Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы N 742 токтому менен бекитилген |
"Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 367 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы (мындан ары Компания) - "Телекөрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн башкаруунун коомдук формасындагы мамлекеттик телерадиоберүү уюму.
Компания улуттар аралык жана этностор аралык ынтымакты, маданияттар аралык өз ара байланышты, Кыргыз Республикасынын элинин биримдүүлүгүн чыңдоо, калктын көз карандысыз жана калыс маалыматка, билим берүүчү, балдар, маданий жана оюн-зоок программаларына керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле коомдук берүүлөрдүн ролун жогорулатуу максатында түзүлдү. Бул максатка жетишүү үчүн берүү улуттук азчылыктардын тилдерин кошкондо түрдүү тилдерде жүргүзүлөт.
Компаниянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Уюштуруучунун функцияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 367 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Компания өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Компаниянын ушул Уставына ылайык жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик тилдеги толук фирмалык аталышы: "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы.
Расмий тилдеги толук фирмалык аталышы: Общественное региональная телерадиокомпания "Ынтымак".
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Компания юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, алыш-бериш жана башка эсептерге, оперативдик башкаруу укугунда өзүнө бекитип берилген мүлккө ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган башка мөөрлөрү жана штамптары бар.
Компания Ош облустук телерадиокомпаниясынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
Компания улуттук жана чет өлкөлүк мыйзамдардын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө өз филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана кабарчылык пункттарын ачууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Компаниянын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү, 221.
2. Ишинин максаттары, милдеттери, принциптери жана предмети
6. Компаниянын негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өлкөдөгү жана дүйнөдөгү окуялар жөнүндө толук жана туура маалымат алууга жарандардын укуктарын камсыздоо;
- мамлекеттик бийлик органдарынын иши, Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөдөгү социалдык-саясий жана башка окуялар жөнүндө калкка ыкчам маалымат берүү;
- өлкөнүн мамлекеттик биримдигин, коомдогу жарандык тынчтыкты жана ынтымакты сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасында жашаган элдин жана этностордун билим алууга болгон жана рухий керектөөлөрүн канааттандыруу, маданияттарды, тилдерди, салт-санааларды өнүктүрүү жана өз ара байланыштыруу;
- журналистиканын бийик стандарттарын, толеранттуулук стандарттарын, адам укугун урматтоону камсыздоо;
- мамлекеттик тилге окутуу программаларын, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр үчүн телерадио программаларды кошкондо экономикалык, публицистикалык, көркөм, окуу, оюн-зоок, спорттук маданий-билим берүү телерадио программаларын бийик кесиптик, көркөм жана техникалык деңгээлде түзүү жана жайылтуу;
- программаларды, кино-, аудио-, видео- жана башка продукцияларды түзүү, сатып алуу, алмашуу, ушул продукцияларга жана интеллектуалдык менчиктин башка объекттерине автордук жана аралаш укуктарды алуу жолу менен аларды түзүүнүн чыгармачыл-өндүрүштүк процессин ишке ашыруу жана камсыздоо; Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөлөрдө теле-, кино-, аудио-, видеопродукцияларды чыгарууга заказдарды алуу жана аткаруу;
- телекөрсөтүү жана радиосигналдарды спутник, эфир (жер бетиндеги берүү), цифралык, кабелдик, зымдуу байланыш (берүү) каналдары жана релейлик линиялар боюнча берүү жана жайылтуу жолу менен аны трансляциялоону жана ретрансляциялоону ишке ашыруу;
- байланыштын (берүүнүн) эфирдик (жер бетиндеги берүү), спутниктик, цифралык, кабелдик жана башка системаларынын иштеп жаткандарын эксплуатациялоо жана жаңыларын түзүү;
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө маалыматтын ар кандай түрүн чогултууну, алмашууну жана жайылтууну уюштуруу, өздүк маалымат фондун түзүү;
- маалыматтык мүнөздөгү басма, аудиовизуалдык, кино-, теле-, видео- жана башка продукциялардын бардык түрлөрүн чыгаруу жана жайылтуу;
- басма жалпыга маалымдоо каражаттарын уюштуруу жана түзүү, маалыматтык агенттик түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте көргөзмөлөрдү, аукциондорду, жарманкелерди, лотереяларды, тооруктарды, конкурстарды, фестивалдарды уюштуруу;
- инновациялык, ишке киргизүүчүлүк, уюштуруучулук, ортомчулук жана башка кызматтарды көрсөтүү;
- телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган бардык зарыл иш-чараларды жүргүзүү;
- рынок экомикасынын шарттарында иштөө үчүн телекөрсөтүү, радиоуктуруу, информатика жана коммуникациялар адистерин даярдоону уюштуруу;
- чет мамлекеттердин телерадиоуюмдары менен кызматташтыкты өнүктүрүү;
- иштин башка түрлөрү.
7. Компания өз ишин төмөнкү принциптердин негизинде ишке ашырат:
- редакциялык көз карандысыздыктын;
- маалыматтын калыстыгынын жана балансташкандыгынын;
- маалыматтын ыкчамыгынын жана тактыгынын;
- фактыларды жана баалоо ой-пикирлерин так чектөөнүн;
- пикирлердин көп түрдүүлүгүнүн;
- ачык-айкындыктын жана ачыктыктын.
8. Принциптерди ишке ашыруу тартиби ушул Устав, ошондой эле Компаниянын ички актылары менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Компания өз ишин мамлекеттик органдарга жана мекемелерге көз карандысыз өз алдынча уюштурат жана жүргүзөт, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенет.
3. Компанияны башкаруу тартиби
10. Компанияны Байкоочу кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жана башкы директор башкарат.
11. Кеңеш Компаниянын жогорку башкаруучу органы болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын жарандары болгон окумуштуулардан, педагогикалык жана чыгармачыл кызматкерлерден, коомдук уюмдардын кызматкерлеринен дайындалуучу алты мүчөдөн турат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкү адамдар боло алышпайт:
- мамлекеттик же муниципалдык кызматта тургандар;
- расмий кызмат ордун ээлегендер же саясий партиянын штатында тургандар;
- Компаниянын же башка берүүчүлөрдүн жетекчилери;
- каалаган деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органында шайланма кызмат ордун ээлегендер;
- берүү же телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү кызмат ордун ээлегендер.
Кеңештин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда өзүнүн саясий ишин жана саясий партиядагы мүчөлүгүн убактылуу токтотот.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан окуу жана илимий мекемелер, коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн жана сунушталган талапкерлердин арасынан ушул орган тарабынан бекитилген тартипте 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүү Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктаганга чейин үч ай мурун Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Кеңештин мүчөсү ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда көрсөтүү бош орун пайда болгон күндөн тартып башталат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 367 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Кеңештин мүчөлөрү өз ишин коомдук негизде жүргүзүшөт, алар Компания менен ишкердик жана коммерциялык мамиледе болбоого жана бул үчүн сый акы албоого тийиш.
16. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары өздөрү шайланган мөөнөт бүткөндө токтотулат, ошондой эле төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
- жарандыгын жоготкондо;
- өзүнүн каалоосу боюнча;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматка киргенде;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланганда;
- каза болгондо же Кеңештин мүчөсүнүн милдетин аткарууга мүмкүндүгү болбой ооруп калганда;
- Кеңештин жыйындарына катары менен эки жолу жүйөөлүү себепсиз катышпай калганда;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузган учурда жана соттун өкүмү күчүнө киргенде.
17. Кеңеш жылына эки жолудан кем эмес чакырылат, бул учурда ар бир жылдын 30-мартынан кечиктирилбестен жылдык жыйын өткөрүлөт, анда өткөн жыл үчүн иштин жыйынтыгы чыгарылат. Кеңештин кезексиз жыйыны Кеңештин төрагасынын, Компаниянын башкы директорунун же болбосо анын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн биринен кем эмесинин өтүнүчү боюнча чакырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Кеңештин жыйыны эгерде ага анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет. Кеңештин чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
19. Белгиленген милдеттердин алкагында Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кеңештин Регламентин жана Компаниянын Программалык концепциясын бекитүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Компаниянын максаттарына жана милдеттерине ылайык кредиттерди, гранттарды жана башка каражаттарды тартууга;
- Компаниянын чыгымдар сметасын (бюджетин), пландуу документтерин жана финансылык отчетторун кароого жана макулдашууга;
- Компаниянын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин пайдалануу жөнүндө Компаниянын кызмат адамдарынын отчетторун угууга;
- Компаниянын тиешелүү кызмат адамдарынан финансылык-чарбалык иштерди жүргүзүү менен байланышкан документтерди белгиленген тартипте сурап алууга;
- зарылдыгына жараша Уставда аныкталган милдеттерди чечүү үчүн Кеңештин мүчөлөрүнөн комиссияларды, жумушчу топторду түзүүгө;
- Компаниянын ишинин маселелери боюнча коомдук угууларды жүргүзүүгө;
- документтерге көз карандысыз текшерүү, аудит жүргүзүү, Компаниянын иши боюнча консультацияларды алуу үчүн консультанттарды тартууга жана жумушчу топторду түзүүгө;
- Компаниянын ишине тиешелүү зарыл маалыматтарды мамлекеттик органдардан жана уюмдардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Компаниянын ишинин маселелери боюнча Кеңештин дарегине келип түшкөн жана багытталган арыздарды жана жарандар менен уюмдардын кайрылууларын кароого;
- Компаниянын башкы директорун конкурстук негизде жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайлоого;
- Кеңештин жалпы курамынын үчтөн эки бөлүгү менен Компаниянын башкы директорун чакырып алууга;
- Кеңештин жалпы курамынын үчтөн эки бөлүгү менен Компаниянын башкы директору тарабынан анын орун басарын дайындоого жана бошотууга макулдук берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктар.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кеңеш өз курамынын ичинен Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлайт. Төрага Кеңештин ишин уюштурат, ошондой эле төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кеңештин жыйналышынын убактысын, ордун жана күн тартибин аныктайт;
- Кеңештин жыйынын уюштурат жана өткөрөт, анын жыйындарында каралуучу маселелерди түзөт, жыйындарга жетекчиликти ишке ашырат;
- Кеңештин чечимдерин башкы Компаниянын башкы директорунун аткаруусун камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Кеңештин жыйынына Кеңештин катчысы протокол жазат. Катчынын статусу жана функционалдык милдеттери Кеңеш тарабынан аныкталат жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жылдык, кезектеги жана кезексиз жыйналыштарды чакыруу, жыйындар үчүн зарыл материалдарды жана Кеңештин мүчөлөрү үчүн документтерди даярдоо, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүүнү;
- жылдык жана кезектеги жыйын өткөрүлгөнгө чейин 30 күн мурда, кезексиз жыйын өткөргөнгө чейин 10 күн мурда жыйын, анын күн тартиби, убактысы жана өткөрүү орду жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө билдирүүнү;
- Байкоочу кеңештин иш кагаздарын жүргүзүүнү.
Башкы директор Кеңештин жыйындарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.
22. Кеңеш коомдук негизде иштейт. Кеңештин ишин уюштуруучулук, методикалык, финансылык жана башка камсыздоону Компаниянын аткаруучу органы ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Башкы директор Компаниянын аткаруучу органынын функцияларын ишке ашырат жана өз ишинде Кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын алдында отчеттуу. Компаниянын Башкы директорунун эки орун басары бар.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 367 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
24. Компаниянын башкы директору Компаниянын Кеңеши тарабынан конкурстук негизде шайланат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Компаниянын башкы директорунун жана анын орун басарларынын функционалдык милдеттенмелери Компаниянын Уставында так регламенттелүүгө тийиш. Компаниянын башкы директорунун функционалдык милдеттери төмөнкү ыйгарым укуктарды камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:
- Компаниянын учурдагы жана оперативдүү ишин жүргүзүү, Компаниянын өкүлчүлүктөрүн жана кабарчылык пункттарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин белгиленген тартипте чечүү, алар жөнүндө жоболорду бекитүү;
- Компаниянын иши менен байланышкан келишимдерди түзүү, буйруктарды чыгаруу жана кызматкерлер үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды берүү;
- Компаниянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жүргүзүү, бардык ата мекендик жана чет өлкөлүк ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда, мамлекеттик бийлик органдарда анын кызыкчылыгын коргоо;
- мекеменин кызматкерлеринин аткаруучулук тартибине контролдоо жүргүзүү, Кеңештин бардык чечимдерин аткарууга жоопкерчилик тартуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Башкы директордун орун басарлары Кеңештин макулдугу менен Компаниянын башкы директору тарабынан дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Финансылык жана чарбалык иштери
27. Компаниянын финансылык иши республикалык бюджеттин, жарнамалардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
Каржылоо ошондой эле кайрымдуулук, гранттык жана башка демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен да ишке ашырылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Телерадиоберүү жаатындагы демөөрчүлүк иш төмөнкү шарттарга жана талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- демөөрчү демөөрчүлүк кылуучу телерадиоберүүнүн мазмунуна таасир этүүгө же анын эфирге чыгуу убактысын жана мөөнөтүн белгилөөгө укуксуз;
- демөөрчүлүк кылынуучу телерадиоберүү телерадиоберүүнүн башталышында жана/же аягында гана, ошондой эле жарнамага чейин жана/же үзүп берүүдө демөөрчү жөнүндө (аталышы же аты, эмблемасы, соода же болбосо фирмалык маркасы) так жана түшүнүктүү маалыматты камтышы керек.
29. Компания чарбалык иш жүргүзүүгө укуктуу, андан түшкөн кирешелер ушул Уставда аныкталган максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.
5. Программалык жана редакциялык саясат
31. Компаниянын программалары коомдун кызыкчылыгына кызмат кылууга тийиш.
Коомдук берүүлөрдүн программалары жалпысынан саясатта, философияда, динде, илимде жана искусстводо колдонулуп жүргөн пикирлердин жана тенденциялардын кеңири диапазонун чагылдырышы керек. Алар бир тараптуу тартипте кайсыл бир партиянын же топтун, ассоциациянын, компаниянын, диндин же идеологиянын кызыкчылыгына кызмат кылбашы керек.
32. Компаниянын программалык артыкчылыктары коомдук пикирди иликтөөнүн натыйжаларын эске алуу менен аныкталат. Программалар демократиялык баалуулуктарды, өз ара түшүнүшүүнү, элдер ортосундагы тынчтыкты жана достукту коргоого тийиш.
33. Компания маалыматтык, социалдык, публицистикалык, маданий, билим берүүчү, балдар, өспүрүмдөр жана башка программаларын жайылтууга милдеттүү.
34. Чыгармачыл кызматкерлер журналисттик этиканын принциптерин камтыган этикалык стандарттарды жетекчиликке алышат. Маалымат берүүнүн башкы стандарттары тактык, тууралык, баланстуулук, толуктук жана жеткиликтүүлүк, ошондой эле фактылар менен автордук түшүндүрмөлөрдүн так чектөөсү болууга тийиш.
35. Жашы жетпегендер, кылмыштардын курмандыктары, табигый кырсыктардан жана катастрофалардан жапа чеккендер жөнүндөгү материалдарда өзгөчө кылдаттык сакталат; жекече турмуш, шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана соттолуучуларга калыстык принциби урматталат, маалымат булактарына жана жашырын аттарга купуялуулук корголот.
36. Компания ушул Уставга жана ички актыларга ылайык кайсыл тема коомдук маанилүү болуп эсептелээрин өз алдынча аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Компания белгиленген тартипте мамлекеттик бийлик органдарынын карамагындагы архивдерге, документтерге жана маалыматтарга жетүүгө уруксат сурашы мүмкүн.
38. Компания жалпы эл үчүн жеткиликтүү болгон жана жалпы маалыматтык кызыкчылыкты жараткан социалдык-маданий жана башка иш-чараларга эркин жетүүгө укуктуу.
39. Программалык саясаттык кошумча эрежелери Кеңеш тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Компания Кеңеш белгилеген жол-жобо боюнча башка уюмдарга программаларды чыгарууга заказ берет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Эсепке алуу жана отчеттуулук
41. Компания бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (салык, социалдык, статистикалык ж.б.) отчетторду берет.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбей Кеңеш тарабынан каралат жана бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Компания жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбей өзүнүн иши жөнүндө коомчулукка маалымдайт.
Компаниянын ар жылдык маалыматы (отчету) жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
7. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби. Компаниянын ишин токтотуу тартиби
43. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын сунушу боюнча киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Компаниянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотулат.