Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-ноябры №741
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлу № 428 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесипкөй мамлекеттик кызматтын ырааттуулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыздоо, мамлекеттик кызматка квалификациялык кадрларды тартуу, мамлекеттик кызматты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик административдик кызматынын бош орундарын ээлөөгө талапкерлерди жана мамлекеттик кызматчыларды тесттен өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо;
- Мамлекеттик органдын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |