Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-октябры № 648
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пунктта:
- 1-пунктчадагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын,» деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
«3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын:
а) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары» журналында;
б) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий веб-сайтында.».
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтому күчүнөн кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |