КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-февралы № 153
Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(Преамбула Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |