Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-марты № 165
2011-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык абалды турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө тиркелген маалымат көңүлгө алынсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн көч эмес, жетишкендиктер жана көйгөйлөрдү талдоо менен, ички жана тышкы факторлордун таасирин эске алуу менен социалдык-экономикалык абал жөнүндө, ошондой эле отчёттук жылдын аягына чейин күтүлүүчү көрсөткүчтөр тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы министрлигине отчёт берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнөн кеч эмес Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратына Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү тууралуу жалпыланган маалыматты берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |