Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 токтому менен бекитилди |
Бюджеттик булактардан каржылануучу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунын (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары тууралуу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641, 2012-жылдын 12-июнундагы № 408, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 471, 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартында чыккан N 161 "Өзгөчө шарттарда каралуучу эмгек акы төлөө тууралуу" токтомун эске алуу менен иштелип чыкты.
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) (мындан ары - Борбор) жетекчилерине жана кызматкерлерине, барокамерада, суу алдында иштөөгө тиешелүү уруксаты бар, кызматтык жана башка милдеттерин аткаруу үчүн суу алдына түшүүчү суучулдарга, карата колдонулат.
Борбордун жумушчуларынын кызмат акысын жана иш жүгүн аныктоо тарифтик торчого (мындан ары - ТТ) карата бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641, 2012-жылдын 12-июнундагы № 408 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-бөлүм Борбордун кызматкерлерин жумуш адистигине, кызматына, ошондой эле суу астындагы жүргүзгөн иштерине жараша эмгек акы төлөө разрядын Бирдиктүү тарифтик торчого жайгаштыруу
1. Жасаган эмгегине туура келген өлчөмдөгү акы төлөөнү тартипке келтирүү максатында иштин өзгөчө шарттарда аткарылышын эске алуу менен, Борбордун жумушчуларынын эмгек акысын тарифтик разрядда төлөнүүчү тарифтик торчого киргизүү:
(1-таблица КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбордун, мекеменин, отряддын, бөлүмдүн башчысынын орун басарларынын эмгек акылары боюнча разряды бөлүмдөрдүн башчыларынын разрядынан 1 разрядга төмөн каралат.
3. Башчылардын жана адистердин эмгек акысынын конкреттүү разряды, ТТнын бир нече кеңдигинде тарифтелүүчү, квалификациялык талаптарга жооп берүүчү аттестациянын жыйынтыгынын негизинде коюлат. Аттестациянын жыйынтыгы Борбордун буйругу менен бекитилет. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен Борбор керектүү квалификациялык талаптарды бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Борбордун кызматкерлерине паектук камсыздоо жана башка төлөмдөр бир айдагы эсептик көрсөткүчтүн отуз эсе өлчөмүн түзөт. Чен азык менен камсыз кылуунун конкреттүү ченемдери Борбордун башчысынын көрсөтүүсүнүн негизинде КРнын ӨКМнин буйругу боюнча аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)
2-бөлүм Борбордун жумушчуларынын кызмат ордуна жана адистигине жараша эмгек акы төлөө разрядынын тарифтик торчосу. Жалпы жобо
6. Тарифтик торчо боюнча борбордун жумушчуларына ээлеген кызмат орундарына жараша квалификациялык талаптардын коюлушу жана ага карата эмгек акы төлөө бул разряд кадрларды туура тандоо, алардын иштөө деңгээлин жогорулатуу, башчылар менен адистердин аткаруучу жумуштарын айгинелөө, ошондой эле бул категориядагы кызматкерлердин кызмат милдеттерин аныктоо биримдигин камсыздоо жана эмгек акы төлөө разряды боюнча аларга коюлган квалификациялык даярдыкты талап кылууга көмөк көрсөтөт.
7. Борбор башчысынын орун басарларына эмгек акы төлөө разряды боюнча коюлуучу талаптар иштелип чыккан жок, анткени алардын кызмат милдеттери, билимине жана квалификациясына коюлуучу талаптар башчылардын берген мүнөздөмөсүнүн негизинде аныкталат.
8. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Суучулдар иши адистеринин класстары суучулдар ишиндеги "Суу алдындагы Эрежелеринен" ылайык белгиленет - ЖД 31.84.01-90.
10. Орто билими бар, атайын суучулдарды даярдоо курсун бүтүргөн жана аталган адистик негизги (кошумча эмес) жумушу болгон суучулдардын жумушчу адиси классификациясына кирет жана ошого жараша тарифтик разряддар коюлат.
11. Башчылар үчүн тарифтик разряддар:
Борбордун башчысы - 20-23-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
Жогорку (суу транспорту, аскер-деңиз флоту, Россиянын ӨКМнин жарандарды коргоо академиясы) билими, бекитилген программа боюнча курстук даярдыктан өтүү, башкаруу кызматында 3 жылдан кем эмес эмгектенүү:
20-21-разряддары - эгерде КРнын ӨКМнин башчылыгында 2 жылдан кем эмес башкаруучунун кызматын аткаруу учурунда;
22-23-разряддары - эгерде Борбордун башкаруучусу милдетин 1-2 жыл аткаруу учурунда.
Тереңдиктеги суучулдар бекетинин башкаруучусу - 12-16-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
12-разряд - жогорку же орто адистик (суу унаасы, суу чарбасы - жаратылышты жайгаштыруу, аскер-деңиз флоту, гидротехникалык курулуштардын инженери) билимдүү жана коюлган программа боюнча курстук даярдыктан өткөн учурда, иш мөөнөтүнө талап коюлбайт;
13-15-разряддар - жогорку адистик (суу унаасы, суу чарбасы - жаратылышты жайгаштыруу, аскер-деңиз флоту, гидротехникалык курулуштардын инженери) билимдүү жана коюлган программа боюнча курстук даярдыктан өткөн, суучулдар бекетинин башчысы кызматында 3 жылдан кем эмес иштеген учурда;
15-16-разряддар - жогорку адистик (суу унаасы, суу чарбасы - жаратылышты жайгаштыруу, аскер-деңиз флоту, гидротехникалык курулуштардын инженери) билимдүү жана коюлган программа боюнча курстук даярдыктан өткөн, суучулдар бекетинин башчысы кызматында 5 жылдан кем эмес иштеген учурда.
Жээктеги куткаруу бекетинин башчысы - 12-разряд.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
Жогорку профессионалдык (суу унаасы, суу чарбасы - жаратылышты жайгаштыруу, аскер-деңиз флоту жана башка инженердик адистиктер) билимдүү коюлган программа боюнча курстук даярдыктан өткөн, башкаруу кызматында 3 жылдан кем эмес иштеген учурда:
Посттун башчысы (куткаруучу) - 5-6-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
5-6-разряддар - Орто (толук) жалпы билимдүү, коюлган программа боюнча курстук даярдыктан өткөн жана суучул-куткаруучу ишинен эмгек стажы бар, сууда куткаруучу болуп 2 жылдан кем эмес иштеген учурда;
Издөө-маневралдык тобунун башчысы - 11-14-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
Орто (толук) жалпы билими бар, коюлган программа боюнча курстук даярдыктан өткөн, 1-класстагы квалификациялык суучул күбөлүгүнүн ээси жана суучул кызматында 3 жылдан кем эмес иштеген учурда;
11-разряд - жол тапмалык издөө тобунун башчысы кызматында иштеген учурда, эмгек стажысы талап кылынбайт;
12-разряд - издөө жол тапмалык топтун башчысы кызматында 2 жылдан кем эмес иштеген учурда;
13-разряд - издөө жол тапмалык топтун башчысы кызматында 3 жылдан кем эмес иштеген учурда;
14-разряд - издөө жол тапмалык топтун башчысы кызматында 5 жылдан кем эмес иштеген учурда.
Окуу-усулдук борбордун башчысы (Мектептер) - 15-16-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
15-разряд - жогорку профессионалдык билими жана педагогикалык кызматта 6 жылдан кем эмес эмгектенүү;
16-разряд - жогорку профессионалдык билими жана педагогикалык кызматта 8 жылдан кем эмес эмгектенүү.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Адистер үчүн тарифтик разряддары:
Суу алдында жүргүзүлүүчү иштер боюнча эксперт - 14-16-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
Жогорку профессионалдык (суу унаасы, аскер-деңиз флоту, суу объектилеринин сыноочусу, суу чарба инженери, гидротехникалык курулуштардын инженери) билимдүү, коюлган программа боюнча курстук даярдыктан өткөн, башкаруу жана инженердик кызматта, долбоорлоо-куруучулук кызматта 3 жылдан кем эмес эмгек стажысы болгон учурда:
14-разряд - суучулдар тарабынан өткөрүлүүчү, эксперттик топтун жетекчилигин ишке ашыруучу (техникалык көзөмөлдөө, каттоо жана сынактык иштери) суу сактагычтардын жана суу астындагы иштердин коопсуздугу боюнча мамлекеттик эксперт;
15-разряд - суу алдындагы иштерин башкаруу, гидротехникалык суу сактагыч курулуштарынын коопсуздугун сактоо багытындагы мамлекеттик эксперт; бул багытта эксперт болуп 2 жылдан кем эмес иштеген учурда;
16-разряд - суу сактагыч жана суу алдындагы татаал иштерди, сууда объекттерди тургузуу жана ширетүү, суу экспертизасынын бардык багытында башкаруу иштерин жүргүзгөн, ушул багытта 4 жылдан кем эмес иштеген мамлекеттик эксперт.
Суучулдардын дарыгери - Дарыгер-адиси - 10-15-разряддары.
10-разряд - иште үзгүлтүгү бар дарыгер-адис (стажер);
11-разряд - квалификациялык категориясы жок дарыгер-адис;
12-разряд - 2-квалификациялык категориясы бар дарыгер-адис;
13-разряд - 1-квалификациялык категориясы бар дарыгер-адис;
14-разряд - жогорку квалификациялык категориясы бар дарыгер-адис;
15-разряд - жогорку квалификациядагы категориясы бар, оорулууларды стационарда операция кылган, бардык аталыштагы хирург-дарыгер.
Суучул-инструктор - 6-11-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
Жалпы коюлуучу талаптар - Жогорку же орто (техникалык) профессионалдык билимдүү, суучулдук иш боюнча суучулдар мектебинде (курсунда) атайын даярдыкты өткөн, 1, 2-класстагы суучул экендиги тууралуу күбөлүктүн ээси, суучул болуп 3 жылдан кем эмес эмгектенген учурда;
6-7-разряд - жогорку билимдүү жана "Суучул адиси" квалификациясы бар, иш мөөнөтү каралбайт, же атайын орто (техникалык) билимдүү, "1-2-класстагы суучул" квалификациясы бар жана суучул кызматында 2 жылдан кем эмес эмгектенген учурда;
8-9-разряд - жогорку билимдүү жана "Суучул адиси" квалификациясы бар, суучул адиси кызматында 2 жылдан кем эмес эмгектенсе же атайын (техникалык) орто билимдүү, "2, 3-класстагы суучул" квалификациясы бар жана окуу-усулдук борборлордо суучулдар мектептеринде) 2 жылдан кем эмес эмгектенсе, суучул кызматында 4 жылдан кем эмес иштеген учурда;
10-11-разряд - окуу-усулдук борборлордо (суучулдар мектебинде) 3 жылдан кем эмес, суучул кызматында 5 жылдан кем эмес эмгектенсе, 120 метр тереңдикте суучул жумуштарды башкарууга уруксаты бар учурда.
Методист - 8-13 разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
8-разряд - жогорку профессионалдык билимдүү жана педагогикалык иш мөөнөтү 2-5 жылдан кем эмес учурда;
9-разряд - жогорку профессионалдык билимдүү жана педагогикалык иш мөөнөтү 5-8 жылдан кем эмес учурда;
10-разряд - жогорку профессионалдык билимдүү жана педагогикалык иш мөөнөтү 8-12 жылдан кем эмес учурда;
11-разряд - жогорку профессионалдык билимдүү жана педагогикалык иш мөөнөтү 12 жылдан ашуун болсо;
12-разряд - 2-квалификациялык категориясы бар, же жогорку профессионалдык билимдүү жана педагогикалык иш мөөнөтү 5 жылдан кем эмес болсо;
13-разряд - 1-квалификациялык категориясы бар, же жогорку профессионалдык билимдүү жана методист кызматында 3 жылдан кем эмес эмгектенген учурда;
Ага окутуучу-окутуучу - 7-14-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
7-8-разряд - жогорку профессионалдык билими болсо, иш мөөнөтү каралбайт;
9-разряд - жогорку профессионалдык билимдүү жана педагогикалык иш мөөнөтү 2-5 жыл, же орто техникалык билимдүү, педагогикалык иш мөөнөтү 5-10 жыл болсо;
10-разряд - жогорку профессионалдык билими бар жана педагогикалык иш мөөнөтү 5-7 жыл болсо;
11-разряд - жогорку профессионалдык билими бар жана педагогикалык иш мөөнөтү 7-10 жыл болсо;
12-разряд - жогорку профессионалдык билими бар жана педагогикалык иш мөөнөтү 10 жылдан ашуун болсо.
Суудагы куткаруучу - 5-10-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
5-8-разряддар - жогорку профессионалдык билимдүү, атайын даярдыгы жана аталган жумуштар боюнча жогорку квалификациясы болсо, иш мөөнөтү каралбайт;
9-разряд - жогорку профессионалдык билимдүү, атайын даярдыгы бар жана эки кесибинде иштей билген учурда;
10-разряд - жогорку профессионалдык билимдүү, атайын даярдыгы бар жана үч жумуш кесибинде иштей билген учурда;
Эл аралык деңгээлдеги куткаруучу - 14-разряд.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
14-разряд (Эл аралык деңгээлдеги куткаруучу) - жогорку билимдүү, атайын даярдыгы бар, эл аралык куткаруу жумуштарына катышкан, 1-класстагы куткаруучу болуп 2 жылдан кем эмес эмгектенсе жана чет тилдер курсунун сертификатынын ээси болгон учурда.
Адис - 11-13-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
11-13-разряддары - жогорку профессионалдык билимдүү, адис кызматында 2 жылдан кем эмес эмгектенген учурда.
Суу алдында сүзүү адиси - 10-13-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
Жалпы коюлуучу талаптар - Жогорку же орто (техникалык) билими, суучулдар мектебинде суучул иштери боюнча атайын даярдыктан өтүүсү 1-класстагы суучул квалификациясы ыйгарылган күбөлүктүн болушу, суучул болуп 3 жылдан кем эмес иштөөсү;
11-разряд - жогорку билими жана "Суучул адиси" квалификациясынын болушу, иш мөөнөтү каралбайт, же орто атайын (техникалык) билими, "Суучул адиси" - квалификациясына ээ жана суучул кызматында 2 жылдан кем эмес иштөөсү;
12-разряд - жогорку билимдүү жана "Суучул адиси" квалификациясына ээ, аталган адистикте 2 жылдан кем эмес эмгектенген же орто атайын (техникалык) билимдүү, "Суучул адиси" квалификациясына ээ, суучулдар кызматында 5 жылдан кем эмес эмгектенүүсү;
13-разряд - кызматында 5 жылдан кем эмес эмгектенген; 7ден кем эмес куткаруучу жана суучулдар бекетинде ошондой эле издөө жол тапмалык топтордо, 120 метр тереңдикте иштөөгө уруксаты болушу зарыл.
Суучул, куткаруучу кемелердин капитан-механиги - 7-8-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
Жалпы коюлуучу талаптар - орто профессионалдык (суу унааларын айдоочу) билимдүү, капитан-механик болуп иштөөгө укуктандырган даана жумушчу диплому, куткаруучу, суу унааларын, суучулдардын шаймандарын, жогорку басымдагы түзүлүштөрдү тейлегенге уруксаты болушу зарыл.
7-разряд - иш мөөнөтүнө талап коюлбайт;
8-разряд - капитан-механик кызматында 2 жылдан кем эмес эмгектенсе.
Суучул-куткаруучу - 5-12-разряддары.
Эмгек акы төлөө квалификациясына коюлуучу талаптар:
5-6-разряддар - орто (техникалык) профессионалдык билимдүү жана "куткаруучу иш", "Суучул иштери - 3-топтогу суучулдар жумуштары боюнча адистешүү" аттуу атайын программалары боюнча жекече даярдыгы болушу зарыл, иш мөөнөтү каралбайт;
7-8-разряддары: орто (техникалык) профессионалдык билимдүү жана Суучул-куткаруучу кызматында 2 жылдан кем эмес иштеген же жогорку профессионалдык билимдүү, атайын даярдыгы бар, жумушчу кесиптеринин ичинен бирөөсүнөн жогорку квалификациясы болушу зарыл, иш мөөнөтү каралбайт;
9-10-разряддары: жогорку профессионалдык билимдүү, жумушчу кесиптеринин ичинен экөө, үчөөнү иштей алган жана суу алдында сүзүүчү-куткаруучу кызматында 5 жылдан кем эмес иштеген учурда;
11-12-разряддары: жогорку профессионалдык билимдүү, эл аралык куткаруу, суучулдар иштеринде 3 жылдан кем эмес эмгектенген учурда.
Борбордун суучулу (көмөктөш кесип) - 6-8-разряддары.
