Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 645 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-марты № 160
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-авгуcтундагы № 478 "Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Стандартташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- аталган токтом менен бекитилген Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгы жөнүндө жободо:
төмөнкү мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"14. Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын изденип алууга конкурстун лауреаттары жана дипломанттары сыйлык ыйгарылган күндөн тартып 3 жыл бою өзүнүн маалыматтык жана жарнамалык материалдарында "Сапат" сыйлыгынын эмблемасын пайдалануу укугун алышат".
- аталган токтом менен бекитилген Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
7-пунктундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр "Стандартташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|