Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-декабры № 757
2011-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетинин 2011-жылдын 20-сентябрындагы чечимин жактыруу тууралуу
2011-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетинин 2011-жылдын 20-сентябрындагы чечимин карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарын Кыргыз Республикасынын төмөнкү маданият ишмерлерине ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетинин 2011-жылдын 20-сентябрындагы чечими жактырылсын:
- Дүйшеев Шайлообекке - акын, «Манас» эпосунун негизинде жазылган «Эки дөөнүн күрөшү» поэтикалык версиясы үчүн;
- Аманова Роза Асановнага - ырчы, соңку жылдардагы концерттик программасы үчүн;
- Мусакеев Темирбекке - сүрөтчү, «Кыргыздар», «Мекен образы» сүрөт сериясы үчүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |