Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-августу № 515
Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине Таштан Эрматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Белгилүү композитор, профессор, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Таштан Эрматовдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине Таштан Эрматовдун ысымы ыйгарылсын жана мындан ары ал: "Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи" деп аталсын.
2. Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине Таштан Эрматовдун ысымын ыйгаруу боюнча чыгымдар атайын каражаттардын жана демөөрчүлүк жардамдын эсебинен ишке ашырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |