Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-февралы № 144
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө" № 43 Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле Мамлекеттик компьютердик тармакты программалык жана техникалык жактан камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жобонун, түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынан бөлүштүрүү балансына ылайык өткөрүлүп берилүүчү активдерди жана объекттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасына өткөрүп алууну камсыздасын;
- ушул токтомдон чыгуучу уюштуруучу жана башка маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасын 2012-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттын чегинде каржылоону караштырсын жана камсыздасын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө. Бабанов
|