6-8-разряддагы суучулдарга эмгек акы төлөөгө коюлган талаптар:
6-разряд: Жогорку билимдүү (суу унаасы, суу чарбасы, инженер-механик) же орто (техникалык) билимдүү "1-2-топтогу суучулдар иштери багытындагы инструктор" деген атайын программа боюнча даярдыгы болушу керек, иш мөөнөтү каралбайт; 1-кесиби көмөктөш болуп саналат;
7-8-разряддары: Жогорку (суу унаасы, суу чарбасы, инженер-механик, аскер-деңиз флоту) же орто (техникалык) билими бар, суучул кызматында 2 жылдан кем эмес эмгектенген, "1-2-топтогу суучул сүзүүчү иштери багытында адистешүү" деген атайын программа боюнча даярдыгы болушу зарыл, 1-кесиби көмөктөш болуп каралат.
Борбордун суучулу (көмөктөш кесип) - 9-12-разряддары.
9-12-разряддагы суучулдарга эмгек акы төлөөгө коюлган талаптар:
9-10: жогорку профессионалдык билимдүү, жумушчу 2-3 кесипти билген жана 3 жылдан кем эмес суучул кызматында иштеген же суучул адиси болуп 1 жылдан ашуун эмгектенүүсү зарыл;
11-12-разряддары: жогорку профессионалдык билимдүү, 4 жылдан ашуун куткаруучу, суучул иштерине катышып, көмөктөш иштерди алып баруусу каралат.
Адис - 6-10-разряддары:
Эмгек акы төлөө разрядына коюлуучу талаптар:
6-10-разряддары: жогорку профессионалдык билимдүү, иш мөөнөтү каралбайт же орто профессионалдык билимдүү, 3 жылдан ашуун адистиги боюнча иштөөсү саналат.
13. Жумушчулар үчүн коюлган тарифтик разряддар:
Суучул (негизги кесип) - 4-8-разряддары.
Эмгек акы төлөө разрядына коюлуучу талаптар:
4-5-разряд - куткаруучу сууга чөгүп бараткан адамдарга биринчи (дарыгерлерге чейинки) жардам көрсөтүү, суу алдындагы гидротехникалык курулуштардын бөлүктөрүн, суу түтүктөрүн, кабельдердин абалын изилдөө, трассоизилдөөчүнүн жардамы менен издөө жана жайгашкан тереңдигин аныктоо. Каналдардын, шлюздардын, суу сактагычтардын, суу тосмолорунун жана башка кемелердин, сүзүп жүрүүчү белгилердин, навигациялык шаймандардын таштак кырларын кароо. Түптөрдү тазалоо максатында гидрожуучу шаймандардын жардамы менен суу алдындагы топурактарды тереңдетип казуу, малалоо. Гидротехникалык жана суу алдындагы курулуштардын түптөлүшүндөгү таш, шагыл жана кумдарды түздөө. Суу алдындагы шпурларды тешүү, жыгач курулуштарды аралоо, тешиктерине жыгач тыгындарды орнотуу жана башка жумуштарды аткаруу. 20 тоннага чейин капкактарды кийгизүү жана массивдерди орнотуу. Суу астына бетон жаткыруу. Суу астында заттарды байлоо жана бекитүүгө даярдоо. Илимий-изилдөө иштерин тейлөө: Массалык эс алууга ылайыкташтырылган жерлердеги акваторияларды изилдөө жана тазалоо. Түрдүү куткаруучу каражаттарды пайдалануу менен суудан жабыр тарткандарды издөө, табуу, кургакка чыгаруу иштерин жүргүзүү. Суучулдардын аппараттарын кысылган аба менен толтуруу;
6-разряд - кеме көтөрүүчү жана өткөөл курулуштарды изилдөө. Гидротехникалык курулуштардын суу астындагы бөлүгүн оңдоп-түздөө боюнча толук изилдөөнү жүргүзүү. Дюкерлерди суу астындагы түтүктөрдү жана кабельдерди жайгаштыруу, анын тууралыгын көзөмөлдөө, жаткан траншеялардын бүктөлүшүн ченөө. 20-50 тоннага чейин суу алдындагы капкактарды кийгизүүгө жүктөрдү гидротехникалык башка түзүлүштөрдү тургузуу. Опалубкалардын баардык түрлөрүн байлоо жана чечүү аракеттерин жүргүзүү жана жаракаларга арматураларды орнотуу. Шлюздардын жүрүүчү бөлүктөрүн кароо жана оңдоо. Илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн суу астындагы аппараттарды жана лабораторияларды тейлөө. Татаал шарттарда куткаруу иштерин жүргүзүү. Куткаруу жана суучул бекеттериндеги топторду башкаруу. Катерди өз алдынча айдоо;
7-разряд - топуракты мүнөздөө менен тереңдиктин планшетин түзүү. Чөккөн кемелердин тереңдигин изилдегенде татаал ченөөлөрдү жүргүзүү. 50 тоннадан ашуун массивдердин капкактарын тургузуу. Кемелердин жабыр тарткан бөлүктөрүнүн жана гидротехникалык курулуштардын калыбын жасоо. Суу астында темирди кесүү, жардыруу иштерин жүргүзүү. Өз тобунун адистиги боюнча суучулдарды практикалык даярдоо. Бардык татаалдыктагы куткаруучу, кеме, кеме ондоо, кеме көтөрүү жана башка суучулдардын иштерин аткаруу. Суучулдар техникасынын бардык түрү менен иштей жана аны оңдой билүү. Суудан жабыркагандарды издөө менен байланышкан куткаруунун баардык төрүндөгү иштерди башкара билүү;
8-разряд - 60 м тереңдиктеги суучулдар комплексинде суу астындагы сууда узак болуу жолу менен өткөн техникалык иштерди жүргүзсө; кыйроодон-куткаруу жана куткаруу иштерин татаал шартта башкарса; эксперименталдык суучулдар иштерин жана суучулдардын жаңы көрсөткүч кийимдерин ошондой эле суу астындагы иштерине каралган техникалык каражаттарды жүргүзүү.
3-бөлүм Тарифтик торчонун 9-10-разряддан баштап Борбордун жогорку квалификациядагы суучулдарга коюлуучу бир айлык маянасынын, ага татыктуу болгон суучулдарга зарыл жана милдеттүү иштердин тизмеси
14. Бардык суу алдындагы техникалык иштер, кыйроодон-куткаруу, илимий-эксперименталдык, куткаруу жана татаал шартта издөө иштерин жүргүзүү жана аларды башкаруу. Атайын суучулдардын иштерине 1, 2, 3-топтогу суучулдарды практика жүзүндө даярдоо. Калк жайгашкан аймактарда суу каптоо коркунучун жок кылуу менен байланышкан суучулдардын иштерин аткаруу, суу берүүнү жана бизди курчаган жаратылыштын булгануусун токтотуу.
15. Тарифтик торчонун 9-10-разряддарында каралган маяналар тизме, тарифтик квалификациялык мүнөздөмө боюнча 7-разряддагы жана бирден кем эмес көмөктөш кесиптин ээсине колдонулат.
16. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4-бөлүм Өзгөчө кырдаалда жогорку деңгээлдеги ыкчамдык-техникалык даярдыкты көрсөтүүнү камсыз кылган, 50 пайызга чейин бир айлык кошулууга укугу бар Борбордун жумушчуларынын кызматтарынын (кесиптеринин) тизмеси
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 471 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5-бөлүм Өзгөчө татаал жана өтө коркунучтуу шарттарда кыйроодон-куткаруу иштерин жүргүзүү мезгилинде саатына төрт эсе көп акы төлөөдөгү обочолонгон каражаттардын тизмеси
19. Жабык циклдеги дем алууга ылайыкталган респиратор (КИП Р-32, жана башка узак убакытка дем алуууну камсыз кылуучу респираторлор).
20. АСВ-2, АИР, Спироматик 90 ТМ, ДРЕГЕР, АУЭР жана башка ушундай типтеги аба менен дем алуу аппараттары.
21. УСВ-50, Диватор МК 11, суучул 2-4 АВМ 1, 5, 8 жана башка ушул сыяктуу түзүлүштөрү.
22. УГК 1-2-3-4, Викинг, Арктик жана башка ушул сыяктуу гидро костюмдар, гидрокибинизондор.
23. ИК-ТГЗ, Треллеброг-Акварес-Каверс, жана башка ушул сыяктуу жылуулук сактоочу костюмдар.
24. Л-1, КИО02М, ИК-АЖ, Треллеброг, ВТН, АУЭР, КС-АЗОТ жана башка ушул сыяктуу костюмдар.
6-бөлүм Борбордун жумушчуларын материалдык жактан стимулдаштыруу жана сыйлоо шарттары
25. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
26. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
261. Кызматкерлерге календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Борбордун айрым кызматкерлери өзгөчө маанилүү жана жооптуу тапшырмаларды сапаттуу аткаргандыгы жана жеке демилге көтөргөндүгү үчүн да сыйланышы мүмкүн. (есть дополнение)
28. Борбордун башчылары отчеттук мезгилдин келерки айынын 5-не чейин жумушчуларын сыйлыкка көрсөтүү, ыраазычылык билдирүү, кээ бир жумушчуларды сыйлыктан алуу же анын өлчөмүн азайтуу сунуштарын жазуу түрүндө себебин көрсөтүү менен кайрылат.
29. Сыйлыкка көрсөтүүчү материалдар Борбордун башчысы тарабынан каралат жана буйрук чыгарылат.
30. Борбордун кызматкерлери тартип бузган мезгилдин ичинде өндүрүштүк жана эмгек тартибин бузгандыгы үчүн толугу менен же жарым жартылай сыйлыктан ажыратылат.
31. Борбордун жумушчуларына ден соолугун чыңдоо үчүн кошумча төлөмдөрдү эске алуу менен, эки айлык маяна өлчөмүндө эмгек өргүүсү төлөнүү материалдык жардамы берилет.
32. Борбордун жетекчисине кызматкерлерге өзгөчө маанилүү ишти аткаргандыгы, татаалдыгы, сапаты, ишинин натыйжалары, чыгармачылык жана кесиптик демилгесин көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштөө режими үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызына чейин үстөк белгилөө укугу берилет. Көрсөтүлгөн үстөктөр тапшырмаларды өз убагында аткарбаганда, иштин сапаты начарлаганда же эмгек тартиби бузулганда жокко чыгарылат же азайтылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 471 токтомунун ылайык)
7-бөлүм Иш мөөнөтүн, төлөмдөрдү саноо жана ай сайын төлөө, пайыздык кошумчаларды чыгаруу тартиби
33. Иштеген жылы боюнча пайыздык кошумча төлөмдөрдү алууга (мындан ары - кошумча төлөм), бекитилген штаттык жүгүртмөгө кирген, анын ичинде көмөкчү орундагы жана эркин жалданган жумушчуларга да, Борбордун баардык жумушчуларына берилген укуктай эле (мындан ары - жумушчу) анын да акысы бар.
34. Кошумча пайыздык төлөм ээлеген иш ордуна (кесибине) кызматтык айлыгына (тарифтик ставка боюнча) жараша төмөнкү өлчөмдө жүргүзүлөт:
- иштеген иш мөөнөтү 1 жылдан ашуун болсо - 5 пайыз;
- иштеген иш мөөнөтү 2 жылдан ашуун болсо - 10 пайыз;
- иштеген иш мөөнөтү 3 жылдан ашуун болсо - 15 пайыз;
- иштеген иш мөөнөтү 4 жылдан ашуун болсо - 20 пайыз;
- иштеген иш мөөнөтү 5 жылдан ашуун болсо - 25 пайыз;
- иштеген иш мөөнөтү 10 жылдан ашуун болсо - 30 пайыз;
- иштеген иш мөөнөтү 15 жылдан ашуун болсо - 40 пайыз.
35. Иштеген жылдар үчүн пайыздык кошумча мындайча саналат:
- иштеген иш кызматын убактылуу аткарууга мүмкүнчүлүк берилген жумушчуларга кошумча пайыздык төлөм эмгек келишими боюнча төлөнөт;
- жогорулатылган тарифтик жүгү алган жумушчуларга иштеген иш мөөнөтү боюнча кошумча төлөм жогорулатылган тарифтик жүгү боюнча төлөнөт.
36. Убактылуу иштеген жумушчуларга пайыздык кошумча төлөм төлөнбөйт.
37. Кошумча пайыздык төлөмгө укук берүү үчүн иш мөөнөтүнүн саналышы:
- Пайыздык ченем төлөнүү үчүн иш мөөнөтү бардык аскер бөлүктөрүндө, мекемелеринде, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн уюмдарында, ошондой эле аткаруучу бийликтин бөлүмдөрүндө эмгектенген жылдары кирет.
- Жумушчуларга пайыздык кошумча төлөм алуу иш мөөнөтүнө, ошондой эле шайлоо кызматтарында мамлекеттик кызматчы катары мамлекеттик уюмдарда иштеген иш мөөнөтү да кирет.
- Жогоруда саналган чыныгы тизмектин пункттарына жараша, эгерде чыныгы тизмекте башка шарттар каралбаса, иштеген мезгилдин бүт учуру, иштен бошонуунун себебине жана убактылуу үзгүлтүккө учураганына карабастан, иш мөөнөтүнө кирет, атап айтсак:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө жана Кыргыз Республикасынын аскердик бирикмелериндеги башка аскердик кызмат өтөсө;
- аскер кызмат өтөгөн же жөнөкөй жана башкаруу бөлүктөрүндө кызматтанган аялдардын кош бойлуулугуна же бала төрөшүнө карата иштен бошотулушу, ошондой эле бошотулгандан кийин аларга кош бойлуу жана төрөө шарттарына каралган жөлөк пул төлөнүшү, баланы 3 жашка чейин кароосу кирет.
- Жумушчуга кошумча төлөм алууга укук берүүчү иш мөөнөтүнө төмөнкү иш учурлары да кириши мүмкүн: көмөкчү жумушу боюнча аткарып жаткан иштеги тажрыйбасын жана билиминин көрсөтө билүү, аталган маселе боюнча төлөм, эгерде кошумча төлөнүп жаткан пайыздын чени эмгек акы төлөө фондунун ушул багытка каралган каражаттан ашпаса, оңунан чечилет.
- Борбордо түзүлгөн комиссиянын коюлган иш мөөнөтүнө жараша жумушчулардын жогоруда каралган эмгек учурлары иш мөөнөтү катары саналуу чечими алынат.
38. Пайыздык кошумча төлөөгө укук берген иш мөөнөтүн Борбордо түзүлгөн мөөнөтүн белгилөөчү комиссия бекитет, анын башчысынын жумушчуларды ишке алуу, иштен бошотууга укугу болот. Комиссия Борбордун башчысынын буйругу менен түзүлөт, анын ичине башчынын орун басары - комиссиянын председатели, жана анын мүчөлөрү киришет: башкы эсепчи, кадрлар маселеси менен иштеген башчы адис, улук суу алдында сүзүүчү адиси жана шайлоочу уюмдун милдеттендирилгени.
39. Иш мөөнөтүн аныктоочу негизги документ болуп эмгек китепчеси, аскердик кызматтан бошонгондор үчүн документ - аскердик билет же иштеген мөөнөтүн (кызмат өтөгөндүгүн) далилдеген башка документ-маалымдама эсептелинет. Көрсөтүлгөн маалымдамалар өздүк түзүмдүн же башка иш мөөнөтүн күбөлөндүргөн документтердин негизинде берилет. Кошумча пайыздык төлөмгө күбөлөрдүн иш мөөнөтүн аныктоо көрсөтүүлөрү укуксуз деп саналат.
40. Комиссиянын чечимине анын төрагасы, комиссия мүчөлөрү жана жумушчунун колдору коюлуп, протокол жазылып, уюмдун мөөрү басылат.
41. Иш мөөнөтү боюнча чыгарган комиссиянын чечиминин тиркемеси ар бир жумушчуга жеке жазылат жана иш мөөнөтүнө жараша айлык кошумча төлөө саналышы үчүн башкы эсепчиге, жумушчунун өздүк делосуна тиркөө, аны менен тааныштыруу максатында кадрлар башчылыгына берилет.
8-бөлүм Суу алдында жүргүзгөн иштери үчүн суучулдарга жана башка Борбордун жумушчуларына эмгек акы төлөө тартиби жана шарттары
42. Чыныгы Тартип суу алдында иштерди жүргүзүү кызмат милдетин аткаруу үчүн керектүү уруксаты бар суучулдарга жана Борбордун башка жумушчуларына жайылтылат, аларга акча төлөө тарифтик торчонун негизинде бюджеттик каражаттан төлөнөт (негизги Жобонун 1-таблицасы).
43. Эмгек акы төлөө разряддары жана Борбордун жумушчуларынын квалификациясына коюлган талаптары 2-бөлүмдүн "Борбордун жумушчуларына аткарган кызматына жана иштеген ишине карата акы төлөө разрядынын тарифтик торчосу" бөлүгүндө каралган жана жазылган.
44. Суучулдардын айлык акысына анын квалификациясынын классына жараша, ТТтин 10-разряды боюнча ай сайын тарифтик жүгүнө кошумча төлөө жүргүзүлөт:
- 3-класстын суучулу 10%;
- 2-класстын суучулу 15%;
- 1-класстын суучулуна, суучул адистерине айына 25%.
Суучул классын ыйгаруу Кыргыз Республикасындагы ченемдик-техникалык актысынын негизинде берилет (РД 31.84.01-90).
1, 2-класстагы суучулдарга суу алдында 1200-1500 сааттан кем эмес болгону үчүн ай сайын бекитилген айлык тарифтик маянага кошумча 10% өлчөмүндө айлык төлөнөт. 20 метрден ашуун суу алдындагы тереңдикке түшкөндүгү үчүн кошумча маяна төмөнкүчө жүргүзүлөт:
- 800-1000 саат суу алдында, тереңдикте анын ичинен 50-100 саатка дээрлик 20 метрден ашуун болуу учуру үчүн;
- 800 саат суу алдында, тереңдикте, анын ичинен 50-100 саатка дээрлик 50 метрден ашуун болуу учуру үчүн.
45. Суу алдына түшкөн штаттык кызматта же башка ишти аткарган борбордун жумушчуларына суу алдында түшкөн тереңдигин эске алуу менен, кызмат милдетин аткаруу үчүн ошол убакытка жараша алардын айлык маянасынан тышкары төмөнкү саат боюнча төлөм коюлат:
Түшкөн тереңдигине жараша (метр менен) | 1 саат ичиндеги суу алдында жүргөнү үчүн акы төлөө чени (тарифтик ставканын % чени ТТ маяна акысы) |
6-чейин | 10 |
6-12-ашуун | 15 |
12-20-ашуун | 17 |
20-30-ашуун | 20 |
30-40-ашуун | 30 |
40-50-ашуун | 40 |
50-ашуун 60-чейин | 45 |
46. Суу алдында иштөө учурунда берилген иш басымы менен барокамерада болуу, жасалма газдардын кошуму менен дем алуу жолу менен кыска мөөнөттө сууга чүмкүп кирүү, жана суучулдардын, башка жумушчулардын жогорку басымда узакка болушу, ошондой эле медицина кызматкерлеринин жабыркаган суучулга медициналык жардам көрсөтүү мезгилинде дарылоо иштерин жүргүзүү үчүн алардын тарифтик жүгүнөн башка да (кызмат маянасы), төмөнкү тарифтик саатына акы төлөнөт:
А) Суу алдындагы объектиде же топуракта иштөө учурунда, ошондой эле жогорку басымдагы суучулдук коңгуроодо болуу же, чүмкүү тереңдигине жараша (метр менен), суу алдындагы аппараттын суучулдук бөлүгүндө болушу төмөнкүчө төлөнөт:
Түшкөн тереңдигине жараша (метр менен) | 1 саат ичиндеги суу алдында жүргөндүгү үчүн акы төлөө чени (тарифтик ставканын % чени ТТ маяна акысы) |
50-60-ашуун | 190 |
60-70-ашуун | 210 |
70-80-ашуун | 290 |
80ден ашүүн 100-чейин | 370 |
Кийинки ар бир 10 метр тереңдикке чүмкүү үчүн саатына төлөө акысы кымбаттайт:
100-ашуун 150-чейин 30%га;
150-ашуун 42%га;
Б) берилген аба басымда барокамерада болуу:
60 метрге чейинки аралыкка чүмкүп кирүү - саатына 10%;
60 метрден ашуун аралыкка чүмкүп кирүү - саатына 15%;
В) декомпрессия мезгилинде (чүмкүп кирүү тереңдигине жараша болот жана анын узактыгы каралбайт):
Терең суу алдына кыска мөөнөттүү методика чумкуп кирүү жолу менен:
60-100 м ашуун - чүмкүп кирүү метри үчүн - 1,0%;
100-150 м ашуун - чүмкүп кирүү метри үчүн - 2,0%;
150 м ашуун - чүмкүп кирүү метри үчүн - 5,0%.
Жогорку басым менен узакка методикасы жолу менен чүмкүп кирүү - метри үчүн - 10%га.
47. Эгерде суучулдук жумуштарды татаалдандыруучу нерселер болсо, суу алдына болгону үчүн саатына төлөө кымбаттайт:
суу агымынын тездиги 0,5тен 1,0 м/с - 20%га;
1,0 м/сдан 1,5 м/сга чейин 40%га;
Суу толкуну 2,3 баллга жетсе 40%га;
Суунун температурасы С боюнча 4 С төмөн же 27 градустан жогору кезде - 25%га;
Муз алдында иштегенде - 25%га;
Беседкадан иштеген кезде - 15%га;
Жабышкаак жана жумшак топуракта иштегенде - 35%га;
Кууш шарттарда иштегенде (кеме бөлүктөрүндө, кудуктарда, туннелдерде, цистерналарда, суу түтүктөрүндө, потерналарда, сваялык негиздердин ичинде, труба менен сваялардын ортосундагы аралыкта жана 1,5 метрден кем эмес трубаларда) 30%га;
1 м чейин көрүнгөн аралыкта - 20%га;
Караңгылыкта - 30%га;
Суунун уулуу жана зыяндуу кошулмалар менен булганышында - 35%га;
Жарылуу коркунучу бар заттарды жүктөгөндө - 40%га;
Жардыруу иштеринде - 35%га;
Суу алдында темирди кесүү же ширетүү иштеринде - 45%га.
Суучулдун жумушун татаалдандыруучу бир нече фактор болсо, саатына пайыздык төлөө акысы суммаланып, көбөйтүү ченеминин өлчөмү саатына төлөөсү 100%нан ашык болбошу керек.
48. Суучулдардын жабдуулары, суучулдук комплекстерди тейлөө, компрессия жана рекомпрессия күн тартиптерин, дем алуу кошулмаларын, чүмкүү жолдорун, ошондой эле суучулдардын жана башка жумушчулар менен суучулдардын техникасын сыноо максатында эксперименталдык иштерди жүргүзүү учурунда акы төлөө ушул Тартиптин 45 жана 46-пунктуна ылайык эки эсеге көбөйтүлүп төлөнөт.
49. Суучулду алып чыгуу үчүн автономдук каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн суучул түшүүлөрүндө, суучулдардын аппараттарын кошуп, ошондой эле суучулдардын суу алдында болгон учурунда жекече буксирлерди жана түрдүү транспортировкалык топторду колдонгондо саатына акы төлөө ушул Тартиптин 45 жана 46-пунктуна ылайык бир жарым эсеге көбөйтүлүп төлөнөт.
50. Гидротанкта гипербарикалык комплексти түшүрүү учурунда суу алдында жүргүзүү жана имараттын ичиндеги ачык суу бассейндеринде болуу мезгилинде саатына акы төлөө ушул Тартиптин 45 жана 46-пунктуна ылайык кичирейтилген 0,75 коэффициентинде төлөнөт.
51. Чөгүп бараткан адамга жардам көрсөтүү учурунда суу алдында канча убакыт өткөзгөндүгүнө карабастан 2 саат деп саналат. Чөккөн адамды издөө мезгилинде суучулдун суу алдынан издеп баштаган мезгилинен тартып саналат да, чөккөн адамды үстүнө алып чыкканда кошумча 2 саат кошулат. Көрсөтүлгөн төлөмдөр Тартиптин 45 жана 46-пунктуна ылайык төлөнөт.
52. Машыктыруучу жана квалификациялык, ошондой эле декомпрессиялык камераларда да, суучулдардын сууга кирүүлөрү бул Тартиптин 45 жана 46-пунктуна ылайык кичирейтилген 0,75 коэффициентинде төлөнөт.
"Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы"нын эскертүүсү: Берилген Жобонун 25-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 25-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
53. Эгерде суу алдында сүзүүлөр суучулдар же башка жумушчулар тарабынан ишке ашпай калса, суучулдук коңгуроодо, суу алдындагы аппараттын суучулдук бөлүктөрүндө өткөргөн убакыты жогорку басымдагы барокамерада өткөргөн убакыттагыдай эле төлөнөт.
54. Суу алдында болушунун сааты суучулдук шлемдин терезесинин жабылышынан баштап (аппаратка дем алууну кошуу, камерадагы басымдын жогорулашынын башталышы), терезенин суу үстүндө ачылыш мезгилине чейин (Аппараттан дем алуу учурунда, атмосфералык басымга чейин камерадагы басымды төмөндөтүү). Суу алдында узакка созулуу жолу менен суучул иштерди жасоо мезгилинде убакытты белгилөө суучулдук коңгуроолордун же суу алдындагы аппаратка суучулдун барокамерадан өткөндөн баштап, чүмкүүнүн башталышынан суучулдун барокамерага кайтуусу үчүн люктун ички капкактары ачылганга чейинки убакыт саналат.
55. Кызмат милдетин аткаруу үчүн, Борбордун 3, 2, 1-класстагы суучулдарына жана башка жумушчуларына, суу алдында, анын ичинде жогорку басымда, жүргөндөрү үчүн, суучулдук практиканын башынан баштап, 500 саатка ТТнун сегизинчи разрядындагы (оклады) маянанын 10 эсеге барабар бир жолу берилүүчү сыйлыгы төлөнөт. Суу алдында жүргөндүгү үчүн кийинки ар бир 500 саатка бир жолку берилүүчү сыйлык ченеми ТТнун сегизинчи разрядындагы (оклады) маянанын 10 эсеге көбөйтүлгөн суммасы төлөнөт, кийинки 500 саатка берилүүчү бир жолку сыйлыктын ченеми ТТнун сегизинчи разрядындагы (оклады) маянанын 50 эсеге көбөйтүлгөн суммасынан ашпашы керек. Даярдоо, кайра даярдоо учурундагы суу алдында жүрүү сааттары бир жолку берилүүчү сыйлыкка кирбейт.
56. Штаттан тышкаркы суучулга (суу-куткаруучу кызматтары жана башка уюмдар) суучулдук иштерди жасоо үчүн суу алдында өткөргөн мезгили Тартиптин 45-пунктуна жараша (20 метрге чейинки, 60тан ашуун тереңдикке чүмкүп кирүү) төлөнөт, штаттан тышкаркы суучулга саатына төлөнүүчү кошумча маяна негизги эмгек акысына кошулуп төлөнөт. Машыктыруучу жана квалификациялык сууга чүмкүү иштерине саатына төлөөгө каралган сумманын жарымы гана төлөнөт. Суучулга сууга чүмкүп кирүү жана штаттан тышкаркы суучулдардын ишин уюштуруу ЖД.31.84.01-90 - "Суу алдындагы Эрежелеринен" жооп берип, алардын жумушун көзөмөлдөө тартиби штаттык жумушчуларга түзүлгөн суучулдардын журналында каралышы керек.
57. Ушул Жобо, алар иштеген уюмдарына карабастан (башчылардын жана жамаатынын чечими менен), суучулга жана башка