Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-октябры № 643
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы № 465 "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы № 465 "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө";
- 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасы Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан, цоколь кабаттуу, жалпы аянты 745,3 кв.м, жер участогунун жалпы аянты 2055 кв.м болгон жана 175,7 кв.м аянттагы бастырма курулмалары бар администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына убактылуу пайдаланууга өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын жайгаштыруу үчүн администрациялык имарат тапсын.";
- 3-пунктунда "2" деген цифра "1" деген цифрага алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстинин 5-пунктундагы "распоряжения" деген сөз "постановления" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов
|