Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-ноябры №742
"Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкынын улуттар аралык жана этностор аралык ынтымагын, маданияттар аралык өз ара байланышын, биримдигин чыңдоо, калктын көз карандысыз жана калыс маалыматтарга, билим берүүчү, балдар, маданий жана оюн-зоок программаларына керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле коомдук берүүлөрдүн ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облустук телерадиокомпаниясынын базасында "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы түзүлсүн.
2. "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги жана Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссия эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагындагы телекөрсөтүү жана радиоуктуруу үчүн жыштыктарды бөлсүн.
4. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясын телерадиоберүү уюмдары үчүн ылайык келген жай менен камсыздасын.
5. Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик администрациялары "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын филиалдарын алардын ачылышына жараша зарыл болгон жайлар менен камсыздашсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты:
- "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын телерадиоберүүлөрдү уюштуруусу үчүн гранттык каражаттарды тартуу боюнча чараларды көрсүн;
- "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын башкаруу органдарын түзүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн.
7. Бул токтом 2011-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-ноябры №742
"Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын калкынын улуттар аралык жана этностор аралык ынтымагын, маданияттар аралык өз ара байланышын, биримдигин чыңдоо, калктын көз карандысыз жана калыс маалыматтарга, билим берүүчү, балдар, маданий жана оюн-зоок программаларына керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле коомдук берүүлөрдүн ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облустук телерадиокомпаниясынын базасында "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы түзүлсүн.
2. "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги жана Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссия эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагындагы телекөрсөтүү жана радиоуктуруу үчүн жыштыктарды бөлсүн.
4. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясын телерадиоберүү уюмдары үчүн ылайык келген жай менен камсыздасын.
5. Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик администрациялары "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын филиалдарын алардын ачылышына жараша зарыл болгон жайлар менен камсыздашсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты:
- "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын телерадиоберүүлөрдү уюштуруусу үчүн гранттык каражаттарды тартуу боюнча чараларды көрсүн;
- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Бул токтом 2011-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.