Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-декабры №770
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 5, 239-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
2-берене төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматына эмгек сиңирген кызматкер.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын эгемендүүлүгү жарыяланды, ошол күндөн тартып дүйнөлүк саясий картада жаңы мамлекетибиздин тышкы саясатынын тарыхы башталды.
Өткөн эки он жылдыкта дүйнөдөгү 200 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 100 мамлекеттен көбүрөөгү менен дипломатиялык карым-катыштарды жөнгө салды, алардын көбү менен эки тараптуу жана аймактык, ошондой эле эл аралык уюмдардын чегинде да Кыргызстан жигердүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүп келет, алардын көбүнө Кыргызстан активдүү мүчө жана катышуучу болуп келет.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин негизги ишмердүүлүгү, алардын тажрыйбасы жана адистиги төмөндөгүдөй тапшырмаларды аткарууга багытталган:
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жетекчилигине сунуштоо, ошондой эле ал концепцияны Кыргыз Республикасынын башкаруу бийлигинин башка органдары менен биргеликте ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын жалпыга таанылган эл аралык укуктун нормаларына ылайык чет мамлекеттер менен тең ата мамилелерин ар тараптан өнүктүрүүнү ишке ашыруу;
- эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана башка кызыкчылыктарын дипломатиялык каражаттар менен коргоону камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мамилелеринде тышкы саясий багытты бирдиктүү жүргүзүү максатында аткаруу бийлигинин органдарынын ишмердүүлүктөрүн координациялоо.
Дипломатиялык кызмат мамлекеттик кызматтын бир түрү катары эл аралык мамилелер чөйрөсүндө өзүнө тиешелүү өзгөчө ишмердүүлүккө ээ. Бүгүнкү күндө ардактуу наамдардын арасынан кесипкөйлүк ишмердүүлүгүнө ылайык ыйгарыла турган өзүнүн мамлекеттик ардак наамдарына дипломатиялык кызмат ээ эмес, ошол эле мезгилде постсоветтик өлкөлөрдө, башкача айтканда, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында "Дипломатиялык кызматтын эмгек сиңирген кызматкери" аттуу ардактуу наам 10 жылдан ашык мезгилден бери дипломатиялык кызматтын эң жогорку кесипкөй адистерине ыйгарылып келет.
"Дипломатиялык кызматтын эмгек сиңирген кызматкери" аттуу ардактуу наамды киргизүү тышкы саясий чөйрөдө Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоодо дипломатиялык кызматтын маанилүү жана натыйжалуу инструменти катары өнүгүүсүнө көмөк болмок.
"Дипломатиялык кызматтын эмгек сиңирген кызматкери" аттуу ардактуу наам Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын ишке ашыруудагы сиңирген эмгеги жана көп жылдык жемиштүү дипломатиялык ишмердүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бирдиктүү системасынын кызматкерлерине, ошондой эле ишмердүүлүктөрү тышкы саясий функциялар менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлерине ыйгарылат.
"Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу:
- Министрликтин жана анын кызматкерлеринин алдына коюлган тапшырмалардын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын таанууга;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жана баа жеткис кошкон салымын эмгегине жараша баалоого;
- дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине социалдык жактан коргоого кепилдик берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен кароого сунушталат.
Министр | Р.Казакбаев |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Иштеп жаткан редакциясы │ Сунушталган редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2-статья. │2-статья. │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын төмөнкү │Кыргыз Республикасынын төмөнкү │
│ардак наамдары белгиленсин: │ардак наамдары белгиленсин: │
│Кыргыз Республикасынын эл │Кыргыз Республикасынын эл │
│жазуучусу; │жазуучусу; │
│Кыргыз Республикасынын эл акыны; │Кыргыз Республикасынын эл акыны; │
│Кыргыз Республикасынын эл │Кыргыз Республикасынын эл │
│сүрөтчүсү; │сүрөтчүсү; │
│Кыргыз Республикасынын эл артисти;│Кыргыз Республикасынын эл артисти;│
│Кыргыз Республикасынын эл │Кыргыз Республикасынын эл │
│мугалими; │мугалими; │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│сиңирген мугалими; │сиңирген мугалими; │
│Кыргыз Республикасынын билим │Кыргыз Республикасынын билим │
│берүүсүнө эмгек сиңирген │берүүсүнө эмгек сиңирген │
│кызматкер; │кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│сиңирген врачы; │сиңирген врачы; │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│саламаттыкты сактоосуна эмгек │саламаттыкты сактоосуна эмгек │
│сиңирген кызматкер; │сиңирген кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│сиңирген артисти; │сиңирген артисти; │
│Кыргыз Республикасынын маданиятына│Кыргыз Республикасынын маданиятына│
│эмгек сиңирген ишмер; │эмгек сиңирген ишмер; │
│Кыргыз Республикасынын илимине │Кыргыз Республикасынын илимине │
│эмгек сиңирген ишмер; │эмгек сиңирген ишмер; │
│Кыргыз Республикасынын өнөр жайына│Кыргыз Республикасынын өнөр жайына│
│эмгек сиңирген кызматкер; │эмгек сиңирген кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын айыл │Кыргыз Республикасынын айыл │
│чарбасына эмгек сиңирген │чарбасына эмгек сиңирген │
│кызматкер; │кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│сиңирген куруучусу; │сиңирген куруучусу; │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│транспортуна эмгек сиңирген │транспортуна эмгек сиңирген │
│кызматкер; │кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын байланышына│
│байланышына эмгек сиңирген │эмгек сиңирген кызматкер; │
│кызматкер; │Кыргыз Республикасынын геология │
│Кыргыз Республикасынын геология │кызматына эмгек сиңирген │
│кызматына эмгек сиңирген │кызматкер; │
│кызматкер; │Кыргыз Республикасынын калкты │
│Кыргыз Республикасынын калкты │тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген │
│тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген │кызматкер; │
│кызматкер; │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │сиңирген юристи; │
│сиңирген юристи; │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │сиңирген экономисти; │
│сиңирген экономисти; │Кыргыз Республикасынын жаратылышты│
│Кыргыз Республикасынын жаратылышты│коргоосуна эмгек сиңирген │
│коргоосуна эмгек сиңирген │кызматкери; │
│кызматкер; │[Кыргыз Республикасынын │
│ │дипломатиялык кызматынын эмгек │
│ │сиңирген кызматкери] │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|