрүүчү сууда сүзүү жабдыктарын колдонууга;
- өзү менен кошо иттерди жана башка жаныбарларды ээрчитип келүүгө;
- көлмөлөрдү кирдетип, таштандыларды калтырууга.
23. Суучулдарды даярдоо борбору тарабынан пляждардын, санаторийлердин, профилакторийлердин, балдар ден соолугун чыңдоо лагерлеринин, сууда сүзүү бассейндеринин, жана жарандардын башка эс алуу мекемелеринин администрациялары үчүн суудагы коопсуздукту сактоо маселеси боюнча сунуштар киргизилет.
24. Балдардын суудагы коопсуздугу түшө турган жерди туура тандоо, аны жабдуу, калк арасында сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин жана эскертүүчү чараларды колдонуу боюнча системалык түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу аркылуу ишке ашырылат.
25. Көлдүн, көлмөнүн жээгинде же ага жакын жайгашкан балдардын ден соолугун чыңдоо мекемелери сууга түшүүгө ылайыкташтырылган жайлары (пляждар) кеме токтоочу, канализация суулары агып чыгуучу, нөшөрлөгөн жаандын суулары аккан жана жерди булгоочу башка булактардан 500 метр алыс аралыкта жайгашуусу керек.
26. Пляждын аймагында кийим чечүүчү бөлмөлөрдүн, көлөкө кылуучу бастырмалардын, чайкангычтар, суу ичүүчү жайлардын, фонтандардын, дааратканалардын болуусу зарыл. Пляжда ведомстволук куткаруу посту жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү пункту жайгаштырылууга тийиш. Пляждын сууга түшкөн түбү таштардан тазаланып, же жантайтып коюлган тактайлар менен жабдылышы керек.
27. Суудан 3 метр аралыктан алыс эмес жерде куткаруучу шаймандары менен (куткаруучу тегерек, Александровдун түйүнү бар) такта (мамы) орнотулушу зарыл; коопсуздукту сактоо эрежелери, чөгүп бара жаткан адамга биринчи жардам көрсөтүү, биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары, суунун абалы тууралуу маалымат (суунун, абанын температурасы боюнча), суу жана күн процедураларын алуу боюнча сунуштар жазылган стенд орнотулушу керек.
28. Сууда сүзүү чеги вехалар, буйлар, калкыма тосмолор менен 0,7 тереңдикке чейин бүт периметр боюнча белгиленет. Ар бир отряд үчүн жээкти бойлон бири биринен 5 метр аралыкта жана суудан 1 метр аралыкта түстүү желекчелер же кыдырата түстүү желекчелерден жасалган тосмолор (фал) орнотулат.
29. Балдардын ден соолугун чыңдоочу, суу жээгинде жайгашкан ар бир мекеменин куткаруу шаймандары менен жабдылган ведомстволук куткаруу посту, медициналык пункту болушу керек.
30. Балдардын сууга түшүүсү буйрук менен бекитилген, сууда коопсуздукту камсыз кылууга жоопту адамдын, тарбиячылардын (вожатый), медицина кызматкеринин, сууда сүзүү боюнча инструктордун, суудагы куткаруучунун көз алдында жүрүшү керек.
31. Балдарды (12 жашка чейин) ата-энесинин кароосусуз, жалгыз сууга түшүрүүгө тыюу салынат. Бул эрежени бузган ата-энелер жоопкерчиликке тартылат.
32. Ондон ашпаган баладан турган топторго гана сууга түшүүгө уруксат берилет. Бир мезгилде бир топтун балдарына гана сууга түшүүгө уруксат берилет, чабак урууну билбегендердин сууга түшүүсү өзүнчө жүргүзүлөт. 10 баладан турган ар бир топко бир суудагы куткаруучу дайындалышы керек.
33. Жыл сайын, сууга түшүү сезону башталаар алдында, балдардын сууга түшүү жерлеринде төмөнкүдөй даярдыктар жүргүзүлөт:
- пляж зонасын текшерүү жана тазалоо, суу акваториясынын түбүн изилдөө жана тазалоо;
- отряддын (топтун) сууга түшүүсү үчүн бөлүнгөн участоктун чеги жээкти бойлото желектер менен белгиленет;
- сууга түшүү үчүн бөлүнгөн участоктун акваториясынын чеги периметри боюнча калкыма тосмолору менен белгиленет.
Балдар сууга түшүп жаткан учурда:
- такталарда куткаруучу шаймандар илинет;
- суудагы куткаруучу кайык менен белгиленген акваториянын сыртында 2-3 метр аралыкта турушу керек;
- сууда сүзүү инструктору ар бир топко коопсуздук эрежелери боюнча инструктаж жүргүзөт;
- сууда бир куткаруучу балдар сууга түшүп жатканда алардын жанында болуусу зарыл.
34. Балдардын ден соолугун чыңдоочу ар бир мекеменин пляжында сууга сүзүүчү такталары, сактагыч (куткаруу) курлары, электромегафон, пляждын акваториясын белгилөөчү калкыма тосмолор менен жабдылган чабак урууга үйрөтүүчү пунктар жайгаштырылат.
Окуу пунктунда сабактын расписаниеси, сууга сүзүүнүн техникасы жана методикасы, суудагы коопсуздуктун чаралары боюнча окуу плакаттары илинет. Чабак урууга үйрөтүү сууда сүзүү боюнча инструктор тарабынан жүргүзүлөт.
35. Балдарды сууга сүзүүгө үйрөтүү учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- балдар пляжында бөтөн кишилердин сууга түшүүсүнө жана ал жакта болушуна;
- балдар пляжынан 50 метр аралыка жакын жерде кайыкта жана катерде сүзүүгө;
- оюндар жана башка спорт иш чараларын өткөрүүгө.
Балдарды суу каражаттарына түшүрүүгө сөзсүз суудагы куткаруучунун кароосу менен нөөмөттөгү моторлуу же калактуу куткаруу каражаттары, куткаруу шаймандары (куткаруу тегереги, Александровдун түйүнү, капрон тросу бар 200 метр узундуктагы тешикти жабуучу темир калак, куткаруу чыптамалары, курлар, биринчи жардам көрсөтүүчү аптечка, ооз көңдөйү үчүн каражат, 8 түрүндөгү түтүк) ж.б.у.с) болгон учурда гана мүмкүндүк берилет. Төмөнкүлөргө ээ болгон адамдарга мотор кайыгын (катер) же башка суу моторлуу каражаттарын айдоого уруксат берилет:
- кеме билети жана техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу белгиси коюлган кеме күбөлүгү же тийиштүү каттоочу жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн, катталгандыгын далилдеген кеме документтеринин комплекти;
- контролдоо талону бар чакан кемени айдоого укук берген кеме айдоочусунун документи (диплом, күбөлүк);
- бортто болгон бардык адамдардын паспорту же күбөлүгү;
- ээси жок болгон учурда, жеке жакка тиешелүү чакан кемени башкарууга укук берүүчү, нотариус күбөлөндүргөн ишеним кат.
36. Кайыкка (катерге) түшкөн учурда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- кайыкка (катерге) жүргүнчү ташууда (жүк жүктөөдө) ашык адам салууга;
- чоң кишилердин коштоосу жок 16 жашка чейинки балдарга кайык (катер) айдоого;
- кайыктан (катерден, суу велосипединен) сууга секирүүгө жана түшүүгө;
- бортто отурууга, бир жерден башка жерге же башка кайыкка өтүүгө (отурууга).
37. Ар бир суу станциясында, кире базасында жана кеме токтоочу жайларда дайыма нөөмөттө турган, сүзүү каражаттары менен колдонуу коопсуздугун контролдоону ишке ашыруучу куткаруу посту жабдылып, иштөөгө тийиш. Нөөмөттө тургандар сууда жабыр тарткандарга жардам көрсөтө алышы керек.
38. Суу станцияларында, кире базаларында жана кеме токтоочу жайларда ушул Эрежелерден, Сууда сүзүү каражаттарын колдонуу эрежелеринен үзүндүлөр, аталган акваторияда же райондо сууда сүзүү каражаттары менен сүзүү чегинин схемасы, сууда сүзүү эрежелери бар плакаттар жакынкы куткаруу станциясынын же куткаруу постторунун, ӨКМдин райондук, областык, ыкчам нөөмөттөрүнүн, Суучулдарды даярдоо борборунун, тез жардамдын, ички иштер органдарынын башкармалыгынын же бөлүмдөрүнүн жана кеме жүрүү коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча органдын телефон номеринин көрсөткүчтөрү илиниши керек.
39. Сууда өз алдынча жүрүүчү, өз алдынча жүрө албаган сүзүү каражаттарын, ошондой эле жел кемелерин жарандар колдонгондо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- белгиленген чектен ашык адам салууга жана жүк жүктөөгө;
- буй тосмолору менен тосулган сууга түшүү акваторясына кирүүгө;
- вехалар, буйлар, буй жолчолору менен белгиленген жээкке баруучу өткөөлдүн чегинен өтүүгө;
- сүзүп бара жаткан башка кемелерге барууга, алардын жолун 500 метрге чейинки жакындыкта кесип өтүүгө;
- кемелерден жана башка сүзүү каражаттарынан сууга чумкууга;
- кемеге 7 жашка чейинки балдарды салууга; 16 жашка чейинки балдарга кемелерди киреге берүүгө жана ага чоң кишинин коштоосу жок түшүүгө;
- сүзүү каражаттарын колдонуп жатып спирт ичимдиктерин ичүүгө;
- сүзүү каражатынын тумшугуна отурууга, бортунан бутту салаңдатууга;
- куткаруучу каражаттарын тиешесиз колдонууга;
- сүзүү каражатынын кыймылдаткычынын кубаттуулугуна туура келген кеме айдоочусунун күбөлүгү жок адамдарга мотор кайыктарын айдоого;
- пристандан, кеме токтоочу жайдан, базадан тышкары жерлерде, күтүлбөгөн кырдаалдан башка учурларда, жүргүнчүлөрдү отургузуу жана чыгаруу ишин аткарууга.
Чакан кемелердин сүзүүгө чыгышына уруксат берилүүчү учурлар:
- кеменин техникалык жактан оң учурунда;
- классификациялык коомдун документтеринде көрсөтүлгөн жабдыктар жана шаймандар болгон кезде.
40. Сүзүү каражаттары келүүчү жерлер буй тосмолор, желеги бар вехалар менен белгилениши керек, сүзүү каражаттары менен жабдылбаган жерге келүүгө тыюу салынат.
41. Сүзүү каражаттарын колдонгон жарандар сууда жабыр тартып жаткан адамдарга жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
42. Сууда машыгуу, мелдеш же башка иш чараларын өткөрүү мезгилинде, иш чараны өткөрүп жаткан мекеменин же уюмдун жетекчиси кемелердин жана катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылат.
43. Причалдарды, причалдык дубалдарды, куткаруу станцияларын жана курулуштарды ачуу жана анын техникалык күбөлөндүрүлүшү курулуштун колдонуудагы ченемдерине жана эрежелерине ылайык ишке ашырылат.
44. Калктын коопсуздугун сактоо жана кырсыкты болтурбоо максатында чакан кеме причалдарында объекттин техникалык абалын көрсөтүүчү, аталган ишти жасоого уруксаты бар курулуш жаатындагы атайын эксперттик уюму тарабынан берилген паспорту болушу керек.
45. Суу алдындагы сууга сүзүүчүлөрдүн (суу алдында сүзүүчү спортсмендердин, суу алдында сүзүү ышкыбоздорунун, дайвинг адистеринин ж.б.у.с.) чумкуусу атайын суу алдындагы спорт жана дайвинг менен машыгууга бөлүнүп берилген жерлерде уруксат берилет. Сууга чумкуунун алдында сүзүүчүлөр куткаруу станцияларына (постторуна) же ӨКМдын (Суучулдарды даярдоо борбору) ыкчам нөөмөт бөлүмдөрүнө сүзүүчүлөрдүн саны, түшө турган жери жана түшүү убактысы тууралуу катталышат же маалымдашат.
46. Кырсыкты болтурбоо максатында суу алдындагы сүзүү жерлери коомдук сууга түшүү жерлеринен алыс жана кеме өтүүчү жолдордон четте болушу керек.
47. Суу алдындагы спорт жана дайвинг менен машыгуучу акваториянын районунда гидротехникалык курулуштар, суу алдындагы коммуникация жолдору жана тармактары, жасалма тоскоолдуктар жана коркунуч туудуручу нерселер болбошу керек. Суунун агымынын ылдамдыгы 0,5 м\секундадан ашпоого, суунун тунуктугу - 2 метрден кем эмес болууга тийиш.
48. Суу алдына түшүүгө курагы 16 жаштан ашкан, ден соолугу чың, сууга жакшы сүзгөн, кысылган абада аппарат менен колдонууну үйрөнгөн, суучулдун (аквалангисттин, дайвердин) күбөлүгүнө ээ болгон, чумкуп жатканда жана суу алдында коопсуздукту сактоо чараларын билген, сууда куткаруу ыкмаларын өздөштүргөн адамдарга уруксат берилет.
49. Өспүрүмдөр клубдарынын (секциялардын) мүчөлөрү 14 жаштан баштап клубдун жооптуу адамынын жетекчилиги жана байкоосу менен, бардык коопсуздук чараларын сактап, керектүү медикаменттери жана аспаптары бар медкызматкердин катышуусунда суу алдына түшүүгө машыгууга уруксат берилет.
50. Сабакты жетектөөгө жана өткөрүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Суучулдарды даярдоо борборунун суу алдындагы сүзүүнүн жана жеңил жабдууну кийген суучулдун ишин аткаруунун штаттык инструкторлору;
- суучул адистер, жеңил жабдууну кийген суучулдун ишин аткаруучу инструкторлор, тийиштүү сертификаты бар дайвинг боюнча инструкторлор.
51. Сабактын (чумкуунун) башчысы жакынкы декомпрессиондук камеранын жайгашкан жерин билиши зарыл жана анда жабыр тарткан адамды ошол жакка жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болушу керек.
52. Сууга чумкууну жээктен же куткаруу шаймандары, атайын траптар менен жабдылган сүзүү каражаттарынан (катерден, кайыктардан), медкызматкеринин (врач-физиологдун) көз алдында, ишке ашырса болот.
53. Жээктен же сүзүү каражаттарынан сууга чумкууну баштоонун алдында эскертүүчү төмөнкүдөй сигнал берилиши керек:
- көлдөрдө жана суу сактагычтарда - "Суучул түшүп жатат, алысыраак болгула" деген жазуусу бар көк түстөгү үч бурчтуу кесиндиси бар (200 м) (480x300 мм) ак желек.
54. Кысылган аба менен иштеген аппарат менен чумкуу сөзсүз кеминде 3-4 адамдан турган топто жүргүзүлүшү зарыл, анын экөө камсыздандыруучу кайыктан белги жана буйларды байкап турат; кайыктагы суучулдардын бирөөсү (дайвер, чабак уруучу) суу алдындагыларга жардам көрсөтүү үчүн түшүүгө даяр турушу керек. Медкызматкер жакын аралыкта болуп, биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө даяр туруусу зарыл.
55. Сууга чөмүлүүнүн бардык түрүндө экиден кем эмес суучул жабдыктарынын комплекти даярдалышы керек (биринчиси - сууга чумкуган адам үчүн, экинчиси - ага жардамга келүүчү адам үчүн). Камсыздандыруучу суучулдарда (дайверлер, сууга сүзүүчүлөр) талапка жооп берүүчү суучулдар шаймандарынын комплекти болуусу зарыл.
56. Сууга чумкууга төмөнкү учурда катуу тыюу салынат:
- сузуп бара жаткан катерлерден, кайыктардын үстүнөн;
- бийик борттуу кемелерден (бийиктиги 1,5 метрден ашуун); борттун бийиктиги 0,4 метрден 1,5 метрге чейин болсо, суучул трап милдеттүү түрдө болуусу зарыл;
- сууга түшүүгө тыюу салынган зоналарда, коомдук сууга түшүү жайларда, кеме токтоочу жерлерде жана чукул жээктерде, кеме жүрүүчү райондордо;
- бузук жана текшерилбеген жабдыктар менен;
- текшерүүдөн өтпөгөн (күбөлөндүрүлбөгөн) аппарат (баллондор) менен;
- медициналык көрсөтмө учурунда (сыркоологондо, чарчаган убакта, мас абалда, ооруган убакта ж.б.у.с);
- деңиздин (көлмөнүн) 2 баллдан ашык толкуусунда;
- суунун агымынын тездиги 0,5 м\секундадан ашкан учурда;
- суунун температурасы - плюс 8 гр. Цельсиядан төмөн кезде;
- жалгыз жана үч кишиден аз топто.
57. Жеңил суучул аппараттарын пайдалануунун завод сунуштаган нускамалардын талаптарын жана эрежелерин бузбай аткаруу коопсуздукту сактоонун милдеттүү шарты болуп эсептелет. Текшерүүдөн өткөн аппараттарды колдонууга уруксат берилет. Кезектеги техникалык текшерүүдөн өтпөгөн баллондорду колдонууга болбойт (баллондордо мурдагы техникалык күбөлөндүрүүчү станциянын мөөрү коюлуп, кезектеги жана келээрки техникалык кароонун мөөнөтү көрсөтүлөт), текшерүүнү үч жылда кеминде бир жолу жүргүзүү зарыл.
58. Суучулдардын (аквалангисттердин) топторунун жетекчилеринде сууга чөмүлүүнү уюштурууга жоопкер адамдын бекитилгендиги тууралуу буйругу, аппараттардын аба кошундулары менен толтурулган күнүн жана санын көрсөтүүчү документ, зарядка болгон күнүн (саатын), аппараттын санын жана аталышын (номерин) көрсөткөн аппараттарды заряддаган жоопкер адамдын (уюмдун) маалыматы (жазуу түрүндөгү күбөлүгү), болушу керек.
59. Жогорку басымдагы аба компрессорлору бар жана аппараттарды кысылган аба менен толтуруу кызматын көрсөтүүчү менчик ээлери (клубдар, ишканалар, уюмдар) жогорку басымдагы аба менен иштөөчү жабдыктарды пайдаланууга жана өтө коркунучтуу иштерди аткарууга тиешелүү уруксаты болушу керек.
60. Сууга жеңил чумкууларды ишке ашырган же дайвинг боюнча чумкууну жүргүзгөн жарандардын, клубдардын, уюмдардын менчик аппараттары катталат жана милдеттүү түрдө ӨКМдын аймактык бөлүмдөрүндө эсепке алынууга тийиш.
61. Суучулдар тобунун (суу алдындагы сүзүүчүлөрдүн, дайвинг боюнча адистердин) сууга түшүүсүнө Суучулдарды даярдоо борбору тарабынан берилген суучулдун китепчеси же сертификаты жана төмөнкү документтер болгон учурда гана уруксат берилет:
- суу алдындагы суучулдар (дайверлер) тобунун квалификациясы жана чумкууну жүргүзүүгө жооптуу адамдар көрсөтүлгөн тизме (паспорттук маалыматтар);
- суучулдардын шаймандарынын жана жабдууларынын тизмеси (аппараттардын номерлери жана аларды техникалык күбөлөндүрүүнүн күнү);
- сууга сүзүүгө керектүү болгон шаймандар жөнүндө маалымат (катталган документтер жана сууга сүзүү шаймандарынын ээси тууралуу маалымат).
62. Көлмөдөгү суунун бетиндеги муз 10 см калыңдыкка жетмейинче муз үстүндө коньки, лыжа тебүүгө болбойт.
63. Муздан анын катуулугун текшерип туруп өтүү керек. Муздун калыңдыгы тузсуз сууда - кеминде 10 см, көлдө - кеминде 15 см болмоюнча музга чыгууга тыюу салынат. Муздун калыңдыгын бут менен тээп же бир нерсе менен (таш, таяк ж.б.у.с.) уруп текшерүүгө тыюу салынат.
Муздун калыңдыгы куткаруу станцияларынын (постторунун) кызматкерлери тарабынан кол менен иштөөчү бурду колдонуу жана тиешелүү маалымат таблицаларын илүү менен аныкталат.
64. Музда бара жатканда муз үстүн жакшылап карап, этияттап басуу керек. Коркунучтуу жана шектүү жерлерди айланып өтүү зарыл, музда түнкүсүн басууга болбойт.
65. Топтошуп муздан өткөн убакта бири-биринин артынан 5-6 м аралыкта, алдыда бара жаткан адамды байкап жүрүү керек.
66. Атайын жасалган муз айдыңдарда гана коньки тебүүгө болот. Жалпы коньки тебүүгө калыңдыгы кеминде 25 см болгон музда гана уруксат берилет.
67. Муздун астынан балык уулоодо анча чоң эмес аянтта көп чөнөк жасоо, муз үстүндө секирүү жана чуркоо, топтошуу сунушталбайт. Ар бир балык уулоочуда 15-20 м узундуктагы бир учунда сыйыртмак, экинчи учунда 400-500 г массадагы атайын куткаруучу жип болушу керек.
1-тиркеме
1. Бул Жобо төмөнкү максатта иштелип чыкты:
- куткаруу постторунун ишин, куткаруу ыкмаларын колдонууга жана адамдарды суу кырсыктарынан сактоо боюнча иш-аракет көрүүгө атайын милдеттүү түрдөгү даярдыкты камсыз кылуу;
- куткаруу постторунун кызматкерлерин кесиптик даярдоо боюнча милдеттүү талаптарды аныктоо;
- куткаруу постторунун жана станцияларынын куткаруу шаймандарынын жана жабдыктарынын милдеттүү тизмесин, штаттык расписаниесин бекитүү.
2. Ведомстволук куткаруу постторунун сезон алдында даярдык көрүүсү атайын, жалпы, теоретикалык жана практикалык болуп бөлүнөт.
3. Атайын даярдыкка төмөнкү куткаруу кесиптерин өздөштүрүү кирет: суучул-куткаруучу (суу алдында сүзүүчү), моторист, куткаруу станциясынын медициналык кызматкери (медайымы), суудагы куткаруучу.
4. Жалпы даярдык куткаруу кызматынын колдонулуучу документтерин окууну, суудагы кырсыкты алдын ала эскертүү боюнча практикалык ишти, куткаруу ыкмаларын жана жабыр тартканга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү өздөштүрүү, сууда-куткаруу иши боюнча практика өтүүнү камтыйт.
5. Станцияларды жана постторду даярдоо программасына негизги үч маселе кирет:
- куткаруу станциясынын, куткаруу постунун кызматын уюштуруу;
- жай мезгилинде сууда адам өмүрүн коргоо боюнча куткаруу станциясынын иш аракеттерин уюштуруу;
- куткаруу станциясынын, куткаруу постунун материалдык-техникалык жактан жабдылуусу (камсыз болушу).
6. Жалпы уюштуруучу көрсөтмөлөр:
- куткаруу станцияларынын жана посттордун кызматкерлерин даярдоо Суучулдарды даярдоо борбору уюштурган атайын курстарда (жыйындарда) жүргүзүлөт;
- куткаруу станциялары жана посттору Суучулдарды даярдоо борборунун адистери катышкан мамлекеттик комиссия кабыл алгандан кийин гана ачылат;
- куткаруу станцияларын жана постторун ишке кабыл алуунун сөзсүз коюлуучу шарты болуп аталган станциялардын жана посттордун кызматкерлеринин жооптуу тапшырманы - сууда жабыркоочуга ар кыл шартта жардам көрсөтүүнү аткаруусу эсептелет. Даярдануу убагында жана кабыл алууда жеңилдетүүлөргө жол берилбейт;
- станцияларды (постторду) даярдоо, суудагы куткаруучуларды, суучул куткаруучуларды (суу алдында сүзүүчүлөрдү) окутуу теоретикалык сабактарды өтүү жана жумуш ордунда машыгуу жолу менен куткаруу шаймандарын жана техникасын колдонуу аркылуу өткөрүлөт. Машыгуу даярдыктын негизги түрү болуп саналат жана бардык сезондун убагында (жыл бою) жүргүзүлүүсү керек. Куткаруу станцияларынын кызматкерлеринин даярдыгынын жүрүшү жана мазмуну куткаруу станциясынын сабакты көзөмөлдөө журналында белгиленет;
- курстук даярдыктын (жыл сайын) жыйынтыгында ар бир сууда куткаруучу куткаруу айгайы боюнча өз милдетин так билиши жана аткарышы керек, чөгүп (сүзүп) баратканды суу үстүндө жана суу алдындагы кыртыштан көтөрүүнү билиш керек, ага биринчи жардам көрсөтүп, куткаруу шаймандарын колдонуп, кайыкта сүзө алышы керек;
- максималдуу натыйжага жетишүү үчүн куткаруу станциясынын (посттун) ар бир кызматкери чектеш адистикти - суучул-куткаруучу (дайвер) адистигин өздөштүрүүсү керек;
- ар бир кызматкер суудагы кырсыктардын алдан алуу боюнча чаралардын практикалык ыкмаларын билиши керек, куткаруу шаймандары жана жабдыктары менен иштей алышы зарыл, өз кызмат милдеттерин кынтыксыз аткаруусу керек;
- даярдоонун теориялык жана практикалык маселелерди ишке ашырууда Куткаруу станциялары жана посттору жөнүндө жобону, адистик боюнча даярдоо программаларын, типтүү нускамаларды, Суучулдук ишти аткаруудагы коопсуздуктун бирдиктүү эрежелерин, техниканы, жабдыктарды жана каражаттарды кароо жана пайдалануу боюнча нускаманы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын адам өмүрүн сууда коргоону уюштуруу боюнча жобону (чечимин) жетекчиликке алуу керек;
- куткаруу станцияларынын жана постторунун ишин Суучулдарды даярдоо борбору координациялайт;
- станциялар (посттор) төмөнкү маселелер толук иштелип чыккан кезде гана ишке киргизилет: кесиптик даярдык; техниканын, куткаруу каражаттарынын ишке жарактуулугу; куткаруу станцияларынын жана постторунун жайларынын жана аймактарынын даярдыгы;
- текшерүүнүн аягында комиссия станциянын (посттун) бүт кызматкерлердин катышуусунда жетишпегендиктерди аныктайт жана аны жоюу мөөнөтүн белгилейт, станциянын (посттун) даярдыгына баа берет. Даярдыкты баалоо жана жыйынтыктар куткаруу станциясынын (посттун) журналына жазылат;
- курорт сезону башталаар алдында куткаруу станциясынын (посттун) ээси катерлерди, кайыктарды (сууда куткаруучу каражаттарды) текшерүү жана сүзүүгө уруксат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар алдындагы Мамлекеттик транспорт инспекциясына көрсөтөт;
- катерди өз алдынча башкарууга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар алдындагы Мамлекеттик транспорт инспекциясынын чакан кемени башкарууга укук берүүчү күбөлүгү бар адамга гана уруксат берилет. Катерди колдонгондо кеме айдоочунун катердин кыймылдаткыч күчүнө туура келген күбөлүгү бар адам айдоосу керек.
Куткаруу станциясынын (куткаруу постунун) начальниги куткаруу станциясынын (куткаруу постунун) сезон алдындагы даярдыгына, кызматкерлердин жоболорду, нускамаларды, окуу жана методикалык материалдарды өздөштүрүүсү, адамды куткаруунун жана жабыркоочуга биринчи жардам көрсөтүүнүн ыкмаларын үйрөнгөндүгү үчүн жооп берет.
Ведомстволук куткаруу постуна, станциясына коюулуучу талаптар жана алардын аткарылышы:
┌──────────────────────┬──────────────────────────────────────────────┐
│ Станцияга (постко) │ Аткарылуучу чаралар │
│ коюлуучу талаптар │ │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│1. Куткаруу │1. Төмөнкүлөр түзүлөт, окулат жана аткарылат: │
│станциясынын (посттун)│а) Расписание: │
│документтери │- жай мезгилиндеги куткаруу айгайы боюнча; │
│ │- куткаруу станциялары жана кыйроодон куткаруу│
│ │топтору үчүн авария айгайы боюнча. │
│ │б) Нускамалар: │
│ │- нөөмөт суучулга, нөөмөт мотористке, нөөмөт │
│ │медайымга; │
│ │- нөөмөт суу куткаруучуга жана вахтадагы │
│ │байкоочуга; │
│ │- техниканы, жабдыктарды жана куткаруу │
│ │шаймандарын кароо, пайдалануу боюнча; │
│ │- көчмө посттун куткаруучусуна. │
│ │в) Журналдар: │
│ │- вахталык, суучулдук, мотордук, │
│ │компрессорлордун иши, кырсык актылары, сабакты│
│ │эсепке алуу. │
│ │г) Формулярлар: │
│ │- катердин, компрессордун, суучул аппараттын │
│ │жана башка техниканын. │
│ │д) Схемалар, карталар: │
│ │- куткаруу станциясынын (куткаруу постунун) иш│
│ │жүргүзгөн районун; │
│ │- радиотелефон байланышынын, байкоонун жана │
│ │сигнализациянын │

│2. Кызматты күнүмдүк │Төмөнкү сменалардын күнүмдүк нөөмөтү │
│уюштуруу │белгиленет: │
│ │- куткаруу станциялары (посту) боюнча нөөмөт; │
│ │- байкоочу мунарадагы вахта. │
│ │Байкоочу мунаралар төмөнкүдөй байкоо │
│ │каражаттары жана сигнализация менен жабдылат: │
│ │- дүрбү, элктромегафон жана үн чыгаруучу │
│ │сигнализация. │
│ │Медициналык пункт төмөнкүдөй жабдылат: │
│ │- пост, нөөмөттөгү кайык үчүн санитардык │
│ │баштык комплектелет. │
│ │Куткаруу айгайында пайдалануу үчүн техникалар,│
│ │сүзүү каражаттары дайыма даяр турушу керек. │
│ │Күнүгө пландаштырылган төмөнкүдөй жумуштар │
│ │жана сабактар өткөрүлүп турат: │
│ │- жайларды жана аймактарды жыйноо, материалдык│
│ │бөлүктү кароо, техниканы оңдоо; │
│ │- бардык расписаниелер жана айгайлар, │
│ │нөөмөттөгү сменанын, вахта байкоочусунун │
│ │нускамалары текшерилет, өз ишканасын кароо │
│ │жана пайдалануу боюнча, коопсуздукту сактоо │
│ │эрежелери жана кызматтык документтердин │
│ │жүргүзүлүшү каралат, Куткаруу станциялары жана│
│ │посттору тууралуу жоболор, эмгекти коргоо │
│ │боюнча материалдар, жергиликтүү бийлик │
│ │органдарынын сууда адам өмүрүн коргоону │
│ │уюштуруу боюнча токтомдор жана буйруктар менен│
│ │тааныштырылат │

│3. Байкоо, │Куткаруу станциясынын (постунун) тез жардам, │
│сигнализация жана │ӨКМдын бөлүктөрү, милиция, жээктеги станциянын│
│байланыш │көчмө посту менен үзгүлтүксүз телефон │
│ │байланышы түзүлөт. │
│ │Станциянын бардык кызматкерлерине төмөнкүлөр │
│ │үйрөтүлөт: станциянын (посттун) иш жүргүзгөн │
│ │районунун схемасы, байкоону жүргүзүү, көчмө │
│ │посттор менен сигнализацияны уюштуруу, │
│ │байланышты, дүрбүнү, стереотүтүктү, │
│ │электромегафонду, ошондой эле УКВ │
│ │радиоаппаратурасын, радио берүү түйүнүн жана │
│ │магнитофонду колдонуу эрежелери │

│4. Профилактика │Жээктин куткаруу станциясына (постко) │
│(суудагы кырсыктарды │бекитилген тилкеси, жалпы эс алуу жайлары, │
│эскертүү) │кайык жана суу станциялары, ошондой эле │
│ │профилактика жана сууда адам өмүрүн коргоо │
│ │иштерин уюштурууга муктаж пляждар аныкталат │
│ │жана изилденет. │
│ │Пляждардын, суу станцияларынын, кайык жана │
│ │жеңил суучул жабдыктарын киреге берүүчү │
│ │станцияларынын, суу аттракциондорунун │
│ │жабдыктары менен колдонуу эрежелери, балдардын│
│ │жээкте эс алуусунун коопсуздугун камсыздоочу │
│ │эрежелер үйрөтүлөт. │
│ │Сууда коопсуздукту сактоо чараларын эс │
│ │алуучулардын арасында жайылтуу материалдары │
│ │текшерилет, станциянын (посттун) кызматкерлери│
│ │куткаруу кызматынын практикалык ыкмаларын │
│ │өздөштүрүшөт, стенддер жана "сууда │
│ │куткаруучунун бурчун" орнотуу боюнча тажрыйба │
│ │алышат │

│5. Кесип боюнча │Машыгууларда төмөнкүлөр иштелип чыгат: │
│даярдоону өркүндөтүү │а) суучулдар, дайверлер (сууда куткаруучулар) │
│ │менен: │
│ │- жеңил суучул жабдыктарды колдонууга жана │
│ │жеңил суучул жабдыктарды кийүүгө (убакытты │
│ │белгилөө менен) даярдоо; │
│ │- экинчи суучулдун камсыздандыруусу менен │
│ │жеңил жабдууну кийген суучулду суу алдына │
│ │чумкууга, макетти издөөгө жана аны суу │
│ │астындагы кыртыштан көтөрүп чыгууга │
│ │машыктыруу. │
│ │б) мотористтер менен: │
│ │- нускамага ылайык куткаруучу катерди │
│ │пайдалануу жана катердин чыдамдуулугун │
│ │жогорулатуу боюнча иш-аракеттерди иштеп чыгуу;│
│ │- катердин токтоочу жайдан кетиши, жээкке │
│ │келип токтошу, сүзүп жүргөн предметке барышы; │
│ │- компрессорду жана аба тазалоочу чыпканы │
│ │пайдалануу; │
│ │- техниканын бузугун жоюу жана оңдоо; │
│ │в) медайымдар жана врачтар менен: │
│ │- суучул иштерин (сууга чумкууну) медициналык │
│ │камсыз кылуу; │
│ │- суудагы жабыркоочуга медикаменттерди, │
│ │аппараттарды колдонуу менен жана аппаратсыз │
│ │жасалма дем алдырууну жүргүзүп, медициналык │
│ │жардам көрсөтүү; │
│ │- станциянын (посттун) кызматкерлерине кызмат │
│ │бөлмөлөрүнүн жана пляждын аймагынын санитардык│
│ │абалына медициналык көзөмөл жүргүзүү; │
│ │- суучулдардын аппараттарын, абанын сапатын │
│ │көзөмөлдөө; │
│ │г) чарба башчылары (материалдуу жоопту │
│ │адамдар) менен: │
│ │- мүлктү сактоо жана эсептөө; │
│ │- сүзүү каражаттары туруучу жерди жабдуу; │
│ │- кайыктарды, куткаруу тегеректерин, курларын,│
│ │"Александров түйүндөрүн", жана башка куткаруу │
│ │каражаттарын пайдалануу; │
│ │- такелаждык, сырдоо жана оңдоо иштерин │
│ │аткаруу │

│6. Жалпы даярдык │Сабактарда, машыгууда станциянын жана │
│ │посттордун бардык кызматкерлери төмөнкүлөрдү │
│ │үйрөнүшөт жана иштеп чыгышат: │
│ │- куткаруучу каражаттардын түзүлүшү жана аны │
│ │колдонуу (тегерек, кур, "Александров түйүнү", │
│ │куткаруу шатысы, такта жана башка); │
│ │- сууда сүзүүнүн, чөгүп жатканды буксирге │
│ │алуунун жана чырмалуудан бошотуунун ыкмалары; │
│ │- жасалма дем алуунун жана сууда жабыр │
│ │тартканга биринчи жардам көрсөтүүнүн ыкмалары;│
│ │- кайыктын түзүлүшүн, кайыкты калак менен │
│ │айдоо жана аны башкаруу; │
│ │- такелаждык жана сырдоо иштери │
└──────────────────────┴──────────────────────────────────────────────┘
Методикалык көрсөтмөлөр:
1. Расписаниени, нускаманы түзгөндө станциянын (посттун) иш жүргүзгөн районун өзгөчөлүктөрү, метериологиялык шарттары чагылдырылышы керек.
2. Пляждык сезондун узактыгы, пляж акваториясынын тереңдиги, мүнөзү.
3. Кыртыштын, айлампанын, куткаруу техникасынын болушу жана аны пайдалануу мүмкүнчүлүгү.
4. Пландуу сабактарды өткөрүү, кызматкерлердин өз милдеттерин өздөштүрүү боюнча машыгуу жана жалпы маселелерди чечүү методикасын:
- куткаруу станциясынын (постунун) начальниги станциянын (посттун) штаттык курамына тапшырма берет, материалдык бөлүктө тиги же бул ишти кантип туура жасоо керектигин көрсөтөт жана кызматкерлерге бул ишти өз алдынча жасоого мүмкүнчүлүк берет. Суроо-жооп ыкмасы менен түшүнүксүз жерлерди аныктап, кошумча оозеки түшүндүрүү, көрсөтүү менен кызматкерлердин материалды толук түшүнүүсүнө жетишет.
5. Байкоо, сигнализация жана байланыш маселелерин иштеп чыгууда (күндө машыгуу жолу менен) "чөгүп жатканды" өз убагында көрүү, ал тууралуу көчмө посттон сигналды кабыл алуу, ошондой эле окуянын болгон жерин (квадратын, багытын) аныктоо сыяктуу зарыл нерселерге жетишүү керек.
6. Суудагы кырсыкты профилактикалоо учурунда кызматкерлердин суудагы, пляждагы коопсуздук, сууда адамдын өмүрүн коргоо жана жарандар сууда өзүн алып жүрүү эрежелеринин бузулушуна бөгөт коюу боюнча чараларды оозеки жайылтуусун колдонуу зарыл.
Төмөнкүлөр зарыл талаптар болуп эсептелет:
а) куткаруу станциясынын, куткаруу постунун сууда жабыр тарткандарга тез жардам берүүгө даяр болуусу;
б) нөөмөт сменасынын кырсык болгон жерге чыгууга даярдыгы, жабыркаганды суудан алып чыгып ага биринчи жардам көрсөтүүсү;
в) куткаруу станцияларынын, куткаруу постторунун кызматкерлери жайкы (сууга түшүү) сезондо кырсыктардын алдын алуу чараларын өткөрүүдө практикалык ыкмаларды колдоно билүүсү.

│1. Сүзүү │Сууда куткаруучу, суучул-куткаруучу (дайвинг │
│каражаттарынын, │адистери) нөөмөт сменаларынын куткаруу │
│куткаруу │каражаттарын күнүмдүк даярдоо учурунда │
│жабдыктардын даярдыгы │төмөнкүлөр аткарылат: │
│ │- куткаруу катерин, нөөмөт кайыгын, санитардык│
│ │аспаптарды айгай боюнча тез чыгууга даярдоо; │
│ │- жеңил суучул каражатын жана башка куткаруучу│
│ │жабдыктарды нускамага жана эрежелерге жараша │
│ │даярдоо жана текшерүү │

│2. Байкоо, │Күн сайын вахтадагы байкоочу тарабынан байкоо,│
│сигнализация жана │кырсыктын квадратын жана багытын аныктоо │
│байланыш │методдору иштелип чыгат, ошондой эле көчмө │
│ │куткаруу постторунан сигнал кабыл алуу, │
│ │жакынкы куткаруу станциясы менен байланыш │
│ │текшерилип турат │

│3. Куткаруу айгайы │Окуя болгон квадратты жана багытты аныктоо │
│боюнча сүзүү │учурунда вахталык байкоочу жабыр тарткан │
│каражаттарынын кырсык │адамды көргөндө: │
│болгон жерге чыгуусу, │- заматта куткаруу айгайын жарыялоо, катердин,│
│жеңил суучулдун (суу │кайыктын, сууда куткаруучулардын │
│алдында сүзүүчү) │(суучул-куткаруучунун, дайвердин) кырсык │
│кийинүүсү │болгон жерге тез жетип баруусу; │
│ │- катердин, кайыктын, сууда куткаруучулардын │
│ │(суучул-куткаруучу, дайвердин) вышкадагы │
│ │сигналдын жардамы менен кырсык болгон жерге │
│ │багыт алышы; │
│ │- жеңил суучулдун катерде (кайыкта) бара │
│ │жатканда кийинүүсү. │
│ │Айгай болгондо катердин чыгуу мөөнөтү норматив│
│ │боюнча - 30 секунд. │
│ │Суучулдун жеңил жабдууну кийүүсү жана чумкууга│
│ │даярдыгы: │
│ │- гидрокостюмчан - 60 секунд; │
│ │- гидрокостюмсуз - 20 секунд │

│4. Катердин, куткаруу │Чөгүп жатканга, оодарылган кайыкка шамал, │
│кайыгынын, сууда сүзүү│агым, толкун багытын эске алуу менен │
│каражаттарына, │"Александров түйүнүн", куткаруу тегерегин │
│оодарылган кайыкка, │ыргытуу маневру аткарылат. │
│чөгүп жатканга │Чөгүп бара жатканга, кайыкка жакындоодо жапырт│
│жакындоосу │кирүү тыюу салынат. │
│ │Куткаруу тегереги, "Александров түйүнү" │
│ │биринчи эле аракеттен берилиши зарыл │
│ │Маневр учурунда "чөгүп жаткандын" жанында │
│ │винттин (калактын) кооптуу иштешине тыюу │
│ │салынат │

│5. Куткаруучу сүзүү │Куткаруучу сүзүү каражатын якорго коюу жана │
│каражатын якорго коюу,│жеңил жабдуулуу суучулдун чөккөндү издөө жана │
│жеңил жабдуулуу │суудан алып чыгуу үчүн суу алдына чумкуу │
│суучулдун чөккөндү │маневри аткарылат ("суучул иштерин жүргүзүп │
│издөө үчүн суу │жатам" деген сигналды аткаруу менен). │
│алдына чумкуусу │Маневрди аткарууда жабыр тарткан суунун агымы │
│ │менен агып кетүүсүн эске алуу керек. │
│ │Якорду түшүргөндөн кийин суудагы суучулга │
│ │сүзүү каражатынын жакындоосуна тыюу салынат. │
│ │Издөө 10x10 м квадратында чөккөн жерди │
│ │визуалдык аныктоо менен жүргүзүлөт. │
│ │Издөөгө берилүүчү максималдуу убакыт (реалдуу │
│ │жардам берүү жана сактап калуу үчүн): │
│ │- суунун температурасы 18-22 град. Цельсия, │
│ │таза кыртышта жана суунун агымы 0,5 м/сек. - 3│
│ │мин.; │
│ │- суунун температурасы 17 град. Цельсиядан │
│ │төмөн болгон учурда - 4 мин. │

│6. Чөгүп жатканды │Нөөмөттүк кайыктын кырсык болгон аймакка тез │
│жеңил жабдуу кийбей, │жетүүсү, жээк бойлоп куткаруучу максималдуу │
│кайыктан жана жээктен │ылдамдыкта (чуркап) кырсык болгон жерге тез │
│сүзүп барып, татаал │жетип, 4 м тереңдикке чейин (3х3м квадратта) │
│шарттарда куткаруу │чумкуп, чөккөндү суучул жабдуусуз издеп таап │
│ │чыгуусу. │
│ │Издөөгө берилүүчү максималдуу убакыт - 3 мин. │
│ │Чумкууга (сүзүүгө) "Александровдун түйүнүн" │
│ │белге байлап, анын бош учун экинчи суучул │
│ │куткаруучу кармап турганда гана уруксат │
│ │берилет. │
│ │Куткарылган чөгүп жаткан адамды жана │
│ │куткаруучуну чыгаруу "Александровдун түйүнүн" │
│ │жардамы менен ишке ашат │

│7. Жабыр тартканга │Врачка же медайымга өткөзүп бергенге чейин │
│биринчи жардам │(медицина кызматкери жокто) жабыркоочуга │
│көрсөтүү жана аны │куткаруучу төмөнкүдөй өз алдынча биринчи │
│транспорттоо │жардам көрсөтүүгө милдеттүү: │
│ │- сууда болгон учурда (сүзүп) - жабыркоочуну │
│ │тез арада жээкке жеткизүү керек; │
│ │- катерде, кайыкта үзгүлтүксүз жасалма дем │
│ │алдыртуусу керек │

Матрос-куткаруучуларды даярдоодогу талаптар

│ Талаптар │ Нормативдер │

│1. Суудагы │Бардык куткаруу станцияларынын жана │
│куткаруучунун │постторунун кызматкерлери суудагы │
│нормативдерин аткаруу │куткаруучунун төмөнкүдөй нормативдерин │
│ │аткарууга милдеттүү: │
│ │- 100 метрге сууга сүзүү, эркин сүзүү - 5 │
│ │мин. │
│ │- 3x3 м квадратта 4 м тереңдикке чумкуп │
│ │макетти алып чыгуу - 3 мин.; │
│ │- 20 м узундукка чумкуу; │
│ │- жабыркоочунун буксирге алуу - 25 м; │
│ │- кийимчен сүзүү (көйнөкчөн, шымчан) - 25м; │
│ │- 1000 м кайыкты калак менен айдоо - 9 мин; │
│ │- "Александровдун түйүнүн" берүү - 20 м; │
│ │- салмагы 7 кг куткаруу тегерегин ыргытуу │
│ │(берүү) - 10 м; │
│ │- чөгүп жаткандын кучагынан бошоно билүү; │
│ │- жабыркоочуга биринчи жардам көрсөтүү. │

│Эскертүү │1. Ыргытылган "Александровдун түйүнүн" жана │
│ │куткаруучу тегеректин бутадан кыйшайуусу 1 м │
│ │ашпашы керек. │
│ │2. Чабак уруу жана чумкуу боюнча нормативдерди│
│ │тапшыруу ластасыз аткарылат. │

Куткаруу посту, жабдылган байкоочу (кароол) аянты бар жайкы имаратта же бастырмада жайгаштырылат.
Пост сууда адам өмүрүн коргоону милдеттендирилген зонада төмөнкүдөй минималдуу мүмкүн болгон курамда аткарат:
- пост начальниги - сууда куткаруучу (дайвинг боюнча инструктор, аквалангист);
- сууда куткаруучу (дайвер, аквалангист);
- сууда куткаруучу (суу алдында сүзүүчү аквалангист), сууда жеңил жабдуу менен түшүүнү камсыздоочу милдеттүү даярдыгы бар суучулга гана уруксат берилет;
- медициналык кызматкер.
Куткаруу постунун курамы 50 м пляжга - 1 аттестацияланган куткаруучу деген эсеби менен түзүлөт.
4.3. Куткаруу посту төмөнкү менен камсыз болуусу керек:
┌────────────────────────────────┬────────────────────────────────────┐
│ Аталышы │ Саны │
├────────────────────────────────┴────────────────────────────────────┤
│ Сууда сүзүү каражаттары │
├────────────────────────────────┬────────────────────────────────────┤
│Куткаруучу калактуу кайык │- 1 (пляждын 100 метрине) │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Куткаруучу моторлуу кайык │- 1 (пляждын узундугу 300 м кем │
│ │болбосо) │

│ Куткаруу каражаттары │

│Александровдун түйүнү │- 2 │

│200 м камсыздандыруу учу │- 1 │
│(вьюшка) │ │

│Кукаруучу тегерек │- 1 (пляждын ар бир 25-30 метрине) │

│40 м камсыздандыруу учу │- 1 │

│Мегафон (рупор) │- 1 │

│Куткаруучу кур (чыптама) │- 3 │

│Куткаруучу узун шырык │- 2 │

│Куткаруучу валик │- 2 │

│Санитардык баштыкча же аптечка │- 2 │

│ Аквалангисттик жабдуулар │

│Жеңил суучулдун дем алуучу │- 2 │
│аппараты (керектүү каражаттардын│ │
│комплекти менен) │ │

│Жарым маска │- 3 │

│Ласталар │- 3 │

│Дем алуучу түтүкчө │- 3 │

│Суучулдун куру менен бычагы │- 2 │

│50 м сигнал берүүчү уч │- 1 │
│(35-50 мм) │ │

│ Документтер │

│Аквалангдарды текшерүү журналы │- 1 │

│Вахталык журнал │- 1 │

│Иш жүргүзүлүүчү райондун │- 1 │
│картасы же схемасы │ │

│Нөөмөт расписаниеси │- 1 │

│Мүлктүн эсебин алуу │- 1 │

│Үгүттөөчү көрсөтмө куралдар │- 1 │

│Посттун кызмат адамдарына │- 1 │
│нускамалар │ │

│Эмгекти коргоо боюнча │- 1 │
│инструктаж журналы │ │
└────────────────────────────────┴────────────────────────────────────┘
Куткаруу постунун жоопкерчилик аймагы болуп пляждын чеги менен аныкталган, жээктен 50 м алыстыктагы (буйлар менен тосулган сүзүү чегине чейин) акваториянын чеги саналат.
Тайыз жерлерде - жоопкерчилик аймагы болуп буй тосмолоруна чейинки аралык аныкталат.
Куткаруу станцияларынын, постторунун кызматкерлери пляждын жабдыктарын жана суунун боюндагы жалпы калк эс алуу жерлерин төмөнкүдөй контролдойт:
- коркунучтуу сууга түшүүчү жерлерди тосуу, сууга түшүү аймактарын (акваторияларды) калкалоо;
- сууга түшүүчү шаймандардын жээкке келүүчү жерлерин буй жолчолору менен тосуу;
- суу боюнда жалпы калк эс алган жерлерде маалымат берүүчү стенддерди, куткаруучу шаймандары менен такталарды (мамыларды) орнотуу;
- сууга сүзүүчү чакан каражаттарды, суучулдун жеңил жабдыктарын коркунучсуз пайдаланууну жана сууга түшүү эрежелерин сактоону контролдоо;
- адамдардын (балдардын) сууда коопсуз эс алуусунун шарттарын контролдоону камсыз кылуу;
- санаторийдик-курорттук мекемелердин байланыш түйүнү аркылуу мегафондун, магнитофондун, трансляция түйүндөрүнүн жардамы менен сууда коопсуздукту сактоону жайылтуу;
- жөө посттун (сууда куткаруучунун) пляжды бойлоп көзөмөлдөөсү аркылуу, ал эми көл жакта - куткаруучу шлюпканын жардамы менен пляждын акваториясын байкоо.
- куткаруу станцияларынын, куткаруу постторунун кызматын уюштуруу абалы;
- куткаруучулардын сууда куткаруу ишин билүүсү;
- техниканын, куткаруу каражаттардын абалы;
- куткаруу станциянын (посттун) сууда жабыркоочуга жардам берүүгө куткаруучу катердин "куткаруу зонасынын" радиус аралыгына баруусу, издөөгө жана макетти 5-6 м 10x10 квадратында (убакытты ченөө менен) макетти алып чыгуу даярдыгы;
- нөөмөттүк кайыктын кырсык болгон жерге чыгуусу (убакытты өлчөө менен), издөө жана макетти 4 м тереңдикке үч жолу аракет кылып, чумкуп кирүү менен (суучул жабдыгы жок) алып чыгуусу;
- станциянын бардык кызматкерлери берүүчү сууда куткаруучунун нормативдеринин аткарылышы;
- куткаруу станциясынын кызматкерлери суудагы кырсыкты алдын алуу боюнча практикалык иш-чараларды аткаруусу жана ал иштердин жыйынтыгы;
- станциянын аймагынын жана техникасынын, жайларынын абалы;
- материалдык бөлүгүнүн, суучулдардын жабдыктарынын абалы, кызматкерлердин пайдалануу боюнча нускаманын материалдык бөлүгүн билүүсү жана аткаруусу;
- кызмат документтеринин болушу жана туура жүргүзүлүшү;
- кызматчылардын адистик боюнча талапка жараша даярдалышы;
- пляждын, кайык станцияларынын жана сууга сүзүү шаймандарын прокатка берүү базаларын кармоо эрежелерин билүүсү;
- маалымат берүү стенддеринин, "куткаруу бурчунун" жабдылышы;
- сууда жабыр тартканга биринчи жардам берүү жана буксировкалоо ыкмаларын колдоно билүүсү, чырмалуудан бошотууну билүүсү;
- сууда жабыр тартканга медициналык биринчи жардам көрсөтүүгө даяр болушу.
Бул Жободо куткаруу станцияларына жана куткаруу постторуна коюлуучу негизги талаптар келтирилген.
Деталдуу иштелип чыккан нускама жана жоболор ӨКМдын аймактык бөлүмдөрү жана башка тиешелүү кызматтары тарабынан иштелип чыгат.
Ар бир куткаруу станциясы үчүн анын иш жүргүзүү аймагы аныкталат.
Куткаруу станциясынын "иш жүргүзүү аймагы" деп куткаруу станциянын борборунан башталып, жээк сызыгы менен догоого чейинки радиусу жарыкта 1200 метрге туура келген, көз менен караганда байкалуучу акватория аталат.
Эскертүү: тажрыйба маалыматтары боюнча сүзүүчүнүн башы, жакшы (дүрбү менен) караганда 1200 м аралыкта байкалат.
Станциянын бардык иш жүргүзүү аймагында техникалык каражаттар адамды суудан куткарууга чоң мүмкүнчүлүк берет (чарчап калган сүзүүчү, оодарылып кайыктын кишилери ж.б.у.с.). Куткаруу станциясынын иштөө аймагына суу алдындагы кыртыштан, көлмөдөн (дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар) куткаруу зоналары кирет.
Куткаруу станциясынын "куткаруу зонасына" станциянын техникалык каражаттары суу алдындагы кыртышка баткан адамды сактоого көбүрөөк мүмкүнчүлүк берген акватория аймагы саналат. "Куткаруу зонасы" куткаруу станциянын борборунан башталып, жээк сызыгы менен догоого чейинки радиус менен чектелип, төмөнкү формула боюнча аныкталат:
R = (V(км/час) х Т4(мин.)) / 60 х 100
R - "куткаруу зонасынын" курчап турган айланасынын метр боюнча радиусу;
V - станциядагы катердин километр саат боюнча ылдамдыгы;
T4 = T0 - (Т1 + T2 + Т3) - катердин кырсык болгон жерге барышы үчүн керектүү мөөнөт;
Санактын негизи карата төмөнкүлөрдү алуу керек:
Т0 - адамдын суу алдында болуусу, 6 минутка барабар;
Т1 - маалымдоо мезгили, б.а. кырсык болгон жер тууралуу вахта байкоочусунун билдирүүсү, же байланыш каражаттары аркылуу маалымат алуу 0,5 минутка барабар;
Т2 - айгай мезгили, б.а. коркунуч жөнүндө сигнал алгандан баштап катердин жээктен кеткенине чейин убакыт, 0,5 минутка барабар;
Т3 - суучулдун сууга чумкуусу, чөккөн адамды издөө жана аны суудан чыгаруу, 3 минутка барабар.
Т1, Т2, Т3 чоңдуктары өздүк курамдын даярдыгына жана жер шартына (суунун тунуктугу, тереңдиги) байланыштуу азайышы мүмкүн.
Кадимки шартта куткаруу станциясынын иштөө аймагында катердин ылдамдыгы максималдуу болот. Татаал шартта (кайыктар, катерлер жана сууга түшүүчүлөр топтолгон жерлерде) катердин ылдамдыгы шартка жараша басаңдатылат.
МИСАЛ: ылдамдыгы 20 км\саат катер болгондо станциянын "куткаруу зонасынын" радиусун эсептөө зарыл: Т0 = 6 мин., Т1 = 0,5 мин., Т2 = 0,5 мин., Т3 = 3 мин. деп алабыз.
Табабыз: Т4 = 6 - 4 = 2 мин., мында радиус = (20 * 2) / 60 * 1000 = 666,7 метр болот.
Станциянын иштөө аймагы
Т0 = Т1 + Т2 + Т3 + Т4
Т0 = 6 минут
Т1 = 0,5 минут
Т2 = 0,5 минут
Т3 = 3 минут
Т4 = Т0 - (Т1 + Т2 + Т3) = 6 - 4 = 2 минут
Катердин ылдамдыгы 20 км/саат
R = (20 х 2) / 60 х 1000 = 666,7.
Куткаруу постунун иш жүргүзүү аймагы деп посттун борборунан 100 метр радиуста жайгашкан акватория аталат.
100 метр радиус аралыгы төмөнкү шарттардан келип чыгат: жабыркоочуга кайыктын жетишине, агымды өзгөчөлүгүн эске алуу менен, 3 мин. кетет, сүзүп куткарууга жана издөөгө дагы 3 мин., адамдын өмүрүн сактоо жалпысынан 6 мин. барабар.
Эскертүү: өздүк курамдын даярдыгына жана жер шартына (агымга, суунун тунуктугуна, тереңдигине, сууга түшкөндөрдүн көптүгүнө) байланыштуу куткаруу постунун иштөө радиусу өзгөрүшү мүмкүн.
Сууда жабыр тарткандарга куткаруу каражаттарынын жардамга чыгышы бардык учурларда, же ал тууралуу маалымат алынганда, куткаруу станциясынын (постунун) иштөө аймагына карабастан милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.
2-тиркеме
| "БЕКИТЕМИН" Пляжды пайдаланууга милдеттүү ишкананын жетекчиси
|
___________________________
20__-жылдын "__" __________
АКТ биринчи тараптан пляждын менчик ээсинин администрация өкүлү (ижарачы) _____________________________________________________________
(пляждын аталышы)
_______________________________________________________________________ жана экинчи тараптан акваториянын пляжын изилдеп жаткан суучулдардын атынан суучулдар тобунун жетекчиси ____________________________________ _______________________________________________________________________ ____________________ түзүлдү. 201__-ж. "___" ______________ № _________ келишимдин негизинде төмөнкү суучулдар тобу ___________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ ______ 201_-ж. "____" _______________________ төмөнкү иштерди жүргүздү:
1. Пляждын акваториясынын жалпы аянты _____ кв.м. ____ х _______ м өлчөмдөгү түбүн суучулдардын визуалдык изилдөөсүн.
2. Тиркелген схеманын негизинде жогоруда аталган пляждын туурасынан кеткен көрүнүшү боюнча тереңдикти ченеди.
3. Жогоруда аталган пляждын тереңдигин ченеди жана сууга түшүп жатканда коркунуч туудуруучу жерлери белгилеген план-схемасын түздү.
4. Аталган пляждын түбүндөгү тоскоолдуктардан арылтты жана тоскоолдуктар алып салынгандыгы тууралуу акт түздү.
Жумуш пляждын менчик ээлеринин администрация өкүлү тарабынан _____ _______________ бааланып алынды. Изилдөө учурунда төмөнкүлөр аныкталды:
Пляждын менчик ээлеринин Суучул ишин жүргүзгөн
(арендатор) суучулдар
администрация өкүлү тобунун жетекчиси
____________________________ ____________________________
(колу, аты-жөнү) (колу, аты-жөнү)
М.О. М.О.
Тиркеме 3
__________________________________________________________________ таандык _______________________________________________________________
1. Пляж жайгашкан жер ____________________________________________
2. Акватория түбүнүн кыртышынын мүнөзү ___________________________
3. Акватория түбүнүн рельефи _____________________________________
4. Сууга түшүүдө коркунуч туудуруучу тоскоолдуктардын болушу _____ _______________________________________________________________________
5. Пляж районундагы суу агымынын мүнөзү __________________________ _______________________________________________________________________
6. Балдар, майыптар үчүн бөлүнгөн сууга түшүүчү жер ______________ _______________________________________________________________________
7. Акваторияныны пляжынын чегин аныктоочу белгилер _______________ _______________________________________________________________________
8. Куткаруу посту ________________________________________________
9. Суучул иштери аткарылгандыгы тууралуу акты ____________________ _______________________________________________________________________
(иш жүргүзгөн)
9.1. Пляждын акваториясынын түбү суучулдар тарабынан изилденди ___ _______________________________________________________________________
(күнү жана акты №)
9.2. Коркунучтуу тоскоолдуктарды жок кылуу _______________________ _______________________________________________________________________
(күнү жана акты №)
9.3. Тереңдиги ченелип аныкталган пляждын акватория түбүнүн планынын бар-жогу _________________________________________________________.
Сууга түшүү үчүн пляжды ачууга уруксат 20_-жылы "___" ____________ берилди. ______________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(уруксат берген Суучулдарды даярдоо борборунун бөлүмүнүн аталышы)
_______________________________________________________________________
(жооптуу адамдын аты-жөнү, кызмат орду)
Пляжды пайдаланууга райондун (шаардын) башкы
жооптуу мекеменин директору санитардык врачы
____________________________ ____________________________
(колу, аты-жөнү) (колу, аты-жөнү)
М.О. М.О.
|
|
| Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2011-жылдын 13-августундагы № 466 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Суулардагы пляждарды, жарандар жалпы эс алуучу жайларды
жана сүзүү бассейиндерин колдонууда коопсуздук чаралары
III. Балдардын суудагы коопсуздугун камсыз кылуу чаралары
IV. Өз алдынча жүрүүчү, өз алдынча жүрө албаган же сууда
жел менен жүрүүчү каражаттарды жарандар колдонгон
учурда коопсуздук чаралары
V. Сууга түшүүдө жана сууга чумкууда суу алдындагы
сүзүүчүлөрдүн (аквалангисттердин жана дайверлердин)
коопсузду чаралары
VI. Муздагы коопсуздук чаралары
1-тиркеме. Штаттык кызматкерлерди даярдоо, ведомстволук куткаруу
постторун кабыл алуу жана алардын иштөө тартиби жөнүндө
жобо
2-тиркеме. Пляждын акваториясынын түбүн суучулдардын изилдөөсүнүн
актысы
Тиркеме 3. Пляждын суу алдындагы бөлүгүнүн паспорту
I. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде кырсыкты алдын алуу максатында иштелип чыкты жана пляждарда, сууга түшүү уюштурулган башка жерлерде (мындан ары - пляждар), калктын суу объекттериндеги жалпы эс алуусунун, туризмдин жана спорттун (мында ары - жалпы эс алуу жайлары) жайларында адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга коюлуучу шарттарды жана талаптарды белгилейт.
2. Көлмөлөрдү өндүрүш зарылчылыгы, ден соолукту чыңдоо же спорт максатында, ошондой эле калктын жалпы эс алуусу үчүн колдонгон ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана башка чарба субъектилердин жетекчилери жарандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун сактоочу чараларды камсыз кылууга, төмөнкү иш чараларды уюштурууга милдеттүү: бекитип берилген суу тилкелеринин, көлдөрдүн жана башка суулардын чегинде кырсыктын алдын алуу, маалымат такталарын жабдуу, коркунучтан коргоп туруучу белгилерди орнотуу, куткаруу станцияларынын (постторун) жана куткаруу каражаттарын даярдыкта кармоо боюнча.
3. Бул Эрежелерди бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте администрациялык жана жарандык-укуктук жоопкерчиликке кириптер кылат.
4. Суу объекттерин сууга түшүүгө, жалпы эс алууга, сууга сүзүүнүн чакан жабдыктары менен сууда сүзүүгө (мындан ары - чакан кемелер ) же башка рекреациялык максаттар үчүн пайдаланууга чектөө коюу, токтотуу же тыюу салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, калкты жалпы маалымат каражаттары, атайын маалымат берүүчү белгилер жана башка ыкмалар аркылуу милдеттүү түрдө маалымдоо менен ишке ашырылат.
5. Суу жээгинде жарандардын жалпы эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакыттарын өткөрүүгө шарт түзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирет.
Жергиликтүү кеңештер ушул Эрежелерге ылайык жарандардын ден соолугун чыңдап жалпы эс алуу үчүн пайдаланылуучу суу объекттеринин акваторияларынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгилүү бир жерге карата Сууда адам өмүрүн коргоо эрежелерин кабыл алышы мүмкүн.
6. Кыргыз Республикасынын суу объекттериндеги кырсыкты алдын алуу жана эскертүү системасынын өнүгүшүн жана иштешин уюштуруу үчүн, сууга түшүү сезону башталаар алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан атайын комиссия түзүлөт. Комиссиянын мүчөлүгүнө макулдашуу менен суу чарбасы жана мелиорация боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - ӨКМ) Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо кызматынын өкүлдөрү жана башка ыйгарым укуктуу органдар кирет.
7. Көлмөлөрдө экскурсияларды, жамааттык эс алуу жана башка жалпы иш чараларды өткөрүүдө мындай экскурсияларды жана чыгууларды уюштурган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери сууда адамдын коопсуздугун сактоого, коомдук тартип жана айлана чөйрөнү коргоого жооптуу адамдарды өз чечими менен дайындайт.
8. Өзгөчө кырдаал учурунда көлмөлөрдө издөө, кыйроодон куткаруу иштери бул иштерди уюштурууну жана аларды жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салган мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
9. Бул Эрежелердин аткарылышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (мындан ары - Суучулдарды даярдоо борбору) жүргүзөт.
II. Суулардагы пляждарды, жарандар жалпы эс алуучу жайларды жана сүзүү бассейиндерин колдонууда коопсуздук чаралары
10. Пляждар жана жарандардын жалпы эс алуу жайлары катары суу жээгиндеги бөлүнгөн жерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүсү керек:
- өнөр жай, тиричилик агын суулардын агымынан жогору жайгашуусу керек;
- порт курулмалары, пирс, причалдардан санитардык көзөмөлдөө органдары жана порттор менен макулдашылган алыстыкта жайгашуусу керек;
- жээктин аймактары жакшы пландаштырылып, даараткана, кийим чечүүчү жай, күндөн калкалоочу бастырма менен жабдууланып, таза суу менен камсыздандырылып, жаан суусу агып кетүүчү арыктары болушу керек;
- ар бир пляжда бир же бир нече куткаруу посттору болуусу зарыл;
- жарандарга суудагы коопсуздукту сактоо боюнча керектүү маалыматты жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин уюштуруу максатында пляждар жана жалпы эс алуу жайлары радиофикацияланышы керек;
- пляждын ар бир 30 метри сайын суудан 10 метр аралыкта куткаруучу шаймандары жайгаштырылган такталар орнотулушу керек (куткаруу тегереги, Александров түйүнү), тегеректе объекттин аты жана "Чөгүп баратканга ыргыт" деген жазуу жазылышы керек;
- ар бир пляжда 0,8 м диаметрдеги белги берүүчү шарларды көтөрүүчү 8 метрге чейинки мачта орнотулат (кызыл шар - кырсыкты билдирүүчү белги жана кара шар - аба-ырайынын кескин бузулушун жана сууга түшүүгө, ошондой эле сууга сүзүү шаймандарын киреге берүүгө тыюу салынгандыгын билдирүүчү белги);
- пляждар жана жалпы эс алуу жайлары визуалдык байкоо жүргүзүүгө жана көзөмөлгө алуу үчүн керектүү каражаттар менен жабдылып, эс алуучулар кемелер жана моторлуу сүзүүчү каражаттар иштеген зоналарга сүзүп өтүүгө тоскоол болуучу буй тосмолор менен жабдылышы керек;
- пляждын акваториясынын түбү түз, дың эңкейиштүү, 1,75 м тереңдикке чейин тепкичсиз, жээктен 50 м чейинки тилке балырсыз, эс алуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган темир тезектерден жана башка нерселерден тазаланышы керек;
- көлдөрдө, суу сактагычтарда, дарыяларда пляждын акваториясынын суу бетинин аянты бир эс алуучуга 5 кв.м эсеп менен алынат, ал эми туюк көлмөлөрдө ченем 2-3 эсе көбөйтүлөт;
- ар бир пляжда сууга сүзгөндү билбегендер үчүн тереңдиги 1,2 м ашпаган, атайын тосмо же буй менен белгиленген акваториянын тилкеси бөлүнүшү керек;
- пляждын акваториясынын сууда сүзүү чеги жээктен 50 м чейинки, бирок 1,5-1,75 м тереңдик сызыгынан ары эмес жайгашкан кызыл же саргыч түстөгү буйлар менен белгиленет;
- пляждын акваториясында төмөн температурадагы жер астындагы суулардын чыгуусу, айлампалар, иримдер болбошу керек, суунун агымы 0,5 м\секундадан ашпоого тийиш;
- сууга түшүүгө уруксат берилбеген жерлерде "Сууга түшүүгө болбойт!" деген жазуусу бар такталар орнотулуп, ал эми акваториянын коркунучтуу жерлери "Коркунучтуу!" деген жазуусу бар буйлар менен белгилениши керек.
Суу толгон карьерлерде, каналдарда, көлдөрдө, өрт өчүрүү көлмөлөрүндө, көл акваторияларында жана башка пляждары жабдылбаган көлмөлөрдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандардын жалпы суу жээгиндеги эс алуу жайы катары аныкталбаган көлмөлөрдө сууга түшүүгө тыюу салынат.
11. Суудагы коопсуздук чараларынын талаптарынын аткарылышын жана сакталышын контролдоо төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- көлмөлөрдү өндүрүш зарылчылыкта, ден соолукту чыңдоо, спорттук же башка максаттарда, ошондой эле жарандардын жалпы эс алуусуна колдонгон ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана башка чарбалык субъектилердин жетекчилерине;
- Суучулдарды даярдоо борборунун бөлүмдөрүнө.
12. Пляждарда, жалпы сууга түшүү жайларында жана сууга сүзүү бассейиндеринде төмөнкүдөй маалымат берилген такталар орнотулат:
- ушул Эрежелердин сууда коопсуздукту сактоо бөлүгүнөн алынган маалыматтар;
- эс алуучу жарандар үчүн сууга түшүү жана күнгө күйүү тартиби тууралуу сунуштар;
- абанын жана суунун температурасын, шамалдын согуу күчүн жана багытын, агымдын ылдамдыгын, көлдүн же башка көлмөлөрдүн толкуусун көрсөтүүчү таблицалар;
- пляждын акваториясынын жана аймагынын чегин, тереңдигин жана сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерди (ачык белгиленген) көрсөтүүчү карталар;
- өзүн өзү куткаруу ыкмалары;
- жабыркоочуга биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары;
- куткаруу постторунун, куткаруу (суучулдар) станцияларынын, ӨКМдын облустук ыкчам нөөмөтчүсүнүн, кыйроодон куткаруу кызматтарынын, медицина мекемелеринин, милиция бөлүмдөрүнүн жана Суучулдарды даярдоо борборунун бөлүмдөрүнүн жайгашкан жери же телефон номери жөнүндө маалыматтар.
13. Кырсыкты алдын алуу жана сууда кырсыкка учураган жаранга жардам көрсөтүү максатында ар бир ден соолук чыңдоо мекемелеринин жана жарандардын жалпы эс алуу жайларынын пляждарында, тийиштүү аймактар бекитип берилген ишканалар, мекемелер жана уюмдар, чарба жүргүзүүчү башка субъекттер куткаруу постторун түзөт, сууда куткаруучулардын жана медкызматкерлеринин үзгүлтүксүз күзөтү уюштурулат. Түзүлгөн куткаруу посттору Штаттык кызматкерлердин жобосунун талабына, анын функционалдык милдеттерине, Суучулдарды даярдоо борборунун куткаруу постторунун кабыл алуусуна жана ишине туура келиши керек (1-тиркеме).
14. Куткаруу постторун материалдык-техникалык жана финансылык камсыздандырылышы, жеке менчик формасына карабастан, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, жана башка чарба субъектилеринин каражаттарынын эсебинен, кошумча (макулдашуу менен) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн топтолгон каражаттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдарынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген булактардын эсебинен ишке ашырылат.
15. Куткаруу станцияларынын (постторунун) кызматкерлери жарандар тарабынан коопсуздукту сактоо чараларынын колдонулушун камсыз кылууга тийиш, пляждарда жана башка жарандардын жалпы эс алуу жерлеринде суудагы кырсыкты эскертүү боюнча түшүндүрүү жана башка иштерди ар кандай радио берүүчү каражаттарды, үн күчөткүчтөрдү, стенддерди ж.б. колдонуу менен ишке ашырышы керек.
16. Куткаруу станцияларынын жана постторунун иштөөсүн тикелей контролдоо жеке менчигинин түрүнө карабастан, пляж зонасы жана акваториянын суу бөлүгү бекитип берилген ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилиги ишке ашырат. Куткаруучу станцияларынын (постторунун) сууда куткаруучуларынын сууда жабыркаган жарандарга өз учурунда жардам көрсөтүүгө болгон даярдыгынын маселелерин контролдоону Суучулдарды даярдоо борборунун бөлүмдөрү жүргүзөт.
17. Куткаруу станцияларынын жана постторунун сууда куткаруучуларды даярдоо (жыл сайын кайра даярдоо, квалификацияны ырастоо) Суучулдарды даярдоо борборунун атайын программасы боюнча, ошондой эле тиешелүү лицензиясы бар башка уюмдар аркылуу ишке ашырылат.
18. Пляждын (калктын сууда жалпы эс алуу жайларында) акваториясынын түбүн изилдөө жана тазалоо пляждын акваториясынын түбүн изилдеген суучулдун тийиштүү изилдөө актысын, пляждын акваториясынын тереңдигин ченеген картасын берүү менен Суучулдарды даярдоо борборунун (2 жана 3-тиркеме) кызматкерлери, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу жумуштарды аткаруу сертификаты бар, Суучулдарды даярдоо борборунун аттестациясын өткөн, дасыккан суучулдар тарабынан жүргүзүлөт.
19. Пляжда бун жана толкунга тоскоол болуучу курулуштар болсо, суунун түбүн изилдөө жана чумкуганда коркунуч туудуруучу нерселерден тазалоо 3 метр тереңдикке чейин, мындай курулуштун периметринен 5 метр аралыкка чейин жүргүзүлөт.
20. Пляждарды төмөнкүлөрсүз колдонууга тыюу салынат:
- пляждардын акваториялары изилденип жана тазаланбаса;
- суунун сапатын контролдоочу лабораториялык корутунду болбосо;
- даярдалган сууда куткаруучулары бар жана керектүү куткаруучу шаймандары менен жабдылган, кеңири жайылган ведомстволук мезгилдик куткаруу посттору жок болсо, анын ичинде, пляждын суу түбүндө суу агып чыгуучу жана сууну топтоочу суу түтүктөрү болсо, ошондой эле пляжга кирген изилдене элек, кеме токтоочу жай, кеме токтоочу дубалдар, суу шаймандарынын токтоочу жерлеринин жанында.
21. Суу чыгаруучу жана суу топтоочу суу түтүктөрүн изилдөө, гидротехникалык курулуштарды оңдоо Суучулдарды даярдоо борбору, ошондой эле суучулдар аткаруучу ушул ишти аткарууга жол берилген жана сертификаты бар атайын уюмдардын күчү менен жүргүзүлөт.
22. Жалпы эс алуу жерлерде эс алып жаткан жарандарга төмөнкү иштерди кылууга тыюу салынат:
- тыюу салынган белгилер же "Коркунучтуу!"; "Сууга түшүүгө болбойт!"; "Сууга чумкууга (секирүүгө) тыюу салынат!" деген жазуулар бар жерлерде сууга секирүүгө жана түшүүгө;
- тосмо белгилерден ары сүзүүгө (буйлардан, буй жолдорунан);
- моторлуу, жел кемелерине, калакты орнотууга ылайыкталган кайыктарга жана башка суу жабдыктарына жакын сүзүп барууга;
- техникалык жана эскертүүчү белгилердин, буйлардын жана башка нерселердин үстүнө чыгууга;
- куткаруучу шаймандарды жана жабдыктарды тиешесиз колдонууга;
- сууга секирүүгө ылайыкталбаган жана суунун абалы жана тереңдигинин белгисиз жерлерде сууга секирүүгө;
- спирт ичимдиктерин ичүүгө жана мас абалда сууга түшүүгө;
- сууда чумкуу жана сууга түшүп жаткандарды кармоо менен байланышкан оюундарды уюштурууга;
- жалган коркунуч сигналын берүүгө;
- жаш балдарды кароосуз калтырууга;
- сууда сүзүү үчүн автомобиль камераларын, үйлөнгөн матрацтарды, тактайларды жана ошого окшогон нерселерди колдонууга;
- пляж зонасында моторлуу, парус, калакты орнотууга ылайыкталган кайык жана башка калак менен жүрүүчү жана мотор менен жүрүүчү сууда сүзүү жабдыктарын колдонууга;
- өзү менен кошо иттерди жана башка жаныбарларды ээрчитип келүүгө;
- көлмөлөрдү кирдетип, таштандыларды калтырууга.
23. Суучулдарды даярдоо борбору тарабынан пляждардын, санаторийлердин, профилакторийлердин, балдар ден соолугун чыңдоо лагерлеринин, сууда сүзүү бассейндеринин, жана жарандардын башка эс алуу мекемелеринин администрациялары үчүн суудагы коопсуздукту сактоо маселеси боюнча сунуштар киргизилет.
23-1. Жыл сайын жайкы туристтик мезгилдин алдында экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелерин мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү сууга түшүүгө кооптуу жерлерге мониторинг жүргүзүшөт. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча сууга түшүүгө тыюу салуу жөнүндө эскертүүчү белгилерди орнотуу боюнча иш-чараларды андан ары жүргүзүү жана суу агымы күчтүү жерлерди же саздактуу суу объекттерин тосуу үчүн жогоруда аталган суу объекттери балансында же карамагында турган тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана чарба жүргүзүү субъекттерине жазуу жүзүндө кабарлашат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Балдардын суудагы коопсуздугун камсыз кылуу чаралары
24. Балдардын суудагы коопсуздугу түшө турган жерди туура тандоо, аны жабдуу, калк арасында сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин жана эскертүүчү чараларды колдонуу боюнча системалык түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу аркылуу ишке ашырылат.
Жашы жете электердин суудагы күтүлбөгөн кырсыктарга кабылуусунун алдын алуу максатында билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирге суудагы коопсуз жүрүм-турум жөнүндө жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн эки сааттык класстан тышкаркы окуу-семинарларын өткөрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Көлдүн, көлмөнүн жээгинде же ага жакын жайгашкан балдардын ден соолугун чыңдоо мекемелери сууга түшүүгө ылайыкташтырылган жайлары (пляждар) кеме токтоочу, канализация суулары агып чыгуучу, нөшөрлөгөн жаандын суулары аккан жана жерди булгоочу башка булактардан 500 метр алыс аралыкта жайгашуусу керек.
26. Пляждын аймагында кийим чечүүчү бөлмөлөрдүн, көлөкө кылуучу бастырмалардын, чайкангычтар, суу ичүүчү жайлардын, фонтандардын, дааратканалардын болуусу зарыл. Пляжда ведомстволук куткаруу посту жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү пункту жайгаштырылууга тийиш. Пляждын сууга түшкөн түбү таштардан тазаланып, же жантайтып коюлган тактайлар менен жабдылышы керек.
27. Суудан 3 метр аралыктан алыс эмес жерде куткаруучу шаймандары менен (куткаруучу тегерек, Александровдун түйүнү бар) такта (мамы) орнотулушу зарыл; коопсуздукту сактоо эрежелери, чөгүп бара жаткан адамга биринчи жардам көрсөтүү, биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары, суунун абалы тууралуу маалымат (суунун, абанын температурасы боюнча), суу жана күн процедураларын алуу боюнча сунуштар жазылган стенд орнотулушу керек.
28. Сууда сүзүү чеги вехалар, буйлар, калкыма тосмолор менен 0,7 тереңдикке чейин бүт периметр боюнча белгиленет. Ар бир отряд үчүн жээкти бойлон бири биринен 5 метр аралыкта жана суудан 1 метр аралыкта түстүү желекчелер же кыдырата түстүү желекчелерден жасалган тосмолор (фал) орнотулат.
29. Балдардын ден соолугун чыңдоочу, суу жээгинде жайгашкан ар бир мекеменин куткаруу шаймандары менен жабдылган ведомстволук куткаруу посту, медициналык пункту болушу керек.
30. Балдардын сууга түшүүсү буйрук менен бекитилген, сууда коопсуздукту камсыз кылууга жоопту адамдын, тарбиячылардын (вожатый), медицина кызматкеринин, сууда сүзүү боюнча инструктордун, суудагы куткаруучунун көз алдында жүрүшү керек.
31. Балдарды (12 жашка чейин) ата-энесинин кароосусуз, жалгыз сууга түшүрүүгө тыюу салынат. Бул эрежени бузган ата-энелер жоопкерчиликке тартылат.
32. Ондон ашпаган баладан турган топторго гана сууга түшүүгө уруксат берилет. Бир мезгилде бир топтун балдарына гана сууга түшүүгө уруксат берилет, чабак урууну билбегендердин сууга түшүүсү өзүнчө жүргүзүлөт. 10 баладан турган ар бир топко бир суудагы куткаруучу дайындалышы керек.
33. Жыл сайын, сууга түшүү сезону башталаар алдында, балдардын сууга түшүү жерлеринде төмөнкүдөй даярдыктар жүргүзүлөт:
- пляж зонасын текшерүү жана тазалоо, суу акваториясынын түбүн изилдөө жана тазалоо;
- отряддын (топтун) сууга түшүүсү үчүн бөлүнгөн участоктун чеги жээкти бойлото желектер менен белгиленет;
- сууга түшүү үчүн бөлүнгөн участоктун акваториясынын чеги периметри боюнча калкыма тосмолору менен белгиленет.
Балдар сууга түшүп жаткан учурда:
- такталарда куткаруучу шаймандар илинет;
- суудагы куткаруучу кайык менен белгиленген акваториянын сыртында 2-3 метр аралыкта турушу керек;
- сууда сүзүү инструктору ар бир топко коопсуздук эрежелери боюнча инструктаж жүргүзөт;
- сууда бир куткаруучу балдар сууга түшүп жатканда алардын жанында болуусу зарыл.
34. Балдардын ден соолугун чыңдоочу ар бир мекеменин пляжында сууга сүзүүчү такталары, сактагыч (куткаруу) курлары, электромегафон, пляждын акваториясын белгилөөчү калкыма тосмолор менен жабдылган чабак урууга үйрөтүүчү пунктар жайгаштырылат.
Окуу пунктунда сабактын расписаниеси, сууга сүзүүнүн техникасы жана методикасы, суудагы коопсуздуктун чаралары боюнча окуу плакаттары илинет. Чабак урууга үйрөтүү сууда сүзүү боюнча инструктор тарабынан жүргүзүлөт.
35. Балдарды сууга сүзүүгө үйрөтүү учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- балдар пляжында бөтөн кишилердин сууга түшүүсүнө жана ал жакта болушуна;
