КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-марты № 178
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесинде 2.1-пункттун з) пунктчасы төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- СССРдин "Мать-героиня" жана Кыргыз Республикасынын "Баатыр эне" ордендери менен энелердин сыйлангандыгын тастыктай турган документтер."
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылын 19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жободо:
- 3-пункттун "д" пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 744 "Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун жетинчи-тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
4. "Мать-героиня" жана "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган адамдардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды чектөө боюнча комиссиясына, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына кошумча төлөөлөрдү чектөө үчүн 2011-жылдын 22-ноябрына чейин берилген арыздары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна тиешелүү түрдө киргизилген деп табылсын.
5. "Мать-героиня" жана "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган, Өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды чектөө боюнча комиссиянын 2011-жылдын 17-мартындагы № 1 чечимине ылайык мурда өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия алган энелердин пенсиясына кошумча төлөөлөр 2012-жылдын 1-январынан баштап бир айлык пенсиянын өлчөмүндөгү жана атайын медициналык жардамдар үчүн социалдык керектөөлөргө жыл сайын берилүүчү акчалай жөлөк пулдар сакталбастан 2011-жылдын 22-ноябрынан тартып эсептик көрсөткүчтүн 1000 пайызы өлчөмүндө белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Мать-героиня" жана "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган адамдардын пенсияларына кошумча төлөмдөр үчүн республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жыл сайын акча каражатын бөлүүнү карасын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов
|