- балдар пляжынан 50 метр аралыка жакын жерде кайыкта жана катерде сүзүүгө;
- оюндар жана башка спорт иш чараларын өткөрүүгө.
Балдарды суу каражаттарына түшүрүүгө сөзсүз суудагы куткаруучунун кароосу менен нөөмөттөгү моторлуу же калактуу куткаруу каражаттары, куткаруу шаймандары (куткаруу тегереги, Александровдун түйүнү, капрон тросу бар 200 метр узундуктагы тешикти жабуучу темир калак, куткаруу чыптамалары, курлар, биринчи жардам көрсөтүүчү аптечка, ооз көңдөйү үчүн каражат, 8 түрүндөгү түтүк) ж.б.у.с) болгон учурда гана мүмкүндүк берилет. Төмөнкүлөргө ээ болгон адамдарга мотор кайыгын (катер) же башка суу моторлуу каражаттарын айдоого уруксат берилет:
- кеме билети жана техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу белгиси коюлган кеме күбөлүгү же тийиштүү каттоочу жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн, катталгандыгын далилдеген кеме документтеринин комплекти;
- контролдоо талону бар чакан кемени айдоого укук берген кеме айдоочусунун документи (диплом, күбөлүк);
- бортто болгон бардык адамдардын паспорту же күбөлүгү;
- ээси жок болгон учурда, жеке жакка тиешелүү чакан кемени башкарууга укук берүүчү, нотариус күбөлөндүргөн ишеним кат.
36. Кайыкка (катерге) түшкөн учурда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- кайыкка (катерге) жүргүнчү ташууда (жүк жүктөөдө) ашык адам салууга;
- чоң кишилердин коштоосу жок 16 жашка чейинки балдарга кайык (катер) айдоого;
- кайыктан (катерден, суу велосипединен) сууга секирүүгө жана түшүүгө;
- бортто отурууга, бир жерден башка жерге же башка кайыкка өтүүгө (отурууга).
IV. Өз алдынча жүрүүчү, өз алдынча жүрө албаган же сууда жел менен жүрүүчү каражаттарды жарандар колдонгон учурда коопсуздук чаралары
37. Ар бир суу станциясында, кире базасында жана кеме токтоочу жайларда дайыма нөөмөттө турган, сүзүү каражаттары менен колдонуу коопсуздугун контролдоону ишке ашыруучу куткаруу посту жабдылып, иштөөгө тийиш. Нөөмөттө тургандар сууда жабыр тарткандарга жардам көрсөтө алышы керек.
38. Суу станцияларында, кире базаларында жана кеме токтоочу жайларда ушул Эрежелерден, Сууда сүзүү каражаттарын колдонуу эрежелеринен үзүндүлөр, аталган акваторияда же райондо сууда сүзүү каражаттары менен сүзүү чегинин схемасы, сууда сүзүү эрежелери бар плакаттар жакынкы куткаруу станциясынын же куткаруу постторунун, ӨКМдин райондук, областык, ыкчам нөөмөттөрүнүн, Суучулдарды даярдоо борборунун, тез жардамдын, ички иштер органдарынын башкармалыгынын же бөлүмдөрүнүн жана кеме жүрүү коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча органдын телефон номеринин көрсөткүчтөрү илиниши керек.
39. Сууда өз алдынча жүрүүчү, өз алдынча жүрө албаган сүзүү каражаттарын, ошондой эле жел кемелерин жарандар колдонгондо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- белгиленген чектен ашык адам салууга жана жүк жүктөөгө;
- буй тосмолору менен тосулган сууга түшүү акваторясына кирүүгө;
- вехалар, буйлар, буй жолчолору менен белгиленген жээкке баруучу өткөөлдүн чегинен өтүүгө;
- сүзүп бара жаткан башка кемелерге барууга, алардын жолун 500 метрге чейинки жакындыкта кесип өтүүгө;
- кемелерден жана башка сүзүү каражаттарынан сууга чумкууга;
- кемеге 7 жашка чейинки балдарды салууга; 16 жашка чейинки балдарга кемелерди киреге берүүгө жана ага чоң кишинин коштоосу жок түшүүгө;
- сүзүү каражаттарын колдонуп жатып спирт ичимдиктерин ичүүгө;
- сүзүү каражатынын тумшугуна отурууга, бортунан бутту салаңдатууга;
- куткаруучу каражаттарын тиешесиз колдонууга;
- сүзүү каражатынын кыймылдаткычынын кубаттуулугуна туура келген кеме айдоочусунун күбөлүгү жок адамдарга мотор кайыктарын айдоого;
- пристандан, кеме токтоочу жайдан, базадан тышкары жерлерде, күтүлбөгөн кырдаалдан башка учурларда, жүргүнчүлөрдү отургузуу жана чыгаруу ишин аткарууга.
Чакан кемелердин сүзүүгө чыгышына уруксат берилүүчү учурлар:
- кеменин техникалык жактан оң учурунда;
- классификациялык коомдун документтеринде көрсөтүлгөн жабдыктар жана шаймандар болгон кезде.
40. Сүзүү каражаттары келүүчү жерлер буй тосмолор, желеги бар вехалар менен белгилениши керек, сүзүү каражаттары менен жабдылбаган жерге келүүгө тыюу салынат.
41. Сүзүү каражаттарын колдонгон жарандар сууда жабыр тартып жаткан адамдарга жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
42. Сууда машыгуу, мелдеш же башка иш чараларын өткөрүү мезгилинде, иш чараны өткөрүп жаткан мекеменин же уюмдун жетекчиси кемелердин жана катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылат.
43. Причалдарды, причалдык дубалдарды, куткаруу станцияларын жана курулуштарды ачуу жана анын техникалык күбөлөндүрүлүшү курулуштун колдонуудагы ченемдерине жана эрежелерине ылайык ишке ашырылат.
44. Калктын коопсуздугун сактоо жана кырсыкты болтурбоо максатында чакан кеме причалдарында объекттин техникалык абалын көрсөтүүчү, аталган ишти жасоого уруксаты бар курулуш жаатындагы атайын эксперттик уюму тарабынан берилген паспорту болушу керек.
V. Сууга түшүүдө жана сууга чумкууда суу алдындагы сүзүүчүлөрдүн (аквалангисттердин жана дайверлердин) коопсуздук чаралары
45. Суу алдындагы сууга сүзүүчүлөрдүн (суу алдында сүзүүчү спортсмендердин, суу алдында сүзүү ышкыбоздорунун, дайвинг адистеринин ж.б.у.с.) чумкуусу атайын суу алдындагы спорт жана дайвинг менен машыгууга бөлүнүп берилген жерлерде уруксат берилет. Сууга чумкуунун алдында сүзүүчүлөр куткаруу станцияларына (постторуна) же ӨКМдын (Суучулдарды даярдоо борбору) ыкчам нөөмөт бөлүмдөрүнө сүзүүчүлөрдүн саны, түшө турган жери жана түшүү убактысы тууралуу катталышат же маалымдашат.
46. Кырсыкты болтурбоо максатында суу алдындагы сүзүү жерлери коомдук сууга түшүү жерлеринен алыс жана кеме өтүүчү жолдордон четте болушу керек.
47. Суу алдындагы спорт жана дайвинг менен машыгуучу акваториянын районунда гидротехникалык курулуштар, суу алдындагы коммуникация жолдору жана тармактары, жасалма тоскоолдуктар жана коркунуч туудуручу нерселер болбошу керек. Суунун агымынын ылдамдыгы 0,5 м\секундадан ашпоого, суунун тунуктугу - 2 метрден кем эмес болууга тийиш.
48. Суу алдына түшүүгө курагы 16 жаштан ашкан, ден соолугу чың, сууга жакшы сүзгөн, кысылган абада аппарат менен колдонууну үйрөнгөн, суучулдун (аквалангисттин, дайвердин) күбөлүгүнө ээ болгон, чумкуп жатканда жана суу алдында коопсуздукту сактоо чараларын билген, сууда куткаруу ыкмаларын өздөштүргөн адамдарга уруксат берилет.
49. Өспүрүмдөр клубдарынын (секциялардын) мүчөлөрү 14 жаштан баштап клубдун жооптуу адамынын жетекчилиги жана байкоосу менен, бардык коопсуздук чараларын сактап, керектүү медикаменттери жана аспаптары бар медкызматкердин катышуусунда суу алдына түшүүгө машыгууга уруксат берилет.
50. Сабакты жетектөөгө жана өткөрүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Суучулдарды даярдоо борборунун суу алдындагы сүзүүнүн жана жеңил жабдууну кийген суучулдун ишин аткаруунун штаттык инструкторлору;
- суучул адистер, жеңил жабдууну кийген суучулдун ишин аткаруучу инструкторлор, тийиштүү сертификаты бар дайвинг боюнча инструкторлор.
51. Сабактын (чумкуунун) башчысы жакынкы декомпрессиондук камеранын жайгашкан жерин билиши зарыл жана анда жабыр тарткан адамды ошол жакка жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болушу керек.
52. Сууга чумкууну жээктен же куткаруу шаймандары, атайын траптар менен жабдылган сүзүү каражаттарынан (катерден, кайыктардан), медкызматкеринин (врач-физиологдун) көз алдында, ишке ашырса болот.
53. Жээктен же сүзүү каражаттарынан сууга чумкууну баштоонун алдында эскертүүчү төмөнкүдөй сигнал берилиши керек:
- көлдөрдө жана суу сактагычтарда - "Суучул түшүп жатат, алысыраак болгула" деген жазуусу бар көк түстөгү үч бурчтуу кесиндиси бар (200 м) (480x300 мм) ак желек.
54. Кысылган аба менен иштеген аппарат менен чумкуу сөзсүз кеминде 3-4 адамдан турган топто жүргүзүлүшү зарыл, анын экөө камсыздандыруучу кайыктан белги жана буйларды байкап турат; кайыктагы суучулдардын бирөөсү (дайвер, чабак уруучу) суу алдындагыларга жардам көрсөтүү үчүн түшүүгө даяр турушу керек. Медкызматкер жакын аралыкта болуп, биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө даяр туруусу зарыл.
55. Сууга чөмүлүүнүн бардык түрүндө экиден кем эмес суучул жабдыктарынын комплекти даярдалышы керек (биринчиси - сууга чумкуган адам үчүн, экинчиси - ага жардамга келүүчү адам үчүн). Камсыздандыруучу суучулдарда (дайверлер, сууга сүзүүчүлөр) талапка жооп берүүчү суучулдар шаймандарынын комплекти болуусу зарыл.
56. Сууга чумкууга төмөнкү учурда катуу тыюу салынат:
- сузуп бара жаткан катерлерден, кайыктардын үстүнөн;
- бийик борттуу кемелерден (бийиктиги 1,5 метрден ашуун); борттун бийиктиги 0,4 метрден 1,5 метрге чейин болсо, суучул трап милдеттүү түрдө болуусу зарыл;
- сууга түшүүгө тыюу салынган зоналарда, коомдук сууга түшүү жайларда, кеме токтоочу жерлерде жана чукул жээктерде, кеме жүрүүчү райондордо;
- бузук жана текшерилбеген жабдыктар менен;
- текшерүүдөн өтпөгөн (күбөлөндүрүлбөгөн) аппарат (баллондор) менен;
- медициналык көрсөтмө учурунда (сыркоологондо, чарчаган убакта, мас абалда, ооруган убакта ж.б.у.с);
- деңиздин (көлмөнүн) 2 баллдан ашык толкуусунда;
- суунун агымынын тездиги 0,5 м\секундадан ашкан учурда;
- суунун температурасы - плюс 8 гр. Цельсиядан төмөн кезде;
- жалгыз жана үч кишиден аз топто.
57. Жеңил суучул аппараттарын пайдалануунун завод сунуштаган нускамалардын талаптарын жана эрежелерин бузбай аткаруу коопсуздукту сактоонун милдеттүү шарты болуп эсептелет. Текшерүүдөн өткөн аппараттарды колдонууга уруксат берилет. Кезектеги техникалык текшерүүдөн өтпөгөн баллондорду колдонууга болбойт (баллондордо мурдагы техникалык күбөлөндүрүүчү станциянын мөөрү коюлуп, кезектеги жана келээрки техникалык кароонун мөөнөтү көрсөтүлөт), текшерүүнү үч жылда кеминде бир жолу жүргүзүү зарыл.
58. Суучулдардын (аквалангисттердин) топторунун жетекчилеринде сууга чөмүлүүнү уюштурууга жоопкер адамдын бекитилгендиги тууралуу буйругу, аппараттардын аба кошундулары менен толтурулган күнүн жана санын көрсөтүүчү документ, зарядка болгон күнүн (саатын), аппараттын санын жана аталышын (номерин) көрсөткөн аппараттарды заряддаган жоопкер адамдын (уюмдун) маалыматы (жазуу түрүндөгү күбөлүгү), болушу керек.
59. Жогорку басымдагы аба компрессорлору бар жана аппараттарды кысылган аба менен толтуруу кызматын көрсөтүүчү менчик ээлери (клубдар, ишканалар, уюмдар) жогорку басымдагы аба менен иштөөчү жабдыктарды пайдаланууга жана өтө коркунучтуу иштерди аткарууга тиешелүү уруксаты болушу керек.
60. Сууга жеңил чумкууларды ишке ашырган же дайвинг боюнча чумкууну жүргүзгөн жарандардын, клубдардын, уюмдардын менчик аппараттары катталат жана милдеттүү түрдө ӨКМдын аймактык бөлүмдөрүндө эсепке алынууга тийиш.
61. Суучулдар тобунун (суу алдындагы сүзүүчүлөрдүн, дайвинг боюнча адистердин) сууга түшүүсүнө Суучулдарды даярдоо борбору тарабынан берилген суучулдун китепчеси же сертификаты жана төмөнкү документтер болгон учурда гана уруксат берилет:
- суу алдындагы суучулдар (дайверлер) тобунун квалификациясы жана чумкууну жүргүзүүгө жооптуу адамдар көрсөтүлгөн тизме (паспорттук маалыматтар);
- суучулдардын шаймандарынын жана жабдууларынын тизмеси (аппараттардын номерлери жана аларды техникалык күбөлөндүрүүнүн күнү);
- сууга сүзүүгө керектүү болгон шаймандар жөнүндө маалымат (катталган документтер жана сууга сүзүү шаймандарынын ээси тууралуу маалымат).
VI. Муздагы коопсуздук чаралары
62. Көлмөдөгү суунун бетиндеги муз 10 см калыңдыкка жетмейинче муз үстүндө коньки, лыжа тебүүгө болбойт.
63. Муздан анын катуулугун текшерип туруп өтүү керек. Муздун калыңдыгы тузсуз сууда - кеминде 10 см, көлдө - кеминде 15 см болмоюнча музга чыгууга тыюу салынат. Муздун калыңдыгын бут менен тээп же бир нерсе менен (таш, таяк ж.б.у.с.) уруп текшерүүгө тыюу салынат.
Муздун калыңдыгы куткаруу станцияларынын (постторунун) кызматкерлери тарабынан кол менен иштөөчү бурду колдонуу жана тиешелүү маалымат таблицаларын илүү менен аныкталат.
64. Музда бара жатканда муз үстүн жакшылап карап, этияттап басуу керек. Коркунучтуу жана шектүү жерлерди айланып өтүү зарыл, музда түнкүсүн басууга болбойт.
65. Топтошуп муздан өткөн убакта бири-биринин артынан 5-6 м аралыкта, алдыда бара жаткан адамды байкап жүрүү керек.
66. Атайын жасалган муз айдыңдарда гана коньки тебүүгө болот. Жалпы коньки тебүүгө калыңдыгы кеминде 25 см болгон музда гана уруксат берилет.
67. Муздун астынан балык уулоодо анча чоң эмес аянтта көп чөнөк жасоо, муз үстүндө секирүү жана чуркоо, топтошуу сунушталбайт. Ар бир балык уулоочуда 15-20 м узундуктагы бир учунда сыйыртмак, экинчи учунда 400-500 г массадагы атайын куткаруучу жип болушу керек.
1-тиркеме
Штаттык кызматкерлерди даярдоо, ведомстволук куткаруу постторун кабыл алуу жана алардын иштөө тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо төмөнкү максатта иштелип чыкты:
- куткаруу постторунун ишин, куткаруу ыкмаларын колдонууга жана адамдарды суу кырсыктарынан сактоо боюнча иш-аракет көрүүгө атайын милдеттүү түрдөгү даярдыкты камсыз кылуу;
- куткаруу постторунун кызматкерлерин кесиптик даярдоо боюнча милдеттүү талаптарды аныктоо;
- куткаруу постторунун жана станцияларынын куткаруу шаймандарынын жана жабдыктарынын милдеттүү тизмесин, штаттык расписаниесин бекитүү.
2. Ведомстволук куткаруу постторунун сезон алдында даярдык көрүүсү атайын, жалпы, теоретикалык жана практикалык болуп бөлүнөт.
3. Атайын даярдыкка төмөнкү куткаруу кесиптерин өздөштүрүү кирет: суучул-куткаруучу (суу алдында сүзүүчү), моторист, куткаруу станциясынын медициналык кызматкери (медайымы), суудагы куткаруучу.
4. Жалпы даярдык куткаруу кызматынын колдонулуучу документтерин окууну, суудагы кырсыкты алдын ала эскертүү боюнча практикалык ишти, куткаруу ыкмаларын жана жабыр тартканга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү өздөштүрүү, сууда-куткаруу иши боюнча практика өтүүнү камтыйт.
5. Станцияларды жана постторду даярдоо программасына негизги үч маселе кирет:
- куткаруу станциясынын, куткаруу постунун кызматын уюштуруу;
- жай мезгилинде сууда адам өмүрүн коргоо боюнча куткаруу станциясынын иш аракеттерин уюштуруу;
- куткаруу станциясынын, куткаруу постунун материалдык-техникалык жактан жабдылуусу (камсыз болушу).
6. Жалпы уюштуруучу көрсөтмөлөр:
- куткаруу станцияларынын жана посттордун кызматкерлерин даярдоо Суучулдарды даярдоо борбору уюштурган атайын курстарда (жыйындарда) жүргүзүлөт;
- куткаруу станциялары жана посттору Суучулдарды даярдоо борборунун адистери катышкан мамлекеттик комиссия кабыл алгандан кийин гана ачылат;
- куткаруу станцияларын жана постторун ишке кабыл алуунун сөзсүз коюлуучу шарты болуп аталган станциялардын жана посттордун кызматкерлеринин жооптуу тапшырманы - сууда жабыркоочуга ар кыл шартта жардам көрсөтүүнү аткаруусу эсептелет. Даярдануу убагында жана кабыл алууда жеңилдетүүлөргө жол берилбейт;
- станцияларды (постторду) даярдоо, суудагы куткаруучуларды, суучул куткаруучуларды (суу алдында сүзүүчүлөрдү) окутуу теоретикалык сабактарды өтүү жана жумуш ордунда машыгуу жолу менен куткаруу шаймандарын жана техникасын колдонуу аркылуу өткөрүлөт. Машыгуу даярдыктын негизги түрү болуп саналат жана бардык сезондун убагында (жыл бою) жүргүзүлүүсү керек. Куткаруу станцияларынын кызматкерлеринин даярдыгынын жүрүшү жана мазмуну куткаруу станциясынын сабакты көзөмөлдөө журналында белгиленет;
- курстук даярдыктын (жыл сайын) жыйынтыгында ар бир сууда куткаруучу куткаруу айгайы боюнча өз милдетин так билиши жана аткарышы керек, чөгүп (сүзүп) баратканды суу үстүндө жана суу алдындагы кыртыштан көтөрүүнү билиш керек, ага биринчи жардам көрсөтүп, куткаруу шаймандарын колдонуп, кайыкта сүзө алышы керек;
- максималдуу натыйжага жетишүү үчүн куткаруу станциясынын (посттун) ар бир кызматкери чектеш адистикти - суучул-куткаруучу (дайвер) адистигин өздөштүрүүсү керек;
- ар бир кызматкер суудагы кырсыктардын алдан алуу боюнча чаралардын практикалык ыкмаларын билиши керек, куткаруу шаймандары жана жабдыктары менен иштей алышы зарыл, өз кызмат милдеттерин кынтыксыз аткаруусу керек;
- даярдоонун теориялык жана практикалык маселелерди ишке ашырууда Куткаруу станциялары жана посттору жөнүндө жобону, адистик боюнча даярдоо программаларын, типтүү нускамаларды, Суучулдук ишти аткаруудагы коопсуздуктун бирдиктүү эрежелерин, техниканы, жабдыктарды жана каражаттарды кароо жана пайдалануу боюнча нускаманы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын адам өмүрүн сууда коргоону уюштуруу боюнча жобону (чечимин) жетекчиликке алуу керек;
- куткаруу станцияларынын жана постторунун ишин Суучулдарды даярдоо борбору координациялайт;
- станциялар (посттор) төмөнкү маселелер толук иштелип чыккан кезде гана ишке киргизилет: кесиптик даярдык; техниканын, куткаруу каражаттарынын ишке жарактуулугу; куткаруу станцияларынын жана постторунун жайларынын жана аймактарынын даярдыгы;
- текшерүүнүн аягында комиссия станциянын (посттун) бүт кызматкерлердин катышуусунда жетишпегендиктерди аныктайт жана аны жоюу мөөнөтүн белгилейт, станциянын (посттун) даярдыгына баа берет. Даярдыкты баалоо жана жыйынтыктар куткаруу станциясынын (посттун) журналына жазылат;
- курорттук сезон башталаар алдында куткаруу станциясынын (посттун) ээси катерлерди, кайыктарды (сууда куткаруучу каражаттарды) экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелерин мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга техникалык күбөлөндүрүү жана сүзүүгө уруксат алуу үчүн көрсөтөт;
- катерди өз алдынча башкарууга суу транспорту жаатын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чакан кемени башкарууга укук берүүчү күбөлүгү бар адамга гана уруксат берилет. Катерди колдонгондо кеме айдоочунун катердин кыймылдаткыч күчүнө туура келген күбөлүгү бар адам айдоосу керек.
Куткаруу станциясынын (куткаруу постунун) начальниги куткаруу станциясынын (куткаруу постунун) сезон алдындагы даярдыгына, кызматкерлердин жоболорду, нускамаларды, окуу жана методикалык материалдарды өздөштүрүүсү, адамды куткаруунун жана жабыркоочуга биринчи жардам көрсөтүүнүн ыкмаларын үйрөнгөндүгү үчүн жооп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Куткаруу станцияларынын кызматын, ведомстволук куткаруу постун уюштуруу
Ведомстволук куткаруу постуна, станциясына коюулуучу талаптар жана алардын аткарылышы:
┌──────────────────────┬──────────────────────────────────────────────┐
│ Станцияга (постко) │ Аткарылуучу чаралар │
│ коюлуучу талаптар │ │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│1. Куткаруу │1. Төмөнкүлөр түзүлөт, окулат жана аткарылат: │
│станциясынын (посттун)│а) Расписание: │
│документтери │- жай мезгилиндеги куткаруу айгайы боюнча; │
│ │- куткаруу станциялары жана кыйроодон куткаруу│
│ │топтору үчүн авария айгайы боюнча. │
│ │б) Нускамалар: │
│ │- нөөмөт суучулга, нөөмөт мотористке, нөөмөт │
│ │медайымга; │
│ │- нөөмөт суу куткаруучуга жана вахтадагы │
│ │байкоочуга; │
│ │- техниканы, жабдыктарды жана куткаруу │
│ │шаймандарын кароо, пайдалануу боюнча; │
│ │- көчмө посттун куткаруучусуна. │
│ │в) Журналдар: │
│ │- вахталык, суучулдук, мотордук, │
│ │компрессорлордун иши, кырсык актылары, сабакты│
│ │эсепке алуу. │
│ │г) Формулярлар: │
│ │- катердин, компрессордун, суучул аппараттын │
│ │жана башка техниканын. │
│ │д) Схемалар, карталар: │
│ │- куткаруу станциясынын (куткаруу постунун) иш│
│ │жүргүзгөн районун; │
│ │- радиотелефон байланышынын, байкоонун жана │
│ │сигнализациянын │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│2. Кызматты күнүмдүк │Төмөнкү сменалардын күнүмдүк нөөмөтү │
│уюштуруу │белгиленет: │
│ │- куткаруу станциялары (посту) боюнча нөөмөт; │
│ │- байкоочу мунарадагы вахта. │
│ │Байкоочу мунаралар төмөнкүдөй байкоо │
│ │каражаттары жана сигнализация менен жабдылат: │
│ │- дүрбү, элктромегафон жана үн чыгаруучу │
│ │сигнализация. │
│ │Медициналык пункт төмөнкүдөй жабдылат: │
│ │- пост, нөөмөттөгү кайык үчүн санитардык │
│ │баштык комплектелет. │
│ │Куткаруу айгайында пайдалануу үчүн техникалар,│
│ │сүзүү каражаттары дайыма даяр турушу керек. │
│ │Күнүгө пландаштырылган төмөнкүдөй жумуштар │
│ │жана сабактар өткөрүлүп турат: │
│ │- жайларды жана аймактарды жыйноо, материалдык│
│ │бөлүктү кароо, техниканы оңдоо; │
│ │- бардык расписаниелер жана айгайлар, │
│ │нөөмөттөгү сменанын, вахта байкоочусунун │
│ │нускамалары текшерилет, өз ишканасын кароо │
│ │жана пайдалануу боюнча, коопсуздукту сактоо │
│ │эрежелери жана кызматтык документтердин │
│ │жүргүзүлүшү каралат, Куткаруу станциялары жана│
│ │посттору тууралуу жоболор, эмгекти коргоо │
│ │боюнча материалдар, жергиликтүү бийлик │
│ │органдарынын сууда адам өмүрүн коргоону │
│ │уюштуруу боюнча токтомдор жана буйруктар менен│
│ │тааныштырылат │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│3. Байкоо, │Куткаруу станциясынын (постунун) тез жардам, │
│сигнализация жана │ӨКМдын бөлүктөрү, милиция, жээктеги станциянын│
│байланыш │көчмө посту менен үзгүлтүксүз телефон │
│ │байланышы түзүлөт. │
│ │Станциянын бардык кызматкерлерине төмөнкүлөр │
│ │үйрөтүлөт: станциянын (посттун) иш жүргүзгөн │
│ │районунун схемасы, байкоону жүргүзүү, көчмө │
│ │посттор менен сигнализацияны уюштуруу, │
│ │байланышты, дүрбүнү, стереотүтүктү, │
│ │электромегафонду, ошондой эле УКВ │
│ │радиоаппаратурасын, радио берүү түйүнүн жана │
│ │магнитофонду колдонуу эрежелери │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│4. Профилактика │Жээктин куткаруу станциясына (постко) │
│(суудагы кырсыктарды │бекитилген тилкеси, жалпы эс алуу жайлары, │
│эскертүү) │кайык жана суу станциялары, ошондой эле │
│ │профилактика жана сууда адам өмүрүн коргоо │
│ │иштерин уюштурууга муктаж пляждар аныкталат │
│ │жана изилденет. │
│ │Пляждардын, суу станцияларынын, кайык жана │
│ │жеңил суучул жабдыктарын киреге берүүчү │
│ │станцияларынын, суу аттракциондорунун │
│ │жабдыктары менен колдонуу эрежелери, балдардын│
│ │жээкте эс алуусунун коопсуздугун камсыздоочу │
│ │эрежелер үйрөтүлөт. │
│ │Сууда коопсуздукту сактоо чараларын эс │
│ │алуучулардын арасында жайылтуу материалдары │
│ │текшерилет, станциянын (посттун) кызматкерлери│
│ │куткаруу кызматынын практикалык ыкмаларын │
│ │өздөштүрүшөт, стенддер жана "сууда │
│ │куткаруучунун бурчун" орнотуу боюнча тажрыйба │
│ │алышат │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│5. Кесип боюнча │Машыгууларда төмөнкүлөр иштелип чыгат: │
│даярдоону өркүндөтүү │а) суучулдар, дайверлер (сууда куткаруучулар) │
│ │менен: │
│ │- жеңил суучул жабдыктарды колдонууга жана │
│ │жеңил суучул жабдыктарды кийүүгө (убакытты │
│ │белгилөө менен) даярдоо; │
│ │- экинчи суучулдун камсыздандыруусу менен │
│ │жеңил жабдууну кийген суучулду суу алдына │
│ │чумкууга, макетти издөөгө жана аны суу │
│ │астындагы кыртыштан көтөрүп чыгууга │
│ │машыктыруу. │
│ │б) мотористтер менен: │
│ │- нускамага ылайык куткаруучу катерди │
│ │пайдалануу жана катердин чыдамдуулугун │
│ │жогорулатуу боюнча иш-аракеттерди иштеп чыгуу;│
│ │- катердин токтоочу жайдан кетиши, жээкке │
│ │келип токтошу, сүзүп жүргөн предметке барышы; │
│ │- компрессорду жана аба тазалоочу чыпканы │
│ │пайдалануу; │
│ │- техниканын бузугун жоюу жана оңдоо; │
│ │в) медайымдар жана врачтар менен: │
│ │- суучул иштерин (сууга чумкууну) медициналык │
│ │камсыз кылуу; │
│ │- суудагы жабыркоочуга медикаменттерди, │
│ │аппараттарды колдонуу менен жана аппаратсыз │
│ │жасалма дем алдырууну жүргүзүп, медициналык │
│ │жардам көрсөтүү; │
│ │- станциянын (посттун) кызматкерлерине кызмат │
│ │бөлмөлөрүнүн жана пляждын аймагынын санитардык│
│ │абалына медициналык көзөмөл жүргүзүү; │
│ │- суучулдардын аппараттарын, абанын сапатын │
│ │көзөмөлдөө; │
│ │г) чарба башчылары (материалдуу жоопту │
│ │адамдар) менен: │
│ │- мүлктү сактоо жана эсептөө; │
│ │- сүзүү каражаттары туруучу жерди жабдуу; │
│ │- кайыктарды, куткаруу тегеректерин, курларын,│
│ │"Александров түйүндөрүн", жана башка куткаруу │
│ │каражаттарын пайдалануу; │
│ │- такелаждык, сырдоо жана оңдоо иштерин │
│ │аткаруу │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│6. Жалпы даярдык │Сабактарда, машыгууда станциянын жана │
│ │посттордун бардык кызматкерлери төмөнкүлөрдү │
│ │үйрөнүшөт жана иштеп чыгышат: │
│ │- куткаруучу каражаттардын түзүлүшү жана аны │
│ │колдонуу (тегерек, кур, "Александров түйүнү", │
│ │куткаруу шатысы, такта жана башка); │
│ │- сууда сүзүүнүн, чөгүп жатканды буксирге │
│ │алуунун жана чырмалуудан бошотуунун ыкмалары; │
│ │- жасалма дем алуунун жана сууда жабыр │
│ │тартканга биринчи жардам көрсөтүүнүн ыкмалары;│
│ │- кайыктын түзүлүшүн, кайыкты калак менен │
│ │айдоо жана аны башкаруу; │
│ │- такелаждык жана сырдоо иштери │
└──────────────────────┴──────────────────────────────────────────────┘
Методикалык көрсөтмөлөр:
1. Расписаниени, нускаманы түзгөндө станциянын (посттун) иш жүргүзгөн районун өзгөчөлүктөрү, метериологиялык шарттары чагылдырылышы керек.
2. Пляждык сезондун узактыгы, пляж акваториясынын тереңдиги, мүнөзү.
3. Кыртыштын, айлампанын, куткаруу техникасынын болушу жана аны пайдалануу мүмкүнчүлүгү.
4. Пландуу сабактарды өткөрүү, кызматкерлердин өз милдеттерин өздөштүрүү боюнча машыгуу жана жалпы маселелерди чечүү методикасын:
- куткаруу станциясынын (постунун) начальниги станциянын (посттун) штаттык курамына тапшырма берет, материалдык бөлүктө тиги же бул ишти кантип туура жасоо керектигин көрсөтөт жана кызматкерлерге бул ишти өз алдынча жасоого мүмкүнчүлүк берет. Суроо-жооп ыкмасы менен түшүнүксүз жерлерди аныктап, кошумча оозеки түшүндүрүү, көрсөтүү менен кызматкерлердин материалды толук түшүнүүсүнө жетишет.
5. Байкоо, сигнализация жана байланыш маселелерин иштеп чыгууда (күндө машыгуу жолу менен) "чөгүп жатканды" өз убагында көрүү, ал тууралуу көчмө посттон сигналды кабыл алуу, ошондой эле окуянын болгон жерин (квадратын, багытын) аныктоо сыяктуу зарыл нерселерге жетишүү керек.
6. Суудагы кырсыкты профилактикалоо учурунда кызматкерлердин суудагы, пляждагы коопсуздук, сууда адамдын өмүрүн коргоо жана жарандар сууда өзүн алып жүрүү эрежелеринин бузулушуна бөгөт коюу боюнча чараларды оозеки жайылтуусун колдонуу зарыл.
3. Сууда адам өмүрүн сактоо боюнча чара көрүү жана нормативдерди аткаруу
Төмөнкүлөр зарыл талаптар болуп эсептелет:
а) куткаруу станциясынын, куткаруу постунун сууда жабыр тарткандарга тез жардам берүүгө даяр болуусу;
б) нөөмөт сменасынын кырсык болгон жерге чыгууга даярдыгы, жабыркаганды суудан алып чыгып ага биринчи жардам көрсөтүүсү;
в) куткаруу станцияларынын, куткаруу постторунун кызматкерлери жайкы (сууга түшүү) сезондо кырсыктардын алдын алуу чараларын өткөрүүдө практикалык ыкмаларды колдоно билүүсү.
┌──────────────────────┬──────────────────────────────────────────────┐
│ Станцияга (постко) │ Аткарылуучу чаралар │
│ коюлуучу талаптар │ │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│1. Сүзүү │Сууда куткаруучу, суучул-куткаруучу (дайвинг │
│каражаттарынын, │адистери) нөөмөт сменаларынын куткаруу │
│куткаруу │каражаттарын күнүмдүк даярдоо учурунда │
│жабдыктардын даярдыгы │төмөнкүлөр аткарылат: │
│ │- куткаруу катерин, нөөмөт кайыгын, санитардык│
│ │аспаптарды айгай боюнча тез чыгууга даярдоо; │
│ │- жеңил суучул каражатын жана башка куткаруучу│
│ │жабдыктарды нускамага жана эрежелерге жараша │
│ │даярдоо жана текшерүү │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│2. Байкоо, │Күн сайын вахтадагы байкоочу тарабынан байкоо,│
│сигнализация жана │кырсыктын квадратын жана багытын аныктоо │
│байланыш │методдору иштелип чыгат, ошондой эле көчмө │
│ │куткаруу постторунан сигнал кабыл алуу, │
│ │жакынкы куткаруу станциясы менен байланыш │
│ │текшерилип турат │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│3. Куткаруу айгайы │Окуя болгон квадратты жана багытты аныктоо │
│боюнча сүзүү │учурунда вахталык байкоочу жабыр тарткан │
│каражаттарынын кырсык │адамды көргөндө: │
│болгон жерге чыгуусу, │- заматта куткаруу айгайын жарыялоо, катердин,│
│жеңил суучулдун (суу │кайыктын, сууда куткаруучулардын │
│алдында сүзүүчү) │(суучул-куткаруучунун, дайвердин) кырсык │
│кийинүүсү │болгон жерге тез жетип баруусу; │
│ │- катердин, кайыктын, сууда куткаруучулардын │
│ │(суучул-куткаруучу, дайвердин) вышкадагы │
│ │сигналдын жардамы менен кырсык болгон жерге │
│ │багыт алышы; │
│ │- жеңил суучулдун катерде (кайыкта) бара │
│ │жатканда кийинүүсү. │
│ │Айгай болгондо катердин чыгуу мөөнөтү норматив│
│ │боюнча - 30 секунд. │
│ │Суучулдун жеңил жабдууну кийүүсү жана чумкууга│
│ │даярдыгы: │
│ │- гидрокостюмчан - 60 секунд; │
│ │- гидрокостюмсуз - 20 секунд │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│4. Катердин, куткаруу │Чөгүп жатканга, оодарылган кайыкка шамал, │
│кайыгынын, сууда сүзүү│агым, толкун багытын эске алуу менен │
│каражаттарына, │"Александров түйүнүн", куткаруу тегерегин │
│оодарылган кайыкка, │ыргытуу маневру аткарылат. │
│чөгүп жатканга │Чөгүп бара жатканга, кайыкка жакындоодо жапырт│
│жакындоосу │кирүү тыюу салынат. │
│ │Куткаруу тегереги, "Александров түйүнү" │
│ │биринчи эле аракеттен берилиши зарыл │
│ │Маневр учурунда "чөгүп жаткандын" жанында │
│ │винттин (калактын) кооптуу иштешине тыюу │
│ │салынат │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│5. Куткаруучу сүзүү │Куткаруучу сүзүү каражатын якорго коюу жана │
│каражатын якорго коюу,│жеңил жабдуулуу суучулдун чөккөндү издөө жана │
│жеңил жабдуулуу │суудан алып чыгуу үчүн суу алдына чумкуу │
│суучулдун чөккөндү │маневри аткарылат ("суучул иштерин жүргүзүп │
│издөө үчүн суу │жатам" деген сигналды аткаруу менен). │
│алдына чумкуусу │Маневрди аткарууда жабыр тарткан суунун агымы │
│ │менен агып кетүүсүн эске алуу керек. │
│ │Якорду түшүргөндөн кийин суудагы суучулга │
│ │сүзүү каражатынын жакындоосуна тыюу салынат. │
│ │Издөө 10x10 м квадратында чөккөн жерди │
│ │визуалдык аныктоо менен жүргүзүлөт. │
│ │Издөөгө берилүүчү максималдуу убакыт (реалдуу │
│ │жардам берүү жана сактап калуу үчүн): │
│ │- суунун температурасы 18-22 град. Цельсия, │
│ │таза кыртышта жана суунун агымы 0,5 м/сек. - 3│
│ │мин.; │
│ │- суунун температурасы 17 град. Цельсиядан │
│ │төмөн болгон учурда - 4 мин. │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│6. Чөгүп жатканды │Нөөмөттүк кайыктын кырсык болгон аймакка тез │
│жеңил жабдуу кийбей, │жетүүсү, жээк бойлоп куткаруучу максималдуу │
│кайыктан жана жээктен │ылдамдыкта (чуркап) кырсык болгон жерге тез │
│сүзүп барып, татаал │жетип, 4 м тереңдикке чейин (3х3м квадратта) │
│шарттарда куткаруу │чумкуп, чөккөндү суучул жабдуусуз издеп таап │
│ │чыгуусу. │
│ │Издөөгө берилүүчү максималдуу убакыт - 3 мин. │
│ │Чумкууга (сүзүүгө) "Александровдун түйүнүн" │
│ │белге байлап, анын бош учун экинчи суучул │
│ │куткаруучу кармап турганда гана уруксат │
│ │берилет. │
│ │Куткарылган чөгүп жаткан адамды жана │
│ │куткаруучуну чыгаруу "Александровдун түйүнүн" │
│ │жардамы менен ишке ашат │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│7. Жабыр тартканга │Врачка же медайымга өткөзүп бергенге чейин │
│биринчи жардам │(медицина кызматкери жокто) жабыркоочуга │
│көрсөтүү жана аны │куткаруучу төмөнкүдөй өз алдынча биринчи │
│транспорттоо │жардам көрсөтүүгө милдеттүү: │
│ │- сууда болгон учурда (сүзүп) - жабыркоочуну │
│ │тез арада жээкке жеткизүү керек; │
│ │- катерде, кайыкта үзгүлтүксүз жасалма дем │
│ │алдыртуусу керек │
└──────────────────────┴──────────────────────────────────────────────┘
Матрос-куткаруучуларды даярдоодогу талаптар
┌──────────────────────┬──────────────────────────────────────────────┐
│ Талаптар │ Нормативдер │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│1. Суудагы │Бардык куткаруу станцияларынын жана │
│куткаруучунун │постторунун кызматкерлери суудагы │
│нормативдерин аткаруу │куткаруучунун төмөнкүдөй нормативдерин │
│ │аткарууга милдеттүү: │
│ │- 100 метрге сууга сүзүү, эркин сүзүү - 5 │
│ │мин. │
│ │- 3x3 м квадратта 4 м тереңдикке чумкуп │
│ │макетти алып чыгуу - 3 мин.; │
│ │- 20 м узундукка чумкуу; │
│ │- жабыркоочунун буксирге алуу - 25 м; │
│ │- кийимчен сүзүү (көйнөкчөн, шымчан) - 25м; │
│ │- 1000 м кайыкты калак менен айдоо - 9 мин; │
│ │- "Александровдун түйүнүн" берүү - 20 м; │
│ │- салмагы 7 кг куткаруу тегерегин ыргытуу │
│ │(берүү) - 10 м; │
│ │- чөгүп жаткандын кучагынан бошоно билүү; │
│ │- жабыркоочуга биринчи жардам көрсөтүү. │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│Эскертүү │1. Ыргытылган "Александровдун түйүнүн" жана │
│ │куткаруучу тегеректин бутадан кыйшайуусу 1 м │
│ │ашпашы керек. │
│ │2. Чабак уруу жана чумкуу боюнча нормативдерди│
│ │тапшыруу ластасыз аткарылат. │
└──────────────────────┴──────────────────────────────────────────────┘
4. Куткаруу постунун курамы жана жабдуусу (сунуш кылынат)
Куткаруу посту, жабдылган байкоочу (кароол) аянты бар жайкы имаратта же бастырмада жайгаштырылат.
Пост сууда адам өмүрүн коргоону милдеттендирилген зонада төмөнкүдөй минималдуу мүмкүн болгон курамда аткарат:
- пост начальниги - сууда куткаруучу (дайвинг боюнча инструктор, аквалангист);
- сууда куткаруучу (дайвер, аквалангист);
- сууда куткаруучу (суу алдында сүзүүчү аквалангист), сууда жеңил жабдуу менен түшүүнү камсыздоочу милдеттүү даярдыгы бар суучулга гана уруксат берилет;
- медициналык кызматкер.
Куткаруу постунун курамы 50 м пляжга - 1 аттестацияланган куткаруучу деген эсеби менен түзүлөт.
4.3. Куткаруу посту төмөнкү менен камсыз болуусу керек:
┌────────────────────────────────┬────────────────────────────────────┐
│ Аталышы │ Саны │
├────────────────────────────────┴────────────────────────────────────┤
│ Сууда сүзүү каражаттары │
├────────────────────────────────┬────────────────────────────────────┤
│Куткаруучу калактуу кайык │- 1 (пляждын 100 метрине) │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Куткаруучу моторлуу кайык │- 1 (пляждын узундугу 300 м кем │
│ │болбосо) │
├────────────────────────────────┴────────────────────────────────────┤
│ Куткаруу каражаттары │
├────────────────────────────────┬────────────────────────────────────┤
│Александровдун түйүнү │- 2 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│200 м камсыздандыруу учу │- 1 │
│(вьюшка) │ │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Кукаруучу тегерек │- 1 (пляждын ар бир 25-30 метрине) │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│40 м камсыздандыруу учу │- 1 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Мегафон (рупор) │- 1 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Куткаруучу кур (чыптама) │- 3 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Куткаруучу узун шырык │- 2 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Куткаруучу валик │- 2 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Санитардык баштыкча же аптечка │- 2 │
├────────────────────────────────┴────────────────────────────────────┤
│ Аквалангисттик жабдуулар │
├────────────────────────────────┬────────────────────────────────────┤
│Жеңил суучулдун дем алуучу │- 2 │
│аппараты (керектүү каражаттардын│ │
│комплекти менен) │ │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Жарым маска │- 3 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Ласталар │- 3 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Дем алуучу түтүкчө │- 3 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Суучулдун куру менен бычагы │- 2 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│50 м сигнал берүүчү уч │- 1 │
│(35-50 мм) │ │
├────────────────────────────────┴────────────────────────────────────┤
│ Документтер │
├────────────────────────────────┬────────────────────────────────────┤
│Аквалангдарды текшерүү журналы │- 1 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Вахталык журнал │- 1 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Иш жүргүзүлүүчү райондун │- 1 │
│картасы же схемасы │ │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Нөөмөт расписаниеси │- 1 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Мүлктүн эсебин алуу │- 1 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Үгүттөөчү көрсөтмө куралдар │- 1 │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Посттун кызмат адамдарына │- 1 │
│нускамалар │ │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│Эмгекти коргоо боюнча │- 1 │
│инструктаж журналы │ │
└────────────────────────────────┴────────────────────────────────────┘
Куткаруу постунун жоопкерчилик аймагы болуп пляждын чеги менен аныкталган, жээктен 50 м алыстыктагы (буйлар менен тосулган сүзүү чегине чейин) акваториянын чеги саналат.
Тайыз жерлерде - жоопкерчилик аймагы болуп буй тосмолоруна чейинки аралык аныкталат.
5. Кырсыктардын алдын алуу. Пляждын жабдууларын даярдоо
Куткаруу станцияларынын, постторунун кызматкерлери пляждын жабдыктарын жана суунун боюндагы жалпы калк эс алуу жерлерин төмөнкүдөй контролдойт:
- коркунучтуу сууга түшүүчү жерлерди тосуу, сууга түшүү аймактарын (акваторияларды) калкалоо;
- сууга түшүүчү шаймандардын жээкке келүүчү жерлерин буй жолчолору менен тосуу;
- суу боюнда жалпы калк эс алган жерлерде маалымат берүүчү стенддерди, куткаруучу шаймандары менен такталарды (мамыларды) орнотуу;
- сууга сүзүүчү чакан каражаттарды, суучулдун жеңил жабдыктарын коркунучсуз пайдаланууну жана сууга түшүү эрежелерин сактоону контролдоо;
- адамдардын (балдардын) сууда коопсуз эс алуусунун шарттарын контролдоону камсыз кылуу;
- санаторийдик-курорттук мекемелердин байланыш түйүнү аркылуу мегафондун, магнитофондун, трансляция түйүндөрүнүн жардамы менен сууда коопсуздукту сактоону жайылтуу;
- жөө посттун (сууда куткаруучунун) пляжды бойлоп көзөмөлдөөсү аркылуу, ал эми көл жакта - куткаруучу шлюпканын жардамы менен пляждын акваториясын байкоо.
6. Куткаруу станцияларын, куткаруу постторун пайдаланууга киргизгенде төмөнкүлөр текшерилет:
- куткаруу станцияларынын, куткаруу постторунун кызматын уюштуруу абалы;
- куткаруучулардын сууда куткаруу ишин билүүсү;
- техниканын, куткаруу каражаттардын абалы;
- куткаруу станциянын (посттун) сууда жабыркоочуга жардам берүүгө куткаруучу катердин "куткаруу зонасынын" радиус аралыгына баруусу, издөөгө жана макетти 5-6 м 10x10 квадратында (убакытты ченөө менен) макетти алып чыгуу даярдыгы;
- нөөмөттүк кайыктын кырсык болгон жерге чыгуусу (убакытты өлчөө менен), издөө жана макетти 4 м тереңдикке үч жолу аракет кылып, чумкуп кирүү менен (суучул жабдыгы жок) алып чыгуусу;
- станциянын бардык кызматкерлери берүүчү сууда куткаруучунун нормативдеринин аткарылышы;
- куткаруу станциясынын кызматкерлери суудагы кырсыкты алдын алуу боюнча практикалык иш-чараларды аткаруусу жана ал иштердин жыйынтыгы;
- станциянын аймагынын жана техникасынын, жайларынын абалы;
- материалдык бөлүгүнүн, суучулдардын жабдыктарынын абалы, кызматкерлердин пайдалануу боюнча нускаманын материалдык бөлүгүн билүүсү жана аткаруусу;
- кызмат документтеринин болушу жана туура жүргүзүлүшү;
- кызматчылардын адистик боюнча талапка жараша даярдалышы;
- пляждын, кайык станцияларынын жана сууга сүзүү шаймандарын прокатка берүү базаларын кармоо эрежелерин билүүсү;
- маалымат берүү стенддеринин, "куткаруу бурчунун" жабдылышы;
- сууда жабыр тартканга биринчи жардам берүү жана буксировкалоо ыкмаларын колдоно билүүсү, чырмалуудан бошотууну билүүсү;
- сууда жабыр тартканга медициналык биринчи жардам көрсөтүүгө даяр болушу.
Бул Жободо куткаруу станцияларына жана куткаруу постторуна коюлуучу негизги талаптар келтирилген.
Деталдуу иштелип чыккан нускама жана жоболор ӨКМдын аймактык бөлүмдөрү жана башка тиешелүү кызматтары тарабынан иштелип чыгат.
7. Куткаруу станциясынын куткаруу зонасын жана иш жүргүзүү районун аныктоо методу
Ар бир куткаруу станциясы үчүн анын иш жүргүзүү аймагы аныкталат.
Куткаруу станциясынын "иш жүргүзүү аймагы" деп куткаруу станциянын борборунан башталып, жээк сызыгы менен догоого чейинки радиусу жарыкта 1200 метрге туура келген, көз менен караганда байкалуучу акватория аталат.
Эскертүү: тажрыйба маалыматтары боюнча сүзүүчүнүн башы, жакшы (дүрбү менен) караганда 1200 м аралыкта байкалат.
Станциянын бардык иш жүргүзүү аймагында техникалык каражаттар адамды суудан куткарууга чоң мүмкүнчүлүк берет (чарчап калган сүзүүчү, оодарылып кайыктын кишилери ж.б.у.с.). Куткаруу станциясынын иштөө аймагына суу алдындагы кыртыштан, көлмөдөн (дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар) куткаруу зоналары кирет.
Куткаруу станциясынын "куткаруу зонасына" станциянын техникалык каражаттары суу алдындагы кыртышка баткан адамды сактоого көбүрөөк мүмкүнчүлүк берген акватория аймагы саналат. "Куткаруу зонасы" куткаруу станциянын борборунан башталып, жээк сызыгы менен догоого чейинки радиус менен чектелип, төмөнкү формула боюнча аныкталат:
R = (V(км/час) х Т4(мин.)) / 60 х 100
R - "куткаруу зонасынын" курчап турган айланасынын метр боюнча радиусу;
V - станциядагы катердин километр саат боюнча ылдамдыгы;
T4 = T0 - (Т1 + T2 + Т3) - катердин кырсык болгон жерге барышы үчүн керектүү мөөнөт;
Санактын негизи карата төмөнкүлөрдү алуу керек:
Т0 - адамдын суу алдында болуусу, 6 минутка барабар;
Т1 - маалымдоо мезгили, б.а. кырсык болгон жер тууралуу вахта байкоочусунун билдирүүсү, же байланыш каражаттары аркылуу маалымат алуу 0,5 минутка барабар;
Т2 - айгай мезгили, б.а. коркунуч жөнүндө сигнал алгандан баштап катердин жээктен кеткенине чейин убакыт, 0,5 минутка барабар;
Т3 - суучулдун сууга чумкуусу, чөккөн адамды издөө жана аны суудан чыгаруу, 3 минутка барабар.
Т1, Т2, Т3 чоңдуктары өздүк курамдын даярдыгына жана жер шартына (суунун тунуктугу, тереңдиги) байланыштуу азайышы мүмкүн.
Кадимки шартта куткаруу станциясынын иштөө аймагында катердин ылдамдыгы максималдуу болот. Татаал шартта (кайыктар, катерлер жана сууга түшүүчүлөр топтолгон жерлерде) катердин ылдамдыгы шартка жараша басаңдатылат.
МИСАЛ: ылдамдыгы 20 км\саат катер болгондо станциянын "куткаруу зонасынын" радиусун эсептөө зарыл: Т0 = 6 мин., Т1 = 0,5 мин., Т2 = 0,5 мин., Т3 = 3 мин. деп алабыз.
Табабыз: Т4 = 6 - 4 = 2 мин., мында радиус = (20 * 2) / 60 * 1000 = 666,7 метр болот.
Станциянын иштөө аймагы
Т0 = Т1 + Т2 + Т3 + Т4
Т0 = 6 минут
Т1 = 0,5 минут
Т2 = 0,5 минут
Т3 = 3 минут
Т4 = Т0 - (Т1 + Т2 + Т3) = 6 - 4 = 2 минут
Катердин ылдамдыгы 20 км/саат
R = (20 х 2) / 60 х 1000 = 666,7.
Куткаруу постунун иш жүргүзүү аймагы деп посттун борборунан 100 метр радиуста жайгашкан акватория аталат.
100 метр радиус аралыгы төмөнкү шарттардан келип чыгат: жабыркоочуга кайыктын жетишине, агымды өзгөчөлүгүн эске алуу менен, 3 мин. кетет, сүзүп куткарууга жана издөөгө дагы 3 мин., адамдын өмүрүн сактоо жалпысынан 6 мин. барабар.
Эскертүү: өздүк курамдын даярдыгына жана жер шартына (агымга, суунун тунуктугуна, тереңдигине, сууга түшкөндөрдүн көптүгүнө) байланыштуу куткаруу постунун иштөө радиусу өзгөрүшү мүмкүн.
Сууда жабыр тарткандарга куткаруу каражаттарынын жардамга чыгышы бардык учурларда, же ал тууралуу маалымат алынганда, куткаруу станциясынын (постунун) иштөө аймагына карабастан милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.
2-тиркеме
| "БЕКИТЕМИН" Пляжды пайдаланууга милдеттүү ишкананын жетекчиси
|
___________________________
20__-жылдын "__" __________
Пляждын акваториясынын түбүн суучулдардын изилдөөсүнүн АКТЫСЫ
___________________________________
АКТ биринчи тараптан пляждын менчик ээсинин администрация өкүлү (ижарачы) _____________________________________________________________
(пляждын аталышы)
_______________________________________________________________________ жана экинчи тараптан акваториянын пляжын изилдеп жаткан суучулдардын атынан суучулдар тобунун жетекчиси ____________________________________ _______________________________________________________________________ ____________________ түзүлдү. 201__-ж. "___" ______________ № _________ келишимдин негизинде төмөнкү суучулдар тобу ___________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ ______ 201_-ж. "____" _______________________ төмөнкү иштерди жүргүздү:
1. Пляждын акваториясынын жалпы аянты _____ кв.м. ____ х _______ м өлчөмдөгү түбүн суучулдардын визуалдык изилдөөсүн.
2. Тиркелген схеманын негизинде жогоруда аталган пляждын туурасынан кеткен көрүнүшү боюнча тереңдикти ченеди.
3. Жогоруда аталган пляждын тереңдигин ченеди жана сууга түшүп жатканда коркунуч туудуруучу жерлери белгилеген план-схемасын түздү.
4. Аталган пляждын түбүндөгү тоскоолдуктардан арылтты жана тоскоолдуктар алып салынгандыгы тууралуу акт түздү.
Жумуш пляждын менчик ээлеринин администрация өкүлү тарабынан _____ _______________ бааланып алынды. Изилдөө учурунда төмөнкүлөр аныкталды:
Пляждын менчик ээлеринин Суучул ишин жүргүзгөн
(арендатор) суучулдар
администрация өкүлү тобунун жетекчиси
____________________________ ____________________________
(колу, аты-жөнү) (колу, аты-жөнү)
М.О. М.О.
Тиркеме 3
Пляждын суу алдындагы бөлүгүнүн ПАСПОРТУ